Мирлан Самыйкожо
Манас Ата арбагын коргогула

Тагдырыбыз тайбасын шатысынан,
Талкаланып калбасын капысынан.
Тартуу кылган таалайлуу бул күндөрдө,
Жол баштайлы бийиктик жапысынан.

Жоргобуз,биз жашоонун жолдорунда,
Жаман эмес жакшылык ойлорумда.
Жакынга эмес алыска сапарыбыз,
Жерде эмес намысым колдорумда.

Кыргыз деген ысым бар жүрөгүмдө,
Жашап келет ырымдын түрмөгүндө.
Атым сатып кош жүздүү болгум келбейт,
Акчыланып өзгөнүн түнөгүндө.

Сатпагыла суранам жериңерди,
Сактагыла Ак калпак элиңерди!
Сайып берем башымды кыргыз үчүн,
Салтты сатпай саткыла теңиңерди.

Сатылбаймын кабатыр болбогула,
Каным кыргыз ошону ойлогула.
Болот кылыч мизине моюбаган,
Накта кыргыз уулдарын колдогула.

Нарктуу элдин намысын бекем кармап,
Манас Ата арбагын колдогула.




Зайырбек Ажыматов
Аман болчу, КЫРГЫЗСТАН!

Кагылайын Кыргызстан, кагылайын,
Кайраттанып карууңду жаңылагын.
Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо,
Канатыңды сун мага, дарылайын.

Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,
Өлөлү биз калганча арт жагыңда.
Уялаштар, аздектеп карегиңдей,
Урпактарга мекенди сактагыла.

Жара тартар бөрү көп жан-жагыңда,
Жүк бар билем опол тоо ай далыңда.
Элди ая, керемет Кыргызстаным,
Эссиз чыкты бектериң, хандарың да.

Жүрөгүңдү жебедей көзөп өттүк,
Жүдөө кылдык, өйдө-ылдый көмөлөттүк.
Мыскыл кылып душманга бул доордо,
Мырза болчуң, биз сени чөгөлөттүк...

Ынтымаксыз күчтөрдөн арыдыңбы,
Ыйлап турам, өчүрбө жарыгыңды.
Ала-Тоом, биз сени жыргатпадык,
Аңкаябыз билбестен кадырыңды.

Айланайын, Кыргызстан, айланайын,
Аска - тооңду кучактап аймалайын.
Өчө көрбө, картадан өчө көрбө,
Катарын түк бузбасын тамгаларың.

Бүтүн болуп дайыма турууң керек,
А мен сага ырымды сунуум керек.
Бизди кечир, Ата-Журт, аман болсоң,
Бир доордо сен күткөн муун келет.




Гүлжамила Шакирова
Адамдык

Капилеттен карап алып сыртынан,
Кап, адамдар бирин-бири иргейт ээ.
Канааттанбай бул дүйнөнүн көркүнө,
Канча адамдар камгак сөздөн кирдейт ээ.

Кайратына канат бүткөн адамды,
Кайра ошончо турмуш бүктөп, ийлейт ээ.
Анткен менен акыр келер чындык бар,
Ак ийилип жалганга баш ийбейт ээ.

Бул турмуштун ырахатын бир сезип,
Күлчү жерде жан жыргатып күлбөйт ээ.
Бут тосушуп бир-бирине адамдар,
Бул өмүрдүн аз экенин билбейт ээ.

Айбандардын алпымын деп мактанаар,
Пилиң деле тоону беттеп жүрбөйт ээ.
Аба-ырайы акыйкатсыз күндө да,
Арча өңүнөн жазбай туруп бүрдөйт ээ.

Ыгын таап ылымтага жакпасаң,
Шамал кайра отту өзүнө үйлөйт ээ.
Эмнегедир эртеңине жаңылып,
Эстүү жигит, эстүү жарды сүйбөйт ээ.

Аттиң десең, табияттын теңсизи ай,
Ай жарыгы жакшыга эле тийбейт ээ.
Анткен менен кордойм деген кор болоор,
Аргымак эч качыр кейпин кийбейт ээ.




Афина Бакирова
Сен гана сез!

Сен гана сез! Мен бактылуу экеним,
Ый-күлкүмдүн өзүң алгын эсебин.
Токтогончо жүрөгүмдүн согушу,
Жүрөк менен сага таазим этемин.

Сен гана сез! Сагынычты гүл ачкан,
Сен таанычу жыпар жытын бур аткан.
Калкып келип канат жайды бул күн да,
Сезимимден сенин ысмың сураткан.

Сен гана сез! Менде мээрим бардыгын,
Кыялымда кош болорун жаздыгым.
Бир саатымды отуз күнгө татытып,
Билгим келбейт мен өмүрдүн аздыгын.

Сен гана сез! Мен бактымды тапканым,
Сен жөнүндө аалам мага айтканын.
Жаркыраган жалгыз Чолпон жылдыздан,
Көзү жайнап толуп турат асманым.




Салтанат Иманбекова
Асылым

Асылым ишендинби ушактарга,
Ачыгын айтчы жаным мукактанба.
Адашып ак сүйүүндү булгайсынбы,
Алданып андай узун кулактарга.

Чын эле бала кезде сүйгөн болсон,
Чынын айт мен жөнүндө не ойлосон.
Чыңырган чындык жеңет акырында,
Чыныгы сүйүүндү эч кордобосоң.

Сыртымдан сыр алдырбай күлгөн менен,
Ичимден баарын сезип жүргөн элем.
А көрсө, эчак эле ортобузда,
Көрө албас, ичи тарлар жүргөн экен.

Табылса таалайына татыктуу адам,
Тайманбай бара бергин таштап кадам.
Чынында табигатта адам жоктур,
Тагдырдын буйругунан кача албаган.