Элиза Орозова, ырчы:
"Убакыт-сааты келип калды, колумду сурай турган адам болсо турмушка чыгууга даярмын"
"Жан дүйнөнү жакшы ыр жашартат" демекчи, чыгармачылык казанына жаңы аралаша баштаган жаш ырчы Элиза Орозова биздин "Ай чырай" рубрикабыздын коногу болду.


-Элиза айым,акыркы учурларда чыгармачылык дүйнөсүнөн алыстагандайсыз, күйөрмандарыңыз үчүн жагымдуу жаңылыктарга байысаңыз керек?
-Ооба, күйөрмандарыма жагымдуу чыгармаларды тартуулоо үчүн чуркап жүрөм. Учурда "Насыйкат" аттуу ырды жаздырып ага клип тарттыруу аракетиндемин. Ал эми чыгармачылыктан мен эч алыстабасам керек. Себеби, балачагымда биздин үйгө чыгармачыл адамдар конокко көп келгендиктенби, айтор, жаныма абдан жакын болуп, мени менен бирге чоңойду. Кичине кезимде ырчы болом деп деле айтчу эмесмин. Кийин эрезеге жеткенде гана ырга жакын экенимди үй-бүлөмө айтып, ушул жолду тандаарымды билдиргем. Бирок алгач ата-энем каршы болуп, кийин макул болушту. Ошентип 2007-жылдан тартып эле чыгармачылык деген дүйнөнүн ичине сүңгүп кирип калдым, эми ал жактан алыстоо оңойго турбайт.
-Адамда 10 пайыз талант болсо 90 пайыз эмгек керек деген туурабы?
-Албетте, чыгар­ма­чы­лык чоң эмгекти талап кылат. Алгач ырчыда талант менен бирге адамды өзүнө тарта турган харизма болушу шарт. Себеби, талантты мына ошол харизма ачат. Ырчылардын арасында чындыгында таланттуулары бар, бирок чыгармаларында адамды тарта турган харизма жоктору да кездешет. Ошол эле учурда айрымдарында мына ушул эки нерсени кездештирүүгө болот. Ал эми өзүмө келсем, жогоруда айтып өткөн эрежелерди колдон келишинче аткарууга аракет кылам. Кандай болгон учурда ар бир ырчынын өзүнүн аудиториясы бар, демек, ийгиликтин сыры бул ар бир адамдын өз колунда, болгону анын жолун табуу абзел.
-"Ар бир адамдын жеке жашоосу ажайып дүйнө" дешет акылмандар, сиздин ошол дүйнөңүз тууралуу билсек?
-Негизи түбүм Токтогул районунан, бирок Орусиянын Красноярск аймагында төрөлүп, ошол жерде өскөм. Үч бир туугандын улуусумун, менден кийин иним жана сиңдим бар, ата-энем тилекке каршы эки бөлөк жашашат. Ал эми өзүм турмушка чыга элекмин. Бирок убакыт-сааты келип калды, колумду сурай турган адам болсо турмуш курууга даярмын.
-Учурдагы шоу бизнесте "плагиат" деген өнөкөт күч, сиздин репертуарыңыз бул жаатта кандай?
-"Плагиатка" караманча каршымын, бирок эски ырларды жаңыртып коюуга түз караштамын. Жеке менин репертуарымда "плагиат" деген нерсе жок, мен муну ишенимдүү айта алам. Бирок эски ырларды кайра жандандырып ырдаган ырлар бар. Эски ырларга кайра жан киргизүү менин оюмча жакшы эле деп ойлойм.
Ардакбек Каныбек уулу