-"De-факто", 23.05.14 •


 
Умсунай Эркинбаева, коомдук ишмер:
"Азыркы мыйзам бузук сааттай - кээде иштесе, кээде иштебейт"

"Калк айтса калп айтпайт" демекчи, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Баяман Эркинбаев кыргыз үчүн күйгөн патриоттордун бири болгону эл арасында айтылып келет. Ошол эле учурда депутаттын табышмактуу өлүмү тууралуу да ар кандай кайчы пикирлер бар. Бүгүн биз, Баяман Эркинбаевдин бир тууган эжеси Умсунай Эркинбаева менен баарлаштык.

-Умсунай айым, сизди учурдун тили менен айтканда "ишкер айым" катары таанышат, бизнеске кантип, качан аралашып калдыңыз?
-Менин бизнеске аралашуума иним Баямандын салымы чоң. СССР кулаган кезде Баяман болгон акчасын чогултуп отуруп базардын бир кичинекей бурчун сатып алып ижарага берүү менен ишмердүүлүгүн баштаган эле. "Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот" дегендей, адал эмгек менен тапканын бирин эки, экисин үч кылып отуруп 2000-жылы "Кара-Суу" базарынан 15 гектар жер аянтын алып иштетүүгө өткөн. Бирок ал кезде "Кара-Суу" базары аябай ыңгайы жок, абалы начар болчу. Баяман ошол алгандан тартып аны оңдоп-түзөп, мына эми үзүрүн көрөбүз деген учурда экс-президент Курманбек Бакиевдин каза болуп калган агасы Жусуп Бакиев 2005-жылы көз көрүнө эле күчкө салып тартып алган. Базарга өзү барып: "Бул базар мындан кийин Баяманга эмес, мага тиешелүү, давай чыккыла!" деп ал жактагы администраторлорун спортчу, куралчан балдар менен кубалап чыгып, документтештирип менчиктеп алып, кийин башкаларга сатып жиберген. Көп өтпөй Баяман башка жактардан ошол эле базар бизнесин иштетип баштаганда, мени кошо аралаштыра баштаган. Иним каза болгону жиптин учугун улай базарларын токтотпой бир жагынан Чолпон, бир жагынан мен тырмышып иштерин улантуудабыз. Учурда мен Баткендин Кадамжайында "Баяман баатыр" базарын иштетүүдөмүн.
-Базардын аты иниңиздин атынан коюлган экен, бирок баатыр деп аталышынын себеби эмнеде?
-"Баяман Эркинбаев "Баатыр" деген наамды алган эмес да" деп сурагың келип турат окшойт. Туура, Баяман андай даражаны, наамды алган эмес. Бирок, Баяманды эл тирүү кезинде эле баатыр деп коюшкандыгы чындык. Биз ага туугандары Оштогу "Навои" паркына Баямандын ысымын ыйгарууну сурандык, бирок ал жакты беришкен жок. Чынында коңшулаш өзбек элинин акыны Навоинин атын алып жүргөн сейил бакка кыргыздын уулунун атын ыраа көрбөгөнү мени абдан ызалантты. Жок дегенде өзүнүн жеке менчик базарына баатыр, патриот, Баяман деген кыргыздын уулу болгондугун башка эл да билсин деген ниетте "Баяман баатыр" деп койдук.
-Бизнестин базарларды иштетүү тармагында иш алып баруу айымдар үчүн оор эмеспи?
-Оңой тамак жок, ар бир иштин оорчулугу болот. Ошону менен бирге эле ишмердүүлүктү алып кетүү ар бир адамдын мээнетине жараша. "Эр эмгегин жер жебейт", "иштесең - тиштейсиң" жана башка кыргыздын макалдары жөнү жок жерден айтыла бербейт. Аның сыңары, айым үчүн да, мырза үчүн да эң башкысы аракет. Бирок ошол эле учурда айым үчүн бир азга оор боло турганы турган иш. Айрыкча бизнес жаатында мыйзамсыздык, башаламан нерселер көп учураганда каңырыгың түтөп кетет. Бир эле мисал, кечээ жакында Ак-Сай айылында болуп өткөн кыргыз-тажиктердин жаңжалында жабыркаган энелерге жардам көрсөтүү үчүн барганыбызда, энелер тажик жарандарынын "силердин мамлекетте мыйзамыңар иштебейт" деп мазактаганын айтышты. Чындыгында мыйзам иштебей, бузук сааттай кээде чочуп иштеп калып, кээде иштебей калып жатканы өкүндүрөт. Ошол эле чек ара маселеси боюнча болгон жаңжал базардын ишине да чоң зыян тарттырып жатканы менен эч ким эсептешпейт. Анткени, "Баяман баатыр" базарынын соодагерлери алып сатаарлык менен алектенгендиктен Тажикстандын соодагерлери менен да иштеше албай, соодалары солгундоодо. Биздин мамлекетибизде фабрика же чоң завод жок болгондуктан, соодагерлер кредит алып иштешет, а базарда иш болбой калса алар эле банкрот болуп, кредитин төлөй албай кыйналууда. Ал эми чек арада жашаган элдин абалын массалык маалымат каражаттары айтып эле атат, бирок жыйынтык жок. Мына ушундай мыйзамдын иштебегени, элдин кыйналганына ортоктош болуп, бизнес менен алектенүүдө чындыгында эле айым үчүн оор экендиги талашсыз.
-Иниңиз Баяман мырзанын бала чагын кандай эскересиз?
-"Жакшы адамдын өмүрү кыска болот" дегендей, Баяман эрте кетти. Бирок ал элдин эсинде жаркылдаган, патриот, эли, жерин сүйгөн азамат катары калды. Айрыкча кыргыз жери, эли үчүн ичкен ашын таштай салып чуркаар эле. Ошол сапаты кичинекей кезинде эле бар болчу. Анткени, тырышчаак келип, бир нерсеге максат койсо, көздөгөнүнө жетмейин жаны жай алчу эмес. Ошентип жүрүп 7-классында күрөш менен машыгып жүргөндө: "Мен кыргызды күрөш менен дүйнөгө таанытам" дей берчү. Анан ошол аракетинин натыйжасында Ошко барып күрөшүп жүрүп "бала балбан" деген атка конду, кийинчерээк жемпир кийип алып күрөшкө чыккан экен, "жемпир балбан" деп аталган. Мына ошондон тартып спортко болгон ышкысы ойгонуп, акырындык менен эбегейсиз кадыр баркка ээ болгон эле. Бир жолу дарбыз айдаган талаада экөөбүз отуруп уруша кетип, мен бултуңдап үйгө жөнөп калдым. Баяман талаада калган. Дарбыз талаага чатыр тигип алып биз кайтарчу элек. Анан бир маалда мен үйгө жете бергенде Баяман жайдак ат менен келип апаман кечирим сурай баштады:
-Апа, кечирип коюңузчу, мен эжекемди экинчи таарынтпайм!
-Эмне болду? - десек:
-Мага бир ата келип саламдашты, колу пахтадай жумшак экен, коркуп кеттим, - дейт. Ошондо ал 3-класс болчу, чоң энебиз: "А-а, Кыдыр жолуккан турбайбы" деп койду. Бирок чындыгында эле Баяман ошондон тартып аябай аракетчил, сабакты да жакшы окуган, мага да үйүрүлүп түшүп жардам кылган мыкты бала болуп чыга келди. Ал ортодо инимди "бандит, баш кесер" деп жалган маалымат таратып жүрүштү. Баяман муштумун түйчү жерден түйүп койгону менен, кылмыш деген нерсени жек көрөөр эле. Болгону ал спортчу болгондуктан өлүмүн да ошого байланыштырып жоромолдоп да жиберишти. Эң башкысы, эл үчүн турган позициясынын курмандыгы болуп калганы ачыкка чыкпай калды. Азыр инимдин "эжеке" деп элжиреп турганын эстесем ичим туз куйгандай ачышат.
-Сөздүн нугун саясатка бурсак, учурдагы саясый кырдаалды кандай баалайсыз?
-Учурдагы саясый кырдаалга баа берүү да кыйын. Анткени, саясатты курал катары пайдаланып, интрига менен жашоого өттүк көрүнөт. Айрым саясатчыларыбыз "атың чыкпаса жер өрттө" болуп, артисттер койбогон мыкты спектаклдерди койгонду да өздөштүрүштү. Шайлоо алдында ооз толтура айткан ар кандай убадалардын иш жүзүндө ашпай жатканы кашкайган чындык. Мамлекет үчүн жанымды аябайм деген ошондогу адамдар, эптеп орун алгандан кийин өз чөнтөгүн толтура албай жаткандар да чекесинен табылат. Эң башкысы, келе жаткан жаңы саясатта жаңы жүздөрдү, жаштарды жана мыкты адамдарды көрөм деген ниеттемин. Ошону менен бирге эле элине кызмат кылган, татыктуу адамдардан куралган партиялардын да келишин каалайт элем.
-Сиз айткандай татыктуу адамдардан турган, купулуңузга толгон партия барбы?
-Азыркы бийликте турган партиялардын эч бирин белгилебейм, бирок Аскар Мааткабыловичтин "Эмгек" партиясынын иш пландары, курамы жагып жүрөт. Балким, келе жаткан шайлоодо ошол партиянын тизмесинде болуп калышым да толук мүмкүн. Себеби, аталган партиянын лидери, курамындагы адамдар дагы эмгекчил, мыкты адамдар деп билем. Ал эми учурдагы мамлекетибиздин позициясы дагы, оппозициясы дагы көңүл жубатаарлык эмес. Оппозиция Баямандын учурундагыдай позициясы үчүн тикеден тик турган, беттегенин бербеген оппозициядай болуш керек. Ал эми анча-мынча акчасын чачып, элди дүрбүтүп, акчага жалдап адамдарды митинг, пикетке чыгаргандарды оппозиция деп айтууга болбойт. Ар бир адам бир иш кылаарда анын туура жана туура эмес жагын салмактап, анан ошого жараша иш кылуусу керек, мен жеке пикиримде андай адамдарды эл бузарлар деп баалайм. Акчаны, бийликти, мансапты самаган адамдар эмнеге чыгып жатканын билбей, мамлекеттин тагдыры менен ойноп жатканы кейиштүү. Ал эми чын ниеттен өлкөнү өнүктүрөм, мамлекетиме кызмат кылам деп эли, жери үчүн күйгөн адам ойлогон ой-максатын тилегин ишке ашыруу үчүн уйкудан калып эл менен бирге иш алып барат. Тилекке каршы, андай адамдар саналуу гана. Бирок мен толук ишенем, Кыргызстандын келечеги кең болуп, кыргыз элинин көчөсүндө да майрам болот.
Ардакбек Каныбек уулу