Өмүрбек Текебаев, ЖК депутаты:
"Бүгүнкү өкмөт Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн уландысы гана"
Ооба, 120дан ашык партия бар деп айтылып келет. Алдыдагы шайлоолорго карата алардын саны күн санап арбып келатканы да анык. Ошону менен бирге мамлекет тагдырын манжасына мыкчып турган партиялардын саны, парламентте иш алып барып жаткандары 5 гана партия. Булар да мындан туура төрт жыл мурда элге тоодой убада беришкен. Уккулуктуу ураандарды салып жатып парламентке келишкен. Ошол убада, ураандар кандай аткарылды, канчоосу куру сөз болуп, канчоосу ишке ашты? Ушул туурасында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен маектештик.

-Өмүрбек Чиркешович, жакында үч фракциядан турган коалиция Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын бүгүнкү күндө ар кандай чоң кызматта иштеп жатышкан мурунку 12 чиновниги ээлеген кызматынан кетиши керек деген оюн билдирди. Муну журналисттер, саясатчылар ар кандай кабыл алды. Айрымдары муну саясый куугунтуктоо деп баалап жиберишсе, айрымдар "Ата Мекен" партиясы Жалал-Абаддын губернатору Жусупжан Жээнбековду кызматтан кетирип, шайлоонун алдында ал орунга өз адамын алып келүүгө кызыкдар, ошон үчүн аны кетирүүнүн амалы кылып жатат деп айтууда. Буга сиз кандай дейт элеңиз?
-Чын эле коомчулукта ушундай көз караштагы адамдар дагы бар. Тилекке каршы, алар окуянын келип чыгуу тарыхын таптакыр эле унутуп, конъюнктурага ылайык ой бүтүм чыгарып жатышат. Алардын ой бүтүм чыгаруусунда мен жоопкерчиликти байкаган жокмун. Ар бир маселенин өзүнүн тарыхы болот. Ошону тарых менен бирдикте караш керек. Жакында Волга дарыясында "Башкортстан" деген кеме чөгүп кетип, адамдар жабыр тарткандыгы үчүн ошол компаниянын ээси, теплоходдун капитаны сот жообуна тартылды. Былтыр Түштүк Кореяда паром чөгүп кетип жүздөгөн адамдар каза болгондо ал боюнча иш козголуп компаниянын ээси быйыл февралда өзүн-өзү өлтүрүү менен сот жоопкерчилигинен кутулду. Россияда тигил же бул шаарга көмүр же мазут убагында жеткирилбей, кышында суук болуп эл кыйналгандыгы үчүн "өз кызмат абалына жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн" деген берене менен шаар мэрлерине, башка тиешелүү ишканалардын жетекчилерине иш козголуп турат. Бүткүл дүйнөдө - мейли демократиялык деген өлкөлөрдөбү, Азия, Европабы, өз милдетин так аткара албай, шалаакы мамиле кылып, элге зыян алып келгендиги үчүн адамдар жооп берет. Бир гана Кыргызстанда эч ким жооп бербейт. Тескерисинче жооп бере турган адамдардын тууган-туушкандары аларды баатыр кылып, саясый куугунтуктоонун курмандыгы катары көргөзгөнгө аракет кылышат. Эң кызыгы ошого элдер ишенишет.
-Айтмакчы, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтөө демилгесине алгач "Ата Мекен" партиясынын тиешеси болбогондугу ыраспы?
-Бул ырас. Анткени, Парламенттеги "Республика" фракциясынын кайрылуусу боюнча кыргыз республикасынын Жогорку Кеңеши былтыр 2013-жылдын 18-апрелинде өз токтому менен комиссия түзгөн. Комиссиянын максаты Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтөө болуп эсептелинген. Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул маселенин демилгечиси оппозициялык партия болгон. Андан мурун дагы Жантөрө Сатыбалдиевге "Ата Журт" партиясы доомат коюп, аталган дирекциянын иши начар болгондугун, үйлөр сапатсыз курулгандыгын айтып келишкен. Ошентип оппозициянын демилгеси менен атайын комиссия түзүлүп, бир жылга жакын алар иликтешкен. 2014-жылдын февралында бул маселе ЖКда каралып, ЖК чечим кабыл алган. Чечиминин кыскача маңызы: Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн татаал, кайгылуу күндөрү биздин мамлекет эл аралык коомчулуктан жана башка булактардан таап 11 млрд. сом жыйнаган экен. Ал акча мыйзамдарды бузуу менен пайдаланылгандыгын комиссия тастыктады. ЖК ошондой чечим кабыл алды.
-Мыйзам бузуулар менен жумшалгандыгы аныкталды деп атасыз. Кандайча мыйзам бузуу болуптур?
-Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 11 млрд. сомдун 4 млрд. сому гана кайда эмне үчүн кеткендигин көргөзүп, калган 6 млрд. сомун кайда керектелгени боюнча тиешелүү документтер жок. Бул боюнча Эсептөө палатасы иштин аягына чыга албай келет. Коомчулук Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишине өтө тескери карап, коррупциянын классикалык түрү катары баалады. Адамдар трагедияга кабылып, туугандары курман болуп, тагдырлары сынып, бизнеси, үйлөрү жок калып турган учурда алардын өкмөт таап берген ырыскысына ысырап колдонуу, уурдоого жол берүү менен мамиле кылгандыгы бул мародёрчулуктан дагы жаман нерсе. Бир жылдан бери "мародёр, мародёр" деп жатышат. Бирок, бир дагы конкреттүү факты жок. А бул жерде документтүү түрдө ЖК 6 млрд. акча жок деп чечим чыгарып жатат. Коомчулук бүгүнгө дейре үйлөрдөгү жарака кеткен жерлерди, иштебей жаткан жылытуу системасын айтып, көргөзүп ыйлап олтурат. Бул жерде накта массалык мародёрлук болду десек жаңылышпайбыз. Тилекке каршы өкмөт бир жыл ичинде акча кайда кеткендиги боюнча эч сөз айта алган жок. Документтерди көргөзө алган жок. Ошон үчүн Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү "Элдин ишенимин жоготкондугу үчүн" деген негиз менен кызматтан алынды. Кыргызстанда мурда мындай болгон эмес.
-Ушул негизде өкмөт кетти, жаңы өкмөт түзүлдү. Бирок кызматтан кетишкени менен алар жоопкерчиликке тартылышкан жок да…
-Ооба, өкмөт кетти, жаңы өкмөт түзүлдү. Бирок, Жантөрө Сатыбалдиевдин түздөн түз жеке өзүнүн күнөөсү мынча деп айта албайбыз. Аны иликтөөлөр көргөзөт. Анан да ал жерде Сатыбалдиевден башка да иштеген жетекчилер мындай мыйзам бузууларга жол берген. Ошондуктан алардын иш аракеттери дагы өз баасын алышы керек. Кылмыш кодекси боюнча да, саясый, моралдык да баасын алышы керек. Албетте кылмыш иши козголуп жүрүп жатат. Ал өз нугу менен кетет. Саясый, моралдык бааны ЖК берген. Июнь айында ЖКдагы оппозициялык "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев жетектеген комитет да бул маселени карап: "Өкмөт ЖКнын токтомун аткарбай атат. Күнөөлүүлөрдүн баары жазасын тартмак турсун жогорку кызматтарга коюлуп жатат" деп Жалал-Абад областынын губернатору Жусупжан Жээнбековду жана бир топ адамдын тизмесин санаган. Жалпы 12 адам. Оппозициянын, аны колдоп кеткен коомдук пикирдин, ММКлардын позициясын карап олтуруп биз коалиция алардын пикирин туура таптык. Өкмөткө "жогорку тизмеде көрсөтүлгөн 12 адамга азырынча саясый жоопкерчилик берилсин. Убагы келгенде кылмыш жоопкерчилигине тартылсын" деген сунушубузду жөнөттүк. Ошентип, Жалал-Абад областындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү губернатор Жусупжан Жээнбековдун кызматтан кетишинин демилгечиси коалиция, анын ичиндеги "Ата Мекен" фракциясы эле эмес, оппозициялык фракциялар да болушту. Аны жалпы парламент бирдиктүү колдогон. Коомчулук дагы ал пикирди бөлүшөт. Мына ушинтип кечээ эмне болгондугун, коалициянын өкмөткө кайрылуусу кайдан келип чыккандыгын билмексенге салып, унутуп калгандай түр көргөзүп, "КСДПнын өкүлү Жээнбековду "Ата Мекен" куугунтуктап жатат" деген бул туура эмес.
-Коомчулукта дагы бир собол бар: "Ата Мекен" партиясы шайлоо алдында "Биз коррупцияга, криминалга каршы күрөшөбүз" деген чакырык менен чыгып, элдин добушун алып парламентке келген. Алар өз убадасын аткарбай жатат. Коррупция жоюлмак турсун кайра баш көтөрдү" деген пикирлер күч. "Ата Мекен" партиясы шайлоо алдында берген убадасын канчалык деңгээлде аткарып жатат жана аткара алды?
-"Ата Мекен" партиясы парламенттеги эң кичинекей фракция. Бирок, биз кичинекейбиз деп азыраак жоопкерчиликти алганга эч убакта умтулбайбыз. Ар дайым күрөштүн алдыңкы катарында болуп, оппозицияда болсок дагы, коалициянын курамында болсок дагы жоопкерчилик менен убадаларыбызды аткарганга аракет кылабыз. Жогоруда сөз болгон Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишине баа берүүдө конкреттүү 12 адамдын атын айтып, жазаланышына жетишип жаткан дагы "Ата Мекен" партиясы. Кээ бирөөлөрдүн жаман көрүп, жамандаганына карабастан коррупцияга каршы күрөшүш үчүн коррупционердин атынан айтыш керек. Айтып гана тим болбостон анын жазаланышына артынан сая түшүп туруп, жетишүү керек. Болбосо коррупция менен күрөшүү сөз жүзүндө гана калат. "Ата Мекен" партиясы коррупциялык кубулуштарды гана айтпастан алардын аты-жөнүнө дейре айтып, коррупционерлердин коом, мыйзам алдында жооп бериши үчүн күрөшкөн фракциялардын бири.
-Ушул жерден конкреттүү мисалдарды келтире аласызбы?
-"Кыргызгаз" акционердик коомун биз Россиянын "Газпромуна" саттык. Ниет жакшы болгон."Энергетикалык көз каранды эместикке жетишебиз. Кыргызстанга газдын келиши үзгүлтүксүз, сапаттуу жана арзан болот" деген келишимди түзүп, кожоюн алмашканда компания, бул тармак мүдүрүлбөй иштеп кеткен шартты түзүү биздин конкреттүү чиновниктерге тапшырылган. Бирок алар парламенттин, элдин алдында убада берип, иш жүзүндө Кыргызстандын жарымы газсыз калды. "Кыргызгаздын" генералдык директору Тургунбек Кулмурзаев бүгүн эч нерсе болбогондой жүрөт. Маектин башында мисал келтиргендей, Россияда же башка өлкөлөрдө болгондо Кулмурзаев кылмыш жообуна тартылмак. Биздин фракция бир нече жолу Кулмурзаевдин иш аракетине, анын республиканын экономикасына келтирген зыянын эске алып, Ош шаарындагы карапайым адамдарга көйгөй жаратып, алардын чыгымын көбөйтүп, турмушунун ыргагын бузгандыгы үчүн жоопко тартылсын деп кайрылдык. ЖК ишке чыккан соң бул талабыбызды конкреттүү түрдө улантабыз. Экинчи дагы бир ишти айтайын. Аксы районунун акими Медет Айдаралиев кызматтан кетиши керек деп өкмөткө сунуш киргизип атабыз.
(Уландысы 10-бетте)