Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер:
"Бакиевдин бийлиги Медет Садыркуловду
туура өлтүрткөн деп эсептейм"

(Башы 7-бетте)
-Демек, сиздин баамыңызда биз ашкере демократиялашып кеткен экенбиз да?
-Салыштырып айтканда, азыркы парламентти демократиялуу десек болот. Акыркы Башмыйзам мурдагылардан көп жагынан артыкчылыкка ээ экенин калыстык үчүн айткым келет. Ошол эле мезгилде азыркы Башмыйзамда да парламентке байланыштуу алешемдиктерге жол берилген. Мисалы, мынча пайызы аялдар, тигинчеси башка улуттардан болсун деген жасалмалуулуктун кереги жок. Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө парламентке байланыштуу мындай квота түшүнүгү жок. Фракциянын арасынан бир аял же бир аз улуттун өкүлү башка кызматка өтүп, же башка себептер менен депутаттык ыйгарым укугун өткөрүп берсе, аргасыздан квотаны сактоо үчүн эптеп-септеп издеп-издеп жүрүп, "тээ эң ылдыйкы тизмеде болсо да бирөөлөрдү депутаттыкка өткөрүп коёт. Анын депутаттыкка даярдыгы барбы-жокпу, билим-илими кандай, жүрүм-туруму менен көп деле эч кимдин иши болбойт. Анан ал депутат болуп келип алып, төө десе бээ деп сүйлөп, сүйлөгөндө ал сүйлөйт, уялганын эл уялат. Ошентип парламенттин сапаты начар болуп калууда.
Анан азыркы Башмыйзамды 2020-жылга чейин өзгөрткөнгө болбой турган кылып коюшту. Бул коом өнүгүп, жашоо өтүп аткан соң мезгилдин өтүүсү менен бардык нерсе өзгөрүүгө, жаңыланууга муктаж деген диалектиканын мыйзамына каршы келет. Конституция жашоо агымына, дүйнөдөгү процесстердин өнүгүүсүнө жараша өзгөртүлүп турууга тийиш. Орусияда Конституция бат-баттан эле өзгөртүү киргизилип атпайбы!
-Азыркы Башмыйзамга ылайык, Атамбаев кийинки президенттик шайлоого катыша албайт. Аны өзү да бир эмес, бир нече ирет айтты. Сиздин оюңузча, кийинки президент ким болушу ыктымал?
-Бир адамды эле айтканым туура эмес болуп калат го. Меним баамымда, бүгүнкү президентке мураскер болууга мүмкүнчүлүктөрү бар 5-6 адам бар. Бүгүнкү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев. Интеллектуалдуулугу, коррупцияга малынбагандыгы, репутациясынын тазалыгы. Ал премьер катары жакшы иштеп кетсе. Министр Темир Сариев да талапкер болушу мүмкүн. Эл арасында азбы-көппү кадыр-баркы бар. Мурдагы вице-премьер-министр, аз күн мурда "Кыргызалтын" ишканасына жетекчи болуп дайындалган Токон Мамытов. Ал өзү күч органынын адамы. Күч органынан келген адамдын президент болуусу тартиптин, мыйзамдуулуктун болушун шарттайт. Сауд Аравияда элчи болуп жүргөн Жусупбек Шарипов деген спикердин агасы бар. Кандайдыр бир себептер менен аял кишиге басым жасалса, анда Башкы прокурор Аида Салянова президенттикке башкы талапкерлерден болбой койбойт. Ал аял болгону менен анда жүрөктүүлүк, чечкиндүүлүк, өз чындыгын бербеген кашкөйлүк да бар экен. Кыргызга аял киши да президент боло аларын буга чейин көрдүк. Соңунда Ө. Бабановду кошпой коюуга болбойт. Ал премьер болуп турганда энергиялуу, жигердүү, демилгечил экенин көрсөттү. Саясый да, финансылык да ресурсу бар.
-Президенттикке түбөлүк талапкер делген чоң саясатчыны эмнеге бул тизмеге кошкон жоксуз?
-Менимче, Өмүрбек Текебаев жөнүндө айтып атат окшойсуң. Баамымда, ал киши кийинки президенттик шайлоого барбайт. Ал жөнүндө сөз кылганда анын бир артыкчылыгын айтпай коюуга болбойт. Анын мыйзам жазуу жааттагы тажрыйбасы аябагандай зор. 1993-жылкы Конституцияны жазууда да анын вариантынын көп нерселери колдоо тапкан. Текебаев чынында элден чыккан туруктуу, элдин көйгөйүн билген, ой жүгүртүүсү өзгөчөлөнгөн акылдуу адам. Мыйзам жаатында, мамлекетти башкаруу, мамлекеттик түзүлүш, саясый-экономикалык маселелерде Кыргызстандын жетекчилери ал кишини кеңешчи катары акылын максималдуу пайдаланышса уттурушпайт. Өз позициясын бербеген, жемин жедирбеген адам. Акаевге да, Бакиевге да ачык позициясы менен чыккан. Атамбаевге да ачык айтууда.
Мирлан Дүйшөнбаев





Ачылбаган сандыкта…
5 миң долларга бааланган
"Мен издеген чындык"
же Мырзакматов жазуучуларга "аңчылыкка" өткөнбү?
"Ош меники" деп суроо-сопкуту жок эле менчиктештирип алгысы келген, коомчулуктун көзүн будамайлап, интриганын ичегисине кан куюу аркылуу Ош мэрлигинин "эки тизгин, бир чылбырын" дээрлик беш жыл колунан чыгарбаган Мелисбек Мырзакматовдун кезектеги калпы ашкереленди. Анын убагында чоң талкуу жараткан "Мен издеген чындык" аталыштагы мемуарындагы айрым жагдайлар Касымалы Жантөшевдин 1974-жылы жарык көргөн "Чолпонбай" повестине шайкеш келгендиги билинди.
"Чү" дегенде эле "Мен издеген чындыктын" 70-бетине көз чаптыралы. Анда мындай деп турат: "Капыстан көз алдыма Ошту эчен жыл бийлеген чоң аталарым Тилеке баатыр менен Алымбек датканын сүрдүү караган элеси тартылды". Ушундай эле маанидеги көрүнүш "Чолпонбайдын" 28-29 -беттеринен кездешкени таңгалыштуу. Сөз мааниси бузулбасы үчүн толук келтирели: "Ак асаба кызыл туусун кармап, айгайлаган ызы-чуусун салып, ак куласын алкынтып, кырк чоросун жулкунтуп баатыр Манас келе жаткансыйт. Анын оң тарабында казактардын кан Көкчө, сол жагында Төштүк, өзбек каны Санжыбек, түркмөн каны Музбурчактар түркүн-түмөн кол менен жер дүңгүрөтүп келе жатат. Жалт бурулуп Москва тарапты караганда алга дегендей колун сунуп Ленин турат. Минин, Пожарский, Александр Невский, Суворов, Кутузов, Чапаев баатырлар жер дүңгүрөткөн чуу менен келе жатат". Бул окшоштук кокустукпу же атайылап жасалган ишпи? Муну өзүң таразалап ал, окурманым.
Чыгармадагы окшоштуктар муну менен эле токтоп калбайт. Мелисбек Жоошбаевич "Чолпонбайды" улам-улам кайталап окуп, Чолпонбай баатырдын эрдигине катуу таасирленгенби же "Мен издеген чындыктын" көшөгө артындагы автору (бу тууралуу алдыда кеп болот) эл байкабай калат дегенби, айтор, "түшпөс хан" өзүн Чолпонбайга салыштырып жибериптир. Мисалы, ал чыгармасында: "Капыстан көз алдыма Ошту эчен жыл бийлеген чоң аталарым Тилеке баатыр менен Алымбек датканын сүрдүү караган элеси тартылды. Алар мага: "Кайраттуу бол, уулум, алакандай элиңди кандуу калабадан аман-эсен алып кал. Касиеттүү Ошту биз душманга эч качан тепсеткен эмеспиз, сен да тепсетпе (!)" дегендей ишарат бергенсиди. Селт эттим. Саатты карасам таңкы 03:40 экен" дейт. Ал эми К.Жантөшевдин чыгармасындагы башкы каарман Чолпонбайдын образы: "Дал ушул секундада Чолпонбай чыгыш тарапты бир карады. Алда кайдан аркайып Ала-Тоо карап тургансыйт, калдайган кыргыз эли "талкала жоону" дегендей кол булгалагансыйт. Чолпонбай көзүнөн жалынын чыгарып, тишин качырата чайнап алды да: - Мына менин ата-бабаларым ким экенин бүт дүйнө билсин… Бүт дүйнөдөгү адам баласы өз көзү менен көрсүн. Айтканынан кайтпаган, ажалдан башын тартпаган, өлүмдү билбеген, душманга башын ийбеген баатырлардын тукуму - мен!.." деп шөкөттөлөт. Англисче ойдолоктото айтканда, "но коммент".
"Башыма ордолуу Оштун эртеңки келечеги кандай болот деген суроо келип жатты. Эгерде Ошту алдырып ийсек, анда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетип, улуттун туусу жыгылары анык. "Баланча Ошту башкарып турганда сырткы душмандар шаарды тебелеп, кыргыздын кызын күң, уулун кул кылган" - деп, тарыхта жаманатты сөз каларын ойлогондо жигиттик намысым ойгонуп кетти. Жүрөк дүкүлдөйт. Кандай гана болбосун кыргыздын намысын алдырбоонун айла-амалын ойлоп жаттым" деген М.Мырзакматов өзүн Чолпонбайчасынан төшүн ДЗОТко тосуп, элин сырткы душмандардан сактап калган "баатыр" кылып көрсөткөнгө аракет кылыптыр. Эми "Чолпонбайдын" 29-бетине үңүлөлү. Анда Чолпонбай баатыр: "Менин бабаларым өз доорунун баатырлары болуп, ошол өз доорунда ата мекендик ыйык милдеттерин аткарган. Мына, мен дагы элим үчүн, жерим үчүн, Родинам үчүн ата мекендик ыйык милдетимди аткарам!.. Мына бул ДЗОТтогу жыландарды өткөрбөй, бул бийиктикти биздин батальон ээлебей, мына бул С. селосун албай, биздин жеңиштин ачкычы колго тийбейт…" деп ДЗОТко төшүн тозоордо айтат эмеспи.
"Мен издеген чындык" - көркөм чыгарма эмес, Мырзакматовду бир жактуу мактаган, сөздүн түз маанисинде "арзыматча" көкөлөткөн мемуар. Ал эми Чолпонбай баатыр Мырзакматовдон айырмаланып, төшүн ДЗОТко тосуп, мамлекети, эли үчүн жанын курмандыкка чалуудан кайра тартпастыгын далилдеди. Ошол эле учурда Мелисбек мырза: "Көз алдыма 78 жашында дүйнө салган ыраматылык атам Жоошбай тартылат. Ал мага: "Өз камыңды эмес, эл камын ойло, элден өткөн улуу сынчы жок, уулум, ар дайым эл менен бол, эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" - деп көп айтчу эле. Атамдын керээзин аткарууга аракет кылып келем. Кечеги Апрель окуяларында да, бүгүнкү Ош коогалаңында да элим менен бирге болдум. Атамдын атына эч качан акарат кеп келтирбейм деп сөз бердим, сааттын жебесин карап жатып. Негедир акыретти эстейм. Анткени мен да Курсан Асанов менен Бакыт Айыпов сымал эле Мекеним үчүн өлүмгө даяр болчумун" деген убадасынын өтөөсүнө чыга албады ("Мен издеген чындык", 70-бет). Ал мэрлик кресло үчүн гана жашап жүргөнүн турмуш жүзүндө далилдеди. Ош шаар башчылыгын шайлоодо жеңилгенден кийин билинди. Анын бүгүнкү күндө кайда жүргөнү белгисиз. Эркин басылмалардын биринин жазышынча, ордолуу Оштогу бизнес булактарын дүңүнөн сатып, учурда Москвада күн кечирип, анда-санда Кызыл аянттагы Ленинге окшош адам менен сүрөткө түшкөнүнө курстан болуп жүрүптүр. Нагыз баатыр болсо, эмнеге өз жеринен качып, бизнесин сатат? Бул баатырдык дегенге караганда өз элине кылган "чыккынчылыкка" көбүрөөк коошуп турат десек жаңылышпайбыз.
Мелисбек Мырзакматовдун 2010-жылдагы июнь коогалаңындагы "каармандыгына" тарых өзү баасын берер. Ошентсе да, анын мемуарында Касымалы Жантөшевдин чыгармасына "аңчылык" кылып, андагы эпизоддорду өзүнө ыңгайлаштырганы пайдаланганы абийирдүүлүккө жатабы? Буга коомчулук өзү пикирин билдирээр.
Кайсы жагынан алып карабайлы, "түшпөс хандын" мындай жоругу наадантыктын жеткен чеги десек аша чаппайбыз. Эмнеси болсо да муну анын абийирине коелу. Мындан бөлөк айта турган кебибиз да жок.

Аман Иманалиев