"Ата" кондитердик фабрикасы
"Ата" кондитердик фабрикасы бүгүнкү күндө таттуу азыктарды өндүргөн, динамикалык жактан өнүккөн алдыңкы өндүрүш компания болуп эсептелинет. Ал 1998-жылы Кыргызстандын Шопоков шаарында ачылган. Алгач фабрика таттуунун эки гана түрүн, момпосуй жана иристи өндүрүп чыгарган.Кыска убакыттын ичинде фабриканын өндүргөн таттуулары колдонуучулардын ишенимине жана сүйүүсүнө ээ болду. Таттуулар мыкты даамы, жагымдуу сырткы келбети төп келишкени менен айырмаланат. Баасы жана сапатынын туруктулугун колдонуучулар баалашат. Компаниянын алдыга койгон максаты Кыргызстандын базар экономикасында өндүргөн продукцияларын кеңейтүү.
2001-жылы өндүрүштө көп кабаттуу вафелдерди жана шоколаддарды өндүрүү менен продукциянын көлөмүн 100%га көбөйтүшкөн. Вафель продукциялары жогорку мүнөздөгү сапаты менен көргөзмөлөрдө жана ярмаркаларда алдыга озуп чыккан. Ал колдонуучулардын пикири боюнча фабриканын визиттик карточкасы боло алган. 2005-жылы печенье чыгарган жаңы цехти негиздешкен. Анда печеньенин ар кандай ассортиментери: шекер печенье, узун печенье жана крекерлерди өндүрүшкөн.
Албетте, фабриканын бүгүнкү деңгээлде жетишине жогорку квалифициалдуу эмгек жамаатка ыразычылык билдиребиз. Алардын көбү 10 жылдан бери иштегендер жана бүгүнкү күндө жумушчулардын саны 300гө жетет. Мындан нары дагы жумушчу топту көбөйтүү максатында 2011-жылы компания жаңы курулуш имаратка цехтин жабдыктарын орноткон.
Ишкананын продукциясы толугу менен автоматташтырылган, ишкананын ар бир этабында технологиялык параметрлери тапшырма түрүндө жаны техникалык жабдыктар менен колдонуп жүргүзүлүп турат.
Фабриканын көзөмөлдөө процесси өндүрүштүн баардык этаптарына кийлигишет. Ал чийки сырьедон баштап продукция даяр болуп сырткы жасалгасы жасалганга чейин көзөмөлгө алынат. Бул продукциянын сапаттын жакшы болушуна жана мыкты жасалгалоого шарт түзөт. Учурда фабриканын техникалык базасы муздаткычтары, сактоочу жайлары толугу менен эл аралык деңгээлге жооп берет.
Фабриканын негизги приоритети ар дайым сатып алуучулардын суроо-талабын канаттандыруу заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен табигий жогорку сапаттагы серьелордон кондитердик продукцияларды өндүрүү болуп эсептелет.
Фабриканын продукцияларына болгон кызыкчылык жеке анын кеңири ассортименттинде жаткан жок. ал кызыкчылык фабрика кардарларына ыңгайлуу баада жана жеткизип берүү кызматында жатат. Фабрика чыгарылган продукциялардын ассортиментин жаңылоо иштери дайыма жүрүп келет.
Азыркы учурда продукциялардын ассортименти 100дөн ашык болуп саналат.
Негизги өндүрүлгөн продукцияла Кыргызстандын ички базарына сатуу менен бирге коңшу мамлекеттерге чыгат. Тактап айтканда Казакстан, Монголия, Таджикстан жана Кытайга чейин тараган.
"Ата" компаниясы 13жылдан бери өзүнүн баалуу өндүрүшү мыкты даамы өзгөрбөгөн сапатты менен сактап келе жатат. Компания өзүнүн өнүккөн бизнеси менен сатуучуларды сүйүндүрөт.
Назгүл Эсенгулова