// Кыргыз милициясынын 90 жылдыгына карата
Коңгуроо эмне деп кагат?..
Ырас, ушу күндөрү эгемен мамлекетибиз чейрек кылымдык убакытты өз башынан өткөрүп жатса да али телчигип кете элек. Мамлекетибиздин кайсы тармагын албайлы заман талабына шайкеш реформага мукурап турат. Мунун ичинде биринчи саптагылардын катарында ИИМ тармагы да бар. Ооба, милиция тармагынын чиеленишкен маселелери оголе арбын. Аны айта берүүнүн деле анчалык кажети жоктой. Бир гана бул маселелердин үстүндө натыйжалуу жана тынымсыз иш алып баруу зарыл экени анык. Бирок, кантип, кандайча(?) өңдүү жөргөмүш желесиндей торун жайган соболдор чырмооктой чырмайт.

Арийне, милиция тармагы реформага муктаж экенин, болгондо да өтө ыкчам, кескин реформаланышы керектигин мезгил да, турмушубузда орун алып жаткан окуялар да тастыктап, талап кылып, коом коңгуроосу да так ушуну тынымсыз кагып турат. Адегенде эле биздин коомдогу жоопсуз биринчи собол бар "Милициянын милдети кайсы, эмне?" деген. Ооба, формалдуу өңүтүнөн алып караганда, бул соболумду бир эсе "жинди собол" десеңер да болот. "Ой, милициянын милдетин билбеген сен кайсы каңгы башсың, милиция дегендин милдети жазылган канча мыйзам, эреже, китеп, ж.б. жол-жоболор толуп жатпайбы" деп сөөмөй кезечүлөр четтен чыгаар. Туура, жогоруда саналгандын баары бар. Жазылган, басылган дегендей… Кеп, "алар канчалык деңгээлде иш жүзүндө туура келет, же аткарылат, кыскасы, бүгүнкү күнүбүзгө, коом агымына үндөшө алат?"-деген маселеге барып такалат. Дегеним, ошол жазылгандарда милициянын милдети миңдеп саналат. …Көчөдө мушташ чыкса да милиция, эрди катын урушса да милиция, эки окуучу бирин-бири сабаса да милиция, бирөөнү ит капса да милиция, бирөөнүн мышыгы жоголсо да милиция, машинелери коюшса да милиция, акыр аягы оппозиция-бийлик болуп тирешсе да милиция, кыскасы, жутуп аткан абасын гана үйлөп бербегени болбосо, калгандын баарын милициянын милдети катары карамай коомубузда кадыресе адатка айланды.
Бирок, ошол болгон-толгон милдетти моюнуна илип алып, ал ошол жазылган эреже-нормасынан он эселеп ашып кеткенине да карабай милдетин аткарып жаткан милициянын шартын, абалын, укугун ойлонуучу убакыт эбак сапарын карытып келатса да көңүл бурулбаганы адамды таң калтырбай койбойт. Көңүл бурганды кой, тескерисинче, аларга карата ылайык, да ылайык эмес да сөздөрдү каалаган жеринде каалагандай сүйлөгөндөр жаныңды күйгүзөт! (Башканы айтпайын журналистика коомчулугу качан болсун аталган тармактын терс жагын гана чукуп, жарасын сыйрып, аёосуз тепкиге алып келе жатканы жалган эмес. Ал эми журналистика деген коомдогу пикирди, маанайды, аба-ырайды түзө турган эң негизги каражат, курал экени белгилүү. Андыктан ИИМ тармагына болгон коомчулуктун ишеними да, урмат-сыйы да, же тескерисинче, ишенбөөчүлүк, терс көз карашы да кайсы бир деңгээлде түздөн түз ММКлардан көз каранды эмеспи).
Реформа деп айта берип, коомчулук бул сөздү уккусу деле келбей калды. Ошентсе да милиция тармагында реформа ишке ашышы мүмкүнбү? Кептин ток этээри эле ушул. "Милицияда канткенде реформа болот?" деп ким болсо да айтып келет. Реформаны жомокко айлантып жиберип, атургай анын ишке ашышына ишенбөөчүлүктү жараткандар да катарыбызда жок эмес.
Аныгында, реформаны ар ким ар кандай түшүнүп жатышат. Арийне, реформаны адегенде милициянын төмөнкү баскычтарынан, бөлүктөрүнөн баштоо негизги кадам боло алат. Акыйкатында милицияны реформалоого кеңири, өлчөөсүз суммадагы финансы каражаты талап кылынаары анык, антпесе реформа тууралуу сөз кылбай эле коюш керек. Реформа деп эле айта берүүгө караганда "аны кантип ишке ашыруу керек?" деген талдоого баш оорутсак кыйла натыйжалуу болмок.
Андыктан бүгүнкү сөзүбүздө ошол талдоонун алгачкысына жооп издеп көрөлү.
Ички иштер органдарындагы реформанын башаты "социалдык пакет" экени айныксыз факт. Дегеле кай тармакта болсун "соцпакет" эң негизги маанилүү фактор болуп саналат. Бирок, тилекке каршы бул багыт боюнча бизде чечиле турган маселелер али алдыда. Азырынча бул маселе алынбаган чеп, же бузулбаган дың боюнча экенин тана албайбыз. Учурда бул маселенин ишке ашышын миңдеген ИИМ кызматкерлери күтүп жатышат. Себеби, мунун ишке ашышы ИИМ системасындагы реформалык аракеттердин баштоочу дагы, атургай жыйынтыктоочу дагы, өтө маанилүү этабы болоору шексиз. Себеби, бул этапта форма кийип жүргөн бардык милиция кызматкерлеринин көйгөйлөрү чечилиш керек. "Айлыгы канча болот, үй-бүлөсүн камсыздоого, турак-жай алууга мүмкүнчүлүктөрү жетеби, мамлекет тарабынан айкыныраак кандай жеңилдиктер берилет, медициналык камсыздоолор кандай болот, пенсияга чыкканда кандай кепилдиктерге ээ боло алышат, нормасынан ашыкча иштегендиги үчүн кандай колдоолор болот?" деген маанилүү суроолордун бардыгы кескин чечилиши керек. Мыйзам түрүндө бекитилиши керек. Ушунда гана ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери ар тараптуу колдоого алынат. Ушунун натыйжасында коррупциялык көрүнүштөр өзүнөн өзү эле жокко учурай баштайт. Ар бир кызматкер өз кызмат ордун баалайт, сыйлайт жана ага көздүн карегиндей мамиле кылат. Себеби, ушул жолго түшкөнүбүздө гана мамлекет ИИМ кызматкеринин иштөөсү үчүн бардык шартты түзүп берген болот. Мындан сырткары кызмат учурунда кылмыштуулук менен күрөшүүдө курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө да чоң колдоолор керек. Аныгында, кызмат үстүндө курман болгон кызматкерлерге мамлекеттик ар кандай сыйлык, ордендер эмес, анын артында калган үй-бүлөсүнө социалдык коргоо, камсыздоо зарыл. Муну жакынкы күндөрү эле ИИМге министр болуп келген Мелис Турганбаев да өз сөзүндө айтып өттү. Министр: "Учурда ИИМ кызматкерлеринин 70 %ынын турак жайы жок"- деди. Ооба, бул чындык. Муну тана албайбыз. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" деген кеп бар. Анын сыңары, "Ой, биз жыргал турмуш, кемчиликсиз камсыздоодобуз" дей берсек акыры аңга түшөөрүбүз да ажеп эмес.
Адегенде милиция кызматкерлерин социалдык жактан коргоону колго алып, айлык-маянаны көтөрүп, материалдык техникалык жабдууларын чыңдап, алардын билим деңгээлин, күжүрмөн даярдыгын күчөтүп жана бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбесек дале да болсо реформа чоорун тарта беребиз.
Айрым, жумурткадан кыр издегендер үчүн бул менин айтып жаткандарым, ИИМ кызматкерлерине майкөл-сүткөлдү түзүп берип коюп эле олтура берели деген ураандай сезилээр. Мамлекетибиз өчөйүп олтурганда каяктагы өтүрүктү айтасың деп да чыгышаар. Бирок, биз милицияны полиция, же көк форманы сары, кара формага алмаштырсак эле, фуражка эмес, кепка кийип калса эле реформа деп түшүнүүнүн эйфориясынан эбак өттүк десек болот. Биздин бейөкмөт уюмдар, же "интердевочкалар" ("интербабушкалар" деп да айтылып жүрөт) кыйкырып чыга калчы "мамлекеттеги стабилдүүлүк, коопсуз шаар, бейгам өлкө" болушубуз үчүн адегенде коомдук тартип керек. А коомдук тартипти ким камсыздайт? Албетте милиция! Демек ток этээрине келсек, үй-бүлөсү ачка олтурган, күнүмдүк маселеси чечилбеген милиция коомдук тартипти кантип ойлонот? Коомдук тартип деген ИИМ кызматкерине эле эмес, коомдо жашаган сизге, мага тиешелүү. Жалгыз милицияга бардыгын жүктөп коюу акылга сыйбаган иш.
Ырас, айтчулар чыгаар: "Азыр милиция тармагын коё туруп экономиканы, социалдык абалды оңдоп алалычы, ошондо эле милиция өзүнөн өзү оңолот", же "милиция тармагы коррупцияланган, криминалдашкан, айрым кызмат орундарда атайын адистер эмес, туугандашкан, кландашкан" деп. Собол бар. Биз бүгүн кандай өлкөдө, кандай коомдо жашап жатабыз? Биз криминалдашкан, мыйзамды эмес, көбүнесе тааныш-билиш, пул маселесин биринчи орунда көргөн, "эркин, демократиялуу аң сезимде жашаган өлкөбүз" деген менен аң сезимибиз аны али кабыл алууга даярдыгы жете элек, ар ким өз укугун, милдетин бир кайрылып карап алуудан эринген коомдо жашап жатабыз. Мындай коомду иретке келтирип, тартибин көзөмөлдөп туруучу милиция органы көктөн түшкөн жок. Ал дагы ушул эле коомдун бир тармагы. Андыктан ага сын айтуудан мурда биз аны кантип, кандай жолдор менен оңдоого идея, сунуш айтсак туура болмок. Ырас айтылгандай бардыгы шайма-шай келген милиция тармагын түзүү үчүн биринчиден идея, сунуш, сын эле эмес, ошол талаптагы мыкты кадр керек. Ал эми мыкты кадрга мыкты каражат төлөнүшү керек. Мындай каражатты азыр өлкө милиция тармагына бөлүп бере албайт. Бирок, ошентсе да коомдук тартипти, өлкөнүн ички абалын көзөмөлдөп туруу зарылчылыгы бар.
Жалпылап айта турган болсок, милициянын милдети, даярдыгы, деңгээли тууралуу кеп кылуунун да, талкуунун да учуру эмес. Эгер бул тармакты чындап оңдоо тилегибиз бар болсо, анда биринчиден, милициянын милдетин талап кылбай, анын шартын, укугун, жашоо муктаждыгын чечүү зарыл. Болбосо сүт эмизген балача алты айда бир жолу "айлык көтөрдүк" урааны менен алты жүз сомдон кошуп коюп, он миң сомго жетпеген айлык менен милициянын милдетин төөнүн жүгүнөн оордото берүү кырдаалдан чыгуунун жолу эмес.
Реформанын өзөгү жогоруда айтылгандарда.
Кубаныч Зайнидинов