Абдулатип Режевалиев, Жогорку Кеңештин "Өнүгүү" тобунун депутаты:
"Жоготууларды жок кылганга чындап кызыкдар эч ким жок. Себеби, ал айрымдарды байытып келатат…"

-Абдулатип мырза, энергетика министрлиги электр энергияга баанын жаңы саясатын иштеп чыгып, бирок президент аны артка кайтарды. Эми баа боюнча жаңы долбоорду сунуш кылуунун үстүндө иштеп атышат. Электр энергияга бааны көтөрүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?
-Акыркы маалыматым боюнча, энергетика министрлигинин алдында өзүнчө агенттик түзүп, аны менен бааны көзөмөлдөө аракети болуп атыптыр. Айтымда, бул көз карандысыз агенттик болот экен. Карап көрсөк, агенттикти түзүү менен баа саясатын өздөрү каалагандай жүргүзгүлөрү келип атышат окшойт. Бирок менин айтарым, баа жөн эле көтөрүлө бербеши керек. А бүгүнкү күндө бааны көтөрүүгө чындап зарылчылык жок. Азыр энергетика тармагында коммерциялык, техникалык жоготуулар көп. Ушул жоготууларды азайтып, ошонун эсебинен бааны көтөрбөй, азыркы баада кармаганга толук мүмкүн. Экинчиден, Кыргызстан электр энергияны экспорттоодон эле ири суммаларды жоготот экен. Мисалы, 2010, 2011, 2013-жылдары электр энергия ортомчулук компаниялар аркылуу экспорттолуп, 1 кВт-сааты 2,8 центтен сатылыптыр. Бирок ошол маалдагы өздүк нарк 4 центти түзгөн экен. Ортодогу 1,2 центтик айырманы көрдүңүзбү. Өздүк нарктан арзан сатылган. Же бир жылда 6 млрд. 600 млн. кВт-саат электр энергия сатылган болсо, ортомчу компаниялар 80 млн. доллар пайда көрүшүптүр. Бул элдин, мамлекеттин акчасы. Эгерде энергетика тармагында туура саясат жүргүзүлүп, ортомчу компанияларсыз эле түз сатылганда, 80 млн. доллар мамлекеттин капчыгында калмак. Бул аябай чоң акча да. Андыктан ортомчу компанияларды жоюш керек. Энергетика тармагында менчик, ортодон чыга калып иштеп аткан менчик компаниялардын, энергетика ишканаларынын баарын мамлекеттин алдында бириктирип, бирдиктүү бир ишканага айландыруу зарыл. Ансыз тармактагы коррупциялык көрүнүштөр, жоготуулар орун ала берет. Бааны көтөрүүнү ойлогондон мурда ушулар жөнүндө ойлонсок туура болмок. Баа маселеси эч нерсени чечпейт. Башкысы, системаны, схемаларды оңдоо керек болуп атпайбы.
Үчүнчүдөн, азыр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өтө аз болгондуктан, кышында веердик өчүрүүлөр орун алышы мүмкүндүгү айтылууда. Былтыркыга салыштырмалуу 2 млрд. 400 млн. куб. суу аз экен. Азыр 9 млрд. кубдун тегерегинде болсо, өткөн жылы бул маалда 12 млрд. кубдан ашык суу болуп турган. Эсеп боюнча күзгө чейин 14 млрд. куб суу чогулушу мүмкүн экен. Бул суу аз дегендикти билдирет. Биз кыштан кыйналбай, электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип, өчүрүүлөр болбой чыгыш үчүн кеминде 16 млрд. куб суу болушу керек. Ал эми кыштан жакшы чыгууга 7 млрд. куб суу керектелет. Ошондо 14 млрд. куб суу менен кышка кирип барсак, анын 7 млрд. кубу кышында кетип, суунун көлөмү дагы азайганы туру.
-Быйыл кыштан жакшы чыгуу үчүн Тажикстандан электр энергиясын сатып алабыз деп атабыз…
-Кызык жагдай, биз 2,8 центтен экспорттоп келсек, эми Тажикстандан 3 центтен сатып алышыбыз мүмкүн экенин өкмөт башчы айтты. Менин айтарым, биз кышты күтүп олтурбай азыр эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 1млрд. кВт-саат электр энергияны арзан баада сатып алсак туура болмок. Эмне үчүн? Кыштын суугунда электр энергияны кымбатыраак баада болсо да сатып алчулар чыгышы мүмкүн. Ошондуктан Тажикстандан болушунча арзан баада сатып алып, Токтогул суу сактагычындагы сууну чогултуп, электр энергиянын өндүрүлүүсүн азайтуу менен кышка кирсек максаттуу болот. Суунун көптүгүнөн Тажикстан сууну агызууга барышат экен. Сууну жөн эле агызышкандан көрө электр энергияны бизге сатканга эмнеге болбосун? Бул жагынан аларга деле чоң пайда болуп атпайбы. Өкмөт бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз дейт, бирок азырынча кандай болуп атканы белгисиз.
-Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аз болуп атканынын негизги себеби эмнеде?
-Чынында быйылкы кыш узак болуп, электр энергияга суроо-талап жогору болгондуктан өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмү да көп болду. Ушул жагдай суунун азайышына алып келген негизги себеп деп ойлойм. Биз канчалык электр энергияны көп өндүрүп атсак, ага сүйүнүшүбүз керек. Себеби, биз элге сатып атабыз, бюджетке акча түшүп атат. Электр энергияны өндүрүүнү азайтуу жөнүндө сөз да болбошу зарыл. Ал эми суунун сатылып атканы жөнүндө эч нерсе айта албайм. Көз менен көрүп, кол менен кармап албаган соң айтыш кыйын. Бирок 2010-жылы 1 млрд. куб суу сатылганын энергетика министри айткан. Анда суунун көлөмү аябай көп болуп, сатууга аргасыз болушкан экен.
-Ширшовдун схемасы бүгүн деле иштеп атканы айтылат. Сиз бул схема боюнча эмне айта аласыз?
-Чынын айтсам, Ширшовдун схемасын түшүнбөйм, кандай, эмне болгон схема экенин да билбейт экем. Муну атайын адистер, кызматтар аныктап, билип, анан ошого жараша бул схемага каршы чараларды көрүшү керек го.
-Бааны көтөрбөй эле тармактагы кризистик абалдан чыкса болот экенин айттыңыз. Муну башка кесипкөйлөр да айтып келишет. Бирок эмнеге энергетика тармагынын жетекчилери бул жөнүндө ойлонушпай, баага эле жабышып алышты?
-Азыр энергетика тармагы эскиче иш жүргүзүп атпайбы. Контролерлор үй-үйлөрдү кыдырып жүрүшөт. Элдин уурдоого баруусуна, техникалык, коммерциялык жоготууларга эскиче иш жүргүзүү себепчи болуп атат десек болот. Мында бөлүштүрүүчү компаниялар аркылуу да чоң көлөмдөгү жоготууларга жол берилет. Азыр энергетика ишканаларында көпчүлүк билбеген схемалар иштеп, ортодо коммерциялык да, техникалык да жоготуулар орун алып аткан болушу мүмкүн. Муну атайын органдар текшерүүгө алышы керек. Тармактагы жетекчилер акча жасоо үчүн атайын жоготууларга жол беришет. Мында ири акчалар көмүскөдө жүгүртүлөт. Демек, мында тармактагы аткаминерлердин кызыкчылыктары чоң. 30-40 пайыздык жоготуулар жок кылынса, ошонун эсебинен эле тармактагы көйгөйлөрдү чечип, бааны көтөрбөй койсок болот. Бирок тилекке каршы, жоготууларды жок кылганга тармактагы жетекчилер чындап кызыкдар эмес. Анткени, дал ушул жоготуулар саналуу адамдардын капчыгын кампайтып келатат да.
Мирлан Дүйшөнбаев