Ала качуунун
артында эмнелер күтүп турат?
2011-жылдын 24-майында Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында нике кыюудан мурда мамлекеттик каттоону талап кылуу маселеси талашка түштү. Бир катар депутаттар бул багытта "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Үй-бүлөлүк кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева бул өзгөртүү эрте экендигин жана мажбурлап никеге тургузуу фактыларын кыскартуу максатында киргизилип жаткандыгын айтты. Бирок, мындай сунушка КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров каршы чыгып, ар бир атуул диндик каадаларды өткөрүүгө укуктуу экенин белгиледи. Маселеге төрага Ахматбек Келдибеков да оюн айтып, никеден мурда мамлекеттик каттоону талап кылуу айыл жерлеринде ишке ашпастыгын билдирди. Натыйжада Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырды.
Тереңдеп караганда, жогорудагы мыйзам долбоорлоруна алымча-кошумча киргизүү кыз ала качууга көбүрөөк тиешелүү болот. Анткени дал ушул ала качуунун артында мажбурлап эрте жашынан никеге тургузуу фактылары бар. Ошол эле учурда депутаттар күйүп-бышкан мамлекеттик каттоо жок болот. Кыргызстанда буга чейин ала качуу маселеси талкууланып гана келсе, эми анын курмандыктарын эскерүүгө чейин жеттик. Мындай акция быйыл жазында Ысык-Көл облусунда өтүп, 20-21 жаш курагында ала качуунун кесепетинен өз өмүрүн кыйган Нурзат Калыкова менен Венера Касымалиева эскерилди.
Кыргызстанда ала качуунун кесепеттерин иликтөө максатында бир катар изилдөөлөр жүргүзүлгөн. "Жаштарды өнүктүрүү" өкмөттүк эмес уюму Жалал-Абад облусунда сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында кыз ала качууга көбүнчө экономикалык жагдай түрткү болуп жатканын белгилешкен. Ошондой эле сурамжылоого катышкандар ала качууга кыздын макул болбогондугу түрткү болоорун билдиришкен. Мындан тышкары шашылыш үйлөнүш керек болгондо кыз ала качуунун ыңгайлуу экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле Акыйкатчынын адам укуктарын коргоо боюнча 2009-жылга карата докладында айыл жерлеринде никелердин 60 пайызы ала качуунун аркасы менен кыйылгандыгы көрсөтүлгөн. Анын ичинде үчтөн экиси кыздын макулдугу жок кыйылган. Мында Баткен, Ош облустарында ала качуунун кесепетинен ВИЧ\СПИД ооруларынын жайылуу коркунучу да бар экени белгиленет. Ал эми Борбордук Азиядагы Америка университети менен "Сорос-Кыргызстан" фонду тарабынан жүргүзүлгөн "Кыргыз айылдарындагы ала качуу" аттуу изилдөөсүндө "Эмне үчүн ала качтыңар?" деген суроого төмөндөгүдөй жооптор айтылган:
Жогорудагы иликтөөлөрдүн натыйжасында ала качууга бир катар себептер негиз болуп жатканы байкалат:
Коммуникациялык-маданий же психологиялык себеп. Көбүнчө айыл жеринде үй-бүлө ала качуунун артынан курулат. Жигит кыз менен сүйлөшкөндү билбейт. Мында негизги көйгөй кыздар менен жигиттердин үй-бүлө куруу боюнча түшүнүктөрүнүн эки башка болгону себеп болот. Алса, "мыкты түгөй" же "идеалдуу, ойдогудай адамды" издөө, кыздар же жигиттер жаман деп калыптанган көндүм түшүнүктүн болушу тоскоолдук кылат.
Укуктук сабатсыздык жана укук коргоо органдарынын начар иштегени. Укук коргоо органдарына болгон ишеничтин жоктугу да ала качууга жол ачат. Айрымдар милицияга кайрылуунун кажети жок, алар жардам бере албайт деп эсептейт. Анткени ала качууга карата тийиштүү жаза көрүлбөйт.
Социалдык себеп. Шаар жашоосунун кызыгы бүтүндөй жаштарды айылдан алыстатууда. Аял-эркектин социалдык ордун бөлүштүрүү да ортодогу байланышка кедергисин тийгизет. Кыздар жогорку билимге ээ болуп, иштеп, өз алдынча жан багууну үйрөнгөн. Мындай шартта мырзалардын үй-бүлөнү камсыз кылуу жана коргоо милдетин аялдар өздөрүнө сиңирип алган кырдаал түзүлөт.
Экономикалык себеп. Ала качуунун кулач жайышына экономикалык кырдаал же жакырчылык таасирин тийгизиши мүмкүн. Бир жагынан колунда жоктор ала качуу менен азыраак чыгым жумшап, той өткөрүүнү көздөйт.

Ала качуунун натыйжалары:
Ажырашуунун көбөйүшү. Психологдордун айтымында, бири-бирин тааныбай туруп, баш кошкондордун арасында ажырашуу көп болот. Карапайым жарандар да ажырашууга ала качуу негиз болот деп эсептешет. Мындан тышкары, ажырашууга өз ара түшүнбөстүк да себеп болоору белгиленген. Ал эми түшүнбөстүккө жубайлардын бири-бирин жакшы тааныбагандыгы түрткү болот.
Социалдык жетимдердин көбөйүшү. Ажырашуунун көбөйүшүнүн кесепетинен социалдык жетимдердин саны өсүп жатат. Кыргызстанда жетим жана кароосуз калган балдарды камкордукка алган ондогон мекемелер бар. Мындай жайларда тарбияланып жаткандардын дээрлик 80 пайызы социалдык жетимдер болуп саналат.
Аялдардын оорулары. Бизде мектепти жаңы аяктаган кыздарды көп ала качышат. Окутуп, иштетүүнүн ордуна тезирээк аял кылып алууга ашыккандар көп. Эрте никеге туруу улуттун генофондуна коркунуч келтирет. Бул майып балдардын көп төрөлүшүнө, эненин өлүмүнүн күч алышына алып келет. Кыргызстанда энелердин өлүмү бүтүндөй Евразия боюнча жогору болуп саналат. Республикада 100 миң төрөгөн аялдын 66сы көз жумат. Ал эми ымыркайлардын өлүмү миң балага 35и туура келет.
Кыргызстан ала качууга бөгөт койгон бир катар эл аралык документтерди ратификациялаган. Алсак, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 16-беренесинде "нике эки тараптын макулдугуна гана негизделиши керектиги" айтылат. Никеге турууга макулдук берүү, нике курагы жана никени каттоо жөнүндө конвенцияда "эки тараптын толук жана эркин макулдугусуз никеге турууга жол берилбей тургандыгы" белгиленген. Мындай эл аралык документтер менен катар ички мыйзамдар да ала качууга жол бербейт. Конституциянын 16-беренесинде "эч ким жынысы боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эместиги", 38-беренеде "бир да нике никеге туруучу адамдын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөй" тургандыгы жазылган. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинде "аялзатын никеге турууга мажбурлоо же никеге турууга тоскоолдук кылуу" кылмыш деп саналат. Бул учурда 20 миң сомго чейинки айыптан баштап, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жылына ала качуу фактылары боюнча болгону 15-20 кылмыш иши козголот. Мында да күнөөлүү адамдар айып төлөө менен гана чектелет.

Көмөкчү кайсы?
Ислам дининде да кыз ала качууга кескин түрдө тыюу салынат. Ал эми тарыхчылар мындай салт кыргызда болбогонун айтып, бул адат Совет доорунда калыптанган дешет. Кыргыздар бир гана учурда - кыз менен жигит макулдашып, кыздын ата-энеси каршы чыкканда гана ала качкан. Негизинен куда түшүү, сөйкө салуу салттары бар. Бирок учурдагыдай зордоп ала качып, мажбурлап никеге тургузуу жоругу болгон эмес. Натыйжада колдо мыйзам бар, анын ишке ашпаганы көрүнүп турат. Тийиштүү мыйзамдарды жүзөгө ашырып, ала качууга бөгөт коюуда мамлекеттин, диндин жана үй-бүлөнүн ролу чоң болот.
Мамлекеттин ролу. Мамлекет тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып гана тим болбостон, аны ишке ашырууну көзөмөл кылышы керек. Мындай шартта укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин орду чоң. Алар калк арасында түшүндүрүү ишин жүргүзүп, профилактикалык чараларды көрүшү максатка ылайыктуу болмок. Жогоруда аталган мыйзамдар ала качууга таптакыр жол бербестиги ачык көрүнүп турат. Демек, колдо бар мыйзамды ишке ашыруу гана керек. "Кызды зордоп ала качкандар жазага тартылды" деп коомчулукка жарыяланган шартта гана аны менен ачык күрөш болот.
Диндин ролу. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери диний институттар кеңири жайылды. Бир да динде, анын ичинде ислам дининде кыз ала качууга жол берилбейт. Дал ушул жагдайды жаштарга диний түшүнүктөр аркылуу жеткирүүгө болот. Депутаттар сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда мамлекеттик каттоодон мурда нике кыйган молдолорго айып салуу каралган. Бирок мындай шарт ала качууну же мажбурлап никеге тургузууну токтото албайт. Тескерисинче, дин өкүлдөрүнө талап коюу зарыл. Ал талап - ала качып, мажбурлап же эрте никеге тургузуу фактыларында нике кыюудан баш тартып, түшүндүрүү ишин жүргүзүү. Ошондой эле бул маселе боюнча молдолор менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери ортосунда байланыш болуп, биргелешип чара көрүү жолдорун табуу керек.
Үй-бүлөнүн ролу. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясый маселелер менен катар үй-бүлө институту солгундай түштү. Жаштар үчүн үй-бүлө баалуулуктарынын мааниси төмөндөдү. Ала качууга жол бербей коюуда ар бир үй-бүлөнүн орду чоң. Ата-эне бул кылмыш экенин балдарына жеткирип, алдын алууга болот.

Мээрим Ибраева