Төрөбай Зулпукаров,
Жогорку Кеңештин вице-спикери:
"Манас атабыздын намаз окугандыгы бардык манасчылардын варианттарында кездешет"
Эгемендүүлүктү алгандан бери экономика жаатын өздөштүрүү кыйынга тургандыгы бүгүнкү күндүн чындыгы болуп келет. Бирок бул тармакта ар кандай кайчы пикирлер жаралып, туруктуу сунуш жок. Дегеле Кыргызстандын экономикасы жана жалпы мамлекетибиздин өнүгүшүнө эмне керек? - деген суроонун алкагында экономика тармагындагы адис Темирбек Акматалиев менен маектештик.

-Төрөбай Закирович, учурда ар кандай пикир жаратып жаткан саясый резонанстардын бири кесиптешиңиз Турсунбай Бакир уулунун Израилдин желегин айрыганы үчүн ал жактын элчилиги жоопко тартууну сурап жатат, сиздин бул тууралуу жеке оюңузду билсек?
-Кесиптешимдин бул кылган ишинде эч кандай деле резонанс нерсе жок деп ойлойм. Анткени, Кыргызстан демократиялык мамлекет болгондуктан ошол демократиялык мыйзамдын негизинде, ар бир адам өз пикирин толук билдирүүгө укуктуу. Демек, Турсунбай мырза дагы демократиялуу өлкөнүн жараны катары, Израиль мамлекетинин терс аракеттерине өз нааразычылыгын гана билдирди деп эсептейм. Ал эми анын жоопко тартылышын сураган Израиль элчилигинин бул кадамы туура эмес. Дүйнө жүзүндө көптөгөн мамлекеттерде Израиль мамлекетинин желегин өрттөп жатпайбы. Жакында эле маалымат каражаттарынан окуп калдым, еврей улутундагы раввиндер Америкада Израилдин желегин өрттөдү, аларга деле эч кандай чара көрүлгөн жок, анткени Америка да демократиялык өлкө. Биздин өлкө дагы депутатыбыз Турсунбай Бакир уулуна Израиль мамлекети суранды деп чара колдонуу туура деген ойдон алыс болушубуз керек. Чындыгын айтышыбыз керек, биз Израиль мамлекети менен эч кандай аласа-бересе, карым-катнашыбыз болгон эмес. Эгер мамлекеттик маанилүү, стратегиялык же кандайдыр бир экономикалык жактан байланышыбыз бар болсо, ортодогу алаканы бузуп албайлы деген таризде ушул сунушту карасак болмок. Жалпысынан алганда, желекти айрып, тытып салуу бир гана адамдын нааразычылыгы үчүн болуп жаткандыктан бул иштен интрига издөөнүн кереги жок жана кесиптешимдин мындай кадамын мыйзамдуу деп эсептейм.
-Азыр теңирчилик менен мусулманчылык туурасындагы талаш-тартышка дагы деле чекит коюлбай келет, оң жолго чечүүнүн жолдору барбы?
-Адегенде, "Теңирчилик бул - динби же кандай?" - деген суроого жооп издеп көрсөк. Теңирчилик менен ислам динин салыштыруунун өзү туура эмес. Себеби, дин деген нерсе бир гана өлкөнүн же бир нече адамдардын чыгарган нерсеси эмес. Ал бир канча адамдын жана бир канча өлкөнүн адамдары ишенген багыт. Алсак, теңирчилик - дин эмес, бул тиричилик жашоо образы. Ал эми адамдын жашоо образын, баскан-турганын, оозеки чыгармачылыкты дин кылып алуу туура эмес. Ошол эле Манас эпосун теңирчилик менен байланыштырып алышкан. Ал эми Манас атабыздын намаз окугандыгы бардык манасчылардын варианттарында кездешип келет. Эгер Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча ислам динин аябай чагылдырып салса, бүгүнкү күндө бизде кеңири колдонулуп жаткан Саякбай Каралаевдин вариантында намаз окуур алдында даарат алып чечинип жуунуп аткан жеринен кол салып, өлтүрүшкөн деп жазылып турат. Бул эле эмес Манас эпосун окуп чыксак көп жеринде кездешет. Болгондо да бул жазуулар, СССРдин учурунда жазылган. А ал учурда дин тууралуу кеп кылуу кыйынга эле турчу. Андыктан бул нерсе кумурсканы пилге айлантып, пиар жасоо деп билем. Баягы "атың чыкпаса жер өрттө" болуп беш кишинин башын бириктирип кыргыздын көчмөн жашоосун динге айланткысы келгендер деп тааныйм.
- Өлкөбүздө күйүүчү майдын кымбатташы менен базар баасын да көтөрүүдө күз айында түшүм жыйноого кедергиси тийери турган иш, эл өкүлү катары маселе качан чечилери тууралуу альтернативдүү сунушуңуз барбы?
-Чындыгында Кыргызстан жетишээрлик түрдө күйүүчү майды иштетип чыгарбагандыктан, мамлекетибиз башка коңшулаш мамлекеттер менен мамиле түзүп, көбүнчө Казакстан аркылуу Орусиядан алып келебиз. Учурда күйүүчү майдын баасын өтө кымбат деп айтууга болбойт, себеби биз арзан сатып алып жатып гана бир аз баасы жогоруласа кымбаттап кетти деген түшүнүккө жетеленүүдөбүз. Алсак, биз сыяктуу коңшу мамлекеттерге азыркы бааны салыштыра турган болсок, Кыргызстанга салыштырмалуу аларда кымбат. Ошол эле Тажикстан мамлекетине биздин өлкөдөн чакан ишкерлер алып барып сатышат. Демек, бул бизде арзан, а ал жакта кымбат дегенди айгинелейт. Экинчиден, күйүүчү майды биз сырттан сатып алып жаткандыктан, бааны биз эмес сатуучу тарап коёт, андыктан баасын кескин өзгөртө албайбыз. Бирок белгилеп кете турган нерсе, күйүүчү майдын кымбатташынын бирден бир себеби Орусиядагы нефти иштетүүчү заводдогу авариянын кесепетинен улам убактылуу кымбаттоодо. Ал жакта авариядан кийинки запастагы күйүүчү майдын тартыштыгынан улам, бизде бир аз баа көтөрүлүп кетти. Бирок жакынкы аралыкта кайра баанын өз ордуна келиши күтүлүүдө. Ал эми жеке альтернативдүү менин жеке сунушум болгону менен бул, эки мамлекет ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылып жаткандыктан эч кандай өзгөртүү мүмкүн эмес. Ал эми мамлекеттик кызматкер катары биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
-Камактан убактылуу чет өлкөгө барып келүүгө коё берилген Ахматбек Келдибеков жана толугу менен акталып чыккан Иса Өмүркуловдун үстүнөн башкы прокуратура аппеляциялык арыз жазууда, мурунку укук коргоо кызматкери катары бул окуяларды кандай баалайсыз?
-Биздин мамлекетте сот органдары, укук коргоо органдары бар, бирок ошол эле учурда ар бир жаран дагы өзүнчө сот, укук коргоочу же мамлекеттик айыптоочу болуп кетет. Ахматбек Келдибековду дарыланууга макулдук берип, Иса Өмүркуловду актап чыгардыбы, демек, соттун өкүмүн башка нукка таңуулаганга биздин эч кандай укугубуз жок. Анткени, бул процесс менен жеке таанышып, иликтөө жүргүзбөгөндөн кийин тигиндей же мындай деп айтуу кыйын. Ал эми баш прокуратура аппеляциялык арыз менен кайрылганы, алар өз милдетин аткарып жатышат. Сот өкүмү чыккан соң сөзсүз бир тарап нааразы, бир тарап ыраазы болот. Анткени, процесс өзү ушул нерсени талап кылат. Жетишээрлик деңгээлде мамлекеттик айыптоочу материал чогултуп, сотко далилдегенге аракет кылса, мамлекеттик жактоочу тескерисинче ал нерсени жокко чыгарууга далаалат жасайт. Демек, соттун өкүмү биринчи тарапты канааттандырбай жатса, шаардык сотко, ал да болбосо жогорку, арбитраждык сотко кайрылуу укугуна ээ. Андыктан Ахматбек Келдибековдун дарылануу үчүн жана Иса Өмүркуловдун актаган соттун чечимин таңуулай албайм. Биз мыйзам менен иш алып барууга көнүшүбүз керек.
-Өтүп кеткен Рамазан айында кайрымдуулук иретинде Сокулуктагы 300 үй-бүлөгө жардам кылыптырсыз, бирок каражат маселесин кандай чечкениңиз кызыктырууда. Себеби, мамлекеттик декларацияга берген маалыматыңызга ылайык сиздин каттооңузда мынча кайрымдуулук кылчудай каражат таба турган булагыңыз катталган эмес да?
-Ооба, чындыгында мен депутат болгондон тартып, болгон бизнесимди туугандарыма өткөрүп бергем, бул мыйзам чегинде боло турган иш. Жөнөкөй мисал менен түшүндүрсөм, бизнести туугандарыңа өткөрүп берүү бул андан ажыроо эмес да. Бул иштетүү механизмин башка адамга гана өткөрүп берүү. А мен ошол эле Орусиядагы бир туугандарым менен кеңешип, мындай кайрымдуулук иштерди көп эле жасап келебиз. Депутат болуп келе элегимде эле Орусиянын бир канча шаарларында жеке ишкерлик менен алектенип жетишээрлик деңгээлде ишкерликти өздөштүргөн элек, азыр ошол ишкерликтин баарын бир туугандарым иштетип келишет. Ошол эле учурда мени жээкке чыгарып койбостон, биргеликте кеңешип иш кылышууда. Жогоруда айткан каражатты дагы ошол бир туугандарым менен биргеликте тапкан каражаттын эсебинен кайрымдуулук кылдык.
-Бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин таркашына бир жыл калды, эмнелерди аткара алдыңыз, эмнелерди аткаруу алдында турасыз жана саясаттан эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
-Кызмат түбөлүктүү эмес, бирок атанын уулу, мамлекеттин атуулу катары өлкөгө колдон келишинче татыктуу кызмат өтөө ар бир кыргыз жаранынын тилеги болсо керек. Депутат болуп келгенден тартып эмне кылдым жана эмнелерди мамлекетиме, өз элиме эмне пайда келтирдим, бул туурасында мен санап, айтып берүүнүн кажети жок деп ойлойм. Анткени "эр эмгегин эл эскерет" дегендей, жасаган ишимди эл баалап, эл айтсын. Мен үчүн эмне кылганымды өзүм сары эсепке салышым эмес, эл таразалап билиши мааниге ээ. Ал эми саясатка келгени менин эң бирден бир жоготкон нерсем убакытым болду. Анткени, иштин көбүнөн үй-бүлөмө убакыт аз бөлүп калуудамын. Мына, Жогорку Кеңеш эс алууга тарады, ага карабай убакыттын жогунан иш бөлмөмдө иш менен алек болуп жатам.
Ардакбек Каныбек уулу