Эл өкүлдөрү кайда эс алат?
Жайкы каникул башталганда мектеп окуучуларынан тартып, Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин "кайда эс алуу керек?" деген суроо жаралат. Ушул суроого жооп алуу үчүн айрым эл өкүлдөрүнө кайрылдык.


"Алтын-Көл" жөнүндө алты сөз
Көл боюнда бардык эле мамлекеттик мекемелер, ишканалар үчүн СССР мезгилинде курулган пансионаттар бар. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн айтылуу "Алтын-Көл" пансионаты кызмат кылат. Бул жерге дээрлик жай бою өңчөй эл өкүлдөрү, жакындары менен келип эс алышат. Пансионатка жолдомо он күнгө берилип, депутаттар күнүнө 350 сомдун тегерегинде акча төлөшөт. Бүгүнкү шартта 10 күнгө Көл боюна барып эс алуу бардык эле адамдардын колунан келе бербегенин эске алсак, элдин атынан келген депутаттар үчүн бул деле оңой жеңилдик эмес да?!


Пансионаттагы партократия
Баса, ушу тапта ЖКнын ошол пансионаты тууралуу коомчулукту кызыктырган бир топ маселелер бар экен. Айталы, Ысыккөл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Алтын-Көл" пансиоанатынын директору буга чейин жайкы эс алуу мезгилинде дал ушул пансинатта иштеп, маңдай тер менен акча алышкан жергиликтүү элди жумушка алуудан баш тарткан. Бул албетте, баягы эле ашынган аристократиянын же пайдасыз партократиянын иши эмеспи. Болбосо, жергиликтүү элдер деле башкалар сыяктуу пансионатка келген эл өкүлдөрүн эл аралык стандарт менен тейлеп, бардык кызматтарды илбериңкилик менен жакшынакай эле аткарып келишкен. Буга чейин пансионаттын кызматкерлеринин тейлөөсү боюнча эч кандай деле арыз-даттануулар болгон эмес. Демек, бул жерде пансионаттын башчысы, мурда спикер А. Келдибековдун "Илбирс" пансионатын жетектеген Эркин Асакеевдин өзүм билемдиги жергиликтүү элдин кызыкчылыгынан жогору тургандыгы айгине. Бул маселеге нааразы болгон кара-ойлуктар "так ошол эл өкүлдөрү эс алганы келген убакта пикетке чыгып, эс алдырмак тургай эсин оодарып түшөбүз" деп жаткандарын дагы алдынала айтып койбосок болбос...


Өмүрбек Абдрахманов, "Ата Мекен"фракциясы
Бул жылдагы парламенттик сезон, өзгөчө депутат Абдрахманов үчүн оор сезон болду. Артынан ар кандай интригалар ээрчиди. Бирок, ошого карабай "ата мекенчи"эч кандай эс алууну деле пландаштырбаганын айтат. "Азыркы кырдаалда эс алуу эмес, жаңы парламенттик системаны бутуна тургузуу зарылдыгы мен үчүн күчтүрөөк",- дейт эл өкүлү. Ал гана эмес буга чейин дем алыш күндөрү дагы иштеп келгендигин айтуу менен, жайы бою Кыргызстандын күч структуралары боюнча мыйзамдарды жазат.


Роза Акназарова, "Республика" фракциясы
Буга чейин чоң саясатта бышып, потенциалы жетилип калган Роза айым, өтө деле чарчабаган сыяктуу. Депутат айымдын айтуусуна караганда, жайы бою негизинен мыйзам жазуу менен алектенет. Каникул учурунда үй-бүлөсү менен 3-4 күнгө гана Көлгө барып эс алат. Коротулуучу каражат боюнча сураганыбызда "эл катары эле эс алам, өзгөчөлөнүп деле эс албайм, болгону балдарды "Алтынкумга" алып барам" деди. Ошону менен катар эле шайлоочулар менен жолугуу боюнча пландары дагы бар экенин айтып, жолугушуулар Бишкекте, Таласта жана Көлдө болушу мүмкүн дейт. Бирок, Роза Акназарова биринчи орунда мыйзам жазуу менен алектенет. "Кыргызстандын кайсы жеринде эс алганыңыз жагат?"деген сурообузга Эжебиз бардык жердин өзгөчөлүгүн, касиетин баса белгилеп айтуу менен Кыргызстанга киреше алып келүүчү тармак туризм болгондугун, бирок, бизде туризм инфраструктурасы өнүкпөй жаткандыгын кошумчалады.


Ыргал Кадыралиева, КСДП фракциясы
Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири Ыргал айым, "бул жыл канчалык оор жыл болсо дагы, менде эч кандай чарчоо деген болгон жок. Мен али жашмын. Эч кандай деле чаалыгып-чарчоону сезген жокмун, уламдан-улам ишиме кызыгуу менен киришип жатам" дейт. Өтүп кеткен парламенттик сезондун климаты жалпы эл жана депутаттардын өзү үчүн дагы оор болгонун, бирок ошого карабай жыл аягында жакшы иштер менен жыйынтыкталып жаткандыгын айтат Ыргал айым. Жаш депутат жайкы эс алуу убактысында өзү туулуп-өскөн жери Өзгөндө жана Араван районундагы шайлоочулары менен жолугушуу өткөрөт. Ал эми Көлдөгү парламенттин пансионатына апасы менен эки баласын жөнөтүп, өзү көп болсо үч күнгө гана барса барарын, барбаса жок экендигин билдирди.


Азамат Арапбаев, "Ата Журт"фракциясы
"Атажуртчу" депутат Азамат Арапбаев жайкы каникул башталары менен эле Талас, Чаткал, Ала-Букадагы алтын кендерине барып, алардын иштери менен таанышат. Ал эми июль айынын экинчи жумасында Ош шаарында болуп, шайлоочулары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угат. Азамат мырза өзү Сузактын Калмак-Кырчын айылынан болгондуктан, айылына да барып, кичи мекенинин ал-жайы менен таанышып, эл-журту менен жолугушат. Депутаттын айтымына караганда, быйылкы жылы чет өлкөгө чыгып эс алууга шарты жок. Жайы бою Кыргызстанда болуп, парламенттик пансионатка аялы жана төрт баласы менен барып эс алат. "Эс алууга канча акча коротосуз?"- деген сурообузга депутат "канча акча короторумду деле билбейм. Көлгө парламенттик пансионатка барсак, жолдомонун баасы 12-14 миңдин тегерегинде болсо керек"дейт. Айтмакчы, эл өкүлү эмгек өргүүсүнүн акчасын алып, анан эс алууга чыгат. "Андан сырткары каникул убагында көп каралбай калган чарба жумуштарыма көңүл буруп, иретке келтирип, каникул бүткүчө ошону менен алек болом го", - дейт Азамат мырза.


Даярдаган Элизат Турсунова