![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Пикир… "Көкжал Жылдызды касиеттүү Докемдин асыл арбагы колдойт" Жылдыз Мусабекова деген ысым, кыргыз журналистикасына өзгөчө чыйыр жол салган айымдардын бири экени жалпыга жакшы маалым. Жылдыз эжебиз, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери журналистика тармагында үзүрлүү эмгектенип, оппозициялык маанайдагы журналисттердин алдыңкы сабында болуп келди. Акыркы жылдары "Эл сөзү", "Форум" гезиттеринде үзүрлүү эмгектенип, Бакиевдик режимдин кулатылышына курч макалары менен чоң салым кошту. Эми аталган гезиттер менен кош айтышып, бир жыл мурун Жаныш Бакиевдер тартып алган, өз "баласы" "Айат пресс" гезитин чыгарууга киришти. Эмне демекчибиз, аттанган жолу ар дайым ачык болсун, гезити элдин колдоосуна ээ болгон барктуу гезиттердин бири болсун! Биз "Эл сөзү" гезитинин жааматы Жылдыз эжебизди жааматыбыздын катарынан узатып жатып, анын ушул мезгилге чейин элге кылган кызматы жана адамгерчилиги тууралуу айрым аттуу-баштуу адамдардын кыскача пикирилерин гезит бетине жарыялап коюуну эп көрдүк. Анда эмесе, келгиле чогуу тыңдайлы. Айтмакчы, Жылдыз эжекебиз эбегейсиз эмгеги сиңген "Форум", "Эл сөзү" гезиттери менен мындан ары да колдон келишинче кызматташа бермекчи. Жаныбек Жанызак, журналист: - Жылдыз мен билгенден 20 жылдан бери журналистиканын казанында кайнап, алгач, "Асаба", "Агым" гезиттеринде эмгектенди. Ишине тыкан, өзгөчө калыстыгы менен ачыктыгын баалайм. Журналист айымдардан Жылдыз менен ачык сүйлөшөм. Өткөндө "Эл сөзү" гезитиңерди жамандап, шыбаган интервью бердим эле, Жылдыз редактор болуп турган, түшүнүү менен кабыл алды, өзгөчө, түшүнүктүүлүгүн да жогору баалайм. Ал эми "Айатка" кайра барса ишине ийгилик каалайм! Мелис Карыбеков, ойчул: - Жылдыз менин "братишкам", минтип айткан себебим Жылдыз эркек, Жылдыз жигит, Жылдыз "мужик". Ошондуктан, мен Жылдызды "братишка" - деп тамашалап коем. Элдик революциядан кийин, суу жүрөк, коен жүрөк жигиттерибиз Бакиевдердин атын укканда тизелери титиреп, кол телефондорун алыс катып, шыбырашып сүйлөшүп, коркуп жүргөндөрүн унутуп, жасалма баатыр көкжал болуп чыга келишти. Ушул жийиркеничтүү көрүнүшкө өлүмдөн коркпогон жалтанбаган Жылдыз "братишкам" жинди болуп кете жаздады. Жылдыз дайым чындыкты издейт. Жылдыздын назик жан дүйнөсүн түшүнүш керек, ички дүйнөсүндө Жылдыз эне, Жылдыз жубай, аялзатына таандык назик, тунук энергиясы бар. Бул касиетин жолдошу Дайыр жакшы билет. Сыртында Жылдыз Манастын көкжалы. Канкор Бакиевге каршы күрөшкөнүбүздө, чындыгында эле "Эл сөзү" жана "Форум" гезитинин редактору Дооронбек Садырбаев "Докем" болду. Тагырак айтканда, Докемдин арбагы бул жамаатты колдоду. Рыскелди Момбековдун да жүрөгүндө, Жылдыз Мусабекованын да жүрөгүндө Докемдин элеси терең орун алган. Жылдыз да, Рыскелди да Докемдин шакирттери. Докемдин арбагы колдобогондо чындыкты тайманбай жазган биз канкор бийликтин зордук-зомбулугунан аман-эсен сакталып калбас элек. Көкжал Жылдызды касиеттүү Докемдин асыл арбагы колдойт. Элдик революциядан кийин мени эл "Мелис олуя" - деп атап башташты. Мен олуя эмесмин, Манас дүйнөсүнүн маалыматчысымын. Кыргыз элинин келечегин Манас дүйнөсүнөн келген маалымат аркылуу айтып баштайм. Ал маалыматтарды Жылдыз көкжалдын гезити аркылуу угасыңар. Рыскелди Момбеков, Маданият министринин милдетин аткаруучу: - Бакиевдердин авторитардык бийлигинин кулатылышына "Эл сөзү", "Форум" гезиттеринин эбегейсиз салым кошконун эч ким деле танбаса керек. Ал эми, бакиевдердин баш оорусу болгон ушул эки басылманын башчыларынын бири болгон Жылдыз Мусабекованын эл алдындагы эмгеги дегендин ордуна, эл алдындагы эрдиги деп айтсам аша чапкандык болбос. Эрки күчтүү, эркек мүнөздүү Жылдыздын акыркы кездердеги аналитикалык макалаларын окуган адамдар, алдыдагы сөзүмө аргасыздан баш ийип берет го дейм. Мага азыр көптөр телефон чалып кайрылып жатышат, "эмне үчүн Жылдыз азыркы бийликтен алыс калды?", "эмне үчүн элдик бийлик анын эмгегин эске алган жок?"кыязында. Мен Жылдыздын мүнөзүн жакшы билгендиктен, ага ылайыктуу жумуш караштырып, убактылуу өкмөткө сунуш келтирейин десем, өзү каршы болуп туруп алды. Мен деле түшүнүп турам. Анткени ал сунуш аркылуу жумуш алгандарды аябай жек көрчү. Ал эми анын кайрадан "Айат пресс" гезитин алышы, кайрадан башкы редакторлукка барышы - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жаныш Бакиевди жандагандар убагында бул гезиттен Жылдызды сылык-сыпаа "жылдырышып" салышты эле, эми кайра эски ээлерине кайтарып бергени калышса керек. "Өнөрлүү адам өлбөйт" демекчи, Жылдызда өнөр дагы бар, өжөрлүк дагы бар. Темир Бирназаров, кино режиссер: - Журналист болуу үчүн түз, бетке айткан кандайдыр бир мүнөзгө ээ болуу зарыл. Жылдызда мындай сапаттардын баарын кездештирсең болот. Калыстыгы, бетке ачык айткандыгы, тайманбастыгы жана эң өзгөчөлүгү элдин көйгөйүн сезе билгендигин айтсак болот. Кыргыз журналитикасында Жылдыздай журналисттер абдан аз. Жылдыздын тили да, жазганы да курч, ушундай журналисттердин эмгеги менен мурунку бийликти жеңдик. Өткөндөгү 7-апрелдеги окуяга Жылдыздын эмгеги зор. Ч. Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына документ тапшырса мурунку бийликтегилер эмгегин баалабай коюшкан, эми жаңы өкмөт баалайт деген ишеничтемин. Жылдыздай бетке айткан журналисттерди коомдун жүзү десем жаңылышпайм. Кубат Оторбаев, УТРКнын жетекчиси: - Жылдызды студент кезинен жакшы билем. Иштин багытын билген, өзүнүн стили бар журналист. Буга чейин аябай курч макалаларды жазып келди. Кыскасы, эркин журналисттердин күркүлү десек болот. Ишине ийгилик, калеми курчуй берсин! Бурул Сарыгулова, акын, журналист: - Жылдыз, аялдардын сырттаны, азыркынын Курманжан Даткасы десем жаңылышпайм. Үй-бүлөсү менен ишин бирдей алып кеткен, журналист катары да, коомдук ишмер катары да өз орду бар. Жылдызды кандай жооптуу кызматка дайындаса өз ишин алып кете турган, накта бышып жетилген кадр. Асия Сасыкбаева, укук коргоочу: - Жылдыз Мусабекова менимче, эң сонун талапкер, өз ишин мыкты билген кадр. Жылдыздын бардык жагы төп келишкен, ишине жөндөмдүүлүгү, адамгерчилиги да эң сонун. Өзү чыгарган гезитти кайрадан колуна алганы сүйүнүчтүү, ишине ийгилик! Венера Наркеева
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||