Төңкөрүштүн эрке баласы же Алымкуловдун "айныкей" оюну
Ырас, Кыргыз мамлекети эгемендикке ээ болуп, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле баштагандан тарта ар бир экинчи кыргызстандык саясатчы, мамлекеттик ишмер болуп жатып калды. Жөнөкөй эле ой калчап көрөлү. Эгемендиктен тарта 27 өкмөт алмашты. Бизде министрлик деген иттин кара капталынан. Ондон кем эмес министрлик, дагы ошончо департамент, мамлекеттик агенттик, комитет, башкармалык, анан губернатор, аким, айыл өкмөт. Өзүңөр эсептеп алгыла, 5 млн. калкка азбы, көппү?

Кайыпберген Төлөпбергенов дегендин "Каракалпак дастаны" аттуу чыгармасы бар - аталган улуттун тарыхы тууралуу. Ошондо жаштардан бий шайлоо боюнча жыйында суроо берилет: "Каракалпакта букара көппү же хан көппү?" деген. Эсенгул деген мыкты чыкма жигит: "Алтымыш үйлүү букарага бир хан, демек, букара көп" - десе, дагы бир бий болууга талапкер Маман аттуу жигит: "Жок, Каракалпактын ар бири өз башына хан" - деген кебин айтып, аны чечмелеп түшүндүрүп берип, бий болот. Айтайын дегеним, 24 жылдан бери бизде калк көбөйдүбү же калк башчылар көбөйдүбү?
"Ийинден башын созгондун" баары эле тиешелүү баскычтарды өтпөстөн министр, начальник болуу салты бизде абдан өнүккөн. Мисалдар эки чөнтөгүңө толот. Ашып да калат. Эмнени айтайын деп атканымды айландырып, табышмактатпай эле коёюн. Жогоруда айткандай, сан жеткис министрлердин бирин айтканы турам- Алиясбек Алымкулов деген. Министрлиги да өлкөдөгү бүт көйгөйдү куйругуна байлап алган. "Жаштар, миграция, калкты жумуш менен камсыз кылуу министрлиги" делинет. Ырас, министрлик креслодо олтурат. Бюджеттен олчойгон сумма бөлүнүп атат, карапайым калк каржалып төккөн салыктын эсебинен. Айлык алып атат. Командировка, иш-сапар дегендерге чыгып атат. Мунун баары жанагы калктын маңдай тери экени анык да. Бирок, кашайып бир жыргалдуу ишин көрсөтө албады. Бул курулай эле Алиясбек мырзаны жамандоо, бир беткей согуу эмес. Эртеби-кечпи, биз так ушундай жылаңач чындыкты түз айтууга келишибиз керек. Болбосо Алымкуловго окшогондор төрт жылдан бери министрликте олтуруп алып төбөсү көрүнгөн төрт иш кыла албаса карап олтурушубуз керекпи? Эгер Алиясбек мырза: "Жо-ок, кокуй. Мен иштеп атам. Мына бул маселени чечтим. Мен болбосом башкалардын мээси жетмек эмес" деп жасаган олуттуу иштерин тизмектеп келсин. Аны да элге жарыялайлы. Бирок, тизмектеп келе албайт да. Эч бир иш жасабаса, эмнени айтмак эле? Ооба, билебиз, эки-үч жылдан бери 50дөй жаштарды чогултуп алып "кыз узатып, келин алып" жүргөнүн. Аны да "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" деген уюмга учкашып алып жасап жатканын да билебиз. Курулай жылдыз болуп, ар кимге "нике кыюу" министрдин ишиби? Алиясбек мырза билсе кандай министрликте олтурганын ойлонмок. Ойлонбойт экен. Ал жетектеген министрлик бүтүндөй келечектин, жаштардын маселесин чечип, алардын көйгөйү менен иштеши керек эле. Иштебесе да жаштарга тиешелүү иш-чаралар өтүп турушу керек эле. Жөн эле өтпөстөн алар ММК аркылуу жалпы өлкөгө жарыяланып, андан жыйынтык чыгып турушу керек эле. Ооба, бул жаатта "керек эле" дегендердин аягы бүтпөйт. Менимче жаштардын маселесинен бир гана нерсе чечилди. Ал Алиясбек Алымкуловдун министр болуш менен аяктады. Бирок, жаштар деген Алымкулов менен эле бүтүп калбайт да.
Миграция… Бул жаат биздин экинчи жашоо куралыбызга айланганы анык. Азыр миллиондун тегерегиндеги атуулдарыбыз чет жакта бакыт издеп жүрүшөт. Атургай аткаминерлерибиз "Мигранттар баланча миллиард доллар которушту, экономикабызга олуттуу салым кошууда" деп саймедиреп эле келишет. Бирок, бул жаатта 4 жылдан бери эмне өзгөрүү болду? Ырасында өзгөрүү бар. Бирок, ал да министрликтин аракети аркасында эмес. Министрлик болгону Түштүк Кореяга бара турган жарандарга гана жарыбаган шарт түзүп бергенсип жатат. Бул жактан эптеп-септеп эки айда тил үйрөтүмүш болуп… Калганын мигранттардын баары өз күчтөрү менен жасоодо. Алалы, Орусияда жүргөн мигранттарыбыздын канчасы "кара тизме" деген балээде жатат. Эгер аталган министрлик ишин билсе эбак эле биздин жарандардын бул көйгөйүн чечип коймок. Калыс, таза, анан да аракет кылып иштеп жаткан органды, аны жетектеген адамды ким эле жаман көрсүн? Кеп ошол иштебегенде же таза эмес иштегенде. Айтып эле жатышат, биздин жарандар: "Сыртта жүргөндө ошол эле консулдуктар, элчиликтер биз менен иши да болбойт" деп. Ооба, бул тышкы иштер министрлигинин милдетине кирет. Бирок, миграция тармагы боюнча министрлик ошол жерлерде маалымат, керектүү материалдарды ТИМдин өкүлчүлүктөрүнөн алып иштесе болот да. Министр өзү алардын не көйгөйү бар экенин жеринде барып угуп, билип, алар менен көзмө-көз сүйлөшүп келсе неге болбосун? Болот экен, башкалар, айталы депутаттар барып эле бакылдап сүйлөшүп келгенин бардык эле ММКлардан күбө болбодукпу. Кырк миңден ашуун жараныбыз кара тизмеде жатса, "Биз укмуш иштеп миңден ашуун атуулубуз кара тизмеден чыкты" деп жар салышууда. Эгер Алиясбек мырза "Миграция" жаатындагы министрликти жетектеп олтуруп, мындай иштин алдын албаса анда түштөн кийин кырк кишинин бирин "актап" алып мактануунун канчалык пайдасы бар? Ушул дагы ишпи?
"Калкты жумуш менен камсыз кылуу" деген да учкашкан бир нерсеси бар. Ооба, килейген министрлик. Бирок, кайсы жерде кандай кызмат сынак түрүндө өтүп жатышын көзөмөлдөшү керекпи? Бирок биздин министр аны менен иши жок. Министрлик көчөнүн бир-эки жерине такта илип койгону менен ишке жарамдууларга, муктаждарга жарыя жасап жатабыз дешет. Бул бери келгенде апендичилик, ары дегенде кызылдай алдамчылык. Туура, факты жүзүндө кызматка чакырууларды жазышат. Бирок, качан убакыт тарып жана ал кызматка чакыруулардын талап кылынган кагаздары толук көрсөтүлбөйт. Муну да Алымкулов талашып көрсүн. Фактыбыз жетиштүү.
Эми Алиясбек мырзанын өзүнө келели. Туура, патриот. Бир эмес, эки ок жеген, элдин эртеңки келечеги үчүн күрөшүп жатып. Тагдыр экен, аман калды. Акысына министр болуп олтурат. Ооба, азыркы бийликте ушундай аксиома бар. 2010-жылдагы төңкөрүшпү, революциябы, ошонун жүзү кылып Алымкуловду кармап олтурган. Муну эчким тана албайт. Атургай өздөрү моюндап, "Алымкуловду кызматтан алсак, революцияны тангандык болобуз" дешүүдө. Ушунун өзү туурабы? Ал окуяда бир Алымкулов эле ок жеген эмес да. Эгер ок жегендерге эле министрлик креслону бере берсек, анда биз кандай мамлекет болобуз? Апрель окуясында миңге чукул адам ок жебеди беле. Аларды жокко чыгарабызбы? Же окту сөзсүз министр болуш үчүн жеш керекпи? Бул тууралуу сөз али көп. Ал эми Алиясбек мырзанын ден соолугу тууралуу эмне үчүн мамлекет ойлонбойт? Бир эмес эки ок жеген адам министрликтин түйүндүү, мээ ооруткан иштери менен кантип алпурушат? Жөнөкөй мисал, үч-төрт сааттап кантип жыйын өткөрө алат? Болгондо да баш сөөгүнөн, мээсинен жабыркаган адам. Бул адамдын бүтүндөй өмүрү министрлик креслодон артыкпы? Болбосо, акыркы эле эмоциясын башкара албаган окуясын мисалга келтирели. ИИМдин эки күн мурда түшкөн экс-министри Суранчиевди "эркекче" сүйлөшүүгө чакырганы нени каңкуулайт? Кыргызда эч убакта улууга кол көтөрүү же жаман сөз айтуу болгон эмес, эгерде улуу адам күнөөлүү болбосо. Жол эрежесин өзү, аялы бузуп алып, бет тырмаарлык кылганы да түшүнүксүз. Мээси ордунда киши ушуну жасамак эмес.
Менимче артык окшойт. Же министрлик кресло бир укмуш бийиктикке алып баруучу тепкич. Азыр Алиясбек Алымкулов ошол тепкичти пайдаланып атат. Бирок, элдин да чыдамы тепкичти жон тери менен көтөрө берүүдөн жадайт. Канчалык бийиктеген адам ошончолук оор кулашын билеби?...
Нурлан Жукеев