Надира Нарматова, ЖК депутаты:
"Газдын жоктугуна элдин нааразычылыгы күчөп жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова менен маектешкенибизде, эл өкүлү эл арасындагы көйгөйлөрдү айтып берди. Андан сырткары коррупция, Бажы биримдиги жана чек ара боюнча болгон ойлорун да ортого салды. Ошондой эле, "Facebook" социалдык баракчасына Ноокат районундагы мектеп тууралуу жарыяланган маалыматка билдирген пикиринин төркүнүн түшүндүрдү.

-Надира Азимовна, учурда эмне менен алексиз, эс алууну кандай өткөрүп жатасыз? Башкалар сыяктуу сиз да шайлоочулар менен жолугуп жүрсөңүз керек?
-Бүгүнкү күндө Ошто эс алып, арадан шайлоочуларым менен жолугушуп жүргөн чагым. Мына, азыр Алай жергесине Гүлчө айылына тургузулган Алымбек датканын эстелигинин ачылышына катышып, ошол эле мезгилде эл менен да жолугуп келем.
-Эл менен жолугушуу учурунда алардын кандай көйгөйлөрүн уктуңуз? Эл өзгөчө кайсы маселени көбүрөөк айтып жатышат?
-Негизинен Айыл чарба министрлиги, Суу чарба департаменти жана жергиликтүү айыл өкмөттөрү калкты таза суу, агын суу менен камсыз кылууну жеткиликтүү чечпегендиктен суу маселеси көбүрөөк жаралыптыр. Айыл жерлеринде таза суу көйгөйлүү маселелердин бири экен. Ал эми Ош шаарында эл менен жолукканымда 3 фазалуу электр энергиясын өчүрүү боюнча өкмөттүн токтомуна нааразы экендиктерин билдиришти. Эң негизги көйгөй, жарым жылдан бери шаарда газдын жоктугу элдердин нааразычылыгын өтө күчөтүп жатыптыр. Бийликтегилер "Кыргызгазды" сатып жатканда ушундай көйгөйлөрдүн болушун билип туруп, мамлекеттик деңгээлде маселени чечишпегендигин айтышты. Андан сырткары, кадр маселесине жекече мамиле жасалып, иштеп турган адамдарды алмаштырып, көпчүлүк коалициянын өздөрүнө тиешелүү кишилерди коюп жаткандарын айтышты.
Эң орчундуу көйгөй, коррупциялык схеманын өсүп кеткендиги экен. Мисалы, жөнөкөй эле айыл өкмөтүнөн күбөлүк алганга, саламаттык сактоо, билим берүү тармагында, мамлекеттик каттоо кызматында, өзгөчө паспорт алууда коррупция гүлдөп кетиптир.
-Коррупция менен күрөш жүрүп жатат деп көкүрөк кагып жатабыз. Аныбыз да жыйынтык бербей жатыптырбы?
-Коррупция менен күрөш жүргүзүү мындай жолдо жүрбөйт. Ал үчүн конкреттүү жобо иштеп чыгып катуу мыйзам менен же болбосо президенттин указынын негизинде жүргүзүлүшү керек да. Анан жеке-жеке эле бул коррупционер деп кармаганда маселе чечилбейт. "Желмогуздун кичинесинен корк" демекчи, чоңдор эч нерсе эмес, эл менен иштеп жаткан майда кызматкерлердин кылганы акылга сыйбайт.
-Демек, "коррупционер" деп Келдибеков, Түлеев сыяктуу киттерди кармаган менен майнап чыкпаса, коррупция менен дагы кантип күрөшсөк болот?
-Бул мыйзам чегинде чечиле турган нерсе. Эгерде биздин сот системасы, укук коргоо органдары өз иштерин так аткарган болсо, ишти айлап-жылдап созуп отурбастан, мыйзамдын негизинде күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп 2 айда тактап коюшу керек болчу. Анан ары же бери кылбай созуп, бийликте жүргөндөрдү мисал катары көрсөтүп, коркутуп-үркүткөндөн маселе чечилбейт. Келдибеков, Түлеевдердин кылган иштеринен катардагы жөнөкөй кызматкерлердин кылганы ашып түшөт. Коррупция системалуу түрдө жүрүп жатат. Ошондуктан төмөндөн жогору карай мыйзам менен тартип орнотулбаса жоюлбайт, тескерисинче көбөйгөндөн көбөйүп отурат.
-Жакында Атамбаев Путин менен Бажы биримдигине тезирээк кирүү маселесин сүйлөшүп келди. Эмне үчүн бул биримдикке кирүүнү тездетип жатышат?
-Экономикалык абалыбыз күндөн-күнгө оорлошуп бара жатат. Бажы биримдигине кирсек кошуна мамлекеттердин жүргүзгөн саясаты менен биздин мамлекеттин саясатты бири-бирине аралаштырып анан элди алаксытып калуунун жолдору болушу керек. Бүгүнкү күндө биздин биримдикке киргенге толук кандуу даярдыгыбыз жок. Эл ичинде да толук түшүндүрүү иштери жүргөн жок. Ошондуктан эл да түрдүү ойлордун арасында жүрөт.
-Андан сырткары, чек арада болуп жаткан ызы-чуулар биримдикке тезирээк киргизүүнүн бир ыкмасы деген кептер да айтылып баштады? Мунун чек ара маселелерине канчалык бир деңгээлде таасири жокпу?
-Бажы биримдигине киргенде эле биздин чек арабыз бекем болуп калат деген ойдон алыс болушубуз керек. Биримдикке кирсек эле алар келип чек арабызды коргоп бербейт да. Себеби, биз өзүбүз эгемендүү мамлекет катары биринчи кезекте чек арабызды тактап, коргонубузду тосуп алганыбызда бүгүнкүдөй ызы-чуулар чыкпайт эле. Коңшулар менен тең ата талап коюп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөндүгүбүз, күн алыс бирден-экиден балдарыбызды октун алдына салып берип атканыбыздын өзү кечирилгис нерсе.
-"Facebook" социалдык желесиндеги Ноокат районунда курулган "Нарай" мектеби тууралуу жарыяланган маалыматка өз пикириңизди билдирдиңиз. Байкашыбызча, курулуш иштерине сиздин салымыңыз бар окшойт?
-Ноокат районундагы "Нарай", "Асранов", "Бекиев", "Алтын казык", "Нойгут" жана "Кызыл-Теит" мектептеринин спорт залы, жалпысынан 8 мектептин курулушу 10-15 жылдан бери бүтпөй келген. Мен 2011-жылдан бери ушулардын артына түшүп жылына мамлекеттик курулуш агенттиги, билим берүү жана финансы министрликтери менен биргеликте капиталдык салымдар беренесине киргизип, каражаттын бөлүнүшүн көзөмөлдөп өз салымымды кошуп келем. Ал эми Он эки-Бел айыл өкмөтүндөгү "Нарай", "Асранов" мектептери 2013-жылы күзүндө курулуп бүтүп, ачылышы болгон. Ачылышына келгенде акимчиликтин программасынын негизинде мен чакырылбай калгам. Себеби, ошол жерде бийликте КСДП туруп жаткандыктан өздөрүнүн өкүлдөрүн гана чакырган, бизди чакырган эмес. Негизи бул мектептердин бүткөрүлүшүнө, каражаттын бөлүнүшүнө аракет жасап жүргөндөрдү эл да, мектеп директорлору да билет. Анан билип туруп мектеп директору жагалданып бирөөнүн эмгегин бирөөгө жармаштырып жалган маалымат таратканы туура эмес да. Бул жерге "эшек иштейт, ат жейт" болуп калып жатат. Документтин баары менин колумда турат.
Парахат Шукурова