Алиясбек Алымкуловдун миграция тармагында таптакыр тажрыйбасы жок дешет…
2010-жылдагы Кыргызстандын тарыхында чоң тамгалар менен жазылып калган кандуу революциядан кийин бир катар чиновниктер алмашты. Мурун элге жыты дагы билинбеген чиновниктердин жаңы тобу пайда болду. Ошолор революциянын шарданы менен жаңы келген бийликти мажбурлоо жолу менен жасалма түрдө Жаштар министрлигин түзүп анын башына революцияда ок жеп, окко көкүрөгүн баатырларча тоскондой болуп көрүнгөн Алиясбек Алымкулов келген эле. 4 жыл ичинде той өткөрүү менен алектенди, жаштарга эч кандай жардам бере алган жок деген сын пикирлер бул кишиге айтылып келет. Чынында ошодойбу?
Ар кыл тармактын өкүлдөрүнөн сурап көрдүк.


Нурлан Мотуев, Чыныгы мусулмандар жамаатынын амири:
"Жаштарды исламга үндөй алган жок"
-Таагут бийликтин бир бутагында отурган бул мырза жаштарды Исламга үндөп, Аллах ыраазылыгын табуусу керек эле. Андайын көрбөдүм. Дегеле ушул баатырсынгандар бүгүнкү бийликти алып келип, Кыргызстанды кургуйга кулаткандары үчүн жооп берүүлөрү керек.


Чолпон Осмонова, "Мигранттарды колдоо борборунун" директору:
"Эч бир ишин уга элекмин"
-Алиясбек Алымкулов өзү абдан жакшы адам, бирок министрликтеги ишине "3" деген баа берем. Же жанындагылары туура эмес саясат кылып жатышабы, билбейм?.. Өзү аракет жасап эле жаткандай. Жаштар саясатын жакшы деп да, жаман деп да айталбайм, себеби эч бир ишин уга элекмин. Бирок, жакшы саясат жүргүзөт деп ишенем. Жаштардын кайсыл бир мамлекеттерге мигрант болуп кетип жаткандардын агымын токтотуу жалгыз Алиясбек Алымкуловдун колунан келбесе керек. Чынында жакшы иштеп коюшса жакшы эле иштер аткарылмак. Мисалы, Алиясбек Алымкулов жетектеген министрликтин жумушун элчилик жана бизге окшогон мекенчилдер аткарып, жардам берип жүрөбүз, ошондо да биз жакпай койдук.


Тимур Саралаев, жаш активист:
"Алымкулов министр болгондо жакшы үмүттөр бар болчу"
-Алиясбек Толбашиевич жеке инсан катары албетте жакшы киши болсо керек. "Кандай адам?" деп, аны ичинен билбегенден кийин баа бере албайм. Ал эми анын ишмердигине, КРнын министрликтердин биринин башында 4 жылдан бери отурган жетекчи катары баа берсе болот. Маселени жакшы билбеген окурманга байкалбаса керек, 4 жылдан бери отурса, анда мыкты министр окшойт деп. Бирок, тилекке каршы андай эмес. Чынын айтканда, 2010-жылы биз жаштар Алиясбек Алымкуловду абдан колдоп, андан көп нерсени күткөнбүз. Ушул киши жаштарды бириктире турган инсан болот деген ишеним артканбыз, ушул кишинин аркасы менен жаштар саясаты жаңы, сапаттуу деңгээлге чыгып, реалдуу механизмдердин жардамы менен мамлекетке жаштар керек экенин сезип, өлкө үчүн кызмат кылат деген тилек бар болчу. Бирок, көп убакыт өтпөй эле, ойлогон ойлор ишке ашпаарына көзүбүз жетти. Көпчүлүк күжүрмөн жаштар үмүтүн үзүп ал кишиге кол шилтешти. Мен бүткүл жаштар ары карап кетип калышты деп айта албайм, албетте министрликтин тегерегинде жаштардын көбүнчөсү "дежур" жаштар. Анан маселенин чоо-жайын түшүнбөгөн да жаштар тегеректеп жүрүшөт. Бирок эстүү, жаштар саясаты каякка бара жатканын, тагыраак айтканда, ордунда таштай болуп жылбай, кумга чөгүп баратканын күжүрмөн улан-кыздар түшүнүшөт. Алар Алиясбек мырза жетектеген министерствонун жүргүзүп жаткан саясатына нааразы. Балким, ал киши аракеттерди кылгандыр, бирок колунан тигил же бул себептер менен келген жок, ошондой болсо да, саясий жана тарыхый жоопкерчиликти ал кишиден алынбаш керек. Себеби, өзүлөрү айтып аткандай, бүгүн жаштар Кыргызстаныбыздын калкынын дээрлик 30% түзөт, демек, үчтөн бир бөлүгүнүн эртеңки күнү кандай болоорунун, кайда барышын багыттоочу, туздоочу, чыңдоочу, колдоочу Жаштар министри эле... Андай боло албады... Миграция жана эмгек жөнүндө айтпай эле турайын.


Тынчтыкбек Кожобеков, журналист:
"Жаштар министрлигинин кереги жок"
-Бирок жакшы иштерди кылып жатат деп айта албайм. Эгер булар жакшы иштегенде жумушсуз жаштар азайып, абийирдүү жаштар көбөйүп, элдин маанайы түзүк болмок. Жаштар министр­лигинин кереги жок. "Кумтөр" тууралуу чыкканда Сарууга барып жаштарды колдоп койгон жок. Себеби, "Кумтөрдү" жаштар көтөрдү го. Министрлик иштесе концерттер болмок, ишканалар ачылмак.


Темирлан Бекботоев, "Мекенчил жаш" коомдук уюмунун лидери:
"Жаштар министрлиги деген эле аты бар"
-Жаштар министринин ишине жакшы деген баа бере албайм, бирок аракет кылып жатышат. Убагында Айгүл Рыскулова жакшы иштерди жасады эле тышкы миграцияда. Айта кетсек, ишке уруксат кагазын алуудагы квоталарды бөлүүгө көп жеңилдиктерди алып берген. Алиясбек Алымкуловдун Жаштар саясатын жүргүзүп аткан көзгө басар эч нерсесин көрө элекмин. Ал эми мигрант болуп кетип калып аткандарга министрдин күнөөсү жок деп ойлойм, анткени, миграцияны бүгүн токтотконго мүмкүн эмес. Ошол эле убакта, жаштарды иш менен камсыз кылганга басым жасашса аз да болсо жаштар өз мекенинде иштешет эле. Алиясбек Алымкуловдун миграция тармагында тажрыйбасы жок экен. Жаштар министрлиги деген эле аты бар.

Эрнис Кыязов, тележурналист:
"Жаштар эмне өзгөчөбү?.. Бөбөктөр министрлиги , Эркектер министрлиги, Аялдар министрлиги деп түзө бериш керек анда"
-Дегеле ушу, тээ башында Жаштар министрлиги дегенди түзө коюп ал "жиликти" Алиясбек Алымкуловго кармата коюшканда мунун маанисин, келечекте эмне иш аткараарын түшүнгөн эмесмин. Жаштар эмне өзгөчөбү?.. Андай логика менен барсак, Карылар министрлиги, Бөбөктөр министрлиги , Эркектер министрлиги, Аялдар министрлиги деп түзө бериш керек болчу да. Бир канча мезгил иштеп, Жаштар министрлигин башка министрликке кошуп жиберишти, Алиясбекти капа кылбоо максатындабы, башка ой мененби, билбейм? 2010-жылы апрелдеги окуяда Алиясбектин таасирдүү ролу бар экени талашсыз, Алиясбектин өзү ыймандуу түз жүргөн жигит экенинде да кеп жок. Бирок, Текебаев баш болгон саясый үйүр баш-аягы жок "импотент" система түзүп алган сыңар, анын ичиндеги Жаштар министрлиги жана башка министрликке көчө качкан ошол мини-министрлик да түшүнүксүз системанын курмандыгы болуп калды деп ойлойм, бул менин жеке пикирим.

Ороз Казиев