Феликс Кулов, ЖК депутаты, "Ар-намыс" партиясынын лидери:
"Мен сунуш гана айттым, калганын эл өзү чечиши керек"
"Ар-намыс" партиясынын лидери, темир генерал Феликс Кулов акыркы күндөрү активдешип баратат. Ооба, мамлекеттин атын өзгөртүү, диний көз караш, партиясынын кадрлары туурасында кескин кадамдары бир эсе элди таң калтырууда. Бул да шайлоонун шарапатыбы деп бүшүркөгөндөр четтен табылат. Өзүнөн сурап көрөлү дедик.

-Феликс Шаршенбаевич, жакынкы күндөрү өлкөнүн аталышын "Республика кыргыз же Кыргыз эл мамлекети" деп өзгөртүү туурасында идея көтөрүп чыктыңыз. Мындан биз эмне утуштарга ээ болобуз?
-Бул демилге биздин балдардын демилгеси. Тагыраагы, "Ар-намыс" партиясынын жаштар канатынын (молодежное крыло) демилгеси. Алар мага келип, ушул идеяны айтышты. Мен балдарга: "Эмне үчүн өзүңөр бул сунушту коомчулукка алып чыкпайсыңар?" - десем, балдар: "Биз айтсак резонанс болбойт, сиз айтсаңыз резонанс жаратып, көңүл бурулуп, жарнама күчтүү болот" - дешти. Ошентип идеяны көтөрүүнү мен мойнума алып, айтып чыктым. Ооба, саясатчы катары мен жакшы билем. Бизде азыр көп партия бар. Ар бир партия азыр шайлоого даярдык көрүүдө. Ошондуктан дароо "Куловдун реклама, пиар-миарлары башталды" деген сөздөр чыгууда. Ким эмне десе да бул жерде бир гана партиянын кызыкчылыгы турган жок.
Бизде азыр ушундай да, саясатта маданият жок. Дароо адамдын ар-намысына асылып, жеке керт башына карата чабуул жасоого өтүшөт. Мен муну азырынча сунуш катары гана айттым. Эгер туура көрүшсө бул бүткүл элдик референдумга алып чыгуу керек. Ошондо эл өзү тандап алат. Эч нерсе боло электе эле сындай берген туура эмес. Жакпайбы, анда башка сунуш киргизишсин. Сунуш жок болсо, анда унчукпай отурушсун да. Ырас, мага жакпайт - "Кулов ушундай, эч нерсе билбейт, патриот эмес" деп куру жаманатты кыла берген. Ошондуктан менин максатым, кыргыз болобу, Кыргыз Республикасы болобу, башкасынын маселесин көтөрөбүзбү, эң негизгиси эмнеге акыйлашабыз? Талашып-тартышып эмне кереги бар? Андан көрөкчө келгиле референдумда сунуштайлы. Эл колдобосо парламент колдобосо, демек, ошондой бүтүм чыгаралы. Жок, колдосо аны көрөлү.
-Аталышты өзгөртүү үчүн бардык документацияны же жөн эле мисалда желектин бардыгын өзгөртүш үчүн миллиондогон сумма кетет. Азыркы кыйын кырдаалда мындай кадамга баруу зарыл эмес дегендер чыгууда. Ушуга пикириңиз кандай?
-Паспортту өзгөртүү боюнча айта турган болсок, азыр деле айрым жарандарыбыз СССРдин паспорту менен жашап жатышат, эч кандай көйгөй жок. 10 жылга ушул паспорт менен бардык жакка колдонгудай кылып койсо болот да. Ошол он жыл ичинде өзгөртүүгө жетишебиз. Эгер балким, Кыргызстан же Киргизия эмес, мен сунуштагандай Кыргыз Республикасы болсок иш кагаз, мөөр дегендин баарын шашпай, убакытты кенен коюп алып анан өзгөртө берүүгө болот. Ага чейин ушул эле аталышты жаңы аталышка катарлаш алып жүрө берүү жолу да бар. Эгер каалабасак, анан сындай берсек анда көп сөз бар. А көрөкчө иштесек натыйжа болмок.
-Диний формалар жөнүндө пикириңизди коомчулукка билдирип чыктыңыз. Учурда дин маселеси боюнча талкуулар күч. Башмыйзамда "Дин мамлекетте четтетилген" деп турат. Светтик өлкөбүз деп келебиз. Дегеле сиздин динге көз карашыңыз кандай?
-Бул менин демилгем эмес. Муну да партиянын жаштары сунушташкан. Алар суранышкандыктан макул болдум. Чындыгында мамлекеттик ишканаларда, ошол эле билим берүү мекемелеринде кайсы бир динди жактаган форма менен жүрүү өзү туура эмес. Ойлоп көргүлөчү, Ислам динине берилгендер көйнөк-дамбал, хиджап кийинип алып мектепте жүрсө, дагы бирөө мойнуна крест асып алып христиан дининин кызматкери өңдүү кийинип алса, эмне болуп калат? Ошондуктан динди адам коомго тоскоол болбогудай, талаш туудурбагыдай кылып, жеке өзү үчүн тутуу керек деп ойлойм.
-Кесиптешиңиз, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров: "Мектеп директорлору хиджап кийип барган окуучуларга тыюу салып жатат, андайларды камаш керек", - деди. Кандай кабылдадыңыз?
-Бул туура эмес. Директордун позициясы да туура эмес. Мен да дароо камаш керек дегенге каршымын. Светтик мамлекет болгондон кийин дин мамлекеттен четтетилген, туурабы? Ошондуктан бул көптөгөн талкуу жараткан маселе. Мыйзамда ушундайларды камаш керек деген берене жок. Андыктан муну Өкмөт чечсин. Эч кандай элди көтөрбөй эле дин башкармалыгы менен биргеликте чечсин. Милдетти Өкмөт мойнуна алсын, бир чечимге келсин.
-Аптанын башында сиздердин партиянын атынан министр болуп олтурган Маданият министри Камила Талиеваны кызматтан кайра чакыртып алдыңыздар. Бул партиянын талаптарын аткарбагандыктанбы же элдин жалпы нааразычылыктарын эске алгандыктанбы?
-Официалдуу түрдө биз жазган жокпуз - кайсы себептер менен жумуштан алынгандыгын. Биздин фракциянын чечиминде маселени карап чыгып, Талиеваны Маданият министрлигинен чакыртып алуу деп эле жазылып турат. Себептери ар түрдүү.
-Талиеванын ушул кызматка келиши коомчулукта бир топ чуу жаратты. Каршылыктар аябай болду. Фракциянын лидери катары анын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
-Кеткен кишиге мен таш ыргытпайм...
-Бүгүнкү күндө өкмөткө карата сындар курчуп туру. Бирок бул жерде жалгыз Оторбаев эмес анын астындагы жардамчылары дагы жана өкмөттү түзгөн министрлер курамы дагы себепкер болушу керек да. Өкмөттө эки вицеликте сиздердин фракциянын адамдары отурат. Андыктан өкмөттүн алсыздыгына "Ар-намыс" фракциясынын да кандайдыр бир тиешеси барбы?
-Менимче мындай конкреттүү сөз болуш керек. Кимдин күнөөсү бар экенин конкреттүү айтуу зарыл. Эгерде Маматалиев Оторбаевге сунуш киргизсе колдобой, туурабы же туура эмеспи деп карабай койсо, анда Оторбаевдин күнөөсү бар. Эгерде Оторбаев Маматалиевге же Дильге тапшырма берип, ал аткарылбаса, анда күнөө Маматалиевде, Дильде. Ушундай конкреттүүлүк керек. Балдар мага маалымат берип жатышат. "Жөн эле отурат, иштебей жатышат" деген болбойт. Кыймыл бар, бирок өкмөт деген жамааттык орган да. Мен өткөндө бир жыйын өткөздүм Диль менен. Ага айттым, мындай иштеген болбойт деп. "Тобокелге барбастан эле актанып иш кылбай жатасыңар, Премьерди силер колдобосоңор кандай иш жүрөт? Силер эптеп шылтоо таап жатасыңар", - деп түз эле айттым. Премьерди алар колдобосо болбойт да, туурабы? Негизги максатты караш керек. Аткаруу дисциплинасы болуш керек. Иш кагаздагы жазылган нерселерди карап алып, бул жагы туура эмес тигил жагы туура эмес деп эле олтура берүү шылтоо да. Мамлекет үчүн пайда берген жагын караш керек. Жоопкерчилик болуш зарыл эмеспи. Ошондуктан Өкмөттү канча алмаштырсаң алмаштыра бересиң. Бирок алмаштыра берүү менен маселе чечилбейт. Андан көрө иштеш керек.
-Биз азыр Башмыйзамда жазылгандай парламенттик өлкөбүз. Парламент өкмөттү түзөт. Негизги жоопкерчилик өкмөттө. Бирок бүгүнкү күндө жалпы таасирде Президент баягы эле образында калгансып коомчулук Президентти биринчи орунда көрүп жатат. Мындай болушуна өкмөттүн чабалдыгы, парламенттин чачырандылыгы таасир этип жатабы же болбосо Президенттин ашкере амбициялуулугубу?
-Чындыгында Отунбаеванын убагында алдыга умтулуу, амбиция, биринчи катарда болуу деген жок эле. Азыркы Президентибиз Атамбаевде мындай сапаттар болуп жатат. Ырас, ал өкмөткө да, Жогорку Кеңешке да өзүнүн таасирин арттыргысы келип жатат. Атургай аларды тескеп да жиберүүдө. Негизинен бул туура эмес. Бирок Жогорку Кеңеште анын КСД партиясы олтурган соң жана ал партиясы алдыңкы болуп суурулуп турган соң, Атамбаевдин таасири боло берет. Бул фракция Атамбаевдин саясатын айныбай колдойт. Алар эч качан Президентке, анын пикирине каршы чыкпайт. Ошондуктан Президенттин таасири болууда. Туура, эгер Президент "Ар-намыстан" же "Ата Журттан" болсо, анда бул партиялар деле Президентке эч нерсе дей алмак эмес. Эгерде Атамбаевдин ордуна Жогорку Кеңеште олтурган партиялардан тышкары башка киши келсе эч кандай таасир болмок эмес. Жаманбы-жакшыбы, Президенттин таасири бар. Бул факт, муну жашырган болбойт.
Кубаныч Зайнидинов