Коңшубуздун түшүнүксүз кадамдары же газды токтотуунун чыныгы максаты неде?..
Түштүк облустарын газ менен камсыз кылууда сүйлөшүүлөр, кат жазышуулар маселени чечүүгө таасирин тийгизе алган жок. Сүйлөшүүлөр, дипломатиялык иш аракеттер натыйжа бербеген соң суу берүүнү токтотууну жолу менен сүйлөшүү жолуна аргасыз кылуу сунуштагандары коомчулук тарабынан көбөйдү.
Кыргыз бийлиги эки элдин тынчтыгын көздөп кескин чараларга, ар кандай конфликттерге барбай, сүйлөшүү жолу менен гана маселе чечилет деген максатты көздөдү. Бирок, абал убакыт өткөн сайын татаалдашып баратканы баарыбызга маалым. Президентибиз Алмазбек Атамбаев суюлтулган газ менен камсыз кылуу демилгесин көтөрүп чыкты. Бул максат ишке ашууга Россиянын Ош шаары жана Ош облусуна бөлүп берип аткан жардамдын бир бөлүгү кетет экен.
Өзбекстандын газ бербей жатышынын чыныгы себеби эмне болушу мүмкүн?
Газдын жоктугу бул күтүлө турган маселе болчу. Анткени, Өзбекстан тарап 20 жылдан бери Кыргызстанга өзүнүн талаптарын коюп, эгер макул болбосоң мен башкача кылам деген тариздеги мамиле жасап көнүп алгандыгында. Кайсыл бир маселе чыкса Каримов өзүнүн колдон келген мүмкүнчүлүгүн пайдаланып кысым жасоодон баш тартпайт. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн бири бул газ. Бул мүмкүнчүлүктү Каримов эки элдин ортосундагы ынтымак ыдырап, туугандар ортосунда душмандык пайда болбойбу деген коркунучту ойлобостон ой келди кадамдарга барып жатат.
Эсиңиздерде болсо жакынкы аралыкта Кыргызстанга абдан маанилүү, өнүгүүнүн башаты боло турган ГЭСтердин курулушу кайсыл бир сырткы тараптар үчүн ойлоно турган маселеге айланууда. Керек болсо ар кандай ойго келбеген иш аракеттер менен ГЭСтердин курулушунан Кыргызстанды баш тартууга аргасыз кылууга аракет кылышат.
Мисалы, Ташкент Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык алкакчасынан чыгып кетиши ыктымал. Эгер мындай кадамга бара турган болсо Кыргызстандын түндүк аймагы электрсиз калат, себеби, "Датка-Кемин" ЛЕПтин курулуш иши бүтө элек.
Керек болсо Өзбекстанда соода-сатык кылган кыргызстандыктарды ар кандай кысымга алып, чек араны катуу тартипте кармоо максатында аскерлерин чек арага жакын жайгаштырышы дагы толук мүмкүн.
Буга чейин кайталанып келген чек ара жаңжалдары күчөп, атайылап уюштурулган ок атылып, курмандыктар дагы болбойт деп айтуу кыйын. Мындай окуялар дүйнөлүк ММКларда бир жактуу чагылдырылып, Кыргызстанды күнөөкөр катары эсептейт.
Өзбекстан жасай турган дагы бир кадам өз аба майданы аркылуу Ош аэропортуна өткөн аба жолуна тыюу салат. Андай боло турган болсо, Ош аэропорту ишин токтотууга аргасыз болот.
Газды эмне себептен бербей жатасыңар? Эмне каалап жатасыңар деп Өзбек тараптан сурасаңыз себебин түшүндүрүп бере албайт. Анткени, майдын аягында сүйлөшүүгө аракет кылган "Газпромдун" делегациясына жада калса газ маселеси боюнча доо-талаптарын тыңгылыктуу айтып бере албай койгон.
Ал өзүнө ылайыктуу шарттарда кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө келишимге кол коюуну тездетүүнү көздөөдө. Ташкент Сохко коридорду каалап жатат, башкача айтканда, бул анклавды өз жерине кошуп алгысы келүүдө. Албетте, Кыргызстандын жеринин эсебинен.
Ташкент Кыргызстан Камбар-Ата ГЭСтерин куруудан баш тартып, аны менен энергетикалык эгемендүүлүккө жетүү кыялы менен коштошуусун талап кылууда. Ташкент негизинен эле Кыргызстанга, аны менен бирге Тажикстанга чек арадагы дарыяларда кандай гидротехникалык курулуштарды куруп же кура албай турганы боюнча буйрук бергиси келип жатат - ал үчүн Өзбекстан Аралды куткаруу эл аралык фондунда төрагалык кылууга бардык аракетин жумшоодо.
Өзбекстан кыргыз аймагында жайгашкан (!), бирок СССР мезгилинен бери өзбек тараптан колдонулуп жаткан объекттерди кайтарып алууну ойлоп да койбосун деп талап кылды. Булар Орто-Токой суу сактагычы жана жер алдындагы "Түндүк Сох" газ сактоочу жай.
Башкача айтканда, жашырбастан айта турган болсок, газдын кранын бууп салып Кыргызстанды шантаж кылып, Өзбекстан бизди эгемендигибиздин бир бөлүгүн курмандыкка чалуубузду каалап жатат.
Эгемендүүлүк эң оболу мамлекеттин өз ара чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү эмеспи. Өзбекстан эч кандай жеңилдиктерге бара турган ою жок.
Бардык жактан кысымга алынып калган Кыргызстан эмне кылыш керек? Жооп катары чара колдонууну ойлоно баштайт, албетте. Бул чаралар кескин радикалдуу болушу ыктымал.
Кыргызстандын да Өзбекстанга таасир этүү жолдору бар. Алардын эң башкысы - сугат суусу.
Кыргызстан, биринчиден, Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинен башталган Чоң Наманган каналын бууп сала алат. Эскерте кетсек, 2000-жылы Өзбекстан дал ушундай газды бир жарым айга токтотуп салганда, Кыргызстан бул кадамга барган. Эки күндөн кийин суу Намангандын талааларына келбей калганда, өзбек делегациясы сүйлөшүүлөргө келген.
Ошондой эле Савай каналы бар. Анын суусунун көп бөлүгү Андижан облусунун чек арага жакын пункттарын сугарат. Кыргызстан бул сууну башка канал - Шахринсайдын изине кошуп сала алат.
Кыргызстан өзбектердин Сох анклавындагы 27 абонентин газдан өчүрүп салуу мүмкүндүгүнө ээ. Ошондой эле коңшуларга транспорттук көйгөйлөрдү жаратып коюшу мүмкүн.
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы аймагынан Андижан жана Наманган шаарларын Фергана өрөөнүнүн башка калк жайгашкан жерлери менен бириктирген 1,3 чакырымдагы темир жолу өтөт. Бул жол менен күн сайын Андижан-Коканд адамдарды ташуучу эки рейс жана бир жүк ташуучу рейс жүрүп турат.
"Абу-Сахи" өзбек фирмасы Кыргызстандын аймагынан Кытайдан Өзбекстанга Ош облусундагы "Достук" өткөрмө пункту аркылуу жүктөрүн ташыйт. Белгилүү болгондой, бул фирма бийик даражалуу өзбек чоңдору аркылуу көзөмөлдөнөт - мурда ал Өзбекстан президентинин кызы Гульнара Каримовага тиешелүү эле. Кыскасы, бул фирма кыргыз санкцияларын абдан эле каалап жаткандай, АКШ менен Евросоюз деле Россияны ушундай жол менен "жазалап" атпайбы.
Ысык-Көлдө да өзбек пансионаттары бар. Аларга деле чоң көйгөй жаратып коюу оңой эле. Аны майдалап өзбек чиновниктерине түшүндүрүп отурбайлы, алар өздөрү башкалардын бизнесине мындай проблемаларды кыйын жаратышат.
Мындай чаралардын баары, албетте, абдан жагымсыз нерсе. Бирок өзбек бийлиги Кыргызстанга башка жол бербей жатпайбы?
Расмий Ташкенттин бүгүн тандап алган тактикасы - бул, Кыргызстанга каршы бүлдүргүч иш-аракети. Бул аракеттер биздин өлкөнү ичтен жарууга багытталган. Ислам Каримовго мунун эмнеге кереги бар - түшүнүксүз.
Кыргызстандан АКШнын аба майданы чыгарылгандан кийин ар кандай коомго терс иш аракеттер уюштурулаары мурун эле айтылган. Ошол уюштурула турган баш аламандыктын куралы болуп жаткандыгын Ислам Каримов кеч түшүнөт болсо керек. Анткени, эки тууган элди кандайдыр бир түшүнүксүз максаттар үчүн душман кылуу кудайга жага турган иш эмес.
Жакшылык Бердибек уулу






Досалы Эсеналиев, медиа-эксперт:
"Эл көзүнө көрүнгөн Ашыралиевдин айтканы оройлук болду.
Сынын орундуу айтса болмок"

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин гезитибиздин өткөн санына берген маегиндеги "маркум Медет Садыркуловдун өлтүрүлгөнү туура болгон" деген сөзү интернет баракчаларында кызуу талкууга алынып, ар кандай кайчы пикирлерди жаратты. Алардын арасында Медет Садыркулов президенттик администрациянын башчысы болуп турганда орун басары болуп иштеген Досалы Эсеналиев да өз пикирин билдирген экен. Аны атайын кепке тарттык.
-Досалы мырза, сиз Кемел Ашыралиевдин гезитибиздин өткөн санындагы Медет Садыркулов тууралуу айткандары боюнча Фейсбукта пикириңизди билдирип, аксакал аябай орой сүйлөгөнүн айтыпсыз...
-Кыргыз элинин көзүнө көрүнүп калган аксакалдары орой сүйлөгөнү чынында жакшы көрүнүш эмес. Таба кылбай, тообо кылыш керек. Ашыралиев аксакалдан күтө турган сөз ушул беле?! Ал эмнени айткысы келди, билбейм. Бирок чынында туруп-туруп эле ушундай сүйлөп койгону оройлук болду. Мен эле эмес, анын интервьюсун окуган ар бир киши ушуну айтат.
-Ал киши ЦАРИИни түзүүнүн башында Садыркулов турган десе, сиз тескерисинче ага каршы болгону үчүн кызматтан алынганын айттыңыз.
-ЦАРИИ жөнүндө айтуу менен аксакал маалыматы жоктугун көрсөтүптүр. Бул окуялар 2008-жылдын экинчи жарымында болгон. ЦАРИИ, Секретариат түзүү идеясын чынында ошол кезде Никитин, Малеваная жана Максим Бакиевдер тымызын даярдап жүрүп Президентке киргизишкен. Ошол эле кезде Садыркулов администрациянын экономика бөлүмүнүн кызматкерлери менен 6 ай иштеп, өлкөнүн жакынкы 5 жылдык планын даярдашкан. Президент үчүн эки долбоор дилемма болду, көпкө, 1 айча ойлонуп жүрүп 1-долбоорго токтогон чечимин чыгарган. Мына ошондо Садыркулов ошол саясый долбоорго каршы болуп, макул болбой кызматынан өзү кеткен! Ошол отставкасы менен Медет Садыркулов Максимге да, Никитинге да, Малеванаяга да каршы чыккан. Бул жаңы жылдын алдында болгон иш. Жаңы жылдан кийин Тышкы иштер министри болуу сунушу түшкөндө да аны четке каккан. Садыркулов мага: "Бул жол менен кетсе Президент аңга түшөт, эгер биз сунуштаган экономикалык модернизация жолу менен кетсе, Кыргызстандагы жылдык өсүү темпи 10-15% кем болбойт" деп айткан. Ошол экономикалык программаны Азамат Дикамбаев, Бакыт Ашыров, Учкун Ташбаев, Толкун Абдыгулов жана башка жазган эле. Садыркуловдун саясат менен эмес, бир гана экономика менен алектенсек деген максаты бар болчу. Бирок ошол кездеги тарыхый көз ирмем Кыргызстанды башка жол менен алып кетти.
-Кемел аксакалды эл кылган эмгеги менен эмес, илбирс ичиги, жорго аты менен гана билишет депсиз. Муну менен эмнени айткыңыз келди?
-Чынында ал кишини көпчүлүк жорго салыш боюнча адис, жакшы ырчы катары билишет. Себеби, ушул маселелердин тегерегинде гезиттерге маектери көп чыккан. Губернатор катары кандай иштегенин нарындыктар айтсын. Бирок ушул аксакалдар улуу муундун аксакалдары Турдакун Усубалиев, Корчубек Акназаров, Таштанбек Акматов, Мухтар Нургазиев, Медеткан Шеримкулов сыяктуу аксакалдарыбыздан үлгү алса болмок. Булардын өмүрү өрнөк, ар бир айткан насаат сөздөрү элге тирек болуп турбайбы.
-Кемел Ашыралиевдин ыраматылык Медет Садыркуловго жеке ичкүптүсү болгон деп ойлойсузбу?
-Чынын айтсам билбейм, айтыш кыйын. Бирок ошол 1994-жылы Ашыралиевдин губернаторлук кызматтан алынганы ызы-чуу менен коштолгон. Ошол кездеги газеталарды барактаса болот. Ал кезде Акаевдин администрациясынын уюштуруу бөлүмүн Медет Садыркулов башкарган. Бул бөлүм албетте, губернаторлордун ишин түзмө-түз башкарган. Иште сөзсүз өйдө-ылдый болгон болушу керек. Ыраматылык Садыркулов тирүү болгондо бул кишиге көңүл бурмак да, ага жооп бермек да эмес. Ал мындай нерселерден өйдө турмак.
Мирлан Дүйшөнбаев