Ысык-Көл телеберүүcү санариптик техникаларды орнотууга имараты тар болууда
"Кыргызтелеком" ишканасы өткөн жылы санариптик берүүлөрдү алгачкы ирет эфирге чыгарып, 2015-жылы жайында калктын 80 пайызга жакыны санарип телекөрсөтүү менен камсыздалат деп маалымдаган эле. Ысык-Көл облусунун телеберүү кампаниясы дагы санариптик теле берүүгө өтүү үчүн КР ЖК депутаттары менен макулдашкан. Натыйжада эл өкүлдөрү республикалык бюджеттен жаны имарат салууга акча карала тургандыгын айтышкан. Быйылкы жылга көл аймагынын заманбап теле берүүсү даярбы бул багытта кызыгып көрдүк.
Ысык-Көл облусунун телерадио компаниясы 20-жылдан бери иштеп келет. Өткөн жылы республика боюнча баардык ММКлар санариптик форматка өтүү боюнча чечимдин негизинде аймактагы теле берүүнү санариптик программага өтүүгө камылгалар көрүүдө. Теле канал баардык программаларын санарипке ылайыкташтырып даярдык көргөнү менен техникалык жактан мүчүлүштүктөр бар. Анын башкы себеби имарат маселесинде себеби кеңсе тар. Ал жайгашкан имарат 1907-жылы курулуп, маданият үйү катары пайдаланылган. Жыл сайын кемгарчыларын оңдоп- түзөөдөн өткөрүлгөнү менен эски имаратты капиталдык оңдоодон өткөргүчө жаңы куруу менен студиялар кеңири жана талапка жооп бергидей болот. Жаңы имарат куруу үчүн ЖК депуттары менен макулдашуу жүргүзүлүп, республикалык бюджеттен 500 миң сом каралган. Теле каналдын пайдубалын түптөө үчүн бүгүнкү күнү облустук теле берүү жетекчилиги караколдун борбордук көчөлөрүнөн жер бөлүп берүүгө шаардык депутаттарга кайрылышууда.
"Биз отурган имарат тар. Оңдоп-түздөө менен алып келе жатабыз. Биз быйыл салалы деп жатканыбыз 2015-жыл бүткүл дүйнөлүк талап санариптик болуу керек. Ага имарат тура келбейт. Эки жолу тендер өттү жаңы техникалар келет санарипке ылайыкташтырылган ал батпай"-дейт облустук теле берүүнүн жетекчисинин орун басары Амангелди Жунусбеков.
Жунусбеков кошумчалагандай бул учурга чейин жаңы имарат салууга жер маселеси менен шаардык мэрияга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылып келишкен. Акыркы чечим боюнча мэриянын кеңсесине жакын жайгашкан шаардын карамагындагы бош жерди берүүсүн сунуш кылышкан. Анын башкы себеби сигнал таратууга жана ОблТВ борбордук көчөдө болуусу каралган. Бирок, буга айрым депутаттар макул болушса, кээ бири каршы турушууда. Ал эми талашка турган жер тилкесин өткөн жылы Гүлдөрдү сатуу боюнча жеке ишкерлерге ижарага берилген. Ал 2016-жылы келишимин аяктайт экен. Баардык маселени билген шаардык мэрия бул учурга чейин облустук каналга жер издештирип, ылайыктуусун депутаттарга сунушташы керек эле деген оюн эл өкүлү Акылсайра Жумабекова билдирет.
"Бул мэриянын күнөөсү. Мэрияга тапшырма тез аранын ичинде жерди тактап, жакынкы сессияга сунуштасын. Бул жерде эки тарап болуп 2016-жылга чейин берилип калган жерди талаштырбай. Кандай болгон күндө да бул жыл менен жаңы имарат курулушу керек да"-дейт А. Жумабекова.
Тапшырманы шаардык мэрия жакынкы убакта аткарса иамрат салуу иши жүрө баштайт. Коомчулуктун жана бийлик өкулдөрүнүн пикирине таяна келгенде Ысык-Көл облусу санариптик теле берүүсүнө шарттар толук кандуу чечиле элек.

Ысык-Көл 4 мезгил бою туристтерге ылайыкташуусу керек
Облус ички жана сырткы туристтерди тейлөө үчүн саналуу гана тарыхый мемориалдык комплекс бар. Көлдүн кире бериши Балыкчы шаарындагы экологиялык посттун жанына көлдөн чыккан баатырларды, жазуучуларды жана жети акени камтыган тарыхый комплекс куруу боюнча сынак жарыяланган эле. Ага жалпы 12 адам катышып, жыйынтыгы комиссиянын негизинде каралууда. мындан сырткары жергиликтүү жашоочулар дагы өз баасын берип, тандоо кызуу жүрүүдө. Облус тургундарынын айтымында тарыхый комплекс туристтер үчүн жана жашоочулар үчүн өтө маанилүү.
Кароо сынактын жүрүп жатканына 1 айга чукул болуп калды. Кайсыл мезгилде жыйынтыгы чыгарылат деген суроо менен комиссиянын катарына кирген Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарына кайрылдык. Ал өз сөзүндө тарыхый мемориалдык комплекс куруу жана ага сынак жарыялоо бул иштин башталышы катары белгилейт. Сынак жакынкы күндө жыйынтыкталып, андан соң курулуштун сметасы түзүлмөкчү. Эң башкысы комплекс куруу үчүн кошумча каржы булактарын табуу керек. "Сынакка катышып жаткан баардык эмгектер комиссиянын, коомчулуктун сынында. Жакынкы аралыкта жыйынтыгы чыгат. сынактын жеңүүчулөрүнө өкмөттүн Ысык-Көл облустук ыйгарымдуу укуту өкүлчулүктөн акча каралган. 1-орунга 150 миң, экинчиге 50 миң, 3-орунга 30 миң сом. Ал эми жалпы уюштуруу иштерине 20 миң сом каражат сарпталган. Ал эми комплексти курууга кошумча каржы булактарын табууга аракет жасоодобуз"-дейт өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков.
Айсулуу Бакыт кызы Ысык-Көл обласы




Өгөй атасы тарабынан зордукталган кыздын апасы укугун коргоо үчүн Э. Каптагаевге кайрылды
Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну А.Г (ред. зордукталган кыздын апасы) Өкмөттүн облустагы өкүлү Э.Каптагаевге 14 жаштагы кызын зордуктаган күйөөсүнүн туугандары кысым көрсөтүп жаткандыгын айтып кайрылды.
Кайрылууда, туугандары андан зордуктоо боюнча жазган арыздан баш тартууну талап кылып, анан учурда жашап жаткан үйүн бошотуусун айтышкан.
"Күйөөмдүн туугандары "арыз жазып бер, жеңилдетип бер, эгерде арыз жазбасаң башкача сүйлөшөбүз" деп жатышат. "Эгер жазбасаң, анда аялы деле билип, жанында жүрчү деп сени кошуп каматабыз"-деп жатышат. 30-мартта алар үйгө келишип, кайын энем "үйдөгү оокаттарга тийбе, күйөөм жаткан камерага койдурабыз обшактар менен сүйлөштүк", - деп телевизорду алып кетти дейт зордукталган кыздын апасы.
Жабыркаган кыздын энесинин айтымында, 41 жаштагы күйөөсү экөө 10 жыл бирге жашап, балалуу болгон эмес. 2005-жылы үйлөндүк, ошондо кыздарымды өз балдарындай көрүп аларын айткан. Бирок, ал кызын 1 жылдан бери зордуктап жүргөн.
"Былтыр май айында башталган экен. Биринчи жолу кызымды "Жеңиш" эс алуу багына алып барып, ошол жерден зордуктаган. Анан ошол жерден далил болчу нерселерди өрттөп, жок кылган. Кызымды сок менен жуундурган. Кийинкиси июнь айында болгон. Мен жумушка кеткенден кийин, өзүбүз жашаган үйдүн чатырына жунуучу жайдагы төшөктү жана ашканадагы жер төшөктү салып, кызымды биринчи түртүп чыгарып, өзү артынан чыгып, ошол жерден зордуктаган. Ал жерден да далил болчу нерселерди жок кылган.
Ошондой эле кыздар жайкы эс алуудан келгенден кийин, ноябрдын ортолорунда өз үйүбүздүн залынан зордуктаган. Андан соң "өлтүрүп салам, эч кимге айтпа!" деп коркуткан. "Эгер апаңа айтсаң 12 жаштагы сиңдиңди да зордуктап өлтүрүп салам" деп муунтуп коркуткан. Кызым эсин жоготуптур. Анан "өлгөн ушундай болот! Сени ушинтип эле өлтүрүп коем!"-деп айтыптыр", - деди жабырлануучунун апасы.
Ал эми ОИИБдин ага тергөөчүсү Толкунбек Акматовдун айтымында, учурда айыпталуучу 2 айга камакка алынып, тергөө жүрүүдө. Жабырлануучуга карата коркутуулар болуп-болбогондугунда териштирүү керектигин айтат.




"Чыгыш Электр" АККнын башкы директору жаңы дайындалды
"Чыгыш Электр" ААКнын директорлор кеңешинин чечими ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Энергетика министрлигинин көрсөтмөсү менен Бакыт Сыдыков "Чыгыш Электр" ААКнын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Сыдыков Бакыт Муканалиевич 1974-жылы төрөлгөн. Улуту кыргыз, билими жогорку. Ал 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Электр камсыздоо" бөлүмүн аяктаган жана 1999-жылы ушул эле окуу жайдын укук таануу адистигине ээ болгон.
Ишмердүүлүгүн 1996-жылы "Факел" АОда электрик, 1997-1999-жылдары мамлекеттик телекомпанияда инженер-электрик болуп иштеген. Ошол учурдан бүгүнкү күнгө чейин "Түндүк электр" ААКда иштеп, бир катар кызматтарды аркалаган.