Улукбек Нусубалиев, "Локомотив" ден соолукту чыңдоо спорт комплексинин жетекчиси:
"Жаш спортчуларыбыз чет жерде алдыңкы орундарды багынтууда"
- Улук мырза, "Локомотив" комплекс болгондуктан ден соолукту чыңдоодо спорттун бир эле түрүнө багытталбаса керек?
- Кыргыз мамлекеттик "Кыргыз темир жолу" ишканасы жеке акча каражатын бөлүп, "Локомотив" ден соолукту чыңдоо спорт комплексин ачты. Биздин мекемеде спорттун көп түрү камтылып, хоккей, муз үстүндө бийлөө, таэквондо, йога, фитнес бөлүмү, теннис жана футболдук машыгуучу аянтчалар орун алган. Ден соолукту чыңдоо үчүн каалоочулардын жаш өзгөчөлүгү чектелбейт. Муз үстүндө бийлөөгө, эс алуучуларга ар дайым эшигибиз ачык! Мамлекеттин жападан-жалгыз ден соолукту чыңдоо спорт комплекси аталып, ар бир жарандын капчыгына туура келчү баалар коюлган.
- Ордо калаанын тургундары үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлгөнбү?
- Муз тебүү үчүн ар кандай жеңилдик акцияларын уюштуруп турабыз. Февраль айынан май айына чейин, жумуш күндөрү муз тебүү балдарга 100 сом, ал эми дем алыш күндөрү 150 сом акча каражаты көрсөтүлгөн. "Локомотив" спорт комплекси атына заты жарашкан, эң чоң, күчтүү энергияны тарткан спорттук мекеменин катарын толуктайт деп ишенебиз. Бул имарат 2008-жылдары кароосуз калып, мамлекеттик "Кыргыз темир жолу" ишканасынын демилгеси аркылуу ачылган. Учурда, биздин спорттук мекемеде жалпысынан 500 дөн ашуун жаш улан-кыздар машыгууда. Элдин ден соолугун чыңдоого жакшы шарт түзүлүп, алардын талабына толук жооп берет.
- Кандай ийгиликтерди баса белгилеп айтууга болот?
- "Локомотив" ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде, көп жылдык тажрыйбалуу спорт чеберлери эмгектенишет. Жакында эле хоккей командасы Казакстан жергесинде биринчиликти ээледи. Ошондой эле, шаар ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырып жатабыз. Андан тышкары, таэквандо жана муз үстүндө бийлөө боюнча жаш улан-кыздарыбыз чет жердеги кароо-сынактарда алдыңкы орундарды багынтууда. "Локомотив" спорт комплексинде машыккан 2 спортчубуз Челябинск жергесиндеги "Трактор" командасына чакыруу алды. Ал эми Канада өлкөсүнөн келген балдар, учурда биздин "Локомотив" спорт комплексинде машыгууда.
- Биздин жаш улан-кыздарыбыз башка чет жердин атынан чыгып, бөтөн элдин спорт чебери аталгандыгына кандай кабыл аласыз?
- Биздин балдар бир эле баскычта тура бербей, андан аркы тепкичке көтөрүлүү керек. Казакстан, Россия жергесиндеги сынактарга катышып турушса, ал жердин машыктыруучулары мыкты спорт чеберлерди тандап алышат. Ал жакта бизге салыштырмалуу спортчуларга жетиштүү акча каражат төлөп беришет. Ушул кезде Казак туугандардан биздин балдарга, "чоң суммадагы акча маяна төлөп беребиз"-деген сунуштар түшүүдө.

Назгүл Рыскулова, "Локомотив" спорт комплексинин администратору:
"Кардарлардын кубанычы биз үчүн чоң жетишкендик"
- Ар бир келген кардарларды жылуу мамиле аркылуу тосуп алабыз. Муз аянтчасына ар кыл мүнөздөгү жана ар кандай курактагы адамдар келип эс алышат. Көпчүлүк учурда жаш улан-кыздарыбыз келип, муз үстүндө машыгууларды өткөрөт. "Локомотив" спорт комплексине бир ирет келип, андан соң ар дайым биздин эс алуучу кардарлардын катарын толуктайт. Биз жасаган мамилеге, шарттарга карата жылуу сөз айтып турушкан кардарлардын кубанычы биз үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм. Ордо калаанын ар бир тургуну үчүн өзү жактырган көп тармактуу спорттун түрлөрү менен машыгууга шарттар түзүлгөн.
Салават Султанкулов, "Локомотив" спорт комплексинин машыктыруучусу:
"Казакстандын эки командасынан чакыруу алдык"
- Өзүм көп жылдар бою хоккей боюнча машыктыруучу болуп эмгектенем. Жакынкы аралыкта, хоккей командасы менен Казакстан жергесине барып, кароо-сынакта биринчи орунду ээледик. Ошондой эле, Кыргызстанда жаш жеткинчек балдардан түзүлгөн хоккей команданы жетектеп, чет жерде бир нече жолу биринчи орунду алдык. Биздин 12 жаш курактагы балдар, хоккей спорт тармагында ийгиликтерди багындырып, Казакстандын эки командасында ойноого чакыруу алып олтурабыз. Апрель айында биздин балдар Кызыл-Ордо жергесинин атынан чыгып, сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алды. Алар үчүн бардык шарттар каралып, жакшы акча каражатты төлөп беришет.