Кубатбек Боронов, Өзгөчө кырдаалдар министри:
"Жарандар биз берген маалыматтарга кайдыгер карап жатышканы байкалууда"
-Кубатбек мырза, учурда сиз жетектеген министрлик кандай иш алып барып жатат?
-Министрликтин кандай иштеп жаткандыгына биринчиден элибиз, Кыргыз өкмөтү жана Жогорку Кеңеш баа берсе туура болот деп ойлойбуз. Кудайга шүгүр, азырынча жаман пикир уга элекпиз. Болгон күч аракетти, акылыбыз менен билимибизди жумшап, элибиздин коопсуз, бейпил жашоосун камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатабыз.
-Акыркы күндөрү жаан-чачындын көп жаашынан улам селдер көп жүрүп жатат? Өзгөчө кайсыл аймакта сел көп кетип, кандай зыяндар болууда?
-Жыл башынан бери республиканын аймагында 107 (2013-жылы 117) өзгөчө кырдаал катталган, анын ичинен: 95 (2013-жылы 92) жаратылыш кырсыктары, муз каптоо-5, кар көчкү -45, суу каптоо -5, катуу шамал-7, шахтанын кулап түшүүсү-1, таш кулоо-2, оор кар-4, сел-22, чагылган -2, жер көчкү -1, мөндүр -1 жана 10 (2013-жылы 13) техногендик мүнөздөгү кырсык, анын ичинен: 5 өрт кырсыгы, имараттын кулап түшүүсү -1 жана өзгөчө кырдаалга кирген жол кырсык -3 катталды. Өзүңүз байкагандай, жаратылыш кырсыктары дээрлик баары аба ырайына байланыштуу болот. Алардын ичинен сел кырсыктарына токтолсок, акыркы май жана июнь айларында Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунда, Чүй облусунун Кемин районунда, Баткен облусунун Баткен районунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жана Нарын облусунун Жумгал районунда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен турак үйлөрдүн чарбактары, короо-жайлары, ички чарбалык унаа жолдор, арыктар сел калдыктарына толгон. Ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда көпүрөлөр жабыркаган. Селдердин кесепеттерин жоюу жана тазалоо иштерине өз убагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сырткары Транспорт жана коммуникация министрлигинин техникалары жана жергиликтүү тургундар тартылып, бүгүнкү күндө тазалоо жумуштары толук аяктады.
-Министрлик өзгөчө кырдаал болгон учурда убагында аткарып, жетиштүү деңгээлде иш жүргүзүп жатабы?
-Өзгөчө кырдаал деп аты айтып тургандай, кырсык каш менен кабактын ортосунда. Ошондуктан бизге гидрометеорология агенттиги, өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаменти алдын ала маалымат берип турушат. Аба ырайы боюнча берилген бардык маалыматтарыбыз 85-90% пайызга туура болуп жатат. Бирок, тиешелүү министрликтер, жергиликтүү бийликтер жана жарандар биз берген маалыматтарга кайдыгер карап жатышканы байкалууда. Мисалы, Ала-Бука районундагы жана Нарын облусундагы малдардын сууктан өлгөндүгүн айтсак болот. Биз бир апта мурда нөшөрлүү жамгыр жаап, тоолорго мөндүр, кар жаайт деп массалык маалымат каражаттары аркылуу элге, тиешелүү жактарга айтканбыз. Ошого карабай эл кой, эчкилеринин жүнүн кыркып жайлоого чыгып кетишкен. Ала-Букада жайлоого жетпей, жолдо бара жатканда эле мөндүр жаап, койлор кырылып калган.
-Мамлекет тарабынан каражат жетиштүү деңгээлде жана убагында бөлүнөбү?
-"Төшөгүңө карап бутуңду сун" дегендей биз каржынын бөлүнүшүнө карап жумушубузду мерчемдейбиз. Бүгүнкү күндө Республика боюнча 14 миңден ашык кооптуу аймактарды министрликтин алдындагы мониторинг департаменти аныктап берген. Аларды өз учурунда аткаруу үчүн 4 млрд. сомдон ашык акча каражатты талап кылат. А бизге жыл сайын 1млрд. 200млн. сомдун тегерегинде акча бөлүнсө, анын ичинен алдын алуу жумуштарына 350-400 млн. сом каралат. Ошого карабай, бөлүнгөн акча каражатынын чегинде эң зарыл болгон коргоо иштерин жүргүзөбүз.
-Министрликте кандай чечилбеген көйгөйлөр бар? (Мисалы, каражаттын жетишсиздигинен жумуш жасоого тоскоолдуктар же техниканын жетишсиздиги ж.б.у.с.)
-Биз колдо болгон мүмкүнчүлүктөр менен иштеп келе жатабыз. Мисалы, техникаларды жыл сайын жаңылап туруу зарыл. Өрт өчүрүүчүлөр менен гидрометеорология агенттигинин оор шартта иштеп жаткан кызматкерлеринин эмгек акылары өтө төмөн болууда. Өткөн жылы аскер кызматчылары менен мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акылары көбөйүп, бирок жөнөкөй кызматкерлердин эмгек акылары көбөйбөй калган, азыр ушул маселенин үстүндө иштөөдөбүз. Андан сырткары эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасы менен кызматташуу келишимдерине кол койгон мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, техникаларыбызды жаңылоонун алдында турабыз.
Парахат ШУКУРОВА





Нурлан Шакиев, экс-министр:
"Булар сүйгөн кызына кат жазып, анын жообун күтүп отургандай эле отурушат"
-Нурлан мырза, акыркы кездери көрүнбөй кеттиңиз эмне менен алектенип жүрөсүз? Сиз да башкалар сымал келе жаткан шайлоого даярданып жатсаңыз керек...
-Учурда саясаттан бир аз алыстап, өзүмдүн үй-бүлөлүк турмушум менен эле алектенип жүрөм. Ал эми шайлоого даярдануу азырынча эртерээк. Себеби, шайлоого дагы 1,5 жыл убакыт бар. Анын үстүнө саясат күн сайын болбосо да, ай сайын өзгөрүп турат. Ошондуктан азыртадан эле бир жактуу чечим кабыл алуу туура эмес деп ойлойм. Шайлоо жакындаганда баары белгилүү болот.
-Сиздин Ош шаарында 2 айдан бери газдын жоктугуна болгон көз карашыңызды билгим келип турат. Газдын берилбей жатканынын негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз?
-Эки күн мурун жеке иштерим менен Ош шаарында болуп келдим. Ошол жердеги мени таанып учурашкандар, тааныштар жана анча-мынча кишилер менен жолугуп сүйлөшүп калдым. Байкасам элдин чыдамы аябай түгөнүп баратыптыр. Алар: "Эки айдан бери газыбыз жок, светибиз маал-маалы менен өчүп жатат. Оторбаевге телефон чалсак албайт, кат жазсак жооп бербейт. Бизден кабар алып бул маселени чечели деп аракет кылгандарын көрбөй жатабыз. Токтогул суу сактагычындагы сууну, азыр сугаттын мезгили болгондуктан, кичине тартып, кошуналардын өздөрү келип эсептешкендей кылганга мүмкүнчүлүк бар го. Бийликте эмне кылып отурушат, саясий эрки жетпейт", -деп өтө начар пикирлерин айтышты. Негизи бул маселени чечүүгө жетиштүү рычагдар бар. Бул жерде эч кандай экономикалык маселе жок, чылгый саясат бар. Маселе саясатка айланып кетти. Саясатка айлангандан кийин жогорку бийлик саясий жол менен чечиши керек.
-Буга ким күнөөлүү, а балким, биздин бийликтегилер кошуна тарап менен сүйлөшө албай жаткандыр?
-Албетте күнөө бир тараптуу болбойт, бирөөндө азыраак болсо, бирөөндө көбүрөөк болот. Биздин бийликтин чабалдыгын, маселелерди чече албастыгын, тартиптин жоктугун, мыйзамдын жакшы иштебей жаткандыгын кошуналарыбыз көрүп турат. Ошол үчүн жакшы маани бербей, унчукпай жатышат. Муну бийлик тез арада маселени элдин өзүнө коюп койбой, аракет кылып чечиши керек. Антпесе, элдин нааразычылыгы күндөн-күнгө күчөй берет. Мисалы, мен митинг, пикеттерге тээ башынан эле караманча каршымын. Мындайча айтканда, мамлекетчил адаммын. Бул деген мыйзамсыз аракеттер. Бирок, элди бийлик укпаса, сокур болуп көрбөсө, аргасыздан ушул жолго барып атат да. Элдин митинг, пикет кылышына сөзсүз бийликтин күнөөсү болот экен. Мына ошого көзүм жетти.
-Ошондо бийликтин бул маселени чечүүгө такыр эле аракети жок десек болобу?
-Аракет кылып жаткандарын айтууда. Бирок аракети иштеп жаткан түр көрсөтүүдөй эле болуп калып жатат. Астейдил кадамдарды жасап аракет кылса 2 айдан бери маселе кандайдыр бир деңгээлде чечилмек да. Булар жөн эле сүйгөн кызына кат жазып жообун күтүп отургандай эле отурушат.
Парахат ШУКУРОВА





Кадыр Маликов, диний эксперт:
"Биз Ливанизациялануудан сактанышыбыз керек"
-Акыркы мезгилдерде динчилдер жана теңирчилер деп бөлүнгөндөр көбөйдү, мындай бөлүнүүнү жоюуга болобу?
-Ооба, бул бөлүнүүнү жоюуга болот. Бирок, бул эки тарапты бириктирүүгө мүмкүн эмес. Анткени, эки идеологиянын түшүнүктөрү такыр эки башка. Ошондуктан, теңирчилер менен динчилдердин ортосундагы ынтымакты, байланышты күчөтүш керек. Бул ишти кайсыл бир киши жасай албайт, бул мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Дин саясатынын концепциясын иштеп чыккан авторлордун бири катары бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштап жатабыз. Азыр бизде мыйзамда диний ишенимине карата кысым көрсөтүү, шылдыңдоого катуу тыюу салынган, ошондуктан кимде ким бул мыйзамды бузса, жооп бериши керек. Эгер жазылган мыйзамдар аткарылса эле диний кагылышуу чыкпайт. Исламда динге мажбурлап киргизүүгө тыюу салынат. Ким кайсыл динди тутунууну кааласа, өз эрки. Кыргызстандын ар бир жараны атеист, мусулман, христиан болсо дагы кимдир бирөөлөрдүн кысымы менен эмес, тынч, коопсуз жашоого укуктуу. Ошондуктан диний каршылыктарды жоюуга, аларды алдын алууга мамлекет биринчи кезекте милдеттүү.
-Жаштарга диний билим берүү маселесине кандай карайсыз? Себеби, учурда айрым жаштарыбыз мусулман динин жамынган кандайдыр бир агымдарга кирип кетип жатышат.
-Жаштардын диний сабаттуулугун жакшыртышыбыз керек. Ал үчүн мектептеги окуучуларга ислам тууралуу кенен маалымат бере турган сабак беришибиз зарыл. Таза ислам деген кайсыл? Исламдан бөлүнүп чыккан секталардын коркунучу тууралуу окутушубуз керек. Мектеп окуучулары сабактарга көңүл бурбай намазга кетип калып жатышат, кийин болсо белгисиз бир диний агымдардын мүчөсү болуп чыгып келүүдө. Окууга зыяны тийгендей кылып намаз окуунун зарылчылыгы жок, намазды сабактан кийин каза намазын окуса болот. Жума күнүн эс алуу күнгө алмаштыралы деп сунуштап жатышат, бирок бул азырынча талкууда. Мен дагы бул сунушту колдойм. Эмне үчүн жума күнү эс алганга болбойт, анткени биздин мамлекетте 80 пайыздан ашык эл мусулман динин тутунат. Азыркы ишенби жана жекшемби күндөрү эс алып жатабыз, бирок, бул еврейлердин жана христиандардын дининде майрам күн катары эсептелет. Ошондуктан биз көпчүлүктүн кызыкчылыгын эске алуу менен жума күнүн эс алууга айландырып алсак ашыкча болбойт.
-Диний каршылашуу болуп кетпешине канчалык кепилдик бере аласыз?
-Азыр бизде эч кандай диний кагылышуу чыгып кетүү коркунучу жок. Эки диндин ортосундагы диний кагылыштарды бул кайсыл бир саясый максатты көздөгөндөр чыгарат. Учурда абдан кылдаттык менен мамиле кылышыбыз керек, анткени, АКШнын авиабазасы чыгып жаткандыгына байланыштуу алар өз таасирин калтырууга аракет кылышат. Андан тышкары, биз Бажы биримдигине кирүүнүн алдында турабыз, ага кирсек Орусия тарапка ыктап кетээрибизди АКШ тараптагылар билип турушат. Украинадагы окуялардан кийин Орусия менен АКШнын ортосундагы мамиле бузулуп калды, эми бизге таасир үстөмдүгүн орнотууга эки тарап тең аракет кылат. Ал аракеттер жөн болбойт. Ошондуктан кандай саясат жасаган күндө дагы Кыргызстан абдан этияттык кылышы керек. Сырткы күчтөр эгерде бизге ар кандай башаламандык уюштурууга аракет кылышса, алар эки факторду колдонот: улуттар аралык чыр чатакты ырбатуу жана диний кагылышууну жандандыруу. Ошондуктан биз Ливанизациялануудан сактанышыбыз керек. Ал деген сөз майда диндерди көбөйтүп, бир мамлекетте бир канча дин пайда кылуу. Эгер, бир мамлекетте бир эле же эки дин болсо анда оңой менен диний кагылышуу чыкпайт. Ошондуктан, элди ар кайсыл идеологияга бөлүп жиберүүгө болгон күч аракетин жумшашат.
Жакшылык Бердибек уулу