-"De-факто", 30.05.14 •


 
Путин Орусияны кай жакка алып баратат?
Ретрореспективалык чегинүү
1986 -1999-жылдар - Россиянын бай тарыхындагы "кор болуп ыза көрүүнүн" жылдары болгондугун эч ким талашпайт болуш керек. 1985-жылдан жарыяланган кайра куруунун негизги максатын мурдагы Союздун тарыхын каралап, шылдыңдап, маскаралоо түзсө, ал кампания 1988 -1991-жылдарда эң жогорку чегине жетип, СССРдегилерди гана эмес, анын душмандарын жийиркендирүүчү көрүнүшкө айланган. Ал чегине жеткенде Россияга өкүмдар болуу үчүн Б.Ельцин компартиянын ишин токтотуп, Союзду таркатты. Россия үчүн 1991-1999-жылдар моралдык, экономикалык деградациялануунун эң түпкүрүнө кулап, Батыштагыларга ар кандай шантаждарды жасоо аркылуу өндүрүлгөн кредиттердин, гранттардын, жардамдардын, садакалардын эсептеринен жашоонун мезгили болду.
Россиянын кайра жаралуусун 2000-жылы бийликке келген В.Путиндин ысмы менен байланыштырышат, ал канчалык деңгээлде чындыкка ылайык келет?

Владимир Путиндин реалдуу жетишкендиктери
Россиянын мамлекеттүүлүгүн, аткаруу бийлигин вертикалдык жактан бекемдөөдө В.Путиндин ролу чоң. Ал 1-жолу президент болуп шайланганда өлкөнүн субъектилеринин мыйзамдык актыларынын 25-30 пайызы Россиянын Конституциясына ылайык келчү эмес. Татарстан 1991-жылдан Россияга салыктарды да төлөбөй келген. Айрым облустардын губернаторлору өздөрүн көз карандысыз мамлекеттердин жетекчилериндей алып жүрө башташкан. Же мамлекет акырындап таркоо жолунда бараткан. В.Путин андай көрүнүштөрдү токтотуп, аткаруу бийлигин аябагандай бекемдеди. Анын мезгилинде ИДПсынын көлөмү алакандай Голландияныкына теңелип калган Россия экономикалык жактан да секирик жасады, ИДПсы 4 эседей көбөйдү, бирок ал инновациялык технологиялардын, атаандаштыкка жөндөмдүү өнөр жай продукцияларын чыгарууну көбөйтүүнүн эсебинен эмес, нефти менен газга дүйнөлүк баалардын кескин өскөндүгүнөн болду. Б.Ельциндин тушунда нефтинин бир баррелинин баасы 30-40 доллар болсо, В.Путиндин тушунда 160 долларга чейин жетип, газдыкы да эселеп өстү. Азыр Россиянын ИДПсынын 52 пайызын нефти менен газды сатуудан алынган кирешелер түзөт.
Б.Ельциндин тушунда бийликтегилер байлыктуулар менен ширелишип, Березовский, Гусинский, Ходорковский сыяктуулар мамлекеттик органдарга өз эрктерин таңуулап, уюшкан кылмыштуулук күчөсө, В.Путин андай чектен чыккан олигархтарды туш тарапка кууду. Ал эми уюшкан кылмышкерлер "бири бирин өлтүрүп" отуруп жокко эсе болуп калышты. Теле жылдыздарга айланып, тышкы саясатка да аралаша баштаган губернаторлорду тыйып, моюн толгогондорун бийликтен сүрүп чыгарып салды. Ельциндин ВПК менен таптакыр иши болбосо, Путин келээри менен ал тармактагы башаламандыктарды жөнгө салып, алардын бюджетин эселеп көбөйткөнгө өттү. Россия атаандаштыкка жөндөмдүү жаңы жарандык самолётторду, кемелерди, автоунааларды, тиричиликтик техникаларды ж.б. эл керектөөчү товарларды чыгара албаган менен экспортко өтүмдүү учактарды, техникаларды чыгарууда. Алардын айрымдарынын дүйнөдө аналогу жок деген сөздөр да айтылууда. Бирок, алардын көпчүлүгү , эң эле жумшак айтканда, азыраак апыртылгандар. Анткени, биринчиден, дүйнөдө аналогу жок аскердик техникалар элге ачык көрсөтүлбөйт, экинчиден, учуучу, чалгындоочу техникаларды жасап чыгарууда АКШнын, Кытайдын баарынан озуп кеткендиги дүйнөгө белгилүү факт.
В.Путиндин тушунда элдин турмушу кескин жакшырды, муниципиалдык турак жайларды куруу эң жогорку чегине жетти. Калктын азаюусу токтоп, кескин өспөсө да турукташканга өттү. Престиждүү объектилерди куруу да кеңири кулач жайды. Анын бири - Сочидеги олимпиадалык комплекс.

Путиндин мүчүлүштүктөрү
Ачыгын айталы, В.Путин 14 жылдын ичинде өзүн жакшы менеджер катарында толук ырастаган менен постсоветтик мейкиндиктеги Г.Алиев, Н.Назарбаев сыяктуу стратегиялык көрүмү чоң саясатчы катарында имиджге ээ боло алган жок. Он төрт жылдын ичинде ал Россия үчүн бир да ишенимдүү стратегиялык союздаш таппады, кошуналарынын дээрлик баардыгы менен чатакташып чыкты. Айрымдары менен куралдуу кагылышууларга да барып, потенциалдуу душмандарын гана көбөйттү. В.Путиндин саясый стилине чоң мамлекеттик ишмердин эмес, майда кекчил чатакчылдын ой жүгүртүүсү мүнөздүү окшобойбу. Анткени, ал душмандары түгүл боордоштору, союздаштары менен деле шантаждын, саясый, экономикалык кысым-басымдардын тилдери менен сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Сыягы , ал: "Эмнеге эле Россиядан элдердин баары алыстоого шашылышып, Батышка ыктоого ашыгышат, мүмкүн, күнөө бизде болуп жүрбөсүн?" деген өңүттө ой жүгүртүп, ага жооп издегиси келбейт, күч болсо эле аны баардыгы урматтап ийилип, ыктыярынан чыкпоосу керек" деп ойлойт окшойт. Россиядан боордош украиндер алыстоого ашыгып жатышса, анын теги башкаларды интеграциялоого умтулуп жаткандыгы түшүнүксүз.
Дүйнөнүн кургак аянтынын 6/1 бөлүгүн ээлеп, анын көбүн өздөштүрө албай жаткан өлкөнүн "мурда бизге караган" деген шылтоо менен башка мамлекеттердин жерлерин талашкандыгы рационалдуу логикага сыйбайт. Россияга чоң чыгымдарды талап кылган Абхазия, Түштүк Осетия "сөөлдөрдүн" кандай зарылчылыгы бар экендиги түшүнүксүз. Алар баары бир эртели-кеч Россиядан кетишет.

Орусия каякка баратат?
Россиянын Крымды аннексиялап алгандыгы ХХI-кылымдагы эл аралык мамилелерге, цивилдүү өнүгүүнүн философиясына ылайык келбейт. 1954-жылы Н.Хрущев Крымды Россиядан гана эмес, Казакстандан Кара-Калпакстанды, Чимкент облусунан 4 районду Өзбекстанга өткөрүп берген. Анда алардын баардыгы кайра каралуу керекпи?
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европанын саясый картасы кескин өзгөрүп, Кенигсберги Россияда, эки облустай жери Польшада, бир облусу Чехияда калып, 6 млн. адам көчүрүлгөн. Азияда Курил аралдары Япониядан Россияга өткөн. Ал эми андан тереңирээк алганда Ыраакы Чыгыш Кытайдын, Орол тоолорунан Бурятияга чейинки жерлердин баардыгы түрк элдеринин жерлери болуп саналат. Тарыхка чегинүү жасасак, Россиянын аларынан берери көп болуп чыгат. Андай тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө Россия көнөбү?
Россиянын Крымды аннексиялоосунан кийин эл аралык мамилелердин ядролук куралдарды таратпоо боюнча дүйнөлүк 2-согуштан кийин калыптанган системасы кыйрады. Ал система боюнча дүйнөлүк державалардын кепилдиктери боюнча, көптөгөн мамлекеттер өзөктүү куралдарды жасоодон баш тартып келишкен. Державалар андай кепилдикти Украина, Казакстанга да беришкен. Эми андай кепилдикти Бразилияга же ЮАРга сунуш кылышса, алар "андай жомогуңарды Киевге барып айткыла" деп коюшат.
Тилекке каршы, азыр Россияда эч кандай акыл-эстүү логикага сыйышпаган "биздики гана туура, калгандарынын баары, анын ичинде эл аралык нормалар да туура эмес" деген Сталиндин убагындагыдай психология өкүм сүрүүдө. ЖМКлары да ошондогудай же И.Эренбург убагында "немис деген адам эмес, аны өлтүргөн сооп болот" деген маанилерде жазгандай түскө өтүп алды. Россия убактылуу болсо да Крымды алды, мүмкүн, Луганск менен Донецкини да Абхазия менен Түштүк Осетиядай субъектилерге айландырар. Бирок, андай саясаттан саясый, экономикалык эч кандай пайда таппайт. Тапкандарынан жоготуулары эселеп көп болот. Дүйнөлүк коомчулукка эрегишип жашагыдай Россия мурдагы социалисттик система эмес. Андай саясат адегенде экономикалык, социалдык жоготууларга учуратат, цивилдүү дүйнөдөгү бокочого айландырат. Анан Батыш менен жарыша куралданууга чыккысы келсе, ыраматылык СССРдин кейпин киет...

Мирлан Дүйшөнбаев