Атамбаев, Бабанов, Салымбековдордун ымыркай кызга боору оорубайбы?
ОАО ЭКОИСЛАМИКБАНК(ГОЛОВНОЙ ОФИС),
БИШКЕК, ПЕР. ГЕОЛОГИЧЕСКИЙ 17
ТЕЛ 54-35-53,69-03-16
Реквизитты для перечисления (сом)
БАНК ПОЛУЧАТЕЛЯ-ОАО "ЭКОИСЛАМИКБАНК",Г.БИШКЕК
БИК117001
СЧЕТ 1170120001000519
В назначении платежа указать л/с 4170121509529000 на имя
УМЕТАЛИЕВ БАКЫТ КАЗАКОВИЧ

Кечээ, редакциябызга документтерин көтөрүп алып бир жигит келиптир. Чоо -жай сурашсак, абалы оор, арманы күч. Мындан бир жыл мурун тун кызы Нуркыз төрөлгөнүн, анын эки көзү тубаса жумулган боюнча төрөлгөнүн, аны дарылоого болгон аракеттери тууралуу, биз аркылуу коомчулукка кайрылыгысы келгенин айтат. Эмесе ошол кичинекей Нуркыздын атасы Бакыт Үметалиевдин баянын чогуу тыңдайлы...
Келинчегим боюнда бар кезинде эч деле ооруган эмес. Кызым төрөлгөндөн кийин ооруканадан врачтар тубаса көзү жумулуп төрөлдү дешти. (Мындай окуя Кыргызстан боюнча биринчи жолу болуп жатыптыр) Жал кичи районунда жайгашкан балдар ооруканасына алып барганыбызда, дарыгерлер "бир айдан кийин келгиле" дешкен. Бир айдан кийин бардык, бир айлык баланын көзүнө операция жасалды. Көздүн ичинде чел бар экен дешкен. Андан кийин республикалык ооруканадагы доцент, профессор Усенкого кайрылдык. Ал болсо операция кылгандан кийин линза кийгизип коюш керектигин, анысы жок операциядан соң эт өсүп кетерин айтты да, Алматыдагы көз бейтапканасына жолдонмо беришти. Ал жакка барып толук текшерүүдөн өттүк, казактарга рахмат, кызматтарын бекер жасап беришти. Бирок, тилекке каршы көздү кайрадан эле эт каптай берди. Себеби, бизге пластикалык операция жасалмак экен, а дарыгерлер хирургиялык операция жасап коюшуптур. Биздин министрликтен суранып жатып, Москвадагы Морозовдун микрохирургия клиникасына кат жөнөттүрдүк. Ал жактан эки айдан кийин "келсин, бекер көрүп беребиз" деген жооп келип, менин жумушумдагылар чогултуп берген 10 000 рубль менен колуктум экөөбүз Нуркызды алып Москвага жөнөдүк. Москвадан толук текшерүүгө алышты да, "көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар, операция жасаса болот" дешти. Ошол жерде жүргөндө келинчегим кызым менен ооруканада, мен же таанышым жок метродо түнөгөн күндөрүм болду. Ооруканадагылардын сунушу менен Москвадагы кыргыз элчилигине кирип кызымдын документтерин көргөзүп, "убактылуу беш-он күн баш калкалап турганга бир бөлмө сурадым. Алар болсо, "бизде бекер болбойт, 30 % арзандатуу кылып беребиз" деп туруп алышты. Айла жок, 2000 рублга жакын акчаны күнүнө берип баш калкаладык. Акчабыз жок калды. Буга байланыштуу Морозовдун клиникасынан чыгып, "Гельмгольца" атындагы балдар ооруканасына барып Филатов аттуу дарыгерге көрүндүк. Алар деле "кызыңарды канчалык эртерээк операция кылсаңар, ошончолук көрүү мүмкүнчүлүгү бар, мурда мындай операция жасаганбыз, көрүп кеткен. Операциясынын ар бири 50 миң рублдан, этап-этабы менен онго чукул жолу болот. Көп убакытка көзөмөлдө жатышы керек, анын баары акча" дешти. Акчабыз жок болсо, айла канча, кайра кызыбызды көтөрүп , Бишкекке жөнөдүк. Бул жакка келгенден кийин кыргыздын ишкер, колунда бар, мекенчил адамдары жардам берип калаар деген ниетте чуркай баштадым. Өкмөт башы Атамбаевге, Жунусовго, Бабановго кат жаздым. Отунбаевага да жазгам, бирок, ал катты президенттик аппараттан эле Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүп салышыптыр. Алар болсо акча жок дейт. Бабанов болсо катты соцфонго узатып коюптур.
Мындан тышкары "Хумен" деген эл аралык социалдык фондго кат жөнөткөм, алар 5000 сом жардам берди. Дагы бир жөнөкөй эле атын атагысы келбеген кыргыз жараны 3000 сом, Бишкек мэри Иса Өмүркулов 20 миң сом жардам кылды. Буларга чексиз ыраазычылык билдирем. Салымбеков, Түлеев, Эгембердиев, Ташиев сыяктуу агаларга барсам, кабыл алышкан жок. Кызым бир жашка чыкты, эми жарым жыл ичинде операция жасатпасак, кеч болуп калат дешет. Келинчегим эмизип үйдө, мен темир жолдо карапайым жумушчумун. Кызымдын тагдырын ойлогондо бир жерге туралбай кетем. Ошондуктан дагы эле элден үмүтүм үзүлбөй, телеканалдар, гезиттер аркылуу кыргыз элине кайрылып отурам. Балким боору ооруган, мээримдүү адамдар окуп калышаар. Эгер кимде-ким кызымдын көрүүсүнө жардам берсе, Кудайдан ал кишинин өмүрүн, ден-соолугун өмүр бою тилеп жүрөт элек....
P.S. Урматтуу окурмандар, Казакова Нуркыз Бакытовна азыр бир жашта. Эне сүтү оозунан кете элек бул наристе тагдырдын тамашасына туш болуп, же түбөлүк азиз болуу же жарык жашоону көрүп, эл катары жаркылдап жашоо сыноосунда турат. Нуркыздын көзүнө азыр алты ай аралыгында операция жасалса, көрүп кетээрин адистер тастыкташкан. АЛТЫ АЙ ИЧИНДЕ ГАНА. Андыктан наристенин ата-энесинде кыска убакытта андай акча каражат табуу мүмкүнчүлүгү жок. Боорукер жарандарыбыздын кайрымдуулук кылышын өтүнөбүз.




Азиза Абдрасулова:
"Мамлекет өзү деле милларддаган акчаларды сырттан алып жатпайбы!"
Кыргызстанда акыркы кезде болуп жаткан окуялар дүйнө коомчулугунун да көңүл чордонунда. Тилекке каршы маалымат талаасында ар кандай адамдар жана бейөкмөт уюмдар Кыргызстан жөнүндө дезинформация таратууда. Бейөкмөт уюмдардын катарында Азиза Абдырасулова жетектеген "Кылым шамы" уюму дагы бар. Бул уюм коомчулукта болуп жаткан иштерге өз оюн билдирип келет. Ушул максатта уюмдун акыркы мезгилдеги коомчулуктагы ишмердүүлүгү жөнүндө Азиза Абдырасуловага бир канча суроо менен кайрылдык.

- Азиза эже, сиздердин уюм азыр эмне иштер менен алектенип жатат?
- Азыр аялдардын СИЗОсун көчүрүү маселеси боюнча кайрылуулар менен бийликке, жалпы коомчулукка чыгып жатабыз. Чүй областындагы Алга айылында аялдарды тергөө убагында кармап туруучу №50 СИЗО бар. Аялдарды билесиң, алар аялуу катмар болуп саналат. Бул СИЗОдо аялдарга жеңилдетилген шартта мүмкүнчүлүктөр бар эле. Эми аялдардын арасында боюнда бары бар, кээлеринин үч жашка чейинки балдары дагы бар. Аялдар ар кандай кырдаалда келет, ошондуктан аларды караган врачтар дагы бар болчу. Бирок, ошол аялдардын тергөө изоляциясына уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, лидерлерин алып барып, ал эми аялдарды эч кандай шарты жок №1 СИЗОго көчүрүп жатат. Ушуга байланыштуу президенттен тартып депутаттарга чейин жана жалпы эле коомго ачык кайрылуу жолдоп жатабыз.
- Бийлик тараптан бул маселеге кандай реакция болуп жатат?
- Азырынча эч нерсе айтылган жок. 25-июнда президенттин резиденциясында 150дөй байкоочу кеңештин мүчөлөрү катышкан чоң жыйын болду. Ага бийлик өкүлдөрүнөн Шамил Атаханов дагы катышты. Ошол жерден дагы айттык. Бул акылга сыйбаган иш болуп жатат. Мен ойлойм бул боюнча чечимдер чыгат.
- Эл арасында сиздердин уюмдун июнь окуясы боюнча билдирүүлөрүнө нааразычылыктар көп болууда. Сиз буга кандай карайсыз?
- Мен ага эч нерсе деп айтпайм. Албетте, 476 адам өлүп атса, 2500 адам жарадар болсо, 2000ге чукулунун үйлөрү күйүп кетсе, нааразычылыктар, түшүнбөстүктөр, ый болот. Мени ушинтип айтты деп капа болуп, ушактын артынан түшкөнгө убакыт жок. Мен өз ишимди кыла берем.
- Коомчулукта ӨЭУлар Батыштын акчасын алып, мамлекетке каршы иштерди жасап жатат деген пикирлер бар. Буга не дейсиз?
- Сурооңузду түшүндүм, ошондой сөздөр айтылып келет. Бул сөздү чиновниктерден Азимбек Бекназоров айткан ушундай деп. Бирок, буга карата президент өзүнүн оюн билдирип, бул туура эмес деген. Мамлекет, Кыргызстан өзү миллиарддаган долларды, акчаларды четтен алып жатпайбы. Мамлекет, чиновниктер ошол акчаны иштетип жатышат го. Чиновниктер биринчи ошону кантип иштетип жатат, ачык-айкын жооп беришсинчи өздөрү. Анан бейөкмөт уюмдарга асылышсын.
Суроо узаткан
Элизат Турсунова