Аксы окуясына бийлик адилеттүү түрдө жооп берген жок!
Кыргыз элинин тарыхында кайгылуу окуянын бири Аксы окуясына быйыл 13 жыл толду. Эске салсак, 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абаддын Аксы районунун Боспиек айылында куралсыз тынчтык митингтин катышуучуларына бийлик тарабынан ок атылган. Аталган каргашалуу окуяда 6 адам окко учуп, жыйырмага жакын киши жараат алган. Эл тарабынан тынчтык митинги Үзөңгү-Куушту Кытайга сатып жибергендиги жана Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына каршылык көрсөтүү максатында өткөрүлгөн. Ал окуя депутатты абактан бошотуп алуу гана эмес, Кыргызстандагы авторитардык режимди кулатуу жана адилеттүүлүк үчүн күрөштүн алгачкы баскычы катары тарых беттеринде кала берет. Каргашалуу окуядан 10 жыл өткөндөн кийин Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы 17-мартта Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгилөө боюнча жарлыка кол койгон.
Кандуу окуяга карата козголгон кылмыш иши боюнча жүзгө чукул сот процесс иштери жүргүзүлүп, медициналык жыйынтык жана негизги көрсөтмө кагаздар боюнча каза тапкандар, жараат алгандар бардыгы болуп 79 киши жабыркаган. Чыныгы күнөөлүүлөр ушул кезге чейин өз жазасын алыша элек. Бийлик огунан эр азамат уулун жоготкон Аксы элинин кайгысынын дарты кайта элек.

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Медетбек Айдаралиев:
"Күнөөлүүлөр А.Акаев менен К.Бакиев"
Аксы окуясындагы күнөөлүүлөр А.Акаев менен К.Бакиев барына белгилүү. Өлкөбүздөн эки бийлик башчылары качып кеткендиктен, тергөө иштери аягына чыкпай жатат. Башка мамлекетте жүргөн биздин эки президентти кайтарып берсе, күнөөлүүлөр такталып өз жазасын алмак. Биринчи төңкөрүштө сабак албаган бийлик, кийинки кандуу окуяларды баштан өткөрдү. Азыркы парламенттик системанын өзгөрүлүшүнө үч-төрт жылдын жүзү болуп, эл өз ой-пикирин билдирүүгө эркиндик түзүлдү. Эртедир-кечтир Аксы окуясында ок аткандар өз жазасын алышат.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев:
"Баарын абакка олтургузат элем"
Үй-бүлөлүк кландык башкарууга каршы күрөшүүгө чыккан Аксы окуясында бийлик огунан каза тапкандар, ар бир атуулдун эсинде. Бүгүнкү күндө Аксы окуясына 13 жыл толуп,кылмышкерлер эркиндикте жазасыз жүрүшөт.Бардыгы бири-бири менен байланышта болгондуктан кандуу окуяга карата козголгон кылмыш иши аягына чыкпай келет.Эгерде менде мүмкүнчүлүк болсо, Аксы окуясындагы күнөөлүүлөрдү четинен кармап келип барын абакка олтургузат элем. Аксы окуясы мамлекет жана эл үчүн сабак боло турган эң орчундуу окуя.

Аксы окуясында октон жараат алган Максатбек Момуналиев:
"Президентибиз айткан убадасын аткара алган жок"
Кыргызстандын элинде акыйкаттыкты сактап калуу үчүн Аксы окуясында катыштык. Ал каргашага жооптуу адамдардын айрымдары азыр деле жогорку кызматтарда иштеп жатышат. Айта кетчү нерсе, атаандаштык эмес, "7-апрелдеги" катышуучуларга 2 жылдан соң "Апрелдик баатыр" деген наам ыйгарды. Аларга дарыланууга, отун-суу, курорттук эс алууга бардык жактан жеңилдик жардам көрсөтүлөт. Ал эми, Аксы окуясындагылар четте калып, бизге эч кандай жеңилдик жок. Жөнөкөй эле, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, ооруканага жатууга акча аркылуу орун алдык. Биз жакында кайрадан нааразычылык акциясын уюштурабыз. Себеби, бизге эч кандай бир жеңилдик жардамдар көрсөтүлбөйт. Апрель окуясындагыларга кандай жардам жеңилдиктер берилсе, Аксы окуясындагыларга дагы ошол сыяктуу жеңилдик жардам берилип, токтом чыгарылсын. Президентибиз Атамбаев Аксы эли менен жолугушуу учурунда : "Айланайын Аксылыктар! Эгер силер болбосоңор, мен бар белем, жок белем?! Силерден кандай сураныч болбосун, дайым аткарууга даярмын"- деп убада берген. Бирок, курулай сөз менен алдап, айткан убадасын аткара алган жок.
Кечээ "Аксы окуясын" эскерүү күнү болуп, 34 адамга жалпы 100 миң сомду бөлүп берүүгө райондун администрациясына сертификат тапшырды. Аталган 100 миң сом акчаны 34 адамга бөлсө, канча сомдон тиет?! Ал эми, Коомдук биринчи каналдан жакынын жоготкон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон материалдык жардам берилет деп, бизди жаманатты кылып атат. Азыркы убакка чейин эски бийликтин бутактары жогорку кызматтарда олтурат. Деги калыстык качан орнойт?

Аксы окуясынын активдүү катышуучусу Тургунайым Жээнбекова:
"Аксы окуясынын чыныгы айыпкерлерин таап жазалаган жок"
"Канча бийлик алмашты. Эмдигиче бири дагы Аксы окуясынын чыныгы айыпкерлерин таап, эл көзүнчө соттогонго жараган жок! Ушинтип олтурсак, бир күнү бул тарыхый окуя деле Кыргызстан тарыхынан таптакыр чийилет, унутулат. Бирок, минтүүгө акыбыз жок".

Аксы окуясында оор жараат алган Анаралы Назарбеков:
"Башка пенденин колунан келбесе, эми кудай өзү жазаласын"
Биз артка карап кылчайсак, 10-13-жыл акыйкаттыкты издеп, сот иштерине чуркадык. Аксы эли тилеген максатына жете алган жок. Окуядан соң окко учуп эр азаматтарыбыз каза болсо, айрымдары чоң кызматка олтурду. Ал эми, соттук тергөө иштерин токтотуп койгондугуна көп жыл болду. Аксы окуясына бир топ жылдар болсо дагы, сот иштерине дайым чуркап жүрдүк. Арадан 10 жыл өткөн соң олтуруп алып, алакан жайып кудайдан бата тилеп : "Башка пенденин колунан келбесе, эми кудай өзү жазаласын"- дедик. Президентибиз Алмаз Шаршенович сот процесстерин алдыга жылдырып, терең көңүл койсо дейбиз. Мен 2012-жылы Президент менен жолугушуу учурунда : "Күнөөлүүлөр өз жазасын алып, Аксы окуясына чекит коюлат"- деп билдирген. Биз ишенебиз акыйкаттуулук орноп, адилеттүү түрдө чечимдер чыгаарына. Азыркы өкмөт башчыларыбыз эки бийликтин катачылыгын эске алып, акыйкаттуу иш алып барса дейм.

Упел АНАРКУЛОВА