Дос элек го, эми не болдук?
"Ата Журт" партиясынын айланасындагы акыркы окуялар коомчулукта түрдүү сынга кабылууда. Буга чейин аталган партия шайлоого жаңы күчтөр менен бараары кабарланган. Ошондон көп өтпөй партиянын лидери Жылдызкан Жолдошеваны ал орундан алып түшүштү. Жолдошева бул аракетти мыйзамсыз, атайын оюндар экенин айтып, түрдүү фактылар менен өз партиялаштарына ар кандай акаарат кептерди айтууда. "Депутат К.З. Мурзабековдун жасаган бул ишин мыйзамсыз деп эсептөөгө толук негиздер бар деп эсептеймин. Себеби, 2010-жылдын 10-ноябрында бекитилген "Ата-Журт" фракциясынын Жобосунун VII главасынын 1-пунктунун 15 подпунктуна ылайык "Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары фракциянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин ачык добушу менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн"-дейт Жолдошева. Бул кадамдарга партиянын лидеринин бири Камчыбек Ташиевдин дагы түздөн-түз тиешеси бар экени айтылууда. Ага карата Жолдошева Камчыбек Ташиевдин фракция депутаттарына көрсөтмө берүүгө, тапшырмалар менен кат жөнөтүүгө, башка буйруктарды берүүгө моралдык жана юридикалык укугу жок экенин да кошумчалады. Бул ачыктан ачык эле партия ичиндеги ажырымдын чоң белгиси катары сыпаттагандар чыгууда. Ал турсун Жолдошева партиянын тагдыры жакында башкача чечилип калаарын да каңкуулады. "Дагы бир маанилүү маалымат бул, "Ата-Журт" партиясынын ээси Базарбай Темишов болуп чыккандыгы, ал эми партиянын тагдыры ушул жылдын май айларында чечилээри, бүгүнкү күндө анык болуп калды"-деди. Ал ортодо айрым басылмалар Ташиевди жактап Жолдошеваны "шыбаганга" өтүп, "Ташиев болбосо Жолдошева ким болот эле?"-деген сындарды да айтып чыгышты.


Самаковдун жоопко тартылышын талап кылышууда
Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго таандык "Давос" компаниясынын жанында нааразылык акциясы өтүп жатат. Ага катышкан 100гө жакын адам Самаковду "Бишкектин жака белиндеги жерлерди мыйзамсыз алган" деп айыпташууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири Нурлан Асанов билдирди.
Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Байтик жана Кара-Жыгач айылынан келгендер Самаковдун жоопко тартылышын талап кылып жатышат. Депутат өзү бул боюнча пикирин билдире элек.

Бизнесиңди көрсөтчү, сауналарыңды айтайын
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев эжеси, депутат Урмат Аманбаевага карата козголгон кылмыш иштеринен кийин түрдүү жаңылыктардын башын кылтыйтууда. Эжесине таандык болгон Оштогу мейманкалардын тегерегинде болуп жаткан сөздөргө мыйзам чегинде жарытылуу эч нерсе айта албай, аны коргогонго өтүп, ал жер мурда эжесиники болгонун, азыр ал жерлер кимге таандык экенин билбестигин, эжесинин эмне бизнеси бар экенине кызыкпаганын айтып Америкадан түшө калгандай жоопторду айтууда. Бул аракеттерди ал өзүнүн ишмердигине да байланыштырат. "Мен Салянованын мыйзамсыз көп иштерин билчүмүн"-дейт Аманбаев. Билсе, бирдеме деп койбой, өзү укук тармагын мыкчып, эмне олтурат? Ошондой эле, Аманбаев эжесинин мейманканаларында сойкулар болгону боюнча: "Турсунтай Салимовду күнөөлөп чыгышты. Бишкекти эле карап көрсөңүз канчалаган сауналар иштеп жатат. Жүздөгөн сойкулар жүрөт. Муну эч ким билбейби. Бишкектеги сауналардын кожоюндары карапайым адам эмес. Шаардагы сауналардын кожоюндары мурунку депутат же мурунку министрлер. Болбосо учурдагы министр же депутат. Муну эч ким тана албайт. Эмне үчүн ошолордун баардыгынын бетин ачпайт?"-деп, ич күптүүсүн айтат. Алар билбей жаткандыр, билген сиз эмне унчукпай жүрөсүз Бакыт мырза!


Кыргыз сотуна Корей
ишкерлери да нааразы
Кыргызстанга инвесторлордун келбей жатышын бийликтегилер бир эле өлкөдөгү башаламандык, жол тосуу, элдин массалык көчөгө чыгуулары себеп болуп жатканын айтып келишет. Бул жаздын өлкөдө тынчтык менен төккөнүн эстесек, анда Кыргызстанда инвесторлордун эмнеден чоочуп жатканына жооп издесек болот. Көрсө, инвесторлорду чоочуткан жагдайлар бир эле элдик нааразычылыктардан улам жаралган башаламандыктар эмес, бийлик структурасынын бир тарабы болгон сот системасы да чоң жолтоо болуп жатыптыр. Түштүк кореялык инвесторлор Кыргызстанда сот системасы коррупциялашканына нааразы болуп жатышкандыктарын айтып чыгышты. Алар жемкорлуктун айынан адилетсиздикке тушугуп жатканын айтып, Бишкекте маалымат жыйынын куруп маселелерге өлкө бийлигинин көңүлүн бургулары келет. Эки күн мурда Сеулдан он кишиден турган делегация келип, Нарын ГЭСинин курулушуна көмөк көрсөтүү жаатында да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондон кийин эле Корей ишкерлери баш көтөрүп, эмнегедир ушундай билдирүүлөр менен чыгууда. Кыргызстанда курулуш, өндүрүш жана башка тармактарга инвестиция тартуу менен алектенген Корей компаниялары көп.


Өкмөт Кумтөрдү канадалыктарга биротоло энчилеп бергени жатат
Экс-депутат Кубанычбек Исабеков кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрүндө жаңычылдыктардын болбогондугун айтып чыкты. "Азыркы Өкмөт Жантөрө Сатыбалдиевдин учурунда түзүлгөн долбоордон чыга алган жок. Ошону менен эле баратат"-деди. Эки тарап сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир нерселер элден жашырылып жатканын боолгойт. Ал эми аны билгендер тымпыйып унчупай олтурганы, ал элге чыккынчылык кылганы экенин дагы айтат. Кумтөрдүн айланасындагы азыркы сүйлөшүүлөр Кыргызстан үчүн пайда болмок турсун, ал биротоло аны канадалыктарга өткөзүп берүү болуп саналып калаарын кыйытат Исабеков. "Жаңы түзүлүп жаткан келишимдин долбоору боюнча Кыргызстандын "Центеррадагы" 77 млн 401 миң 599 акциясын канадалыктарга жүз пайыз бекер өткөзүп берет экен. Жогорку Кеңеш дагы эмне үчүн акцияны бекер өткөзүп беребиз деп сураган жок. Үч жарым жыл мурун биздин акциянын баасы 1 млрд 450 млн долларга чыккан. Бүгүнкү долбоор боюнча биз 20 жылдан кийин 2 млрд 200 млн доллар алат экенбиз. Ким акционер болсо ошол кожоюн. Акцияны бекер өткөзүп коюп, 50-50 дегени Өкмөттүн кезектеги эле жомогу. Акционерлер жыйналып дивидент канча төлөнөрүн чечет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Өкмөтү 33 пайыз акциясы менен "Центеррада" эң чоң акционер"-дейт экс-депутат. Исабековдун пикирине кошула турган болсок, Кыргызстан Кумтөрдөн биротоло кол үзгөнү жаткандай.


Ажонун сапары "тепкиге" алынууда
Бул аптанын өзгөчө жаңылыгы катары басылмаларда түрдүү сындар менен сындалып жаткан орус башчысы Путин менен кыргыз ажосу Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу болду. Мына ушул жолугушуудан кийин эле президент Атамбаевдин бейрасмий Кишиневго жасаган сапары да сынга кабылды. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков парламенттин жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин Кишиневго жасаган бейрасмий сапары боюнча маселени көтөрүп, "Атамбаев Молдаванын олигархынын менчик учагы менен учуп, жашыруун сүйлөшүү жүргүздү"-деп сынга алды. Ал бул сапар боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап кайрылды. Ал эми Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев бул боюнча учуру келгенде билдиришерин айтты. Депутат койгон маселе өлкө башчысына жеткирилерин дагы кошумчалады.

Сузактык дыйкандар жаздык буудайды 50 пайызга аз эгишти
Сузактык дыйкандар Бажы биримдигине кирсек буудай арзан болот деген кооптонуу менен быйыл жаздык буудайды 50 пайызга аз эгишти. Бул тууралуу район акими Нурболот Мирзахмедов вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеваны аймактагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен тааныштырып жатып билдирди. Район аймагында 8 миң гектарга күздүк, ал эми 800 гектарга жаздык буудай эгилген. "Кыргызстан биримдикке кирсе Казакстандын буудайы рынокту ээлеп, баа арзандайт деп кооптонуп жатышат. Мындан улам өкмөт туруктуу бааны бекитип, дыйкандарга кепилдик бериши керек", - дейт Мирзахмедов. Учурда буудайдын 1 килограммы 22 сом турат.