Жантөрө Сатыбалдиев:
"Ар бир доллар үчүн
мен жооп берем!"
- Жантөрө Жолдошевич, мына өткөн жылкы каргашадан кийин Сиз ошол кездеги бийликтин демилгеси менен Ош жана Жалал -Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик Дирекциясынын башына келгенсиз. Деги аталган Дирекция уюушулуп жатканда кандай милдеттерди мойнуна алды эле? Алардын канчасы аткарылды?
- Рахмат сурооңузга. Биринчи жобо боюнча айтайын. Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп бир канча иштерди уюштуруу жана координациялоо эсептелген эле. Алар Ош жана Жалал-Абад шаарларынын турмуш-тиричилик чөйрөсүн жана инфраструктурасын калыбына келтирүү, аталган шаарларды калыбына келтирүүнү ресурстук камсыздоону тартуу жана башкаруу, ушул шаарларды калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду жана программаларды баалоо жана мониторинг жүргүзүү. Мунун ичинде мамдирекция Кыргыз Республикасынын толук укуктуу жараны болгон, жабыр тарткан адамдарга улутуна карабастан бирдей жардам көрсөтүү, жабыр тарткан адамдардын кызыкчылыгын турак жайды курууда жана калыбына келтирүүдө толук эске алуу, мамдирекциянын (бөлүнгөн каражаттарды сарптоо, тендерлерди өткөрүү, гумжардамды бөлүштүрүү боюнча) ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо принциптери менен иш алып бардык. Ошентип, мамдирекция иш жүзүндө түзүлүп бүткөндө эң негизги милдет болуп июнь окуяларында жабыркаган үй- бүлөлөрдү суук түшкүчө турак жай менен камсыз кылуу болду. Өткөн жылы 1780 жабыркаган үй-бүлөлөргө чакан 38 чарчы метрге чейинки үйлөрдү куруп бердик. Чынын айтсам, мен өзүм ишенген эмесмин ушунча үйдү 5 айда курабыз деп. Дирекция мамлекет тарабынан 2010-жылы коюлган милдеттемелерди толук аткарды. Ачыгын айтуу керек, жумушту баштоо абдан татаал болду. Себеби, мындай кандуу окуялардан кийин элдин ишеними бийликтен таптакыр кетип калды. Биздин эксперттерди элдер кабыл албай, аларга ишенбей жатышты. Июль, август, сентябрь айларында бир да тыным жок иштеп, эки элди ынтымакка чакырып жүрдүк. Мен өзүм жабыркаган үйлөрдү аралап чыктым. Элдерге "таарынычыңарды жыйгыла да жаңы жашоону баштайлы" дедим. Мага ошол мезгилде "бийликтин колунан эч нерсе келбейт, биздин өмүрүбүздү коргой албайсыңар да бизге кантип үй куруп бересиңер?. Бизге силердин жардамыңардын кереги жок!" деген сыяктуу элдин катуу сөздөрү да тийди. Элге аяр мамиле жасап, жылуу сүйлөп, Ошубузду кайра калыбына келтирели деп, жабыркаган үй-бүлөлөр менен кошо кайгырдык. Бирок эч бир кыйынчылыктарга карабастан, калыбына келтирү иштерин жүргүзө бердик.
"Убакыт баарын жеңет" дегендей 3 айдан кийин гана элдердин бизге болгон ишенимдери аз- аздан жандана баштады. Мына бүгүн болсо бүт баары өздөрүнүн ыраазычылыктарын айтып жатышат.
Жалпылаштырып айтсам, ушул жылдын октябрь айына чейин 2010-жылы салынган 1780 үйдүн 1640ынын аянттарын 100 чарчы метрге чейин чоңойтобуз. Себеби, жабыркаган үйлөрдүн аянттары 100 чарчы метрге чейин курулат деп убактылуу өкмөттүн жетекчилиги 2010-жылдын 27-июнунда болуп өткөн эл аралык донорлордун конференциясында айтылган. Ушул себептен бул жылы алдына коюлган максаттар иш жүзүнө ашырылат.
2010-жылы 5 айдын ичинде Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө 5 кабаттуу, 75 батирлүү үйдү толугу менен бүтүрүп, учурда ал жерде 75 жабыркаган үй-бүлөлөр жашап жатышат.
- Кечиресиз, ушул Ош шаарындагы июнь окуяларында жабыркагандарды турак-жай менен камсыз кылууга жалпысынан канча каражат каралган?
- Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад облустарын кайра калыбына келтирүүгө мамлекеттин бюджетинен 100 млн. АКШ доллары каралган. 2010-жылы ал акчанын 15 млн. доллардан ашыгы сарпталды. Бул акчага 5 кабаттуу, 75 батирлүү үй толугу менен бүтүрүлдү, ошол эле жылы 15тен ашуун көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды, 1723 жабыркаган үй-бүлөлөргө 122 млн. 50 миң сом жөлөк пул жана жеңилдетилген ссуда түрүндө берилди. Күйүп кеткен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы 17 млн. сомго капиталдык ремонттон өтүп, телеаппаратуралары сатылып берилди. Бул жылда болсо аталган 50 млн. АКШ долларын курулушка, инфраструктурага жана өнүктүрүүгө жумушайбыз. Учурда мамлекеттик дирекция 100гө чукул объектилерде куруу жана калыбына келтирүү иштерин алып барып жатат. Алардын 34ү көп кабаттуу үйлөр. Ушул айда 5 көп кабаттуу үйлөрдү толугу менен бүтүрөбүз. Алардын 3ү Ош шаарында жана 2си Жалал-Абад шаарында. Май айында Базар-Коргон айылында 3 километр жолду асфальттап, тратуарларын оңдоп бүтүрдүк. Көп кабаттуу үйлөрдүн бүт баары ушул жылдын аягына чейин толугу менен бүтүп жабыркагандарга атайын комиссиянын чечими менен тапшырылат.
Ар бир сом туура пайдаланылып жатат деп бүт окурмандарды ишедиргим келет. Биз бүт баарына ачыкпыз. Эгер сиз келип биздин бухгалтериябызды текшеребиз десеңиз бүт эшиктерибиз ачык. Ар бир доллар үчүн мен жооп берем. Менин командамды түзүп жатканда орусча айтмакчы "пахарларды" тандап алып иштеп жатам. Андай кылбасам мен жалкоолор менен жарым жолдо эле калып кетмекмин.
- Дагы бир маселе ошол курулуп жаткан үйлөргө жашоочуларды бөлүштүрүү кандай критерийлердин негизинде жүргүзүлдү? Себеби, бул боюнча ар кандай сөздөр арбын...
- Мамлекеттик дирекция түзүлүп жатканда эле айткам "мен бир гана үйлөрдү куруп берем, ал эми бөлүштүрүү маселелерин атайын комиссия чечсин" деп. Эгерде дирекция үйлөрдү да куруп, анан батирлерди да бөлүштүрсө, анда эч нерсеге жетише албайт. Себеби үйдү куруудан да аны бөлүштүрүү татаал. Ар бир үй-бүлө өздөрүнүн талаптарын коёт. Бирөөсү "мен 1-кабатта жашабайм" десе, экинчиси "мага эмнеге 4-кабаттан бересиңер?" деп талаптарды коюшат. Буга абдан көп убакыт керек. Мамлекеттик дирекциядагы 40тан ашуун жумушчунун ага убактысы да жок. Өзүбүздө толтура жумуштарыбыз бар.
- Донор уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн кайсыл жардамдарды айта аласыз?
- Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана мамлекеттик дирекция эл аралык коомчулукка жана демөөрчү өлкөлөргө Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад облустарын калыптандыруу үчүн берген жардамына терең ыраазчылыктарыбызды билгизебиз. Ачык айтыш керек, ошол эл аралык донорлордун жардамы менен 2010-жылы 1780 үйдү курдук. Ошондой эле чоң салымды Жапония, Орусия, Казакстан мамлекеттери кошушту. Тактап кетейин, мамдирекциянын алыш-бериш эсебине Кыргызстандын түштүгүндөгү калыбына келтирүү иштери үчүн Малайзия Өкмөтүнөн 29 миң 969 АКШ доллары өлчөмүндө жана Молдова Өкмөтүнөн 25 миң АКШ доллары суммасында финансылык жардам келген. Ошондой эле Пакистан Ислам Республикасынын жараны Мухаммад Имран Назир 300 АКШ долларын которгон.
- Жергиликтүү жапа чеккен ишкерлерге мамлекет эмдигиче компенсация(жөлөк пул) төлөп бере электигине кандай жооп айтасыз?
- Ооба, тилекке каршы жапа чеккен ишкерлерге жардам мезгилинен кечигип калды. Азыр дирекцияда июнь окуяларында жабыр тарткан ишкерлерди колдоо бөлүмү ачылды. Бул бөлүм Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде ачылды.
Токтомго ылайык компенсацияларды төлөөнүн тартиптери жабыр тарткан ишкерлерди үч категорияга бөлүү менен жүргүзүлмөкчү. 1-категория - зыянынын өлчөмү 5 000 ден 49 999,9 сомго чейин, 2-категория - зыянынын өлчөмү 50 000 ден 999 999,9 сомго чейин жана 3-категория - зыянынын өлчөмү 1 млн. дон 98 млн. сомго чейин.
Бул жерден ачык айтып кетүүчү бир нерсе, ошол Ош окуясына чейин өздөрүнүн ишкерлигин расмий катоодон өткөрүп, мамлекетке тиешелүү төлөмдөрдү, салыктарды төлөбөгөндөр жана казино, сауна, мончо, бильярд клубдары жана оюн-зоок жайларынын (дискотекалар, түнкү клубдар,оюн автоматтары) ээлери компенсация алышпайт деп чечим чыгардык.
- Мына ошентип, Оштогу каргашага бир жыл толуп отурат, элге айтар сөзүңүз?
- Элге айтарым, жакшылык, бакубат жашоо өз колубузда. Ынтымагыбызды сактап, сабыр менен, жылуу маанай менен турмушубузду чогуу илгерилетели. Ош шаары маданият менен ишкерликтин гүлдөгөн мекени болоорунан үмүт үзбөгүлө. Кыргыз бийлиги силердин жаркын жашооңор үчүн аракетин уланта берет деп ишендирем.
Маектешкен
Тынчтык Алтымышев