-"De-факто", 23.05.14 •


 

Каныкей Раймалиева, ырчы:
"Музыканын сыйкыр күчүнөн алыстай албайм"

Өнүккөн доордобуз деп өрөпкүгөн учурда да салттуу музыка кайрадан өзүнүн кереметин ачып, эч качан эскирбестигин, өнөр өлбөстүгүн далилдеп келет. Далилдей да берет. Ошол ажайып дүйнөнүн өкүлү, ырчы Каныкей Раймалиева менен өнөр, талант, чыгармачылык, эргүү, сулуулук, аялзат темасында азыноолак аңгеме-дүкөн курдук.

-Каныкей айым, "чыгармачыл адам ар убак изденүүнүн үстүндө жашаш керек" деген кеп бар, кошуласызбы?
-Сөзсүз кошулам, изденүү чыгармачыл адамга аба менен суудай зарыл. Изденүү токтогон кезде иштин токтогону деп түшүнөм. Бул, чертилбей чаң басып турган комуз сыяктуу. Демек, чаң басып, чертилбей турган комузду элестет. Ар дайым репертуарды жаңылап, уккулуктуу, жагымдуу чыгармаларды иштеп чыгуу, элдин кызыкчылыгын арттырып, талабында туруу зарыл болушу керек. "Чүпүрөк - адамдын көркү" дейт. Анан сахна деген кооздукту, көркөмдүүлүктү талап кылган соң, кийимге да көңүл бурбай койбойбуз. Улуттук кийимибизди улам көркөмдүүлүгүн арттырып, жаңы дизайн, мода деген нерселерди ала жүрүп, эл ошондон үлгү алгыдай талапта жүрүүгө аракеттенебиз.
-Ырчылык сиз үчүн эмне? Жумушпу, эргүүбү, милдетпи же бүтүндөй жашообу?
-Бул суроодон улам дароо эле бала чагым эске түштү. Тилим чыккандан баштап десем жаңылышпасам керек, кошуналардыкына ойноп барсам, же көчөдө ойноп жүрсөм ырдата беришчү. Ыр жандуу үй-бүлөдө чоңойдум. Музыкалык педагогикалык колледжде, консерваторияда, 15 жыл филармонияда ушул өнөрдү аркалап келе жатам. Жакшы ырды укканда ошол ыр менен ооруп калчу жайым бар. Музыканын сыйкыр күчүнөн алыстай албайм. Мен үчүн мындан аркы ырсыз жашоомду элестетүү кыйын.
-Билим, талант, эмгек - сизге бул үчөөнүн кайсынысы көбүрөөк жардамын берип, пайдасын тийгизди?
-Дарактан мөмө алыш үчүн төмөнкү үч нерсени бөлүп кароого мүмкүн эмес деп ойлойм. Биринчиден, көчөттүн өзөгү болушу керек, анан ал тамыр алышы керек. Андан соң аны дайыма карап, сугарып, өстүрүп туруусуна байланыштуу. Бул нерсе көбүнчө эмгекти талап кылат. 2 пайыз мугалим, 3 пайыз талант, 95 пайыз эмгекке байланыштуу деп бекеринен айтылбаса керек. Анын сыңары, мен да үчөөнүн тең жардамы, таасири, пайдасы болуп келе жатат демекчимин.
-Чыгармачылыкта ырды сиз тандайсызбы, же "план боюнча" тандоого баш ийесизби?
-Учурдун модалуу кийими деп кийип алса болот. Бирок ал ошол адамга жарашабы, жокпу, маселе ошондо да. Ырчынын ырдоо манерасы, образы, жанры, стили, мүмкүнчүлүгү, жарашыгы, ж.б. дегендерди да эске алуу керек го… Андыктан тандоо эч убакта кыйноо болбошу керек.
-Чыгармачылыкта жараткан берген талант гана бийиктикке жеткире алабы, же кимдир бирөөнүн да таасири болушу керекпи? Дегеним, кумир тутуу, кимдир бирөөнөн сабак алуу, жолун жолдоо деген айрым эрежелерге канчалык деңгээлде ишеним артасыз?
-Кыргыз музыка дүйнөсүндө таланттуу ырчылардын бүтүндөй плеядасын түзгөн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Улукмырза Полотов менин да агайым болду. Үндү коюу, туура ырдоо, дем алуу, үн башкаруу сыяктуу эрежелерге калыптанышыма, дегеле ырчылык кесибимдин түптөлүшүнө агайымдын зор эмгеги аркасындагы таасири түздөн-түз тийди.
-Ырчылык кесип сизге эмне берди жана кай жагынан сизге чектөө койду?
-Ырчылыктан жаман болгон жокмун. Аздыр-көптүр күйөрмандарым бар. Барган жерден сыйлап, колдон келген жардамы болобу, же жакшы сөздөрү болобу, айтып батасын берип турушат. Бирок, чыгармачылыктын түйшүгү оңой эмес. Иш убактыбызда норма деген, дем алыш, майрам күндөрү, күн-түн деген болбойт. Өмүрдөн кийинки эле кымбат нерсе убакыт да. Эс алуу, бош убакыт, үйдө болуу деген аз гана.
-Сиз чыгармачылыкта эргүү, илхом күтүп иштегендердин катарына киресизби, же эргүүнү, илхомду өзүңүз жаратып, чакыргандардын катарындасызбы?
-Албетте, илхом болсо эргүү менен ырдаган ыр башкача. Ким болбойлу, турмуш-тиричиликтин өйдө -ылдый жолу баарыбыздын башыбызда бар. Дайыма эле илхом сени менен жүрө бербейт. Ырдап жатсаң эл сенин ички дүйнөң менен эсептешмек беле. Андыктан эргүү жаратып, илхом чакырууга да туура келет.
-Артисттердин жашоосу коомчулукка ачык болот. Ар убак талкууда, эл сөзүндө болгондон тажабайсызбы?
-Иоганн Гётенин айтканы бар эмеспи: "Адамдын эң күлкүлүү кыялы бардык адамга бирдей жагуу" деген. Элдин баардыгына бирдей жагыш мүмкүн эмес. Жакшы да, жаман да сөздөр айтыла бериши мүмкүн. Ыр сапарында жүрүп артисттер кыйналган учур болгондо "сени бирөө артист бол деди беле" деп тамаша кылып калышчу. Анын сыңары, артист болгон соң, эл көзүндө жүргөн соң, кааласаң да, каалабасаң да эл сөзүндө болосуң.
-Чыгармачылык бийиктикти багындырып, анын кадыр-баркына татыш үчүн сөзсүз азабын тартыш зарылбы?
-"Эмгексиз өмүр жок, оорусуз жеңил жок" дейт экен го. Кадыр-барк менен бийиктикке жетүү түшүбүздө гана болбосо, анын да азабы болот, албетте. Аныгында мен үчүн чыгармачылык бийиктикти багындырууга али көп бар. Ушул суроодон улам бир окуя эске түшөт. Самара Токтакунова баш болуп, Карамолдо Орозов атындагы оркестр, ырчылар баарыбыз филармониянын эски, маңка автобусу менен чаң жутуп Ошко 28 саатта араң жеткенбиз. Анда Ош-Бишкек жолу азыркыдай заңгыраган жол эмес эле. Оштун айылдарын кыдырып концерт менен жүрүп жуунаарга шарт жок сыяктуу учур, кырдаалдар көп эле болгон. Албетте, талыкпас эмгек, түмөн түйшүк болмоюн максатка жетиш, эл баасына арзыш оңой эмес.
-"Атактуулук - бул эркиндикти чектөө" деген сөз бар. Эл көзүнө көрүнүп, таанымал болуу эркин басып турууга тоскоолдук жаратпайбы?
-Андай деле атактуу эмесмин. Бирок, эл арасында баскан турган жерлерде уят болбой жүрүүнү эске алып коём. Кайсы бир деңгээлде чектөө бар экенин сезем. Ошентсе да жөнү жок эле элден жашырынып, коомчулуктан көшөгөлөнө бергенди жактырбайм. Анүстүнө өнөр адамдары элдики болгон соң биз дээрлик убактыбызда эл менен аралашып эле жүрөбүз.
-Ажарлуу айымдарды жандагандар толтура, бирок андай айымдар көп учурда жалгызсырайт. Эмне үчүн?
-Менимче көптүн көзүндө болуунун да өзүнчө түйшүгү бар болсо керек. Айтылгандай эле, ажарлуу айымдарды баардыгы жандап, ар кими сулуулукка өз алдынча ээ болгусу келет. Бирок, дээрлиги ошол адамдын пикири менен эсептешип, анын ой-кыялына макул боло бербейт эмеспи. Ошондуктан сырткы сулуулугуна кызыккандар көп болгону менен ички дүйнөсүнүн ачкычын таба алгандарга жолукпаган соң жалгыздык менен алпурушуп калса керек. Ырасында, адамзатта жан дүйнө сулуулугуна караганда сырткы келбет сулуулугуна басым жасап, ага сырттан сук артып, ошол деңгээлде мамиле жасоо күч экендиги анык.
-"Сулуу аял көздүн дарысы, чөнтөктүн уурусу" деген ыраспы?
-Шумдук суроо экен. Биресе туура десе да болот. Ажарлуу айымдарга суктанбаган, атургай сугун артпаган мырзалар дээрлик жок болсо керек. Андыктан көрктүү аялзатын көргөн жерден карап да болсо көзүн "дарылап" алышат да. Ал эми ал аялзатка жетиш үчүн, анын көңүл буруусуна арзыш үчүн мырзалар эмнени гана кылышпайт. Белек-бечкек, тартуу, таттуу дегендер чөнтөктөрүн эңшерип, ага да кайыл болуп антаңдашат да. Тарыхта деле сулуу аялзаты үчүн эки хандык согушуп, кызылдай кыргын болуп, бүтүндөй бир мамлекет талкаланып, кандуу калабалар болуп келгендиги айтылат эмеспи. Анан чөнтөк эмне болуп калыптыр.
Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ