Акциялык чакырыктар алдоонун амалы...
Тамак-аш жактан керектөөчүлөрдү тейлеген "Народный", "Бета Сторес 2", "Боорсок", "Дасторкон" "Семь дней" дүкөндөрүндө дээрлик көпчүлүк товарларга арзандатуу акциялары жүрөт. Учурда мындай акциялык иш-чараларга ишенбегендер четинен чыгып, "эмне үчүн тамак-аш сатуучу дүкөндөрдө масштабдуу түрдө арзандатуу акциялары жүрөт?"-деген суроолор кардарларды кызыктырып келет. Чынында эле товарларга акциядагы арзандатылган баалар коюлганбы же бул кардарларды чакыруудагы маркетингдин бир амалыбы?

Алгач, ЖЧК "Народный" соода үйүнүн жетекчилигине атайын кат аркылуу кайрылып, тилекке каршы тиешелүү жооп ала албадык. 2002-жылы ачылган ЖЧК Народный" соода түйүнүнүн 48 дүкөнү бар. Дайыма арзандатуу акциялык иш-чараларды жүргүзүп келет. Ал эми, "Бета Сторес" дүкөнүнүн жетекчилиги акциялар жүргөн учурда товарлар эң арзан баада сатыларын жана чыныгы акциялык баалар коюларын белгиледи. "Aroma pizza" ишканасынын маркетинг боюнча директору Анна Антропованын айтуусунда, сатылган пиццалар даамдуу болгондуктан көптөгөн кардарлар арзандатуу баада алууну өтүнүшөт. Буга ылайык, эки жылдан бери бир баада жана 20 пайыздык арзандатуу менен пиццалар сатылат. Албетте, киреше тапкан тармак, эч качан өздөрүнүн маркетинг оюндарынын сырын айта бербейт. Бизнестин табиятына келсек, ал "акча табуу, киреше киргизүү" деген түшүнүктү эле камтыйт. Ошентсе да, таза бизнес деген дагы бар. Ал сапаттуу өндүрүш аркылуу өздөрүнө кардар топтойт. Бул бизде барбы? Буга чейин айрым соода түйүндөрүндө эски товарлар үчүн акциялар болуп коомчулукка шардана болгон жайы бар. Эгер жарнаманын табиятына келсек, товарды элге таанытуу, жайылтуу экенин билүүгө болот. Ал эми акция товардын өз баасына мурдагыдан арзан сатуу деген сөз. Дегеле, жарнама менен акция эмне үчүн керек? Кардары калың тарап үчүн ал зарылбы? Ал аракеттер ириде товардын чыгымын жабууга жана кардарларды сооода жайга чакырууга өбөлгө болот.


Дүкөндөрдөгү акциялык
бааларды ким көзөмөлдөйт?
Назина АЛЫКУЛОВА, Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин Жарнаманы контролдоо, керектөөчүлөрдүн укугун жана атаандаштыкты коргоо бөлүмүнүн жетекчиси:
- Супермаркет жана гипермаркеттер өз алдынча акциялык иш-чараларды жүргүзө алышат. Алар мындай иш-чараларды товар тапшыруучулар (поставшики) менен алдын ала келишим түзгөндөн кийин же өздөрүнүн планына жараша өткөрүшөт. Аталган бөлүм шаардык дүкөндөрдө жүргүзүлүп жаткан арзандатылган акциялык бардык бааларды көзөмөлдөбөйт. Тагыраак айтканда, маркетингдик акциялар бизге тиешелүү эмес. Мөөнөтүнөн өтүп кеткен же мөөнөтү кыска тамак-ашка арзандатуу акциялары көзөмөлдөнөт. Дагы бир мисал келтирейин. Жакында "Боорсок" гипермаркетинде арак боюнча акция илинген. Кат жөнөтүп, ал акцияны алдырттык. Мына ушул сыяктуу эреже бузуулар болсо, текшерүүгө алсак болот. Ал эми дүкөндөр акция деп, товарды арзандатуу баасында эмес өзүнүн мурунку баасында сатышы мүмкүн. Мисалы, бал муздактын өз баасы 5 сом болсо, аны 8 сом деп белгилеп, акциялык арзандатуу баасы 6 сом көрсөтүлүшү мүмкүн. Бирок, биз муну эч кандай фактылар менен тастыктай албайбыз. Дүкөндүн ээсинен "бул товардын мурунку баасы канча жана арзандатылгандан кийинки баасы канча"-деп текшергенге биздин эч кандай укугубуз жок. Эгер кардардан атайын арыз түшсө, анда планга киргизилбеген текшерүү жүргүзөбүз. Ал үчүн биз "текшерип баратабыз"- деп дүкөнгө билдирүү беребиз.
Мейманбек АБДЫЛДАЕВ, экономист-серепчи:
- Биздин экономика базар экономикасына өткөнүнө 20 жыл болду. Мамлекеттик деген баалар жок. Чекене базарында (розничный рынок) эч бир мекеме бааны тааңуулай албайт. Дүкөндүн ээлери өздөрүнүн планына жараша айдын аягында товардын мөөнөтү өтүп кетпеши үчүн арзандатуу акцияларын жүргүзөт. Алар арзандатуу акциясын жүргүзүп жатып эрежелерди бузса, мисалы товардын сапаттык жагы, мөөнөтү өтүп кетсе ж.б. анда мамлекеттик мекеме ал дүкөндү көзөмөлгө алат. Ал эми "бааны мындай кой"-деп эч ким көрсөтмө бере албайт.


Соода жайларындагы
акцияларга ишенсе болобу?
Жумакадыр АКЕНЕЕВ, Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын Президенти:
- Учурда чоң дүкөндөрдүн ортосунда атаандаштык болуп жатат. Дүкөндөр "элге арзан баада сатып жатабыз"-деген маанайда арзандатуу иш-чараларын жүргүзүшөт. Чынында товарларга акциядагы арзандатылган баалар коюлат. Эгер "арзандатуу" деп коюп, товарды мурунку эле баасында сатса, анда алар өз кардарларын жоготушат. Ошондуктан, жасалып жаткан акцияларга ишенсе болот.
Бурул МУСАБЕКОВА,
"Айат" гезитинин редактору:
- Бир кездерде арзандатылган акцияга ишенип дүкөндөргө баш багып көргөм. Бирок, арзандатуу бул алдамчылык экенин түшүнүп, азыр ага таптакыр ишеним артпай калгам. Айрыкча "Бета Сторес" дүкөнүндөгү арзандатуу деген болбогон кеп. Буга бир мисал, бир жолу идиш жуугуч каражатты 70 сомго алгам. Кийин арзандатуу болуп жаткан маалда кирсем, баягы 70 сомдон алган каражаттын баасы 130 сом болуптур дагы, жанына 20 пайыз арзандатуу деп жазып коюптур. "Элди алдоонун да чеги болот эмеспи"-деп ал дүкөндөн чыгып кеткем.
Жаз-Айым АЙДЕКОВА, журналист:
- Негизи ар бир жасалып жаткан иштин артында бир сыр болот деп билем. Маселен, жеке ишкер тамагынын мөөнөтү өтө баштаганда тез арада өткөрүү үчүн же тамак сапатынын төмөндүгү үчүн арзандатышы мүмкүн. Кээде кымбат баа коюп, аны акция деп өз баасына саткан амалкөйлөрдү да кездештиресиң. Көбүнчө "Народный" соода үйүнөн тамак-аш сатып алчумун. Акыркы учурда тейлөө сапаты менен бирге тамак аш-сапаты да төмөн болгондуктан ал жерге барбай жана акцияларына да катышпай калдым.
Жамийла МАМЫШЕВА, Ж. Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу:
- Тамак-ашка болгон арзандатуу акцияларын атайын күтпөйм. Эгер арзандатуу акцияларга туш болуп калсам, керектүү товарларды ала берем. Ал эми үй эмеректерине же күнүмдүк техникаларга арзантуу акцияларын күтүшүм мүмкүн. Супермаркет жана гипермаркеттегилер сөзсүз арзандатуу акцияларын жүргүзүшү керек. Себеби, алар көп өлчөмдөгү товарларды алышат дагы, мөөнөтү өтүп кеткиче арзандатуу иш-чараларын жүргүзүшөт. Бул бир жагынан алганда үлкөн дүкөндөрдүн жетекчилерине, экинчи жагынан кардарларга жакшы.