Экономиканы эстеген жан жок
Көптөн бери көкөй өйүп келаткан маселе бюджеттик таңсыктыктын (дефициттин) астрономиялык деңгээлге чейин чаап чыгып кеткени. Апрель революциясы менен түштүктөгү каргашалуу окуялар улуттук экономиканы катуу эңшерип кеткени белгилүү. Эксперттердин эсебине караганда терең кризиске тушуккан кыргыз экономикасын калыбына келтирип, туруктуу өнүгүү тилкесине салып кетүү үчүн кеминде бир миллиард евро суммасындагы каражат менен сугаруу талап кылынат. Ырасмый статистиканын билдиргени боюнча бюджеттин таңсыктыгы ички дүң продукцияга (ВВП) карата алганда 7,8 пайыздан ашык. (Ал эми айрым эксперттердин, алып айтсак, Бишкек ишкерлер клубунун өкүлү Азамат Акелеевдин баасына караганда бюджет таңсыктыгы статскомдун айтканынан бир кыйла жогору - ички дүң продукциясынын 9%ын түзөт). Эл аралык финансы институттарынын эксперттеринин айтымында, бюджеттик таңсыктык 3%дан жогоруласа, ал опурталдуу чектен ашып кетти деп эсептелет. Көрүп тургандай бюджеттин тартыштыгы коопсуздук чегинен алда канча жогору - 2,5-3 эсеге чейин көтөрүлүп кеткенине күбө болобуз. 2011-жылдын жарымысы карыды, бюджеттин тартыштыгы эми 600 миллион долларга жетип, ички дүң продукциянын 15%ын түзүп калганы белгилүү болду.
Жылдын башында, т.а. 26-январда кабыл алынган бюджетте таңсыктык 21 миллиард сомду түзгөн эле. Андан бери абал оң жагына өзгөрүп кеткени байкалбайт. Баягы эле тас кейпинде. Кайра бюджеттин киреше менен чыгаша бөлүктөрүнүн ортосундагы ажырым убакыт өткөн сайын мурдагыдан да кеңейип, бири-биринен алыстап баратканын көрүүгө болот.
Май айынын этегинде "ЖК менен Эсептөө палатасынын бирдиктүү иш алып барышы" деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өтүп, спикер Ахматбек Келдибеков чыгып сүйлөгөн эле. Ошондо А.Келдибеков алда немедей болгон "суук кабар" таратты-жылдын аягына дейре 2011-жылдын бюджетинин таңсыктыгы 30 млрд. сомго чаап барышы этимал дейт ЖК төрагасы. Эгер А.Келдибековдун "кара жолтой" жоромолу чындыкка чыга турган болсо, анда премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жылдын кылда башында т.а. 24-январдагы интервьюсунда айткан "бул жылды бюджеттик профицид менен аяктаарыбызга терең ишенем. Азыр уникалдуу кырдаал түзүлдү. Мындан ары өлкөнүн бүт активи, бүт резерви кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, өлкөнүн бюджетине барып түшөт",-деп айтканы элди алдоо, куру кыял, куру убада, өкмөттүн өнөкөт ооруга айланган кезектеги утопияларынын бири болуп калат. Эгер А.Атамбаевдин "өлкөнүн экономикалык резервин кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, бюджеттин таңсыктыгын жабууга багытайбыз" деген сөзүнүн өтөөсүнө чыгып, майнап чыгарса, мамлекеттин казынасындагы каражаттардын басымдуу бөлүгү чиновниктердин армиясын багууга коробойт эле, мамлекеттик ресурстар коррупцияланган бюрократиянын кулкунуна куркурап кирип дайынсыз жоголбойт болчу. Мамлекеттик чиновниктер туташ коррупцияга тушуккан кезде бюджеттик прфицидге (чыгашадан кирешенин артыкчылыгы) жетишүү жөнүндө айтып отуруунун кажети деле жоктур.
Бюджеттик таңсыктыгынын кыйынчылгынан өкмөт кандай жолдор менен чыгууну көздөп жатат? Кысталышта жол көргөзгөн антикризистик олуттуу программалар түзүлдүбү? Тилекке каршы өлкөнү финансылык-экономикалык кризистин сазынан сууруп чыгуу үчүн бел байлап белсенип киришкен белгилер өкмөттө байкалбайт. Баягы эле көнүп калган эски адатка салышууда: тыштан карыз алуу менен "бюджет жаздыгын" түзүү б.а. тышкы кредиттер, гранттардын эсебинен бюджеттин тең салмагын эптеп кармап туруудан башка жол, башка амал таба алышпаганы көрүнөт. Натыйжада 20 жыл ичинде алган тышкы карыз Финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында $2,6 млрд. чейин чаап чыкты. 5,5 миллион калкы бар, постсоветтик мейкиндиктеги эң жакыр өлкөнүн катарына кирген чакан Кыргызстан үчүн бул акыл адаштырган гиганттык сумма. Өлкө карыздын сазына белчесинен батты, андан суурулуп чыгып кетерибиз эми кыйын болуп калды деп түңүлгөн маанай күткөн экономисттерди четтен тапса болот. Белгилүү экономист Аза Миграняндын айтымында, тышкы карыздын опурталдуу жеткен чеги анын ички дүң продукциянын 60-65%ын түзүп калганы эсептелет. "Жылдын аягына дейре өлкө айтылган чекти аттап өтө турган болсо, шарттуу түрдө өзүн банкрот деп жарыялоого укук алат" дейт экономист.
Тилекке каршы өкмөт кредиторлордун көзүн карап, ошолордун ыракымын күткөндөн тышкары ички ресурстарды ишке салууну, ички резервдер менен бюджеттик таңсыктыкты оор топондоп болсо да азайтууну ойлоп коюшпаганы, кол куушуруп отуруп бергени байкалат. Апрель революциясынан кийин экс-президент К.Бакиевдин үй-бүлөсү менен коррупциялык үзөңгүлөштөрү басып алган 47 ишкана мамлекеттин энчисине кайтарып алынганын мисалга тартып көрөлү. Айрым эсептөөлөр боюнча улутташтырылган ал ишканаларды аукционго салып саткандан түшкөн каражаттар бюджеттин таңсыктыгынын жарымысын жабууга жетет экен. Асыресе, мамлекеттин ээлигине алынган ишканаларды аукционго чыгарып сатуунун башы эмдигиге чейин ачыла электигин эске алсак, бийликтегилер бюджеттин келечегине кайдыгер окшобойбу деген ой пайда болот. Айтымдарында, эгер ал ишканаларды өкмөт сата турган болсо, анда менчик ээсинин конституциялык укуктары бузулат, соттун чечими чыкмайын ишканаларды баалап сатууга тыюу салынат имиш. Мындай кыйын-кычыктуу абалдан чыгуунун бир жолу катары парламенттин бюджет жана финансы комитетинин башчысы А.Жапаров ишкагаздарды мамлекеттин ээлигине алуу чечими жөнүндөгү убактылуу өкмөттүн декретин мыйзамдаштыруу, ошондой эле мамлекеттин карамагына өткөн объектилерди аукциондо сатууга, андан түшкөн каражаттарды казынага багыттого милдеттендирген, ал эми эски менчик ээлеринин талабын сотто териштирүүнү чектеген документ кабыл алуу жөнүндөгү радикалдуу сунуш киргизди эле, ажылдаган катуу каршылыкка тушукту. "А.Жапаровко "А.Бекназаровдун вирусу жуккан экен", "мыйзамды көзгө илбеген саясатчы" дегенге чейин жетишти. Сыягы эски режимдин апологет "укук коргоочулары" "кандуу Курманбек", "кыргыздын Каддафиси" деген атка конууга үлгүргөн К.Бакиевди жана анын үй-бүлөлүк кланы менен коррупциялык режиминин орношуна өнтөлөп кызмат кылган жасоолдору ( азыр деле бийликте эрмешип жүрүшкөн "куйрукттары") кимдер экенин эстеринен чыгарып жиберишкен түрү бар. Диктатор "жол башчы" бийликтен кол жууса да, кубаланып кетсе да бакиевчилер, К.Бакиевдин "куйруктары" диктатордун бийлиги тушунда зомбулук менен басып алган байлыкты чеңгелдеринен чыгарбай сактап калуу үчүн жанын жанга уруп жатканын көрүү кыйын эместир.
"Jamestown" басылмасы кыргыз саясатчылары нары чиеленишкен, нары көкөй кести проблемалардын бири болгон бюджеттик таңсыктыктын түйүнүн чечүүнүн ордуна кландык жана саясый топтордун кызыкчылыгын көздөп, саясый упай топтоонун амалы менен популизмге, саясый интригаларга баш-оту менен кирип кеткенине күбө болосуң дейт. Ырасында эле азыр баш кошуп жапа тырмак финансылык-экономикалык кризистен өлкөнү чыгарып кетүү ылажысын издегендер чыкса чыгаар, чыкпаса жок. Аларды күндүз чырак менен издеп табышың кыйын. Айтпаса жалганбы, бийликтегилер кийинки кездери саясый оюндарга: кол балага айланган массалык маалымат каражаттардын беттериндеги компроматтардын согушуна, ар кандай "кара" пиар-жүрүштөргө, балит саясый технологияларды пайдаланууга сорулуп кеткенин көрүү кыйынчылык деле жаратпайт. Саясатчылар оппоненттерин каралоонун каражаты катары бейчеки ушак таратуу, чагым салуу, жалаа жабуу технологиясын армансыз пайдалана баштаганы жашыруун деле болбой калды. Мындайда, эки-үч жаат болуп чабышууну өнөр тутуп калган кезде, экономика эстен чыгаары түшүнүктүү. Азыр элдин жашоо-тиричилигин ойлогон, эл үчүн күйүп- бышкан саясатчыны кезиктиришиң кыйын болуп калганы калп эместир. Кыргызстандын саясый мейкиндиги чектелүү жеке кызыкчылыктарды көздөгөн саясый топтор менен бийлик мыкчыгерлеринин ар кимиси өз билгендерин кылып, өз арбайын согуп кеткен чөлкөмгө айлангандай асер калтырат.
Үсөн Касыбеков