Эльмира Жумалиева, ЖК депутаты:
"Бюджеттик мыйзамдуулукту өркүндөтүүгө көңүлдү топтоо керек"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №55 токтому менен бекитилген "Туруктуулук жана татыктуу турмуш" Программасын ишке ашыруу боюнча бюджет чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин ушул долбоору даярдалып кол коюуга берилген. Биз, бул маселе боюнча ЖК депутаты, экономика илимдеринин доктору Эльмира Жумалиевага кайрылдык.

-Эльмира Бусурманкуловна, ушул документтин даярдалышында эмне себеп болду, же мурда бюджеттик чөйрөнү тескеген башка документтер жок беле?
-Өзүңүздөр билесиздер, өлкөбүздөгү бийлик бутактарынын алдында турган негизги милдеттердин бири экономикалык жана социалдык реформаларды кыска мөөнөттүн ичинде өткөрүүнү камсыз кылуу эмеспи. Ошондуктан бюджеттик саясат чөйрөсүндөгү биринчи кезектеги милдеттердин бири орточо мөөнөттүү финансылык божомолдоону киргизүү, мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бюджеттер аралык мамилелердин системасын өркүндөтүү болуп эсептелет. Ошого байланыштуу, мамлекеттик бюджет жана жалпы эле мамлекеттик финансы системасы экономикага таасир этүүчү негизги курал экендигин эске алып, бюджеттик мыйзамдуулукту өркүндөтүүгө көңүлдү топтоо керек.
Азыркы кезде бюджеттик мыйзамдуулуктун негизи Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" кабыл алынган Мыйзам болуп эсептелет. 1999-жылдан тартып 2013-жылдардын ичинде бул мыйзамга бир кыйла өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген, ошонун натыйжасында мыйзамдын тексти олуттуу өзгөртүлгөн. Ошол бардык өзгөртүүлөр менен толуктоолор системасыз киргизилген, ошону менен бюджеттик мыйзамдуулукту реформалоону баштоо ушул убакка чейин улам артка калтырып келген. Ушуга байланыштуу, бюджеттик мыйзамдуулукту өркүндөтүү максатында, аны дүйнөлүк стандарттарга жакындатууну жана бюджеттик процесстеги прогрессивдүү жаңылыктарга ылайыкташтырууну көздөп, биз сөз кылып жаткан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоору иштелип чыгууда.
-Бюджеттик кодекс долбоорунун стратегиясына, ал көздөгөн максатына токтоло кетсеңиз.
-Бюджеттик мыйзамдуулукту өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясы - бул таасирдүү ачык бюджеттик системаны куруу, аны экономикалык өсүштү кубаттоого, бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугуна жана мамлекеттин өз иштерин пайдалуу аткаруусуна багыттоо болуп эсептелет.
Ошондуктан Бюджеттик кодекстин максаты бюджетти даярдоо менен аткаруунун так процедураларын, ошондой эле ар түрдүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү башкаруу органдарынын ролу менен жоопкерчиликтерин белгилөө, ошону менен толук баалуу бюджеттик мамилелерди куруу болуп эсептелет. Буга бюджеттер аралык мамилелердин системасы да кирет, аларды келип жаткан финансылык агымдарды өнүктүрүүгө багыттоо жана бюджеттик каражаттардын натыйжалуу чыгымдалышын жогорулатуу максаттары көздөлөт. Бул мыйзам долбоору эмнеге багытталгандыгын айта кетүү керек. Ал-бюджеттик процесстин ачыктыгына жетишүү, бюджеттик системанын негизги принциптерин бекемдөө, бюджетти пландаштыруунун негизги механизмдерин киргизүү, бюджетти топтоо менен аткаруу процедураларын так регламенттөө, Орточо мөөнөттүү бюджеттик негиздин ролу менен статусун аныктоо, аны бюджетти топтоо процессине киргизүү, бюджеттик процесстин катышуучуларынын ролу менен статусун аныктоо, аны бюджетти топтоо процессине киргизүү, бюджеттик процесстин катышуучуларынын ролу менен ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү, алардын жоопкерчилигин бекемдөө ж.б. болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы негизделе турган негизги принциптерин чагылдырган берене киргизилген, ал принциптер: бирдиктүүлүк, толуктук, чынчылдык, транспаренттүүлүк/ачыктык, ырааттуулук, өз алдынчалуулук, теңдештүүлүк жана натыйжалуулук. Тийиштүү статьяны (беренени) киргизүү бюджеттик мамилелерди толук баалуу түзүүнү камсыз кылат. Жогоруда аталган принциптерди ырааттуу жана толук жүзөгө ашыруу бюджеттик системаны иштеп чыгууга кылдат жана таразалап мамиле жасоого, тийиштүү бюджеттик процесстерге тагыраак укуктук түшүнүп билүүгө, өлкөнүн бюджеттик системасынын ар кандай деңгээлинде бюджеттик каражаттарды топтоо менен чыгымдоодо бюджеттик механизмди негиздүүрөөк өзгөртүүгө алып келет.
-Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин структурасы кандайча аныкталат? Сунуш кылынып жаткан долбоорго кандай жаңылыктар киргизилди?
-Мыйзам долбоорунун ушул бөлүмүндө бюджеттин структурасы (түзүлүшү), бюджеттин кирешелүү жана чыгашалуу бөлүктөрүн топтоонун эрежелери, ошондой эле бюджеттин теңдештирилиши менен дефицити толуктоонун булактары аныкталат.
Бюджетти топтоо, аткаруу жана көзөмөлдөө процессине айкындыкты берүү үчүн, ошондой бюджеттик системанын бирдиктүүлүк принцибин жүзөгө ашыруу максатында мыйзам долбооруна бюджеттин структурасын аныктоочу төмөндөгүдөй норма киргизилген: кирешелер, чыгымдар, каржылык эмес активдер менен операциялар, бюджеттин дефицити/профицити, каржылоо боюнча операциялар. Биз сунуш кылып жаткан Структура Мамлекеттик финансылардын статистикасынын талаптарына жооп берет.
Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттардан кирешелерди топтоо маселелериндеги айрым методологиялык айкынсыздыкка жана карама-каршылыкка байланыштуу Кодекстин долбоорунда атайын каражаттардын системасын тартипке келтирүү жана бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында "Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан бюджеттик мекемелердин кирешелери" деген жаңы берене киргизилди. Бул беренеде товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелери, ошондой эле бул тизмеге киргизилбөөчү кирешелер такталат.
Мындан тышкары, мурдагы көп сандаган резервдик фонддордун ордуна Мамлекеттик бюджеттик резерв деген жаңы түшүнүк киргизилет. Мыйзам долбоорунун бул главасына активдер жана милдеттемелер менен болгон операциялардын базалык нормаларын жана түшүнүктөрүн аныктоочу жаңы берене киргизилген. Бюджеттин теңдештирилиши деген главада республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин дефицитин каржылоонун булактары аныкталган. Дефицитти жабуунун булактарынын курамына бюджеттик насыялар, эркин калдыктар жана муниципиалдык займдар да киргизилген. Мындай мамиле учёттун эл аралык стандарттарына шайкеш келет.
-Эми бюджеттердин айрым түрлөрүнө киргизилген жаңы нормаларга токтолсоңуз.
-Мен бул жерде Өнүктүрүү бюджети, Социалдык фонддун бюджети жана Бюджеттер аралык мамилелер деген түшүнүктөргө кыскача токотоло кетейин. Мыйзамдын долбоорунда Өнүктүрүү бюджетине так аныктама берилет, анын максаты жана милдеттери көрсөтүлөт, өнүктүрүү бюджетин топтоонун булактары жана инвестициялоонун формалары көрсөтүлөт. Жалпысынан алганда, бул бөлүктү киргизүү мамлекеттин инвестициялык капчыгын натыйжалуу калыптоого, өлкөнүн жана анын айрым аймактарынын социалдык жана экономикалык өнүгүшүн теңдештирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
"Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө" деген азыр күчүндө турган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин топтоо жана бекитүү жана анын аткарылышын жөнгө салуучу жобо жок. Ушуга байланыштуу, бул жобо жаңы мыйзам долбооруна өз алдынча бөлүм катары киргизилди, анда Социалдык фонддун бюджетинин кирешеси менен чыгашасынын көрсөткүчтөрүн аныктоонун тартиби чагылдырылган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "Бюджеттер аралык мамилелер" деген түшүнүккө аныктама берилген эмес, ошондуктан практикада анын ар түрдүүчө түшүндүрмөлөрү колдонулуп келатат. Ошондуктан жаңы долбоордо бюджеттер аралык мамилелерге аныктама берилип, ал мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын ортосунда бюджеттик процесстин жүрүшүндө пайда болуучу бардык экономикалык-укуктук мамилелерди камтыйт. Бул нормалар бюджеттер аралык мамилелердин жалпы жоболорун жана принциптерин, кирешелүү жана чыгашалуу милдеттенмелердин бөлүштүрүлүшүн жана бюджеттер аралык мамилелерди жөнгө салуунун куралдары чагылдырылат.
Мындан тышкары, бюджеттин ар бир деңгээлинин милдеттенмесин тартипке келтирүү жана бюджетти түзүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чыгаша милдеттенмелеринин реестрин милдеттүү түрдө түзүү деген жаңы норма киргизилген.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бюджеттин бардык деңгээлдеринин ортосунда трансферттерди берүүнүн формасы жана тартибине олуттуу тактоолор киргизилген. Ал трансферттерге булар кирет: тегиздөөчү трансферттер; категориялык трансферттер; субвенциялар; бюджеттик ссудалар.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун иштеп чыгууда Россия, Казахстан, Грузия, Польша, Албания сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбалары эске алынды. Бул долбоордун айкын-ачыктыгын камсыз кылуу максатында ал Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылды, коомдук талкуулоолорго коюлду.
Аман Иманалиев