ДЕПУТАТ - ЖЕП-ЖУТАТпы?
Жыл сайын бюжеттин 800 000 000 сомго жакын каражаты Жогорку Кеңешке бөлүнөт. Бул сумманын 90%ы 120 депутаттын жана аларды тейлеген 1000ге жакын жардамчылары эмгек акысына кетет.
Ар бир депутатка бюджеттен айына 100 000-120 000 сом сарпталат.
Депутаттардын эң жашы 35000 сом айлык маянасын алат.
Өмүр бою кызмат кылгандары 80 000 сомго чейин айлык маянасын алышат.
Андан сырткары эң көп маяна алгандар: Парламент төрагасы, анын жардамчылары, фракция жана комитет башчылары.
Эл өкүлдөрү Өмүрбек Абдрахманов жана Равшан Жеенбековдор 2012-жылы кызматтык унаа, батир жана парламенти тейлеген кызматкерлерди кыскартуу менен 300.000 000 сомду үнөмдөө сунушун киргизген, бирок ал сунуш мыйзам чыгаруучулар арасында колдоо тапкан эмес.
Айрым депутаттар кызматтык унаа жана батирден баш тартаарын жарыялашкан бирок, иш жүзүндө анын бири да убадасына
турган жок.

Эми депутаттардын жардамчы жана кеңешчилерине өтөлү:
Депутаттын кеңешчисинин, бир айлык маянасы 18000 сом.
Депутаттын жардамчысы, бир айлык маянасы 18000 сом.
Депутаттын айдоочунун, бир айлык маянасы 10000 сом жана 7000 сомдон сапар чыгымдарын алышат.
Баса белгилей кетчи жагдай: депутаттын айдоочусу, жардамчысы жана кеңешчисине үч ай сайын сый акы (премиальный) берилет, тактап айтканда жылына төрт жолу бир айлык маянанын ченеминде акча алып турушат.
Кыскасы депутаттын бирөөсү, өлкөнүн капчыгынан жылына 6 666 000 сомго чейинки каражатты талап кылат.
Бул миллиондогон каражаттарды иштеген дагы иштебеген дагы депутаттар бирдей колдонушат.