Рустам Жунушалиев "Аруу Эл" жаратмандардын саясий партиясынын негиздөөчүсү:
"Кыргызстан инновациялык жана нанотехнологиялардын өнүгүү доорунда турат"
Азыркы учурда, "Аруу Эл" командасы жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте Кытайлык инвесторлору менен сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. Жолугушуу апрель айынын аягына пландаштырылууда. Ошондой эле, Россиянын бизнесмендеринин өкүлдөрүн ушул жылдын июнь айында кабыл алуу күтүлөрүн айткан "Аруу Эл" Жаратмандардын саясий партиясынын негиздөөчүсү Рустам мырза биз менен ой бөлүштү.
-Партиялык курулушту түзүү жоопкерчилиги кимде болушу керек. Өзгөчө шайлоо алдында партия түзүү көнүмүш адат же мода сыяктуу болгондой ойду жаратат...
- Биздин партиянын программасы өнүккөн дүйнө менен биригүү жана мамлекеттин жогорку баалуулугу-инсан деген идеяга негизделген. Биздин идеология-күчтүү мамлекет урааны менен көп полярдык экономикалык биригүү жана улуттар кызыкчылыгын коргоо болуп саналат. Көз карандысыз мамлекет катары эркиндик жана демократиялык күчкө ээ болуп, жергиликтүү бийлик жана аялдардын дискриминациясын жоюу керек. Өнүгүү жана жаратуучулук иш-аракеттерди жасап, бир гана алдыга карай умтулуу керек. Биз бактылуу жана жакшы жашоо үчүн шарт түзүүгө мажбурбуз. Ушул жылдын 14-мартында "Аруу Эл" жаратуучулардын саясий партиянын II сьезди болуп өттү. Иш-чаранын алкагында, сьезддин Президиумун шайлоо жана "Аруу Эл" саясий партиясынын уставын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо болду. Жакында ЖКтин депутаттыгына шайлоого катышуу жөнүндөгү чечимдер жана көптөгөн маселелер боюнча добушка коюлуп токтом кабыл алынды.
- Көп саясатчылар партиялык түзүмдүн жакшы жагын гана айтып келет. Аймактык өзгөчөлүк, менталитетти алсак, партиялык башкаруу бөлүп жарууну жаратпайбы?
- "Аруу Эл" социалдык саясатта негизги параметрлерди белгилеп, инсандык капиталга багытталган. Ар бир жарандын орточо дараметин өнүккөн мамлекеттердикине жакындатуу керек. Ал үчүн ИДПнын ичинен айлык маянанын үлүшүн эки эсеге көтөрүп, 22-25% тин ордуна 65-70% чейин чыгаруу талап кылынат. Кадрларды даярдоо жана деңгээлин жогорулатуу системасын кеңейтүү зарыл. Эл агартуу, эс алуу, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, ишканаларды, мекемелерди материалдык техникалык базасын модернизациялоо керек. Үй-бүлөдөгү энелик жана балалыкты толук кандуу колдоого алып, жөлөк пул өлчөмдү көтөрсөк жакшы болот эле. Мектепке чейинки жана мектептен тышкары балдардын спорттук жана маданият мекемелерин кайтаруу жана өнүктүрүү зарыл.
- "Аруу Эл" жаратмандардын саясий партиясынын багыты кандай?
- Маданий мурасты, улуттук баалуулуктарды жана татыктуу интеллегенцияны сактап калууну унутпоого милдеттүүбүз. Кыргызстан башка өнүккөн мамлекеттердин катарында инновациялык жана нанотехнологиялардын өнүгүшүнө секирип өтүү доорунда турат. Ал эми, чоң ылдамдыкта жаңы келечекке бара жаткан "экспресске" кирүү шансын колдон чыгарбаш керек. "Улуу жибек жолу 2015" аталышындагы инвестициялык форум февраль айында болуп өттү. Бул иш-чарага Евро биримдиктен жоон топ инвесторлор катышышты. Форумдун жыйынтыгы боюнча Евро биримдиктин бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргызстанга июль айында бир канча бизнес долбоорлор менен делегациялык иш-чарага катышуу ниетин билдиришти. Иш-чаранын жайынтыгында "Аруу Эл" саясий партиясы Бишкек шаарынын четинде таштандыларды кайра иштетүү заводун ишке ашырууну пландаштырууда.
- Өлкөбүздү өнүктүрүүгө кандай багыттарды сунуш кылат элеңиз?
- Өлкөбүздө жумушчу орундарды түзүү үчүн Токмок шаарында этти кайра иштетүү ишкана курууну көздөп жатабыз. Инвестициялык ресурстарды тартып келүү жолу менен долбоор боюнча 8 сааттык иш тартибинде, 150 баш мал союлуп даярдалат. Ишканада этти кайра иштетүүнү жакшы билген 100 жогорку кесиптеги тажрыйбалуу кесипкөйлөр эмгектенүүсү пландаштырулууда. Жогорку даражада тейлөө кызматын көрсөтүп, кадрлардын талаптарын так аткарууга талаптар коюлмакчы. Мындан тышкары, ушул жылдын май айынан баштап 12 үй территориясындагы 1080 батир социалдык аз камсыз болгондор үчүн курулуш божомолдонууда. Курула турган аянттар мамлекеттик кызматкерлерге, аз камсыз болгондорго жана социалдык кызматкерлерге берилмекчи.
Упел АНАРКУЛОВА