Ким күнөөлүү?
Токтот эми, кыйнабачы махабат,
Тоспо жолум бүттүң ойшойт жазалап.
Мен өзүмдү теңеп койдум арсызга,
Мейли күлгүн, мейли жырга табалап.

Башкалардан айтчы менин эмнем кем,
Бал сүйүүнү неге аяйсың бергенден?!
Сүйгөн элем эгер билсең ал кызды,
Сууруп салып жүрөгүмдү денемден.

Берген элем жан дүйнөмдү, жанымды,
Берген элем жашыл көктөм жазымды.
Сыртың салып ошондо да махабат,
Сындырдыңбы гүлдөп турган шагымды.

Ал сүйбөсө кантип коём күнөөнү,
Ал да сүйөт мага окшоп бирөөнү.
Сүйүү ошол, жашап келем бүдөмүк,
Түшүнө албай ким күнөөсүз -күнөөлүү.


Сүйө албай
жатсаң эгер
Мен үчүн сен бирөөлөрдөн кордук көрүп,
Мен үчүн сен бирөөлөргө катуу айтпа.
Эгер болсом күнөөлүү сени сүйүп,
Элден мурун мени сөк, менден башта.


Уруш угуп мен үчүн бирөөлөрдөн,
Убайым жеп, ойлонуп санаа тартпа.
Учуп чыгып кетейин жан дүйнөңдөн,
Унутуп сал унуткуң келип жатса.

Улам кейип таарынып тагдырыңа,
Убарага өзүңдү салба бекер.
Кош деп айтыш мен үчүн оор болсо да,
Кош айтайын, сүйө албай жатсаң эгер.

Үзүлбөсүн үмүтүң
Жаздап алып көөдөнүмө башыңды,
Жамгыр болуп жашың төгүп жаттыңбы?
Издөө менен өмүр өтүп жаткандай,
Издеп менден келдиң беле бактыңды?

Аяр жөлөп ийиниме башыңды,
Ак жаан болуп агыздыңбы жашыңды?
Күтүү үчүн жаралгандай дүйнөгө,
Күттүң беле күндөп-түндөп бактыңды.
.
Төкпө жашың төгүлбөчү жамгырча,
Төшүң тосуп багынбачы тагдырга .
Үзүлбөсүн, үзүлбөсүн үмүтүң,
Үмүт менен жетсе болот баарына.

Сулууга
Ак куу сымал айдың көлдө айланган,
Асыл жансың асылдыгың тана албайм.
Көз талдыра кечке карап турсам да ,
Көркөмүңдөн эч кемчилик таба албайм.

Кулак салып тыңшап турсаң ардагым,
Жетпей жүргөн бир максатым айтайын.
Көзүң албай тиктеп турчу бир мүнөт,
Көздөрүңдөн төрт сап курап алайын.

Ажарыңды ырлар менен саймалап,
Ак баракка периштедей тартайын.
Түбөлүккө эстеликке калсын деп,
Түпкүрүнө жүрөгүмдүн катайын.

Кыздын күндөлүгү
Мага кимдер гана тузагын тосподу. Сага капыстан көчөдөн кезиктим.Алгачкы менин ардагым. Кокусунан кезиккен бул жолугушуу күтүүсүз болду. Буга чейин жашоо, турмуш, сүйүү, махабат , баары жандырмагы жок табышмактай сезиле берчү. Алгач сени көргөндө экөөбүз таанышкан учур, күлгүндөй жаштык тасма сыяктуу көз алдыма элестей түштү. Экөөбүз жаштыктын шары менен кандай гана керемет күндөргө, ажайып түндөргө күбө болдук.Махабат арзуунун өтөсүнө чыга албай Раймалы менен Бегимайдай арманда эки жакка бөлүнгөн элек го. Эмичи?Азыр кеч болсо дагы жолуктук. Жаратканга дагы бир ирет ырахмат. Сен атактуу акын болбосоң да сен шилтеген саптар мен үчүн кымбат жана ошол саптарды ар дайым аздектеп окуйм.
"Эски тааныш эстен кетпейт" дегендей,
Эсендештик сагыныч көп тереңдей.
Кусалыкты байкап турдум тымызын,
Көздөр көзгө чагылганда элеңдей.

Көздөрүңдүн жалт -жалт этип карашы,
Кирпиктериң ак көгүчкөн канаты.
Көпкө чейин карап турдум суктанып,
Көп нерсени айтып турду санаты.

Жолугууну ойлободук капыстан,
Ыкталышып жуп болбодук, намыстан.
Баштаганга азыр деле кеч эмес,
Бал ширинди издебейли алыстан.
Чынар кыз