Акылбек Жапаров, экс-министр:
"Парламентке өткөн ар бир партиянын артында отчёт берүү милдети турат"
Али бир жыл бар. Антсе да эмитеден шайлоо шарапаты уруп туру. Мен саясатчы дегендин бардыгы же партия катары катталып, али иш алып баруу, элге таанылуу аракетин көрбөгөндөрү деле бул шапаты менен шаңыраңдап жатат. Биригүү, кошулуу, саясый күч топтоо олуттуу маанайга ооду. Ал ортодо таасирдүү адамдарга кайсы бир партиялардан "жуучу" түшүүлөр да жок эмес. Кыргызстанда партиялык система али да болсо толук калыптана электигинен улам, төбөсү көрүнгөн саясый лидерлерге ык коюу күч. Ушул өңүттөн алып караганда мезгилдүү басма сөз каражаттары экономиканын ээсин таанытып, калкка кадыры алибеттүү Акылбек Жапаровду ар кайсы партияга, саясый күчтөргө "бириктирип" да жиберишүүдө. Бул маекте Акылбек Үсөнбекович партиялар, алардын орду, милдети, шайлоо механизми, анан албетте өзү туурасында азыноолак кеп курду.

-Акылбек мырза, бүгүнкү күндө саясый партиялар биригүү жолуна түшө баштады. Албетте, бул алдыдагы шайлоонун алдын ала даярдыгы деңизчи, бирок шайлоо аяктап, максаттарына жеткенден кийин ошол бириккен партиялар бир максатта биргелешип иш алып кетүүлөрү боюнча кепилдик бере алышабы?
-Эч ким кепилдик бере албасы турган кеп эмеспи. Бүгүнкү күнү деле партиялардын өзү эмес саясый жетекчилери биригүү аракетин көрүп атат десек болот. Кыргызстан боюнча шайлоо учурунда дагы, шайлоодон кийин дагы талыкпай иштеп келе жаткан 2-3 партиядан башкалары шайлоонун алдында гана жанданып, шайлоодон кийин таптакыр дымы чыкпай жок болуп кетип жатышат. Азыркы кезде шайлоонун даярдыгы катары саясий лидерлердин биринчи кадамы шайлоого чейин биригүү менен бир-биринин акылын угуп мындан ары чогуу болуу аракеттерин колдоо болуп саналат десек туура болот. Ал эми, "биригип жаткан партиялар алдыдагы шайлоого чейин чогуу жүрө алышабы?" деген суроо да жаралбай койбойт.
-Биригип жаткан партиялар бир нерсени эске албай жаткан сыңары. Дегеним, ар бир партиянын мүчөлөрү бар. Андыктан партиянын катарын толуктаган карапайым мүчөлөр биригүү жолундагы экинчи партияны жактырбаса кандай болот?
-Жогоруда айтып өткөндөй саясий лидерлер чогулалы деген ниет менен биригип жатышат. Эң кыйын делген маселе коллективде болобу, бир айылда болобу же карапайым калкта болобу, бөлүнүп алган адамдардын башын бириктирип ынтымакка чакыруу болуп саналат. Бул оңойго турган иш эмес экенин биригип жаткан партиялар сезип жатышса керек. Эгерде баары ойдогудай болсун десе талбай иштөөлөрү кажет. Негизинен эле Кыргызстанда 23 жылдан бери классикалык түрдө партиялардын өнүгүшүнө жакшы шарт болбогондугу анык. Андыктан, 2010-жылкы партиялык шайлоо толук кандуу өткөндөн кийин шайлоо механизмдерин тактоого аракет кыла баштады. Бирок так механизмдер бүгүнкү күнгө дейре жок. Саясий партиялардын ашкере көп болуп кеткендеринин негизги себептеринин бири бул туруктуу мүчөлүккө өтпөгөндүктөн улам. Республикалык деңгээлде партия деген эмне, региондордо канча туруктуу мүчөсү, партиянын саны, сапаты, шайлоого аттаныш үчүн канча убакыттык тарыхы болуш керек деген талаптары жокко эсе. Демократия деп эле мындай талаптарды койгон эмеспиз. Ошол негизден алганда он киши биригип алып эле бир партия түзүп, шайлоого катыша берсе болот, эч кандай чектөө жок. Балким бул жакшы болгондур, бирок келаткан шайлоонун тартиптерин так аныктап алсак жакшы болмок. Мурунку эле шайлоо кодекси менен шайлоо жүргүзүп жатабыз. Учурда шайлоочулардын биометрикалык маалыматын топтоп идентификация жүргүзүп жатабыз, биометрикадан өтпөй калган жарандар кандай шартта шайлоого катышат? Бул али ачыктала элек.
-Коомчулукта "Акылбек Жапаров "Кут" деген партия түздү, шайлоодо баланча түкүнчө партияга кошулат экен" деген кептер жүрүп жатат, ушуну тактай өтсөңүз?
-"Кут" деген партия 2006-жылдан бери тарых барактап келди. Азыр чет мамлекеттерден билим алып келген элүүгө жакын жаш балдар чогулуп, саясат жүргүзсөк деп белсенип турган чактары. Бул партияда шайлоого жетиштүү деңгээлде катышыш үчүн финансы каражатын, өзүнүн аброюн жана мүчөлөрүн көбөйтүп жаңы муун парламентке келсе болот беле деген ой бар. Бирок, так чечимди кабыл ала элекмин. Учурдагы президент таза шайлоо өткөрсөм деген ниети бардыгын айтууда. Эгерде президент айткан тапшырма так аткарылса элге кызмат кылуу үчүн шайлоого катышам дегендер көп. Бирок мурунку көрүнүштөр кайталанып, мүчүлүштүктөр кайталана берсе, анда шайлоого барыш керекпи, барбаш керекпи деген табигый суроо туулаары шексиз.
-Тагыраагы, кай бир партияларга кошулуу ниетиңиз барбы, сунуштар түшүп жатабы?
-Учурда бардык эле партиялар, замандаштар, мурда-кийин иштешкендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатабыз. Программаларын карап, бөлөк партиялардан эмне өзгөчөлүгү бар, кандай айырмаланып турат деп байкаштыруудабыз. Аныгында парламентке барып отуруп калыш алдыга койгон максат деле эмес. Эң алды, кийинки жыйырма жылда экономикалык жактан көз карандысыздыкка жетише алабызбы, өзүбүздүн саясий көз карандылыгыбызды алдырып жибербейбизби, 23 жылда кетирген кемчиликтерди канткенде оңдоп өлкөнүн өнүгүү стратегиясын негизги жолго буруп кете алабыз (?) деген ойлор ойлонтуп жаткан кези. Эгерде насип буйруп эл колдосо, жогорудагыдай суроолорго жооп тапканга даяр болуп калдык.
-2010-жылы учурдагы партиялар парламентке келээрде элге бир топ убадаларды беришкен. Азыркы тапта убаданын баарын коюп, 50 %ы аткарылды десек аша чапкан болобуз. Жогорудагыдай нерселер элдин ишенимин жоготуп атат десек болот. Алдыдагы шайлоодо эл мына ушундай көрүнүштөргө көңүл бурат деп ишенсек болобу?
-Парламентке өткөн ар бир партиянын артында отчёт берүү милдети турат. Эгерде отчётту канааттандыраарлык деңгээлде берсе эл кайра шайлайт, ал эми эл отчётко канааттанбай калса жаңы чыккан партияларга караганда парламенттеги партияларга кыйын. Кыйын убактар алдыда деңизчи, кайсыл жерге барба, айткан сөзүңдү так аткара албасаң шайлоочуларыңдын алдында жүзүң ак болбосу турган иш. Учурда кайсы партия убадаларын аткарып, айткандарын жасай алган болсо же кайсы убадасын аткарган жок, эмне үчүн аткара алган жок деген суроо талаптарга, гезит аркылуу болобу, эл менен жолугушкандабы, так жооп бере алган болсо, ошол партия кийинки парламентке киргенге мүмкүнчүлүк алат. Ал эми отчёт бербей туруп деле кайра шайлоого аттана берсе ал адамдын өзүнүн укугу. Биз шайлоого катышып жаткан талапкерлерге эч кандай укук талап кылбай бирдемесин иче калып, бирдемесин ала калып өзүбүздүн укугубузду баалабай, шарттабай жатып акыры кесепетин тартып калабыз. Учурда бийликтеги тажрыйбасы азыраак кызматкерлердин айынан доллар көтөрүлдү десек жаңылышпайбыз. Мунун запкысын натыйжада карапайым калк, насыя алгандар чегип атышат. Буга эл күнөөлүү эмес, иш тажрыйбасы аз өкмөт менен улуттук банктын биргелешип иштей албаганы себеп болду. Алдыбызда, "биз каякка барып кошулабыз, ким менен жан сактайбыз, Бажы биримдигине, соода алакасына кирип атканда кесепеттери кандай болот?" деген жоопсуз собол турат. Учурда эл: байлар, орто катмар, кедейлер, жакырлар болуп бөлүнүп калган. Бажы биримдиги орто катмар менен байларга жакшы болот деген үмүт менен баратабыз, ал эми кедейлер менен жакырларга "бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?" дегендей болуп атпайбы. Бул жагын да кароо керек. Биз жакшы жактарын гана белгилөө менен жаман жактарын айтуудан уялып жатабыз. "Ооруну жашырсаң өлүмгө ашкерелейт" дегендей жакырлар менен кедейлерге кантип жардам беребиз?! Ошону так айтуубуз кажет.
Амантур Мусагулов