Кыргыз саясатындагы
куда, кудагый, күйөө бала, кайын агалар...

"Кыргыздарды сураштыра келсең, сенин тууганың болуп чыгат" деген сөз бекер айтылбаса керек. Чын эле кыргыздардын тегин сүрүштүрүп олтурсаң, уруу, урук, же жети атасы, же кудалык байланышы жагынанбы, айтор, тууганчылык жайы бар болуп чыгат. Ал эми мындай көрүнүштөр кыргыздын саясат айдыңында андан бетер күч. Бул табигый көрүнүшпү, же коомдук, саясый турмуштагы салмактуу, таасирлүү кландарга, топторго башкалар атайылап тууганчылык мамиле түзүүгө ашыгышабы, анысын билбейт экенбиз. Билгенибиз, карап көрсөк, саясатчы, аткаминерлер арасында тууганчылык жайлары барлар жетишерлик экен. Балким, ушундан улам "туугандуу бийде ыйман жок" дегендей, оңоло, телчиге албай атабызбы деген ой келбей койбойт.

"Каттамачы" кимдерге күйөө бала?
"Каттамачы" атка конгон Кыргызстандагы порно басылмалардын "атасы" Жаныбек Жанызакты кимдер билбейт. Рынок шарты менен дайым эсептешип, ошого жараша "движение" кылган байкебиз үйүнө жеке басмаканасын ачып алып, андан бат окулчу китептерди басып чыгарып, окуяны кууган окурмандарга пулдаганга адистешип алган жайы бар. Жүргөн турганы шайдоот, шыр, орустар аймакчы "без комплекстеги" адам. Мына ушул Жаныбек Жанызак Кыргызстандагы мансаптуу кланга күйөө бала экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Дегенибиз, кадимки "дордойчу" Салымбековдордун карындашына үйлөнүп, бул кланга күйөө бала болуп алган. Аскар, Мамытбай Мааткабыловичтер менен мамилеси жакшы болуп жүргөн себеби да ушундан. Андыктан эртеңки шайлоодо саясаттын сасык оюндарынан алыс Жакебиз Салымбековдордун партиясына үгүттөп жүрсө, туура түшүнүп коюңуз.

Базарчы жана мончочу кудалар
"Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" деген чын белем. Карап көрсөк, Кыргызстандагы ишкерлердин ишкерлер чөйрөсүнөн куда күткөн учурлары көп экен. ЖКнын аты "атажуртчу", бирок заты КСДПчы болгон Нарынбек Молдобаев деген депутаты бар. Ичине кирип жыргалга, лаззатка батып чыкчу кадимки Бишкектеги ири "Жыргал" мончосунун кожоюну. Нарынбек мырза кимге күйөө бала, же куда деп атасызбы? Акаевдин кезинде ити чөп жеп, түкүрүгү жерге түшпөй турган Болот Бегалиев деген бар эле. Ош базарынын жанындагы "Берекет" ЖАКсынын төрагасы. Чоң саясатка аттанып, бийликтин бийик серелерин эңсей баштаган кезде башкы колдоочусу болгон Майрам Акаевадан оомат качканы Болот мырза бизнеси менен гана алек болуп кетти. Болот Бегалиев менен Нарынбек Молдобаев кан кудалардан. Ишкерлик чөйрөсүндөгү жакын санаалаш, тилектештерден да болуп алышкан. Кээ бирлер Нарынбек мырзанын "Жыргал" мончосун өздүктөп алганга дал ушул Болот Бегалиевдин салымы чоң болгонун айтышат.

Генералдын
күйөө баласы
Канатбек Муратбеков
Ишкерликти Кытайда жүргүзүп жүрүп, "Республика" партиясы менен саясатка аралашып, Нарындын губернатору катары үзүрлүү иштеп, учурда Энергетика министринин орун басары болуп иштеп аткан Канатбек Муратбековду көпчүлүк жакшы билип калды. Саясий оюн, интрига дегендерден алыс, өзүнүн кызматтык милдетин чоң жоопкерчиликте аткарган кадр катары коомчулукта айтылып келет. Канатбек мырза кимдин күйөө баласын экенин көпчүлүк билбейт. Анда билбегендер билип алышсын, Бакиевдин учурундагы ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевдин 1-орун басары, генерал-майор Сабырбек Курманалиевдин карачечекей күйөө баласы болот. Сабырбек Курманалиев Бакиевдин бийлиги кулаары менен кызматтан кеткен жок. ИИМди убактылуу жетектөөгө алган Болот Шердин орун басары катары иштеп, апрель окуясынан кийин Бишкекти тартипке келтирип, коопсуздукту камсыз кылуу үстүндө иш алып барды. Азыр иштеп атабы, же пенсияга чыгып, эс алууга кеткенби, маалыматыбыз жок экен.

Бекем достук кудалыкка жеткиргенде...
Кесиби боюнча кесипкөй курулушчу, Союздун кезинде Өкмөт үйү баштаган бир катар стратегиялык, ири объекттердин курулушуна жакындан катышып, айрым курулуштарга жетекчилик кылып жүрүп, Союз тараганы курулуш бизнесине бой таштап, ал жактан баар таап, бутуна турган, учурда транспорт жана коммуникация министрлигин жетектеп аткан Калыкбек Султанов кимдин кан кудасы экенин да айта кетели. Кудасы ким экенин билгенде, кантип министр болуп калганын аңдабай эле түшүнүп аласыз, окурман. Калыкбек мырза "атамекенчи" депутат, улуттук, руханий мурас, баалуулуктар, "Манас", кыргыздын боз үйү дегенде убактысын да, акчасын да, нервин да аябай жүргөн Карганбек Самаковдун кудасы. Карганбек мырза Калыкбек Султановдун кызын келин кылып алган. Экөөсүнүн мурдатан келаткан бекем, эски достугу кудалыкка жеткиргенин айтышат, билгендер. Билгендер ошондой эле кудалыктан, саясаттан сырткары экөө бири-бирин жакшы түшүнүп, колдошкон тилектеш, санаалаштардан экенин айтышат.

Жакын туугандардын
депутат балдары
Бишкектин борбордук көчөлөрүнө европалык колориттеги көп кабаттуу үйлөрдү тургузуп, аларды пулдап, ижарага берүү менен шугулданып келаткан "атажуртчу" Азиз Суракматов деген бар. Депутат деген эле аты болбосо, анын ЖК трибунасынан бир ооз ачканын көргөн жокпуз. Жыйындарга кааласа катышат, каалабаса жок. Оппозициялык фракциядагы депутат экенин мындай коёлу, жөн эле эл өкүлү экенин көрсөткөнгө жарабай келет. Кээ бирлер аны башка улуттан экенин айтып жүрүшкөнү бар. Бирок бул чындыкка коошпойт. Азиз мырзанын апасы гана башка улуттан болбосо, фракциялашы, дагы бир ооз ачпас депутат Жаныш Кудайбергеновдун жакын тууганы экенин айта кетели. Азиз Суракматов менен Жаныш Кудайбергеновдун аталары ата жагынан жакын тууган болуп кетишет. Сыягы, бул экөөсүнө депутаттык мандат бизнестерине "крыша" үчүн гана керек окшойт. Болбосо, ырымга да болсо сүйлөшүп, төшүндөгү значокторду акташмак эле дейбиз.

Дипломат кайындуу экс-вице-премьер
Билсеңиздер, кесиби боюнча дарыгер, бирок дарыгерликтен дары бизнесине ооп, андан баар да, байлык да таап, анын арты менен "Ар-намыс" партиясынан ЖК депутаты болуп, кызмат бөлүштүрүүдө социалдык маселелер боюнча вице-премьер болуп кеткен Гүлнара Асымбекова деген айым бар эле. Вице-премьерликтен кеткени кайда экени билинбей, дайыны чыкпай кетти. Кыязы, дары бизнеси менен алектенип жүрсө керек. Мына ошол айым кимге келин экенин билесиңерби? КРнын Орусиядагы элчиси болуп иштеп атып, анан жылкы теппей, жылан чакпай кызматтан алынып, КРнын Украинадагы элчилик кызматына дайындалган Улукбек Чыналиевге келин болот. Улукбек мырзанын бир тууган инисинин жубайы. Андыктан Гүлнара айымдын үй-бүлөсү менен Украинага сапар тартканын көрүп калсаңар, кайын агасынын чакыруусу менен Киевге конокко баратат деп биле бергиле.

Тынчтыкбек Бешкемпиров