АРЫЗ
28.02.2015 ж. саат 8-30 чамасында иним Аманкулов Русланды оор абалда Жети-Өгүз райондук ооруканасына тез жардам бөлүмүнө алып барганбыз. Ал жерден даарылаганга болбойт деп, күндүзгү стационарга жиберишти. Ал бөлүмдө да орун жок деп коридордо кезек күтүп калдык, ошол убакта иним Руслан акырындан өзү басып жүргөн, биз жанында жетелеп жүргөнбүз. Абалы оорлогондо кайра тез жардам бөлүмүнө келдик. Ошол убакта иним сүйлөп жаткан, ал жерден жандандыруу бөлүмүнүн врачы Осмонкулова Анара "кабыл албайм, бул жерде мен врачмын, мен чечем" деп оозуна келген сөздөр менен урушуп, жандандыруу бөлүмүнө кабыл албай койду. Ары-бери жиберип атып эки саат өтүп кетти. Руслан такыр эсин жоготуп, комага түшкөндө гана жандандыруу бөлүмүнө которушту.Врач Осмонкулова Анара мени чакырып жүлүндөн суу алат элек деп уруксат берүүмдү сурады, мен уруксат жазып бердим. Анан Осмонкулова А. медсестралар менен инимди кырынан жаткыза албай менден жардам бергиле деди. Мен инимди кырынан жаткызып бүткөндө, мени чыгарып жиберишкен. Жүлүндөн суу алдыңарбы деп сурасак жооп бербей жатышты. Бир убакта Осмонкулова А. "он еше жив" деп коюп эшигин илип алды. Анан мени 16-00 чакырып, иним каза болгонун айтышты. Ошондо главврач бар эле, андан сурасак Осмонкулова А. үч сутка иштеп чарчады деген, Осмонкулованы кошумча эшиктерден качырып ордуна башка врачты койгон, кийинки врач жүлүндөн сууну мен алгам деди, бирок ал айтканы чын эмес, инимдин колуктусу мурун бир киргенде, белинде лейкопластырь чапталып турганын көргөн, ошондо эле Осмонкулова жүлүндөн туура эмес суу алып, инимди өлтүрүптүр, Осмонкулова убагында тез чара көргөндө иним тирүү калмак. Осмонкулова Анарадай өз милдетин билбеген шалаакы врачтардын айынан канча деген адамдар өлүмгө дуушар болуп жатат. Иним 37 гана жашта болчу. Осмонкулова Анараны иштен кетирип, чара көрүүңүздөрдү суранабыз.
Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жашаган бир туугандар жана кошуналарынын атынан (17 киши кол койгон)
Аманкулов Э.
Калмакиева Д.
Турсунов Э.
Иманалиева А.
Асакеева Б.
Казанов Ж.
Аманкулов Д.
Султангазиев Т.
Аманкулова Ч.
Мырзабеков С.
Дүйшөнкулов О.
Рысбаева Э.
Орозбаев Д.
Керимкулова З.
Мырзакожоев К.
Аманкулова Б.
Дүйшеева Н.




Мурат АБДРАЕВ, Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын малдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы:
"Фаиза" кафеси текшерилип,
эшек эти табылган жок"
Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция 150дөн ашык коомдук тамактануучу жайды, эт саткан күркөлөрдү, кафе, ресторандарды, кушканаларды, пельмен чыгаруучу жана колбаса чыгаруучу цехтерди, соода түйүндөрүн текшерген эле. Анда бир катар кафелердин жана бир колбаса чыгаруучу цехтин, бир кушкананын иши убактылуу токтотулган. Бул текшерүүлөр эшек этине байланыштуу чыккан жаңжалдан кийин уюштурулган.
- Бир катар кафелердин жана колбаса чыгаруучу цехтин, кушкананын иши убактылуу токтотулуптур. Алар кайсы талаптардан улам жабылды?
- Убактылуу жабылган ишканалардан жана кафелерден эшектин эти же ага күмөндөлгөн фактылар табылган жок. Алар ветеринардык-санитардык талаптарды, эрежелерди толук аткарбагандыгы же коомдук тамактануу жайларында жөнөкөй эле суунун киргизилбегендиги үчүн убактылуу токтотулду. Убактылуу ишин жапкан ишканалардын жана кафелердин талаптарга жооп бербеген кемчиликтери ээлерине көрсөтүлдү. Ага ылайык тиешелүү документтер (акт) толтурулуп көрсөтмөлөр берилди. Ишкана жана кафе ээлери белгиленген кемчиликтерди жойсо, анда экинчи ирет текшерилип, ишин улантып иштөөгө уруксат берилет.
- Учурда социалдык түйүндөрдө кээ бир тамактануучу жайлар анын ичинде "Фаиза" кафесинде эшектин этинен тамак жасалып жаткандыгын белгилеген имиштер айтылып жатат. Бул чынбы?
- Социалдык түйүндөр болобу же кат аркылуу болобу элдин кайрылуусунун негизинде коомдук тамактануучу жайлар, анын ичинде "Фаиза" кафеси текшерилди. Аталган тамактануучу жай атайын келишимдин негизинде ветеринардык көзөмөлдөн өткөн гана малды колдонуп жатканына күбө болдук. Ошондой эле, текшерүүлөр боюнча түзүлгөн атайын комиссия Сокулук районунун Ак-Жол айылында союлган эшектер боюнча, шаарда эки муздаткыч контейнерлерден 605 эшектин тушуна жана сарайдагы эшектин туздалган иче-карындары, терилерине акт толтурулуп, ээсине иликтөө бүтмөйүнчө эч жерге чыгарылбасын деген көрсөтмө берилди.
- Сиздер эшектин этин колдонгон тамактануучу жайлар жок экендигин аныктап чыктыңыздар. Бирок, буга карабай коомдук тамактануучу жайларда элдин саны азайып калгандыгына күбө болуудабыз. Маселен, "Дордой" базарына кире берген жерде тез тамактануучу жайдын жанына бир кичинекей баланы "сатылган тамак эшектин этинен эмес таза эттен жасалгандыгын" айттыртып коюптур. Дегеле элдин этке болгон күмөнүн кантип жоюудасыздар?
- Чындыгында коомдук тамактануучу жайларда элдин келиши кыскарган. Ошондой эле, жылкынын этине болгон талап дагы мурункудай болбой калган. Колбаса чыгаруучу жайлар да жылкынын этин албай, уй менен койдун этин алып калыптыр. Биз текшерүүнүн жыйынтыгын ММКлар аркылуу берип жатабыз. Дагы бир жолу баса белгилеп айтып кетейин. Текшерилген жайларда эч кандай эшектин эти же күмөндүү эт табылган жок.
Айжаз САКИЕВА