Айбек Акматов, жаш продюсер:
"Таланттуулар менен
тил табыша алсам иштешип кетем"
Учурда эстраданын өнүгүшүнө өз салымымды кошом деген жаштардын саны көбөйүүдө. Ошондой жаштардын бири журналистика жаатында эмгектенип келе жаткан жаш жигит Айбек Акматов да продюсерликти аттаныптыр. Эмесе Айбек менен шоу бизнес тууралуу ой бөлүшөлү.

- Кайсы ырчыларга продюсерлик кыласың?
- Учурда Эрлан Андашев жана Саламат аттуу аткаруучуларга атайын келишимдин негизинде продюсерлик кылып келе жатам. Андан тышкары продюсердик борборубузда дагы Адилет Жумабек уулу жана Бек Исраилов аттуу эки жигит тарбияланууда.
- Качантан бери чыгармачыл инсандарга аралышып жүрөсүң?
- Негизи чыгармачыл инсандарга жакындап, алар менен иштешүүгө кичинемден көнгөм десем болот. Өзүмдү да чыгармачыл инсандарга кошом. Мектепте окуп жүргөндө уюштуруучулук иштерине жакын элем. Мектептеги, шаардагы конкурстарга окуучуларды чогулта калып даярдай кою мен үчүн жумуш катары сезилчү. Көрсө, ошондо эле чыгармачыл инсандарга аралашып алар менен тил табашууга көнүп жатыптырмын. Кийинчерээк, бул уюштуручулук адатым калбады. Тескерисинче, Бишкекке келгенде жаңы идеялар кошулуп, баягы ишимди уланта бердим.
- Сен даярдап жаткан ырчы жигиттерди кандай критерийлер менен тандап алдың?
- Талантка карайм. Бирок, өзгөчө ар бир чыгармачыл инсанга ар башка көз караш менен кароо керек. Анын стилин, оюн түшүнгөнгө аракет кылам. Ошентип, элге жакын аткаруучулар менен иштеп баштайм. Бирок, негизи эле продюсер болом, мага ырчы керек деп издеген күнүм боло элек. Келген таланттуулар менен тил табыша алсам иштешип кетем. Бирок, аткаруучуларда адамгерчилик, талант жана эң башкысы каалоо, анан эмгекчилдигине карайм.
- Келечектеги пландар кандай?
- Келечекке пландар абдан көп. Кудай буюрса, ал нерселерге жеткенге аракет кылам. Эң башкысы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө барып продюсерлик кесип боюнча жаңы идеяларды үйрөнүп сабак алгым келет. Андан тышкары, ар бир аткаруучунун алдыга коюлган пландарды ишке ашырышым керек.
- Журналистик кесипти таштадынбы же кошо алып жүрөсүңбү?
- Бул кесипти кудай буюрса өмүрүмдүн аягына чейин тыштабаганга аракет кылам. Анан да, кагаз кармап жаза калбасам же эфирге чыгып угармандар менен сүйлөшпөсөм буулугуп кыйналып кетем. Бул кесип мен үчүн жашоонун маанисине айланып кетти көрүнөт. Журналистиканы Манас радиосунан баштагам мына ошол жерим менин мектебим десем болот.
- Продюссер болуп шоу бизнеске аралашып, эмне кылайын дедиң эле?
- Мага шоу бизнес ар дайым кызык. Ал эми азыр аны кесипке айландырып бара жатам. Шоу бизнеске Эрланга кичине жардам берейин деп жатып аралашып кеттим. Анан да көп идеяларды, жаңы нерселерди шоу бизнеске алып келгим келет. Ошондуктан, ушул чөйрөдө жүрөм.
- Азыркы кыргыз шоу бизнеси сенин оюңча кандай. Анткени менин билишимче чет өлкөгө чыгып жүрбөйсүңбү. Салыштыруулар болобу?
- Албетте, биздин шоу бизнес жаш. Бирок, дүйнөдө бардык жерде кичинеден башталган. Бизде өсүш бар, кичинеден аракет кылып жатышат. Ошого сүйүнүшүбүз керек. Чет мамлекеттерде албетте башка деңгээл. Кээде уяласың. Бирок, ачуу чындык. Аракет кыла берсек биз да аларга жетебиз. Бирок, батыш дей бербей улуттук калоритти ала кетсек экен деген тилегим бар. Себеби, дүйнөнү биз ошол улуттук өзгөчөлүктөрүбүз менен кызыктырып, дүйнөлүк сахнага чыга алабыз.