Кулмурзаев газ түтүктөрүнүн түбүнө жетип…
Мындай маалыматты Токтайым Үмөталиева айтып чыкты. "120 миллион сомдун айланасындагы акчага Өзбекстандан Кыргызстанга газ алып келүүчү түтүктөрдү Кулмурзаев өзүм билемдик менен "урдуруп" жибериптир. Мындай чыккынчылыгы үчүн ал жогорку кызматта, креслодо эмес, түрмөдө олтурушу керек. Өлкөнүн түштүгү Кулмурзаевдин айынан көгүлтүр отуну жок олтурат" десе, Токтайым Үмөталиеванын оозунан көк түтүн буркурайт. Туура, акыры чындыкты айтып чыга турган бирөө болушу керек да. Эгер бул маалымат чын болсо, анда калк карайлап турганда көйгөйдү чечүүнүн ордуна кулкуну куруган Кулмурзаевге "Баракелде!" дебеске арга жок.


Чудинов чуусу көтөрүлөбү?
Коррупцияга каршы күрөш урааны айтылгандан тарта бир топ эле аткаминерлер кылтакка илинип жатышканы ырас. Арасында экстери, азыркылары аралаш. Бирок кашайып, кылтак негедир бошураак болуп атабы же ага түшкөндөрдүн амалы күчпү, айтор, тутулгандан кутулгандары бат болуп жатыры. Биздин чиновниктер качан гана сот жообуна тартылып, камалып же кылмыш иши козголуп баштаар замат ден соолуктары начарлап, бөйрөк-боору каякта жайгашканын аныктап таанып, эзелки сынык жаракалары эсине түшүп, оорукана, операция менен гана алектенип калышмайды адатка айлантып алышты. Же жөн эле түрмөдө олтурууну каалабастан "үй түрмө" деген беткапты чүмкөнө калышмайы бар. Кыскасы, жоопкерчиликтен качуунун жосундарын оголе мыкты өздөштүрүп баратабыз. Атургай, айрымдары ооз баргыс оор диаг­ноздорду оозанып, аз эле жерден "ары карап" кете тургандыктарын да айтып жиберишүүдө. Кресло кучактап олтурганда куландан соо жүргөндөрүн эске салып бир эсе күлкүң келет.
Жакынкы күндөрдөн тарта "экс-премьер-министр Игорь Чудинов да камалат экен. Кылмыш иштери том-том болуп токулуп жатыптыр" деген кеп аралады. Чындыгында Чудиновду чукушса көп иштин башы ачылаары анык. Ай, бирок чукушпайт го. Антсе эле артынан өздөрүнүн башы кошо чыгып калуудан корккон айрым аткаминерлер азыр укук коргоо органдарынын башбакандары менен байма-бай байланышып, Игорь мырзанын ишин бас-бас кылууга жандалбастап жатышыптыр. Эгер бийлик алдыдагы шайлоону жана буга чейинки элге берген убадасын эске алса, анда "белек-бечкектен" баш тартып, коррупционерлерди кокодон алышы керек. Ал ортодо Чудинов чуусу чыкса Орус тарап карап олтурбайт дегендер да болууда. Коррупционер болсо да "өз балабыз" деген өзүмчүлдүк "ооруну" эми, Алай, Көл, Жала-Абад, Сарбагыш, Сарууга жайылтып бүтүп орустар эле калгансып, Чудиновго бөтөн өлкөдөн калка издегендерге жол болсун.


Абдыганы Эркебаев окумуштуубу же…?
Өткөн жумада Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында Тейит уруусунун курултайы болуп өттү.
Курултайга 400дөй адам катышыптыр. Жыйында академик Абдыганы Эркебаев Тейит уруусунун башчысы болуп шайланды (бул уруудан качкын президент Курманбек Бакиев да чыккан).
Интернет-колдонуучулар бул кабарды окуп алып, бир топ нааразычылыктарын билдиришти, анткени бул анык бөлүнүүчүлүктүн белгиси.
Ал эми Эркебаев болсо илимпоз, Илимдер академиясынын президенти болуп туруп, кыргыздарды оң канат, сол канат, ичкилик деп бөлүнүүгө үгүттөгөнү үчүн эң көп сынга кабылды.
Тейит уруусунун лидерлеринин чечими боюнча эми парламентке болгон шайлоо адамдын кайсы урууга тиешелүү экенине карап өтүшү керек экен, башкача айтканда, ар бир оң канат, сол канат, ичкилик урууларынын "өздүк" депутаты болушу керек. Бул идеяны "Ата Журттун" депутаты Надира Нарматова колдоп атпайбы! Мына сага, эл өкүлү деп ушуну айт!
Өткөн кылымдын 30-жылдарында дал ушинтип фашизм жаралган эле. А бирок анда улутчулдардын башында академиктер турган эмес...


Суранчиев Жетигеновго "суу куюп" жатабы?
Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов: "Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, мени Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобуна катыштыгы бар деп айтуу менен саясый заказды аткарып жатат", - деди. Эске салсак, 20-август күнү "Ата Мекен" фракциясы кезексиз жыйын өткөрүп, анда ИИМ башчысы Абдулда Суранчиев УКТга (уюшкан кылмыштуу топторго) катышы бар депутаттар менен аткаминерлердин ысымдарын атап, Бакыт Жетигенов УКТ мүчөсү Бокушев менен чогуу Кыргыз мамлекеттик дене тарбия инс­титутунда окугандыгын айтып өткөн. Жетигенов: "Мен көптөрү менен окугам, демек, баарын санаш керекпи? Министр тапшырыкты аткарып жатат, мен муну билем жана ал заказ кимден болушу керек, аны да билем. Бокушев менен иш-чараларда, үйлөнүү тойлордо жолугушуп калабыз. 2-3 жыл мурун, уюшкан кылмыштуу­лук менен күрөшүү башталганда, ал маалымат жыйын өткөрүп, УКТга тиешеси жок экенин айткан. Азыр ал эч жакка кийлигишпей эле, үй-бүлөсү менен алек болуп жүрөт" дейт. Кимисине ишенебиз? Эгер Суранчиевге ишенели десек анда Абдылда мырза Жетигеновдун байланышын, УКТдагы ишмердүүлүгүн ачык, так көрсөтүп, жасаган кылмыштары болсо жоопко тартылышын талап кылбайбы, барды-келди эле болжолдоп соктура бербей. Ал эми Жетигенов УКТга тиешеси жоктугун далилдегиси келсе Суранчиевдин жоопкерчилиги боюнча сотко кайрылсын, жакында эле кабыл алынган "жалган жалаа" мыйзамы боюнча. Ошондо кимиси ак, кимиси так экенин билебиз.


Адахан улут кызыкчылыгында
Күздүн башы менен Кыргызстан дүйнөлүк көчмөндөр оюнун биринчи жолу Ысык-Көлдө өткөргөнү турат. Албетте, чоң иш-чара. Бул иш-чараны өткөрүү үчүн кыргыздын аттуу-баштуу уулдары чуркап жүрүшөт. Алардын анабашында Адахан Мадумаров дагы бар. Адахан мырза бул оюн улуттун кызыкчылыгы үчүн, мамлекеттин эл аралык бедели үчүн олуттуу орунда экенин айтып, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, биргеликте, ынтымакта өткөрүп алсак дейт. Айтмакчы, Адахан мырзанын "Көчмөндөр оюну" туурасында кеңири маегин келээрки саныбыздан окусаңыздар болот.


Эртең Дүйнөлүк чемпионат... Эл билеби муну?
23-август күнү, эртең, касиеттүү Ысык-Көл жергесинде бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионатты Кыргызстан экинчи ирет өткөзгөнү турат. Сыртынан алганда мындай көлөмдүү иш-чараны өткөзүүнүн өзү эле канчалык түйшүктү талап кылаары белгилүү. Буга чейин жаман-жакшы дегенибиз менен бильярд боюнча бир нече жолку дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаевдин аракети менен алгачкы жолу Кыргызстан дүйнөлүк биринчиликти өткөзүп алган. Бирок, баары бир анын арты чуу менен жыйынтыкталган. Анда бильярд коомчулугу Каныбектин өзүмчүл мүнөзү биринчиликти мындан да мыкты өткөзүүгө тоскоол болду дешсе, айрымдары Каныбек болбосо чемпионатка дүйнө мыктылары келмек эмес деп чыгышкан. Албетте, демөөрчүлөрдү табуу кыйын болуп, ыйлай-сыктай, анча-мынча меценаттардын колдоосу менен эл караган бетибиз жер караган эмес. Ал эми экинчи жагынан башка мамлекеттердин бильярд үлкөндөрү бул чемпионатты тааныбай, "легитимсиз чемпионат" деп баалашкан. Кантсе да ага катышкан спортчулардын наамдары азырынча алынган жок. Эл аралык нормалар боюнча дүйнөлүк чемпионатка кеминде 30дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышуусу керек. Ал эми Бишкек шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатка жыйырмага жетпеген мамлекеттен спортчулар келип катышкан. Ошол себептен бул чемпионаттын статусунун тегерегинде талаштар жүрүп жатат.
Өткөн чемпионаттын аягында ким канча акча чыгарган, эл аралык деңгээлдеги иш- чараны өткөзүүдө кимдин салымы канча талаш-тартыш менен аныкталып, акыры чемпионатка деп сатылып алынган бильярд столдорунун дайыны чыкпай кеткен. Учурда аларды сатып алууга керектелген 20 миң доллардын башы чыкпай, бильярд тармагынын өкүлдөрү ал акчаларды Каныбектен көрүп жүрүшкөн чагы. Анын арты менен чурулдашып жатып, Каныбекти бильярд федерациясынын башчылыгынан алып түшүрүп, депутат Турсунбай Бакир уулун федерацияга жетекчи шайлап алышкан. Эми депутат ана башында турган федерация кезектеги дүйнөлүк маанидеги иш-чарасын өткөзүүнү колуна алган кез. Бул чемпионаттын аты болгону менен, арты аябай эле кыйындап кетти дешет уюштуруучулар. Биринчиден, мамлекеттик деңгээлде колдоо аябай солгун. Биринчи чемпионат учурунда Президент Алмазбек Атамбаев өзү көмөк көрсөтүп, бир топ чыгымдарын колдоп бергени бар. Кийинки иш-чараны өткөзүүдө кыйынчылыктар арбын эле болууда. Ал тургай дүйнөлүк биринчилик тууралуу жарнамалык роликтерди коомчулукка таратуу, ММКлар аркылуу маалымдоо дээрлик жүргөн жок. Болжолдуу түрдө эгерде расмий түрдө дүйнөнүн отуз мамлекетинен оюнчулар келбесе дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү нормасына ылайык келбей, кворум жок болуп, легитимдүүлүгүн эч ким тааныбай коюусу толук мүмкүн. Эгер эртең ушундай болсо анда Кыргызстан Бильярд жаатында дүйнөлүк аренада экинчи жолу сынат.