Исхак Масалиев, "Кыргызстан коммунисттеринин" партиясынын лидери:
"келээрки Парламентке анык "каралар" жана "сакалчандар" келип
калышы толук мүмкүн"

Кыргызстанда коммунисттик идеология 70 жыл үстөмдүк кылып турду. Ал идеология менен жашаган жылдары чындыгында бардарчылык заман болгон деп айрым улуу муундун өкүлдөрү айтып калышат. Бирок, түбөлүктүү эч нерсе болбогон сыяктуу эле кулагыс СССР кулаганда коммунисттик партиялар дагы бийликтен кулап, Кыргызстанда жана айрым өлкөлөрдө тыюу салынып калды. Бирок, бир аз убакыттан кийин кайра жанданып эски коммунисттер жана ал идеяга сугарылган адамдар биригишкен. Азыркы учурда деле алардын саны бир канча. Алардын башын бириктирген "Кыргызстан коммунисттеринин" партиясынын лидери Исхак Апсаматович менен акыркы учурдагы саясий кырдаал тууралуу маектештик.


-Саясат майданында анча көрүнбөй кеттиңиз, эмне менен алектенип жатасыз?
-Туура, саясатта активдүүлүгүм азайды. Бирок, коомдук иштеримди токтото элекмин. Көпчүлүк убактымды үй-бүлөм жана дыйканчылык менен өткөрүүдөмүн. Тактап айтканда, 3-4 жылдан бери балык чарбачылыгы менен алектенип жатам. Балык чарбачылыгын эс алуу катары дагы, кирешелүү булак катары дагы колдоном. Атам дагы ишкерликке шыгы жок болчу, менин деле кирешелүү бир ишкана ачып жиберүү анча колумдан келбеди. Көлдүн жээгинде балыктарды дарылап, тамак берип иш алып баруу адамдын ден соолугуна пайдалуу экен. Стресстен арылып, ушак-айыңдан оолак болосуң. Союз убагында Бишкек шаарынын тургундары 1,5 миң тонна балык керектечү, анын 400 тоннасын гана араң өзүбүз өндүрчүбүз. Европадагы деңиздерден келген балыктардын сапаты жакшы болгону менен алар тирүү келбейт, бир канча жолу муздатылып чыныгы сапатын жоготуп коёт. Мал чарбачылыгына салыштырмалуу балыкчылык жеңил жана кирешелүү иш болуп калууда. Анткени, 10 бука алып багып жатып бирөөнү өлтүрүп алсаң кирешең жок болуп калышы мүмкүн. Экинчиден, азыр мал оорулары көбөйдү, тоют камдоо абдан чоң маселе бойдон калууда. Ал эми балыкты дарылап, учурунда тамагын берип турсаң жакшы киреше берет экен. Мисалы, быйыл 30 гектарга арпа айдап 60 тоннадан кем эмес түшүм күтүп жатып 15 тонна алып калдым, бул дагы абдан опурталдуу. Кургакчыл жыл болбодубу.
-Кыргызстанда ишкерлик кылуу мүмкүнчүлүгү коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу канчалык жогору?
-Бизде айылдагы ишкерликке эркиндик жакшы эле берилген. Мисалы, эң бийик жер салыгы Чүй облусунда бир гектарына 400 сом. Дыйкандар үчүн абдан ыңгайлуу баа. Дыйканчылык үчүн дагы жеңилдиктер берилгени менен келечеги жок, жердин баарын башаламандык менен менчиктерге берип салдык, бардык жарандарга тең берилген эмес. Мисалы, чөптүн баасы көтөрүлсө, дыйкандар баары беде айдайт. Анан бир маалда сууга муктаж болуп калып, суу жетпей түшүм аз болуп калып жатат. Эгемендүүлүк алганга чейин бардыгы пландуу ишке ашырылчу, кайсыл жерде эмнени эгиш керек, кандай жер семирткич салыш, качан суугарыш, кимге сатыш - баары алдын ала эсептелген. Ошондуктан келечек бир гана ири дыйкан чарбаларда бар. Жер иштеткен жарандар баш кошуш керек.
-Бажы биримдигине киребиз деп турабыз. Кире турган болсок даярданышыбыз керек болчу дегендер дагы бар. Чын эле даяр эмеспизби?
-Бажы биримдигине кирбей туруп даяр боло албайбыз. Албетте, ал биримдикти бир жактуу жакшы деп айта албайм, терс жагы дагы, оң жагы дагы бар. Биз канча бир жылдан бери орус туугандар менен кошуна болуп, бир болуп жашап калдык, бири-бирибиздин тилибизди дагы түшүнөбүз. Мен үчүн маселе жок, бир миллионго жакын кыргызстандыктар Россияда, Казакстанда эмгектенип жүрөт, аларды да эске алыш керек. Сөздүн кыскасы, биримдиктен башка жолду көрбөймүн.
-"Кыргызстан коммунисттеринин" партиясы шайлоого кандай даярдыкта?
-Коммунисттердин партиясы идеологиялык жактан азыркы Кыргызстандагы 180ден ашуун партиядан айырмаланып турат. Көпчүлүк партиялар бир кишинин, үй-бүлөнүн же саясий топтун менчиги болсо биздин партия коммунисттик идеологияны тутунган адамдардыкы, ошондуктан мен жеке чечим чыгаралбайм. Кайсыл бир саясий топко кошулуу жөнүндө сөз жок. Мен 2000, 2005 жана 2007-жылдары парламенттик шайлоого катышкам, ийгиликтүү өтүп Жогорку Кеңешке келгенбиз. Бирок, алдыдагы келаткан парламенттик шайлоо катуу атаандаштык менен өтөт, акча эсепсиз жайылат. АКШ, Орусия, Казакстан сыяктуу сырткы күчтөр шайлоого тымызын санаалаш партияларына жардам берет, бул жашыруун деле эмес. Анткени, Кыргызстан дүйнөлүк геосаясатта абдан ыңгайлуу жерде орун алган. Чындыгында, Кыргызстанда шайлоого элдин 30 пайызы эле катышат, ошолордун арасында талаш-тартыш, акча таратуу болот. Ал эми административдик ресурс колдонулбай калышы бизде мүмкүн эмес. Бийликтин жогорку жагындагылар ресурсту колдонбоого аракет кылган күнү да майда чиновниктер, айыл өкмөтүнөн баштап министрлерге чейин бийликке жагынуунун бир айласы катары өз аймагынан көп добуш алып берүү максатында кызмат абалынан кыянаттык менен колдонот. Экинчиден, азыр: "Исхак, сен идеологияңды, программаңды коё тур, мага бир кап ун бер, мен сага добуш берем", -деген шайлоочулар аз эмес. Жаңы олигархтар шайлоодо акчаларын аянбастан чачышат. Айрыкча жаштар арасында идеологиялык күрөш деген жок, кимдин капчыгы калың, унаасы кымбат, костюму кооз болсо ошолор менен иштешип кете беришет. Комиссиянын добушту саноо, анын жыйынтыгын чыгаруу маселеси дагы ойлондурат, эгер алар туура эмес чечим чыгарса бул коомдогу башаламандыкка алып келиши мүмкүн. 2005-жылдагы бийлик алмашууга, эмне себеп болгону баарыбызга белгилүү!
-Шайлоо кодексине айрым өзгөртүүлөр киргизилип, аймактык тизме менен шайлоо өткөрүү сунушу көтөрүлдү. Сиз буга кошуласызбы?
-Бул мыйзам долбоору жөн жерден көтөрүлбөсө керек. Партиянын тизмесине ар кандай адамдар кирип кетет экен, азыркы парламенттик фракцияларда көрүп жатабыз. Бирок бул нерсе партиянын ички иши, аны элге оодарып салбай, партия таза адамдарды тизмеге кошсун. Азыр аймактык тизме менен шайлоо өткөрө турган болсок анда парламентке эмне деген гана шумдуктуу адамдар келбейт. Мисалы, Ысык-Көлгө барсаң Рыспек Акматбаевди пир туткандар бар. Жаш балдар мен Абсамат Масалиевдей, Турдакун Усубалиевдей же Чыңгыз Айтматовдой болом дебестен Рыспек Акматбаевдей болом деп кыялданып жатышпайбы. Азыр шайлоонун таза өтүшүнө кызыкдар болгондор аз болгондугуна, саясатчылар ортосунда талашка байланыштуу криминалдар, радикалдык диний өкүлдөр активдешет. Ар бир аймактагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү ар бир аймакка өзүнүн баласын талапкер кылып туруп, жаштарды ураан менен, комиссия мүчөлөрүн коркутуу менен шайлоонун жыйынтыгын бурмалашканга аракет жасайт. Натыйжасында келээрки парламентке анык "каралар" жана "сакалчандар" келип калышы толук мүмкүн. Бул абдан коркунучтуу. Аймактык тизмеге өтүү тууралуу мыйзам Кыргызстанды аймак-аймакка бөлүп алышы толук мүмкүнчүлүк берет деп эсептейм, ансыз деле бөлүнүп кеттик. Учурдагы шартка байланыштуу бизге мындай өзгөртүүлөр эрте деп ойлом. Балким, 15-20 жылдан кийин кайтып келебиз бул маселеге.
-Бизге сырткы күчтөр дагы кийлигишип жатканын билебиз. Чынын айтсак Батыш менен Орусиянын кимисинин кийлигишүүсү күчтүү?
-Коммунисттер үчүн АКШ илгертен эле "кызыл тряпка" сыяктуу эле. Себеби, ал өлкөнүн башкармалыгынын идеологиясы бизге түшүнүктүү - дүйнөнү көзөмөл кылуу, өзүнүн тартибин орноштуруу. Мезгилинде 6 миллион индеецтер жашаган өлкөгө бардык жерден ар кандай адамдар жыйналып мамлекет түзүшкөн. Анын ичинде качкындар, бандиттер, алтын издегендер бар эле. Азыр 400 миң индеец калыптыр. Убакыт өткөн сайын көбөйбөстөн кайра азайып жатпайбы. Эми ошол кишилердин неберелери бизге акыл үйрөтүп жатат. АКШда учурда 13 штатында адамды өлүм жазасына тартуу бар, жөн эле атып салуу эмес, электр отургучуна отургузуп кадимкидей кууруп өлтүрөт. Ошол эле Нью-Йоркто митинг өткөрсөң күч колдонуу жолу менен сени жок кылат. Анан муну демократия бар деп айталабызбы? Төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин чектелген коомдо жашашат. Сыртка барып алышып башаламандык деген демократияны үйрөтүшөт. Ошондуктан Америка кошмо штаттарды үлгү деп эсептебейм, биздин өзүбүздүн башка жолубуз бар. Мына, Сорос деген чоң филантроп келиптир. Ал эмне максат менен, кандай маселе чечкени, кимге жардам бергени келди? Бул суроолорго жоопту билишибиз керек. Орусия-Украина тирешинен кийин АКШ Борбордук Азияга көңүл бурганы анык. Америка албетте аралашат! Ал эми Орусиянын жолу, тарыхы, керек болсо аң-сезими бизге жакын. Экономика биздин кен байлыктарына ылайыкташкан, бири-бирибизди түшүнөбүз. Дагы эмне керек?
Ошодой эле кытай эли менен чегарабыз бир, бүгүнкү экономикабыз тыгыз байланыш. Миңдеген кытайлар Кыргызстанда иштеп жүрөт, миңдеген кыргыз Кытайда окууда. Ким бирөөгө жагабы-жакпайбы, ал башка маселе. Чындыгында башка өлкөлөр биздин шайлоолорго аралашпаса жакшы болот эле, бирок андай болбойт, сөзсүз аралашат!
Жакшылык Бердибек уулу