Нурзат Токтосунова, тележурналист:
"Ал дүйнөгө өтө терең
кирүүдөн айбыгып турам"

Кыргыз эли сөзгө бай эл. Азыр да таңдайынан чаң чыккан уул-кыздардан уучубуз куру эмес. Бир топ маданий берүүлөрдөн тышкары өздүк мектебинен жаш таланттарга тарбиясын берип, жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө түрткү болгон эмгекчил айым менен чакан маек.

-Жакында эле Түркия өлкөсүнөн тажрыйба алмашып келбедиңизби. Андыктан ал жактан алган тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, артыкчылыктары менен кемчиликтери, өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары тууралуу кеп салсаңыз?
-Ал жактан өз кесибим боюнча жакшы тажрыйба алдым. Бөтөн эл, бөтөн жер, жат чөйрө жаңы дем берип, жашоомду жаңыдан барактап чыгуума түрткү болду. 7000 киши иштеген бир чоң телерадиокомпаниянын ичиндеги тартипти, тазалыкты, тынчтыкты көрүп таң калдым. Шашкан, чуркаган, талашып-тартышкан кишилерди көргөнүм жок, баары бир калыпта, өз орду менен, иш калыпка салынган. Мага эң жакканы адамдардын бири-бири менен болгон мамилеси болду. Таарынышып кетсе да сөзсүз бирөөсү келип сүйлөп, кел эми элдешели деп чечишип алышат экен. А бизде болоор-болбос нерсеге жылдап эле коркутуп сүйлөшпөй жүрө бергендер бар го. Иш тараптан болсо биздин журналисттердей иши өтө көп эмес экен, биздин бир журналист же бир оператор алардын үчөөсүнүн жумушун бир аткарган сыяктуу сезилди. Балким мамлекеттик болгон үчүндүр, шарттары жакшы, артыкчылыктары көп. Кыскасы, ал жакка жасаган сапарым абдан жемиштүү болду. Андыктан убакыттан пайдаланып, ушундай жерге чакырган ал тарапка жана бул жактан уруксат берген эки компаниянын кызматкерлерине чоң рахматымды билдирем.
-Атайын жаш алып баруучуларды даярдаган "Нур" мектебиңиздин иши кандай жүрүп жатат?
-"Нур" мектебибиз биз күткөндөн да кубанычтуу жыйынтык берүүдө. Үч айлык курстун бүтүрүүчүлөрү алдыңкы радио, телевидение сынактарынан өтүп, учурда жетекчилеринен, башка кызматташ мамлекеттик органдардан ардак грамота, баалуу сыйлыктарга ээ болуп жатканы ишибиздин оң экенинин кабары болсо керек. Ар бир бүтүрүүчүмдүн ийгилигине кубанам, мага чалып сүйүнчүлөп турушат, жашоодо өз ордун таап, коомдун маданияттуу адамы болуп, алдыга талпынып өсүп жаткан биздин балдарды көрүп сыймыктанам. Жумуш менен камсыз болуу - ар биринин өзүнөн көз каранды. Биз үч ай ар тараптан даярдайбыз. Психолог, профессионал педагогдор ар бири менен индивидуалдуу иштешет. Мен жеке өз тажрыйбамдан бирөөнүн телефон чалуусу менен эмес, өз күчү менен сынактан өткөн инсандын карьерасынын өмүрү узун болоорун түшүнөм. Андыктан таланттуу балдардын өз кыялдарынын орундалуусу үчүн менин мектебим бир тепкич. Мектеп ичинде той-топур, иш-чараларды баштан-аяк уюштурган "Нур" продюсерлик борбору, жетим балдарга жардам берген "Нур" жардам кайрымдуулук фонду, "Нур" бий тобу, "Нур" КВН командалары уюшулду. Шаардын тазалыгы үчүн байма-бай ишембиликтер, багар, көрөөрү жоктор үчүн кайрымдуулук акциялар өтүп турат. Бул жыл мен үчүн мектебимди чыңдоо жылы. Себеби, каалоочулар көп болуп, өспүрүм балдарга жана отуз бештен өткөндөргө да уюштургула деген суроолор болуп жатат. Мугалимдер менен ошол сунуштарды иштеп чыгышыбыз керек.
-Кино жаатына да аралашып келесиз, тасмага тартылуунун максаты эмнеде же жөн гана популярдуулук үчүнбү?
-Кино жаатына аралашканым да кокусунан болду. Режиссёр ишеним артып чакырып жатса барбай коюу мүмкүн эмес эле. Ошентсе да "ар жумушту сапаттуу жаса" деген девизим болгондуктан атайын актёрдук чеберчилик курстарына сөзсүз барышым керек. Буга чейин убактым тар болду. Ушул жылдан баштап өзүмдү өнүктүрүүгө көп убакыт бөлүүдөмүн. Кино дагы башка бир ажайып чоң дүйнө. Ал дүйнөгө өтө терең кирүүдөн айбыгып турам. Ал жүктү аркалай турган болсом көрүүчүлөргө болгон чоң сыйым болгон милдетти эң жакшы аткарууга аракет кылам.
-Сиздин дарегиңизге айтылган оң-терс сындарды кандай кабыл аласыз?
-Сын тууралуу курс бүткөндө ар дайым окуучулардан аноним кат жаздырып алам. Анткени, ошол кат аркылуу ойлорду, сындарды жакшы жактан кабыл алып, дегеле аны жакшы жакка өнүктүрсө болот. Кемчиликтер билинет. Сынды кабыл ала билүү бул - эрдик. Сынсыз өсүү болбойт. Менин дарегиме жеке айтылган сын болсо сүйүнүп кабыл алам. Жакшы сөз канат берсе, сын-пикир - камчы. "Бийди кул десе күлкүсү келет, кулду кул десе өлгүсү келет" болуп, чектен чыккан же акыйкатсыз сын болсо жылмаям, себеби анын чын эмес экенин өз учурунда убакыт тастыктап берет.
Руслан Байдылдаев