Айну эли кыргыздарга тууган болушу мүмкүнбү?
"Илгери-илгери тоонун бөксөсүндө, жалгыз аял жашачу экен. Ага бир киши келип жүрчү экен. Бир күнү ал, адам эмес экенин жана тоолордун кудайы болорун айтат жана тулку бою аюунукундай экенин билдирет. Ошентип алардан айну эле тараптыр"

Айну элинин өзүнүн таралышы жөнүндөгү уламыштардын бири.
Орус жазуучусу А. Чехов айнулар жөнүндө: "Бул эл карапайым, жөнөкөй, ишенчээк, кичи-пейил жана каарман эл".
Дүйнө жүзү боюнча табышмактуу элдердин саны бир аз эле. Алардын арасында айну эли да бар. Дегеле алардын сыры эмнеде? Айнулар жоголуп бара жаткан элдердин катарына киришет жана Япониянын түндүгүндө 20 миңдей жана Камчатка менен Курил аралдарында 109 айнунун өкүлдөрү күн өткөрүп келишет. XVIII-кылымда айнуларды биринчи жолу көрүшкөн европалык изилдөөчүлөр айраң-таң калышкан. Себеби, аларды Азиянын түндүгүндө ак-жуумал жана бойлору бийик европеиддерге окшош адамдар тосуп чыгышкан. Азыр дагы айну эли кайсы жактан келгени, кайсы элдерге тууган экени белгисиз бойдон калууда. Алардын тили дагы тилчилердин термини боюнча изолянт тил болуп, дүйнөдөгү бир дагы тилдик үй-бүлөгө кирбейт экен. Алардын кайдан келгени дагы дэле белгисиз бойдон калууда. ЛИД
Өткөн жылы мамлекеттик делегация менен Японияга барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдын айтуусу боюнча, япон окумуштууларыны айнуларды Алтайдан келишкен деп божомолдошот экен жана айну менен кыргыздардын каада-салт, тиричилик буюмдары жагынан көп окшоштуктары бар экен. Мисалы, айнулар дагы темир-ооз комузда ойношот.
"Айны" деп аларды орустар атап башташкан. Өз тилинде аларды айну деп атасак туура болчудай, алардын тилинде адам деген маанини берет. Ал эми өзүлөрүн болсо дегеле, жашап турган кокту-колоттун атынан аташчу экен. Маселен, Сару суусунун дарыясында жашашкан айнулар өзлөрүн сару утара - "Сару жеринин адамдары", Соя жарым аралындагылар соя утара же яун утара -"Соянын жашоочуулары", ал эми Хоккайда аралынын түндүгүндөгү айнулар өздөрүн чувка утара и мэнаси утара деп аташчу. С. П. Крашенинниковдун жоромолу боюнча "Курил" аралдары айнулардын куши деген сөзүн Курилге "келгин" орус оторчуларынын туура эмес айтылышы деп эсептейт, куши деген сөз айнулардын тилинде киши деген маанини берет экен, шумдугуң кур. Демек айнулар уруу-уруу болуп жашашкан деген бүтүмгө келсек болот.
Айнулардын башкы тотемдик жаныбары аюу болгон. Бул жагынан окшоштуктарды айтсак, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаевдин айтуусу боюнча, кыргыз элинин дагы эзелки убакта тотемдик жаныбарларынын бири аюу болгон экен. О. Каратаевдин жазгандары боюнча, кыргыздардын Адыгине уруусунун аталышы дагы аюу-урматтоодон келип чыккан экен. Азыр да хакас тилинде аюуну "адыг" дешет.
Айнулар Япон аралдарын да биздин заманга чейин 13 миң жыл мурун келишкен. Ал эми Ямото деп аталган байыркы япондордун мамлекети менен айнулардын кагылыштары VIII-кылымда башталат. Япондор айнуларды "жапайы" адамдар катары баалашып, миңдеген айнуларды мууздап жүрүп отурушкан, ошентип алар япондор тарабынан геноцидке учураган десек болот. Бирок, алар менен миң жылдан ашуун кырчылдашып согушуп келишкен. Бирок, айнулар аз сандап, чакан айыл болуп отурукташкандыктан, япондорго оңой эле жем болуп жүрүп отурган. Бизге япон маданияты болуп таанылган: кимоно, катана-самурай кылычы жада калса самурай кодекси болгон "бусидону" да япондор так ушул айнулардан үйрөнүшкөн экен. Ал эми самурайлар катмары толугу менен айнулардын тукумдары деген да гипотеза бар.
Толугу менен япондор айнуларды XVIII-кылымда басып алышат жана маданий ассимиляцияга зордук менен мажбурлашат. Эркектердин сакалдарын алдыртып, кийимдерин жана тилин япондордукуна өткөзө башташат.
Айнулардын кебете түспөлү дагы өзгөчөлүгү менен айырмаланат, алар монголоид расасына киришпейт, ошол эле учурда толугу менен европеоид түспөлүндө эмес. Ал эми кытай жазма булактарында байыркы кыргыздарга карата: бойлору бийик, көздөрү көк, сакал-чачтары сары түспөлдө дегенин эске алсак, айнулар бизден чыккан деп аша чаппасак дагы, алар менен биздин тектерибиз качандыр бир убакта бир болгон деп божомолдосок болот.
Азыркы маалда айнулар толугу менен япондор менен жуурулушуп, тилин жана үрп-адаттарын унутуп коюшкан. Жакында гана, 2008-жылы Япон парламенти айнуларды улуттук азчылык катары тааныган.
Эмне үчүн ушундай маданият жана согуш деңгээли жогору турган эл, япондордун зомбулугунда калып, жоголууга дуушар болуп отурат? Себептери түшүнүксүз. Мындан аркы изилдөөлөрдү генетикалык деңгээлде жүргүзсө, ачылбыган сыр жаңыча жаркырай түшөт болушу керек.
Аскат Рыспаев





Үй шартында жасалган
маска эң эле пайдалуу
Жашоого жан киргизген жаз адамдардын дагы дене боюна купуя өзгөрүү киргизет. Бул табигаттын сыры. Сөз адам келбетиндеги сулуулук туурасында болуп жатат. Күндүн жылышы менен адамдар, өзгөчө аял заты өз өң келбетине аяр мамиле кыла баштайт. Сулуулуктун сырын издейт. Мына ошол нерсени эске алып, жылуу жаздын алгачкы күнүндө өз келбетибизге кандай кам көрүү керек экенидигин билүү максатында дерматолог-косметолог адиси Айнура Сагынбаевага кайрылдык


Жазда айымдар бетине
кандай кам көрүүсү керек?
Жаз келгенде сөзсүз түрдө күнгө каршы бет майды коюу керек. Бет майдын курамында, ультра нурлардан коргоочу SPF 30 же 50 пайызга чейин жогору болушу абзел. Кышы бою жансыз, бозоруп калыңдап калган терини айрандын сары суусу менен жууп жандандыруу маанилүү. Айрандын сары суусуна атайын кошулган гиалурон кычкылы, витаминдүү жана протеиндери барын алса бет тери үчүн өтө пайдалуу. Жаздын келиши менен өзгөчө курамында А, С, В топтору бар витаминдерди ичүү маанилүү. Ичип жаткан витаминиңизде минерал болсо, ал да жакшы. Анткени, кышы менен бир гана денеде эмес, терибизде дагы витаминдердин жетишсиздиги байкалат.
Бетти сепкилден тазалоо
Бетти сепкилден сакташ үчүн күндөн коргоочу бет майды сөзсүз түрдө колдонуу керек. Күндөн коргоочу бетмайдын күчү 2 саат, андыктан күнгө каршы каражатты эки ирет коюу зарыл. Кечкисин сөзсүз түрдө агартуучу, курамында С витамини жана чөптөрдүн кошулмасы бар бет майды колдонсо жыйынтыгы болот. Агартуучу, жашылча-жемиштерден жасалган маскаларды аптасына 2-3 ирет коюп туруу зарыл.
Косметикалык каражаттар
Жазында ар кандай косметикалык каражаттарга караганда, үй шартында жасалган маскалар өтө пайдалуу. Мисалы, бир кивини эзип, бир кашык өсүмдүк майын кошуп бетке 20 минута коюңуз. Маска агартат, жумшартат жана витаминдер менен камсыздайт. Эгерде бет териңиз майлуу болсо, майдын ордуна кичине туз кошуп койсоңуз болот.
Бет терини кантип туура тазаласа болот?
- Эң биринчи бет терини туура тазалоо зарыл. Кышкы сууктан коргонууда бүт энергиясын сарптаган терибиз бул учурда алсыз болуп калат. Анда беттин терисин калыбына келтирүү зарыл. Андыктан, эң биринчи кадам-бул бетти тазалоо керек.
Эртең менен жана кечинде бетиңизди сөзсүз тазалап туруу зарыл. Самын колдоно турган болсоңуз, териңиз туурулуп, майдын андан да көп бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Андыктан, бетти тазалоочу атайын каражаттарды колдонуңуз. Эгер колуңузда тазалоочу каражат жок болсо, кечкисин кадимки кремди же өсүмдүк майын кебезге тамызып, аны менен териңизди сүртсөңүз болот. Эртең менен ромашканы демдеп, бетиңизди жууп коюңуз. Ошондой эле, туура тамактануу да маанилүү. Майлуу, туздуу тамактардан баш тартканыңыз оң. Күнүнө 2 литрден ашык суу ичүүгө аракет жасаңыз. Бал, сүт азыктарын (майы аз), алма, банан жана башка витаминдүү азыктарды жегенге аракет кылыңыз. Кургак териге макияжды сыйруу үчүн сүт, жууну үчүн чыгарылган эмульсия жарайт. Аралаш териге - көбүктөнгөн, жууну үчүн чыгарылган гель, сүт. Май териге - эң жакшысы көбүргөн гель каражаттары же кычкылдуу көбүк натыйжалуу (кутучадагы курамын окуңуз, латынча кычкыл-acidi). Терини тазалоо үчүн кийинки каражат - скраб.
Осуят Осмонова