Келерки парламенттин конфигурациясы кандай болот?
Адатта өнүккөн өлкөлөрдө ири ишкерлер, бизнесмендер, банкирлер өздөрү жактаган талапкерлерге тымызын демөөрчү болуулары мүмкүн, бирок саясатка ачык аралашпайт. Анткени, бир жагынан алар өздөрүнүн ошол чөйрөлөрдө жетишкендерине шүгүрчүлүк кылышса, экинчи жагынан, азыр Швецияда жашап жүрүп Кыргызстанга келгенине аз эле болгон белгилүү журналист Сыргак Абдылдаевдин айтымында, өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө саясат башка чөйрөлөрдө жолдору болбогондор алектенчү иш катарында эсептелет экен. Чын эле биз ушул убакка чейин дүйнөлүк ысымдары бар ишкерлердин же бизнесмендердин саясатка аралашканы тууралуу окуй да, уга да элекпиз.

"Сүттүүлөрдүн", "Капчыктардын" парады
Ал эми бизде элден же мамлекеттен тоногондору бир нече миллиондон ашкандар, өз күчтөрү менен бизнестерин буттарына тургузгандар түгүл чоңураак дүкөн же кафе ачып, аларды куруу үчүн банктардан алган кредиттеринен толук кутула албай жүргөндөрдүн деле саясатка аралашып, адегенде депутат, анан министр, мэр, вице-премьер министр болууга умтула берүүсү аш-тойлордун бири да боорсоксуз өтпөгөн сыңары улуттук өзгөчөлүгүбүздүн типтүү бир көрүнүшүнө айланып калды. Алардын көпчүлүгү саясатка аралашкандарынын себептерин өз бизнестерибизди депутат же министр болуп коргобосок, текшерүүчүлөр "шапка" талап кыла берип жүдөтүп, бийликтегилер рейдерлик жол менен тартып алып коюулары ыктымал деп түшүнүшөт. Демек, алар бир идеяга же саясый принципке негизделген максат менен эмес, байлыктарына корукчу болуу үчүн гана саясатка келишет десек жаңылышпайбыз. Алар парламентте, өкмөттө ж.б. таасирдүү жерлерде "өз короолоруна" башка алкымдары чоңдорду, рейдерлерди жакындатпоо үчүн короо каракчысынын ролун гана аткарып отурушат десек да туура болчудай. Алар кез-кез трибуналарга, ЖМКларга чыга калышып, бир нерселерди айтымыш болгондору менен чын-чынына келгенде аларды мыйзамдар деле, талкуулар деле, социалдык-экономикалык маселелер деле, өлкөдөгү көйгөйлөр деле кызыктырбайт. Алардан эч качан жакшы депутат же жакшы министр чыкпайт, аны саясый партиялардын жетекчилери түгүл бешиктен жаңы чыккандар деле билишет, алар биздин шартта саясый партиялардын жетекчилери үчүн саан уйлардын, капчыктардын милдеттерин гана аткарышат. Анткени, саясат дегениң жолдорду, көпүрөлөрдү кургандай эле чыгымдуу иш, эч ким бекер үгүтчү же эсепчи болуп бербейт, анын үстүнө шайлоочулардын бир бөлүгү өз добуштарын пулдаганга да көнүп алышкан. Мындай шартта арттарында капчыктуулары болбосо, азыр харизмалуулар деле суурулуп чыга алышпайт.
Бул жагынан алганда, азыркы парламентте отургандардын басымдуу көпчүлүгү саясый, экономикалык идеялары же харизмалык сапаттары аркылуу өзгөчөлөнгөндөр эмес, жеңишке жеткен партияларды "майлуу сүткө" карк кылгандары үчүн мандат алышкандар. Ошон үчүн парламенттегилердин көпчүлүгүнүн саясый, укуктук макамдары жогору болгон менен эл ичинде реалдуу абройлору, саясый салмактары жокко эсе. Электораттагылар аларга саясатчылар катарында эмес, бирөөлөрдүн "сүттүү саан уйлары", кадырлуу капчыктары катарында гана карашат.
Капчыктуулар кайра талашка түшөөрдө...
Азыр Кыргызстандагы каттоодон өткөн саясый партиялардын сандары 200дөн ашык. Алардын жетекчилеринин бардыгынын кыялдарында парламенттик шайлоого катышып, бакыйган фракциялардан болсок деген үмүттөрү бар. Бирок, "аты улук, супарасы курук" дегендей, алардын 90 %дан ашыгынын аттары эле бар, ишенимдүү социалдык базалары, туруктуу мүчөлөрү түгүл "саясый бюродогулары" кез-кез чогулуп турганга офистери, чакырыктарды, токтомдорду басканга уюштуруу техникалары, айрымдарынын арыз жазганга тутам кагаздары деле жок. Аларды акыл-эси ордунда турган эч бир жан партия катарында деле эсептебейт. Бирок, калган 20дан ашык партиянын эгерде чындап чымырканышса, алдыдагы парламенттик шайлоого катышканга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар - азыркы парламенттеги беш партия, анан "Бир Бол", "Замандаш", "Эмгек", "Улуттар биримдиги", "Бүтүн Кыргызстан", "Өнүгүү", "Ак Шумкар" деген сыяктуу партиялар. Анткени, булардын айрымдарынын аздыр-көптүр туруктуу электораттары бар, дээрлик бардыгынын арттарында ар кандай көлөмдөрдөгү капчыктуулар турушат. "Ата Журт-Республика", "Эмгек", "Бир Бол" партияларынын капчыктарынын калыңдыгы күркөлөрдүн көлөмүндөй болсо, калгандарыныкы шифоньер, шкафтардан калышпайт. Бирок, "кул да жейм дейт куйрукту, бирок кудай билет буйрукту", "жүгүргөн эмес, буйруган алат" дегендей, аламан жарышка катышуу жана жыйнагандарды оңду-солду чачуу менен босоголук чектен өтүп, байгеге ээ болуу эки башка нерсе экендигин ачык айталы. Жыйынтыктар дайыма эле партиялардын чачкандарына жараша да боло бербейт. Репутациялары булганып, элди жадатып бүткөндөр канча чачышса деле аутсайдерлердин арасында калуулары мүмкүн.
Биз мурдагы макалаларыбыздын биринде азыркы парламенттеги КСДПдан башка партиялардын бардыгы өз мөөнөттөрүнүн аягына саясый уюштуруу, финансылык жана моралдык жактардан толук банкроттук абалда чыгып жатышкандыгын жазсак, бул жерде да ал жыйынтыкты кайталайбыз. Анткени, "Ата Журт" менен "Республика" сөздүн толук маанисинде чачылып, бир партияга бириккенде деле мурдагыларынын жармысын араң жыйнашты. Аларга өткөн парламенттик шайлоодо капчык болуп, чачпактарын көтөрүшкөн күркүлдөрдүн азыр жармысы да калган жок. "Ар-намыс" партиясы тууралуу сөздүн толук маанисинде так кесе айта турган болсок булар таркап кетти. Аларды өткөн шайлоодо Россия тарап финансылык жактан колдосо, бул жолу банкроттукка учурагандарга Кремлдин көңүл буруусу кыйын. Анын үстүнө А.Атамбаев жетектеген КСДПчылар пророссиялык саясат жүргүзүп жатканда алар Нифадьевдин бирикмесине эле анча-мынча жем ташташпаса, башка партияларга оңой менен чындап ыклас кылышпайт. Кремль моралдык, зарыл деп тапса, каржылык жактан Кыргызстанды Бажы шериктештигине киргизген партияны колдой тургандыгын бөркүңүздөй көрсөңүз болот. Анын үстүнө мурдагы парламенттик шайлоодо Россиянын өкмөтү профициттеги акчаларын кайда жумшоону билбей турушса, азыр рецессияга туш болуп, өздөрү Кытайдан жардам сурап жаткандыгын ММКлар байма-бай айтышууда. Бул да Кыргызстандагы айрым партияларды колдоого терс таасирин тийгизбей койбойт. Дагы бир революция эле болуп кетпесе "Ата Мекен" партиясынын финансылык жактан өзүнө келүүсү абдан кыйын. Алардын катарларында экстраваганттуу адамдардан башка репутациялары таза таасирлүү саясатчылар деле калбай баратат.
Ушул өңүттөрдөн алганда эгерде "Ата Журт" менен "Республикадай" биригишпесе же жаңы таасирдүү, капчыктуу өнөктөштөрдү табышпаса, "Ата Мекен" менен "Ар-намыстын" келечектери өтө эле бүдөмүктөнүп калгандыгы айныксыз. Парламенттеги аталган 4 партияга салыштырганда азыр жаңыдан түзүлгөн менен арттарында тажрыйбалуу күркүлдөр турган айрым жаңы партиялардын шанстары күндөн күнгө жогорулап бараткандыгы байкалып калды.
Мамлекет башчысынын мыйзам ченемдүү реакциясы
Мамлекет башчысы А.Атамбаев өлкөдөгү парламенттик шайлоонун алдындагы мына ушундай жагдайды ар тараптан тастыктап чыгып, реалдуу саясый абалды таразалагандан кийин гана Коопсуздук кеңешинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандагы партияларды биригишүүгө, ирилешүүгө чакырды. Аны айрымдар Боршайкомго, жергиликтүү мамлекеттик органдарга наказ катарында кабыл алышып, президент парламенттин келерки курамынан 3-4төн ашык партиянын болушун көргүсү келбей жатат деп чуу салышууда. Биздин оюбузча, ал наказ да, заказ да эмес, реалдуу жагдайга негизделген прагматикалык көз караш. Анткени, биринчиден, парламентте канчалык фракция көп болсо, тартип азайып, өкмөт, өлкөдөгү саясый кырдаал ошончолук туруксуз, Жогорку Кеңештин иши ошончолук жөндөмсүз, сапатсыз боло тургандыгын турмушубуз көрсөттү. Азыр залда 15-20 депутат отуруп алып эле мыйзамдарды, чечимдерди кабыл ала берүүсү көндүм көрүнүшкө айланып калды. Экинчиден, президент айтса, айтпаса деле парламенттик аламан байгеге канча партия кошулбасын экөө-үчөөсүнөн, ашып кетсе үчөө-төртөөсүнөн ашыгы босоголук чектен өтө албайт. Дээрлик басымдуу көпчүлүгү салт болуп калгандай, 0,5-3 пайызды чапчып жыгылганы турушат. Анан ири чыгашаларына ичтери ачышкандар административдик ресурстар, бурмалоолор, революциялар жөнүндө кыйкырып чыгышат. Антип "ээри түгүл аттан жок калып" жер сабагандан көрө бириккен, ирилешкен жакшы. Кимдер биригишсе, ошолордун шанстары өйдөлөйт.
Өткөн парламенттик шайлоодо административдик ресурстар дээрлик колдонулган жок. Аны сырткы, ички байкоочулар да таанышкан. Анткени, бардыгы "временшиктердин" макамдарында болушкандыктан реалдуу бийлиги, күчү бар администратор деле болгон эмес. Бул жолку жагдай башкачараак. Эмне дебейли, эки тизгин , бир чылбыр КСДПчылардын ишенимдүү колунда. Эл аралык кырдаал да алардын пайдасына ооп турат. Бул жагынан алганда, келерки жылга чейин адаттан тышкаркы окуя эле болуп кетпесе КСДПчылар эч кандай маселесиз босоголук чектен өтүшөт. Болгондо да азыркыдай 25 мандат менен эмес, болжолдо 40-50дөн кем эмес мандат менен өтүшөт. Эгерде административдик ресурстар колдонулуп, жергиликтүү бийликтегилер чындап жүгүрө турган болушса, андан да ашып, парламентте көпчүлүккө жетишүүлөрү да ыктымал. Ошону сезгенден улам башка партиялардан качкан капчыктуулардын көпчүлүгү тымызындан КСДПчылар менен тил табышып, алардын тизмесинде алдыңкы орундардын бирине ээ болуу үчүн аракет кылышууда. Ал эми калган алдыңкы ондуктагы партиялардын шанстары бирдей. Алар үчүн босоголук 5 пайыздык чекти багындыруу аябагандай эле татаал болорунан шек санабайлы.
Аман Иманалиев