Шайлоо алдындагы күтүлүп-күтүлбөгөн каскактар
Жалпы элдик референдумда кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык, быйылкы жылдын этегинде, т.а. 31-декабрда президент Р. Отунбаеванын мөөнөтү аяктайт. Демек, мамлекет башчысына жаңы шайлоо ушу 2011-жылдын күз айларында өткөрүлүшү керек. Асыресе, Башмыйзамда көрсөтүлгөн жоболор ишке ашпай, президенттик шайлоо өз маалында өткөрүлбөй, үзгүлтүккө учурап калуу коркунучу пайда болду. Азыркы учурга дейре шайлоо кайсы күнү өтөр мөөнөтүнүн башы ачылбай келатат. Конституциянын алкагында иш жасоону көнүмүшкө айландыруунун тарапкерлери президенттик шайлоонун Башмыйзамда көрсөтүлгөн норманын негизинде өтүшү үчүн аракеттерин аяшкан жок. Шайлоону Конституциянын чегинде өткөрүү боюнча түзүлгөн, курамына профилдик комитеттердин мүчөлөрү, өкмөт, президенттин парламенттеги өкүлдөрү жана мыйзамдын демилгечиси кирген макулдашуу комиссиясы узак талкуудан кийин жалпы элдик плебецитти ноябрь айынын үчүнчү декадасына , т.а. 20-ноябрга дайындоо максатка ылайык деген тыянакка келди. Комиссиянын ою боюнча бул мөөнөт Башмыйзамдагы нормаларга карама-каршы деле келе бербейт.
Асыресе, президенттик шайлоону кийинкиге калтыруунун тарапкерлери да жетиштүү. Эгер баамдап карап көргөндө, алар түзүлгөн саясый кырдаалга ылайыктап, Конституцияны оңдоп-түзөп коюуну эрөөн-терөөнү жок деп эсептешкен, Конституция менен чакмак таш кылып ойногонду өнөкөт ооруга айландырышкандар. Тилекке каршы, Конституцияны оюнчук санагандардын катары дагы болсо деле арбын. Мисалы, депутат А.Калматов "Конституцияда биздин парламенттик республика экенибиз ачык жазылышы талап, президенттик шайлоо менен катар референдум жарыялап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек, себеби президент, премьер жана парламенттин бийлик укуктары так жазылбаганын жоюу керек" деген демилге көтөрүп чыкты. "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков болсо "парламент президентти шайлашы керек, анткени депутаттар эл тарабынан шайланган. Мындай демилге ишке ашса, парламент шайлоого кеткен чыгымдарды дагы кыскартмак. Бул жакшы метод болмок. Ошондуктан мен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизээр элем"-деп "реформатор-демилгечи" болуп кырданып жатат. Мындай Конституцияны "оңдогучтардын" катарына "Ата-Журт" фракциясынын лидери К.Ташиевди да кошсо болот. К.Ташиев "Ата-Журт" фракциясынын жыйынында капилеттен эле шайлоону кийинки жылга калтыруу, жакшы иштеп жаткан Р.Отунбаеванын президенттик мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу демилгесин көтөрүп жиберди. Бирок ал демилгесин кандай жол менен ишке ашыраарын адатынча айткан жок. Эксперттер Р.Отунбаеваны такай сынга алып келген. К.Ташиевдин агынан жарылып президентке ичи элжиреп кетишинин метамарфозалык сырынын төркүнүн түшүнө албай баштары маң болуп жатышкан кези.
"Конституциялык реформаторлор" Башмыйзамды саясый коньюнктурага ылайыкташтырып дембе-дем "оңдоп -түздөй" берилиши өлкөнүн коомдук-саясый туруктуулугуна залака тийгизерин эске албай жатышканы байкалбай койбойт. Балким, саясый кырдаалды атайылап курчутууну көздөп жатабы дейсиң. К.Бакиевдин режимин калыбына келтирүүнү самаган айрым реакциялык-реваншисттик күчтөр, атап айтканда "Ата-Журт" фракциясы бөйрөктөн шыйрак чыгарып саясый дивидент таап алуу максаты менен шайлоо компаниясын үзгүлтүккө учуратуу аракетинде экени жашыруун деле болбой калбадыбы.
Алдыдагы президенттик шайлоо цикли өлкөнүн бийлигинин легитимдешүү этабынын аяктаганын туюндурат эмеспи. Шайлоонун жыйынтыгына жараша саясый күчтөрдүн өлкөдөгү ээлеген чыныгы орду аныкталышы керек. "Ата-Журт" фракциясынын жана анын лидерлеринин акыркы кезде эл алдында бедели катуу түшүп кеткенин эске алсак, "ташиевчилер" үчүн өз убагында, Конституциянын алкагында президенттик шайлоо өткөрүү пайдасыз болуп чыгат. Ошондуктан колдон келишинче, атайылап болсо да шайлоонун өтүшүнө каскак кылып үзгүлтүккө учуратуу үчүн жанын жанга уруп жатышканы көрүнбөй койбойт.
Шайлоо өз учурунда өткөрүлбөй кала турган опурталдуу кырдаалдын чыгышына президент Р.Отунбаеванын президенттик жана парламенттик шайлоолор жөнүндөгү мыйзамга вето койгондо түзүлдү. Саясый чөйрөдө ошо замат Р.Отунбаева чын-чынына келгенде президенттик шайлоонун өз маалында өтүшүнө кызыктар эмес, президенттин парламентке жиберген шайлоо мыйзамдары боюнча каяшасы мындан ары да мамлекеттин башында калып калуу амалы, мөөнөтүн узартуу үчүн мына ушундай кадамдарга барып жатат деген жоромол-дөдөмөлдөр пайда болду. Мындай орунсуз жалаа жабуулардан кийин президент атайы билдирүү менен чыгып, бийлигин узартуу үч уктаса түшүнө кирбегенин, бийликти мыйзамдын негизинде тынч жол менен келечектеги президентке өткөрүп берерин кайталоого аргасыз болгону түшүнүктүү. Деген менен президент, өкмөт башчысы, парламенттеги прогрессивдүү күчтөр өлкөнүн Конституциясын ыйык сактап, Конституцияда көрсөтүлгөн жоболорду аткаруудан артыктыгы жок деп чечишти да, шайлоо Конституциялык талаптарга ылайык өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей өткөрүүлөрүн жарыялашты. Ошентип кантсе да президенттик шайлоону өткөрүү ишинде акыл-эс үстөмдүүлүк кылып кеткенин байкоого болот.
Президенттик шайлоо өткөрүүнүн саясый күрөштөгү ич күптүүлүккө байланышкан мотивдерден тышкары кошумча каскактар пайда болгону көрүнөт. Ал финансылык мүнөздө. Р.Отунбаеванын парламент кабыл алган шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга койгон ветосу каржылоонун механизмдери так көрсөтүлбөгөнүнө, канча каражат короору парламент өкмөт жана БШК менен макулдашылып башы ачылбаганына байланышкан. Макулдашуу комиссиясынын 22-июндагы жыйында президенттин каяшасы негизинен жөндүү деген пикирге келген эле. Бирок, ага карачубу, президенттин оппоненттери анын парламентке жиберген эскертүүлөрү олуттуу мааниге ээ эмес, демек Р.Отунбаева атайы кыянаттык кылып жатат деген пикирлер пайда болду. Спикер А.Келдибеков президентин ветосун окуп чыгып түк түшүнө алган жокмун ("ни черта не понял") деп туураланып чыкканга чейин жетти . Айрым массалык маалматтар, атап айтканда regnum.ru сайтында "А.Келдибеков маселени " в рабочем порядке" чечип койсо болот эле" деген сөзүн жазып чыкты. Арийне, эгер спикер ветонун маани-маңызына түшүнбөй калса, экинчи сыйра окуп чыкпайбы, түшүнгөнгө чейин окуса болмок деп айткан эч ким жок. Шайлоого жүз миллиондогон акча чыгымдалып жатса ал маселени А.Келдибеков менен " в рабочем порядке" аныктап койсо болот экен да? деген суроо чыкпай койбостугу анык.
Парламент кабыл алган шайлоо жөнүндө мыйзамда ЖК кол учунан мамиле кылып жумгактаган боюнча президентке түртө салганы көрүнөт. Мыйзам талкууланып жатканда парламент тарабынан кетирилген орчундуу кемчиликтердин бири да ушу. Бул жагдай кийин, шайлоо башталганда бир топ кыжаалаттыктарды алып келери талашсыз. Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы А.Жапаров айткан шайлоого корой турган чыгымдар бюджетке түзөтүү киргизгенде эч кимдин оюна кирбей унутта калтырылганы келечекте олуттуу каскактарды түзүп коюшу этимал. Өкмөт казына какшып турганда, айлык акылар берилбей кала турган бюджеттик кризис башталган чакта шайлоого чыгымдалуучу 621 млн. сомду таап чыгуу оңой -олтоң иштерден эмес. Өкмөт ал чыгымды кайсы булактардан табат, азырынча кеп -сөз да боло элек. Тышкы донорлордун көмөгүнө кайрылып кыйын учурдан чыгып кетсе болот деген пикирлер пайда болду. Арийне, алар шайлоо өлкөнүн ички иши экенин, чет өлкөлөрдүн гранттары менен шайлоо өткөрүү тышкы фактордун таасирнде калуу, көз карандысыздан баш тартуу дегендикке жатаарын эске албай жатышканы байкалат. Кыскасы, президенттик шайлоо алдындагы саясый күрөштөн келип чыккан тоскоолдуктар менен катар компанияны каржылоо маселесинде түйүнү чечиле элек кыйынчылыктар турганы талашсыз.
Үсөн Касыбеков