Бийлик менен оппозициянын "оюнуна" айланган төө буурчак
Талас шаарынын тургундары төө бурчактын баасы 30 сомго, жакшы сорту 40 сомго гана сатылып калганына нааразы болушууда. Баанын кескин түшүп кетишин жергиликтүү тургундар айрым аткаминерлер "доляга" отуруп алышты окшойт деп болжолдошууда. Эсиңиздерде болсо, буга чейин айрым маалымат булактарына төө бурчактын баасына облустун жетекчиси Койсун Курманалиева жана облустук сот, прокуратура, УКМК жетекчилери "доляга" олтуруп жаткандыгы кабарланган. Ал турсун КСДП фракциясынын депутаттары атайын комиссия түзүп текшерүүгө алуу керектигин көтөрүп чыгышкан. Эл арасында "Өткөн жылы Талас облусунун 70 жылдык маарекесин өткөрүүдө чогултулган акча жетпей, облус жетекчилиги төө бурчак алган фирмалардан баа наркын алардын айтканындай келишип акча алган, анын кесепети баанын түшүшүнө алып келүүдө",-деген сөздөр жүрүүдө. Өткөн жылы төө буурчактын баасы 105-110 сомдон сатылган болсо, быйыл үч эсеге чейин арзандап кетип карапайым элеттик дыйкандарды шексинтүүгө түртүүдө. Буга чейин оппозициялык блоктун башчысы Равшан Жээнбеков Түркиялык ири фирмалар менен төө бурчак тууралуу сүйлөшүп келгенин айтса, аз күн мурда айыл чарба министри Айдаралиев Түркияга төө бурчак маселеси менен жөнөп кеткени маалым болду.

Анапияевдин өлүмүнө
Жаныш Бакиевдин тиешеси бар
Кылмыш дүйнөсүнүн анабашчыларынын бири Алманбет Анапияевдин өлүмүнү аныкталып, ага кимдердин тиешеси бар экени ачыктала баштады. Буга чейин Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин (24.04.1974) атына берилген Орусия паспортунун жана канжалаган адамдын денесинин сүрөтү Кыргызстандын атайын кызматтарына Минскиден жиберилип, ал маалымат булактарында жарыяланган эле. Буга чейин маалымат булактарында анын бир туугандары Минскке жөнөп кетишкени кабарланган. Ага удаа эле Анапияевдин жанында жүрүп, анын өлүмүн өз көзү менен көргөн Гүлжигит Абилазизов Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу көп нерселерди айтып бергенге жетишип, өмүрү бычак мизинде турганын айтып ИИМден коопсуздугун камсыздап берүү тууралуу жардам сурады. ИИМ башчысы Мелис Турганбаев Абилазизов өз ыктыяры менен күбө катары келип сурак берип жатканын эске алып, анын камалбашын айтты. Анапияев "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин оң колу катары өлкө түштүгүндө кылмыш чөйрөсүн кармап келгендиги айтылчу. Ал Бакиев бийлигинин учурунда бир топ кылмыштарга аралашканы да айтылып келет. Анапияев маркум депутат Баяман Эркинбаевге жеке айдоочу жана жансакчы болгон. Баямандын көзү өткөн соң анын ордунда улуттук "Алыш" федерациясын жетектеп калган. 2010-жылкы ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ички иштер министрлиги Анапияевге Кылмыш-жаза кодексиндеги каракчылык, адам уурдоо, курал алып жүрүү жана уюшкан кылмыш тобун түзүү сыяктуу оор кылмыш беренелеринин негизинде айыптап маалымат тараткан. Анапияев өлкөдөн качып кеткен соң, ага сыртынан айыбы угузулуп, эл аралык издөө жарыяланган. 2012-жылдын аягында АКШ бийлиги Анапияевди Камчы Көлбаев менен бирге "эл аралык кылмыштуу топко тиешеси бар"-деп таап, банк эсептерин камакка алган. Ошентип, Алманбет Анапияевдин өлүмүнүн сырлары ачыкталууда. 25 жаштагы Гүлжигит Абилазизовдун Анапияевдин колуна кантип барып калганынан тартып, акыркы жашаган жеринен кантип качып чыкканына чейин баяндоолоруна карасак, Анапияев өлтүрүлөрдүн алдында ал жашаган үйгө үч киши келген. Алардын бири 50лөрдөгү киши, экинчиси Айбек аттуу мурдатан тааныш, үчүнчүсү кавказ улутундагы адам болгон. Укук коргоо органдары бул жерде күбө "көз айнекчен киши" деп Жаныш Бакиевди, "чечен" деп анын оң колу болгон Рустам Сайдуевди жана "Айбек" деп ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын мурдагы башчысы Айбек Абдразаковду айтып жатканын боолгошууда. Бул үчөө тең Кыргызстандан качып кетишкен. Айрым маалыматтарда Сайдуев менен Абдразаков Минскте Жаныш Бакиевдин жанында жүргөнү айтылган.


Президент А.Атамбаев:
Бакиевдердин чыныгы канкор жүзүн билиш үчүн алар дагы канча адамды өлтүрүшү керек?
Жаныш Бакиев өзүнүн мурдагы жан жөкөрү Алмамбет Анапияевди жок кылуу боюнча Минскте уюштурган кандуу окуя Беларус бийлиги үчүн кооптуу сигнал. Бул тууралуу бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев билдирди:
- Бакиевдердин чыныгы канкор жүзүн билиш үчүн алар дагы канча адамды өлтүрүшү керек? Беларус бийлиги өз аймагында кылмышкерлерди калкалап отурганы менен өз жарандарынын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат".
Билдирүүнү анын маалымат кызматы таратты. Анда 2010-жылдын апрель окуясында жана ага чейин адамдарды өлтүрүү, кордоо фактылары боюнча айыпталып жаткан Бакиевдерди белорус бийлиги жаап-жашырып, мамлекеттик сыйлык тапшырып, тойлорун уюштуруп, кыргызстанга өткөрүп бербей жатканына нааразылык билдирилген.

Жол акысы эмнеге төмөндөбөйт?
Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган монополист ишкана "Газпромнефттин" маалыматына караганда, өлкөдө жогорку талапка ээ болгон АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 49,90 сомго чейин өскөн. Бүгүнкү күндө анын баасы 42 сомдун тегерегине түштү. Бирок, шаардык каттамдардагы жол кире акысы төмөндөбөй койду. Эсиңиздерде болсо, өткөн жылы майдын баасы 40 тыйынга көтөрүлгөндө, айдоочулар иш таштап жол акысын 2 сомго көтөрүп алышкан. Азыр майдын баасы бир топ эле төмөн түштү. Эмнеге жол акысынын баасы кайрадан төмөндөбөйт? Бул маселе кайрадан айдоочулар тарабынан көтөрүлүп жөнгө салынышы мүмкүн эмес, бирок элди ойлогон шаар бийлиги менен шаардык кеңеши эсине алып койсо элди ойлогон болушат эле.


"Центеррага" экология
маселеси "кылкан" болууда
Өкмөт менен "Центера" компаниясынын ортосунда "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы базалык келишимге кол коюу күтүлүүдө. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматы угулду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биргелешкен ишкана түзүп, аны Кыргызстанда каттоодон өткөрүү, Нидерландыда банк эсебин ачуу сыяктуу маселелер каралды. Анын Директорлор кеңешинин курамы эки тараптан үчтөн кишиден же жалпы 6 мүчөдөн турат. Ошондой эле башкаруучу компанияны дайындоо маселеси чечилгени менен, азырынча анын иштөө мөнөтү талаш-тартыш жаратууда. Вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтымында, "Центерра" компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөр улантылып, бир катар олуттуу маселелер жаатында макулдашууга жетишилген менен экологиялык маселелер жагында айрым бир талаш-тартыштар аягына чейин чечиле элек. Бирок, 52 млн доллар көлөмүндө экологиялык камсыздандыруу фонду түзүлөт.


Алиев Назарбаевдердин элдешкис душманы болгон
Казак калк башы Нурсултан Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиев абакта өзүн-өзү өлтүрдү. Рахат Алиев Казакстандын Коопсуздук комитетинин төрага орун басары, тышкы иштер министринин орун басары, Казакстандын Австриядагы элчиси сыяктуу жогорку кызматтарда иштеген. Акыркы кызматы Австриядагы элчилик болду. Дал ушул кызматты аркалап турган учурда ага каршы адам өлүмү боюнча айыптар коюлуп, Алиев камакка алынып Австриянын прокуратурасы 2011-жылы тергөө ишин баштаган. Маалымат булактардын билдиргенине караганда, Рахат Алиев 2007-жылы "Нурбанктын" жетекчи-менеджерлери Ж. Темиралиев менен А. Хасеновдун өлүмү боюнча айыпталган. Мындан тышкары бийликти басып алууга даярдык жана кылмыштуу уюштуруу тобун түзгөндүгү үчүн айыптар коюлган. Австрия полициясы тергөөнүн жүрүшүндө дагы башка саясий эмигранттар - Казакстан улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы А.Мусаевди жана Алиевдин экс-жардамчысы В. Кошлякты камакка алган. Астана Алиевди эки жолу Австриядан өткөрүп алууга аракет кылган, бирок Вена соту өтүнүчтү канааттандырган эмес. Камакка алынганга чейин качып-бозгон Алиев Назарбаевдердин үй-бүлөсүнүн элдешкис душманына айланып, кайнатаны өзү билген маалыматтар менен "каралоого" алып, ал турсун Назарбаев тууралуу китеп да жазып чыккан. Китепти "Атаман кайын ата" деп атаган. Анда Алиев Казакстандагы саясый мафиянын пири- Назарбаев экенин айтып, өзүнүн үстүнөн болгон сотту "Назарбаевдин планы боюнча өттү"-деп санаган эле. Алиевдин өзүн-өзү өлтүрүүгө барганына кээ бир адамдар ишенбейт. Айрым басылмалар буга чейин Алиев абак башчыларынан өз өмүрүнө коркунуч келип жаткандыктан башка жака которууну суранып жатканын жазып чыгышканын, демек, ага мурда эле коркунучтар болгонун айтышууда. Чынында эле Алиев өзүнө карата кылмыш иш козголгондон кийин, алардын баары ойдон чыгарылган, атайын жасалган сценарий экенин айтып Австрия сотуна өз каалоосу менен барган. Анын мындай аракетин бир катар маалымат булактары "ал өзүн өлтүрүп кетерин сезген, ошондуктан түрмөдөн тынчтык издеп барган"-деп жазышкан. Бирок, түрмөдө анын тагдыры өзүнө өзү кол салуу менен аяктады. Австрия сотунун маалымат катчысы Рейтер агенттигине Рахат Алиевдин өлүмүн тастыктап, "ал өзүн-өзү өлтүргөн"- деген тыянак болгонун билдирген. Алиевге карата кылмыш иштер козголоору менен Дарига Назарбаева аны менен ажырашып кеткен. Экөөнүн Нурали, Айсултан аттуу уулдары жана Венера деген кызы бар.
Учурда уулу Нурали Алиев Астананын мэринин орун басары болуп эмгектенет. Казак коомчулугунда "Нурали Алиев Назарбаевдин болочок мураскору"-деген маалыматтар айтылып келет. Нурали буга чейин Казакстандын каржы системасын көзөмөлдөгөн "Нурбанк" менен Казакстанды өнүктүрүү банкындагы жогорку кызматтарды ээлеп, Казакстандагы кирешеси эң көп, же жылына 200 миллион доллар тапкан жигит катары таанымал.

Баймырза НАКАЙ