"МЕГАКОМДУ" МАКСИМ ТАЛАШЫП АТАБЫ ЖЕ...
Кыргызстан мамлекетинде "кызык" иштер болуп турбаса эл кадимкидей маанайы чөгө түшөт. Ушу тапта орустардын оокатын тартып алуу боюнча чыр кызыган маал. Ал эмне болгон оокат? Кимдер талашып атат, эмнеге талашып атат, карапайым калк түшүнбөйт деле, ошондуктан жөн тил менен, иретин жоготпой окурманга чечмелей кетели.


"Мегакомду" качан, ким түзгөн?
Россия менен карым- катнаш жасаган ар бир кыргыз баласы жакшы билет, ал жакта "Мегафон" аттуу килтейген уюлдук байланыш фирмасы (компаниясы) бар. Эл арасында мартабасы жогору. Телефондон түү деген түкүрүгүң акча болуп турган азыркы заманда так ушул иш менен шугулданган ким эле болбосун, бизнесин андан ары өнүктүрүүнү ойлойт. Уюлдук байланыш жете элек мамлекеттерге барып, ал жактын ишкерлеринин колунан келбеген ишти, т.а. уюлдук байланышты түптөө бизнесин ачкысы келет. "Мегафондун" арааны катуу жүргөнүн көргөн орус туугандардын "Пенвелл Бизнес Лимитед" аттуу компаниясы 2005 -жылы Кыргызстанга келип, "Мегаком" деген соода маркалык аталыш астында уюлдук байланыштын тармагын түптөй башташкан. Иштери адегенделе мыкты жүргөн. Ишке 40 миллион доллар акча жумшалып, андан тышкары 80 миллион долларлык жабдыктар апкелинип орнотулган. Өмүрү мындай ыңгайлуу оокатты көрбөгөн кыкеңдер чабандарынан өйдө сороктотуп сотке көтөрүшүп, жыргап эле калышкан. Анан эмне болду?

Максимдин карааны көрүндү!
Компания 2005-2006-жылдары рынокту ээлеп калганда, эсепсиз акчалар мурдунун астынан агып атканын көрүп жүргөн канзаада Максим дароо тымызын кулдарын чаптырып, орустарга "49 пайыз акцияңарды бөлүшөсүңөр" деген өктөм талапты коёт. Орустар унчукпай айтканын жасап беришет. Иштин мындай оңой чечилгенин күтпөгөн канзаада Закиржанович көпкө ойлонуп отурбай, калган 51 пайыздык акцияны да тартып алып коёт. Кыскасы, Максим "Мегакомду" 3 жыл бою башкарып, канын кактап соруп турган, акыры түбүнө ачкөздүгү жеттиби (телефонго акча кошкондочу), апрель ыңкылабы тутанып, үйүрү менен качып жок болду. Бирок кыязы, анын дагы эле бул жерде ишенимдүү адамдары бар шекилдүү.

"Мегакомду" талашкандар Максимдин кишилериби?
Депутат болгону чыр-чатактуу деп комиссияны жетектеп көбүрөөк атагы чыгыбаткан Өмүрбек Абдрахманов мырзанын айтымында, а киши Максимдин 100 пайыздык үлүшүн тээ башында эле мамлекетке бүт бойдон өткөрүп туруп, анан таза иштеген инвестордун үлүшүн өзүнө кайрып берүү маселесин көтөрүп чыккан экен. УӨ ошондо эмнеликтен 100 пайыздык акцияны толук улутташтырган эмес, буга депутат мырза өзү да таң. Бирок кийин ойдо жок иштер болуп кеткен. Т.а. Бабанов мырза теледен орустардын жанагы "Пенвелл..." компаниясын ууру деп атап, анын бул айтканы кимди чабаарын билбей турган кудуреттүү Финполду "чабуулга шыктандырып", аталган компанияны бир эле күндө чаң-тополоңун чыгарышкан. Анын "кол алды сарбаздары" - эки мырза, Улуттук мүлк башкаруу фондунун төрагасы Дайыр Кенекеев жана "Альфа Телекомдун" (бул компания туурасында ылдыйда айтабыз)кайрадан дайындалган гендиректору Азамат Мурзалиевдер 2-3 ай бою теледен түшпөй, орус инвесторлорду шыбап турушкан.

"Серпиус" менен "Саустфилд" кайдан чыкты?
"Мегаком" толук басып алынгандан көп өтпөй эле Кыргызстанда "Серпиус" аталган компания кайрадан пайда болгон. Негизи ал 2008-жылы түзүлгөн жана мунун Максимдин жеке башкаруусундагы компания экенин чет элдик детективдерди жалдап изилдеткен орус туугандар айтып жатышат. Жанында "Саустфилд" аталган дагы бир компания чыкты, экөө тең АКШ да оффшордук зона аталган Белизде бир дарек менен катталыптыр дешүүдө. Орус инвесторунун өкүлү Аюр Доржиев мырзанын айтымында, Бабановдун кишилери буларды байкамаксан да көрмөксөн. Тескерисинче колдоп атышат, "Серпиус" болсо соттон сотто жеңишке жетишип жатат. Кенекеев менен Мурзалиевдин Максимге иштеп атканын депутат Абдрахманов ушундан улам шектенип калган жайы бар. Кыскасы, Бабанов баш болуп бул мырзалар аталган компанияны Максимге кайра кайрып берүүгө жанүрөп жатышкандай. Чын эле ошондойбу?

"Альфа Телеком" кимдики?
Алексей Елисеевдики. Компанияда бирден-бир акционер да, гендиректор да өзү. "Мегакомду" тартып алышкан соң анын өнөктөшү эсептелген, долбоордун (же "Мегакомдун") 100 пайыздык активдери карамагында турган россиялык "Бимокомдун" кредиттик карыздарын жокко чыгаруу максатында Максимдин дагы бир досу Евгений Гуревич Алексей Елисеев үчүн гениалдуу аферисттик схема түзүп берген. Эгерде ал ишке ашып кеткенде "Бимокомго" акчаларын салышкан кредиторлор миллиондогон долларларынан кол жуумак экен. Т.а. "Мегакомдун" телекоммуникациялык жабдыктарын Елисеевдин компаниясына өткөрүп беришмек болушкан. Баса, "Саустфилд" компаниясы да Елисеевке таандык, ал өзүнүн атынан "Саустфилдке" акция саткан менен ал акциялар кайра эле өзүнө келип турган, б.а. өзүнө өзү саткан. Орус инвесторлору мына ушундай деп эсептешет.

"Грегстон" компаниясы кимге карайт?
Түшкөн акчаларды тынымсыз айландырып турган бул компания Максим Бакиевке тиешелүү. Азыркыга чейин жеке өзү башкарып турат дешүүдө.

49 пайыз акция өкмөттүкү болсо, калганычы?
Ал эми "Мегакомдун" учурдагы ээси "Альфа Телекомдун" директорунун юридикалык иштер боюнча орун басары Илим Карыпбековдун айтымында калган 51 пайыздык акцияга "Саутсфилд" жана "Весэтел" компаниялары гана ээлик кылууга укугу бар имиш. "Весэтел" (же Вестелби) компаниясы да Жаңы Зеландиядагы оффшордук аймакта катталган дейт Карыпбеков мырза.

Бабанов өз күнөөсүн моюндабайт, бирок... ал кимге иштеп жатат?
Ө. Абдрахмановдун бүтүмүндө биринчи вице -премьер "таза" эмес. Биринчи комиссия (депутат Тумановдун комиссиясы) аны сүттөн ак кылып актап чыкса, Абдрахмановдун комиссиясы аны 8 факты боюнча айыпка жыгууну көздөөдө. Алтургай өкмөт жетекчисинин оң колунун мыйзам менен "дос" эместигин шардана кылды. ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун айтымында "Пенвелл" болобу, "Серпиус" болобу, Максим, Ширшов, Елисеев болобу, булар бүт баары бири-бирин алдаган фирмалар жана кишилер. "Мегаком" деген компания жүз пайыз кыргыз элинин карамагына өтүшү керек.
Депутаттыкы го туура, бирок маалыматтарга караганда, негизи бул иштердин артында казактын Т. Кулибаев, А.Машкевич өңдүү олигархтары турууда, алардын түпкү максаты -Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногун толук ээлөө. Бабанов мына ошолордун арыгын чаап жатат, анын артында болсо аз эмес, көп эмес, президент Р. Отунбаеванын өзү турат дешүүдө. Анткени, Т. Кулибаевдин (президент ННдин күйөө баласы) Кыргызстанда иш жүргүзүп аткан тобунун көзүрү Отунбаеванын бир кезде ТИМде чогуу иштешкен эски досу Алмаз Чукин экендиги көп нерселерди айтып тургансыйт. Бабанов мырзанын милдети -"Мегакомду", "Кыргызтелекомду" казактардын колуна карматуу. Бул милдетти ага Минскидеги жашыруун жолугушуу учурунда Максим Бакиев (Кыргызстанда болбогону менен анын колу узун окшобойбу!) жеке өзү жүктөгөн дешет. Анткени акчалар алдынала алынып калган экен! Ал жолугушууну россиялык атайын кызматтар тасмага тартып алгандыгы туурасында маалыматтар бар. Бүгүнкү күндө казактардын колунда "0", "Бител" жана "Фонекс" деген үч оператор бар, "Мегакомдун" ириде аларга кереги деле жок, көздөгөндөрү "Кыргызтелеком!" Биздин депутаттардан А. Жапаровдон башка бирөө да "Кыргызтелекомду" сатууга болбойт деп чыркыраганы угулбайт. Парламентти өлкөнүн тагдыр чечер маселелери көп деле кызыктырбайт шекилдүү.

Машкевичтин сыры эмнеде!
Убагында Фрунзедеги катардагы ЖОЖдун катардагы мугалими болуп иштеген, алапай заман рынок башталганы, өз бизнесин Алматыдан майда-барат товар ташуудан түптөгөн А.Машкевич Кыргызстанга дайыма кымгуут убакта кызыгат да турат. Айтылуу Данчик (Д.Үсөнов) Казакстанда качып- бозуп жүргөн жылдары аны менен табыша калган да, кийин Бакиевдин заманы орногондо тымызын ээрчий келген. Адегенде Бишкек ТЭЦин сатып алгысы келип, андан айнып, кийин Кара-Кечеге жылуулук станциясын салам деп чыкты, бирок акча кошпой туруп, түшчү пайданын үлүшүнө кире калганын көргөн орус инвесторлору (бекер акчага туйтунгусу келгендер көбөйө бергенинен) бул долбоорун жыйыштырып коюшкан. Эми Машкевичтин карааны Роза Отунбаеванын тушунда дагы пайда болду. Анткени башаламан Кыргызстанда колго кармап калаар "алтын балык" дагы эле бар, болгону сууну гана ылайлатып туруу керек. Т.Кулибаев досуна Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногун да алып бермекчи, "оозун ачкан кыргыздардын" оокатын ошентип колунан жулуп кетмекчи. Эми Кыргызстандын шору көп уюлдук байланышындагы орустардын бизнесин бир жактан булар, экинчи жактан Максим талашып атыры. Кимиси жеңип чыгат, бир Кудай билбесе, эч ким билбейт. Ал эми Кыргызстандын президент баш болгон мамлекеттик бийлигичи? Муну кеп кылып да кереги жок, биринчи вице-премьериң өзү баш болуп кудуреттүү шылуундардын союлун көтөрүп жүргөн соң эмне демексиң...

Кыргызстандын Жогорку Соту бул талашка чекит коё алабы?
Убагында Акаев да, Бакиев да, эми Атамбаев да калктын 90 пайызы ишенбейт дешкен Кыргызстандын соту бул талашка 17-июнь күнү чекит коёру күтүлүүдө. Депутат Ө.Абдрахмановдун пикиринде акыйкат салтанат курушу керек. Аны сот көрсөтөр, күтө туралы…

Бахтияр Шаматов