Урмат Аманбаева, ЖК депутаты:
"Кыргыз Тили мамлекеттик мекеме, ишканаларда иштебесе, анда каякта иштейт"

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева көтөрүп чыккан мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгесине президенттен каршы пикир келген. Президент эмне үчүн каршы экендигин демилгечи Аманбаевадан сурап көрдүк.

-Өзүңүз сунуш кылган мамлекеттик тил мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеңизди парламент колдогону менен президенттен каршы пикир келген эле. Президент мыйзамдын кайсыл бөлүмдөрүнө каршы болуп атат?
-Президенттен каршы пикир келгенден кийин ошонун негизинде атайын макулдашылган топ түзүлүп 8 айдан бери иштеп, дагы деле президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү менен келише албай жатабыз. Тактап айтканда, алар менен 10-11-берене боюнча келишпөөчүлүк болуп атат. Калган жагынан толук макулдаштык. Негизи президент мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын жарлык чыгарган. Анын негизинде атайын жумушчу топ өз программасын иштеп чыгып, президенттин катышуусу менен кабыл алынды. Бирок, билим берүү комитетинде макулдашылган топтун бир келишимге келе албагандыгына байланыштуу бул маселени Жогорку Кеңеш чечсин деген чечим чыкты. Эмки жумаларда Жогорку Кеңештин жалпы жыйындарында чыгат.
-Алар эмне себептен каршы экендиктерин так түшүндүрүп бериштиби? 10-11-берененин кайсыл жерине макул болбой жатат?
-10-беренеге "Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик уюмдардын жана ишканалардын расмий документтери, ченемдик укуктук актылары ж.б чечимдери мамлекеттик тилде даярдалат жана кабыл алынат. КРнын мыйзамдарында каралган учурларда ченемдик укуктук актылар расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат" деп мамлекеттик уюмдардын жана ишканалардын расмий документтери деген сөздү кошкон элек. Мына ушуга президенттин өкүлү каршы болуп: "Бул мыйзам бүгүнкү күндө иштебейт. Мамлекеттик тил мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууда гана иштей берсин. Ошто, Бишкекте турган мамлекеттик ишканаларда кыргыз тилинин кереги жок. Себеби, бул башка мыйзамдарга каршы келет" деп атат. Эгер алардын айтуусу боюнча айта турган болсок, анда биз эмне себептен мамлекеттик тил боюнча улуттук программаны кабыл алдык. Ал жерде 2013-жылдан 17-жылга чейинки, 2014-жылдан 2020-жылга чейин тилди өнүктүрүү программасы так жазылган.
-Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча өкмөт да атайын иш-чараларды өткөрүп жатты эле. Бул сиздер менен биргеликте ишке аштыбы?
-2013-жылы Жантөрө Сатыбалдиев премьер болуп турганда мамлекеттик тил мыйзамын аткаруу боюнча токтом чыгарып, мамлекеттик мекеме ишканалар иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча атайын иш-чара өткөргөн. Биз ошого мыйзамды тууралап коёлу десек каршы болуп атат. Мамлекеттик кадр кызматы берген маалыматка таянсак, 2013-жылы мамлекеттик тилди үйрөтүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге 1,5 миллиондон ашык акча кетиришкен. Анан эмне үчүн биз бул мыйзамга каршы кетип атабыз түшүнбөй турам. Эгер биз мамлекеттик ишканалардын расмий документтерин мамлекеттик тилде жүргүзбөсөк, анда мамлекеттик тилдин эмне кереги бар. Ошол эле мезгилде "Кыргыз Республикасынын калган мыйзамдарына ылайык болгон мезгилдерде расмий жана башка тилдерге которулсун" деп сунуштап жатабыз. Мисалы, келишимдерди алып көрөлү. Европа мамлекеттери менен болгон келишимдерде расмий тилдин кереги жок да. Кыргыз тилден англис тилге которулат. А эмне үчүн биз жөнү жок эле 3 тилге которушубуз керек? Кытай мамлекети менен болгон келишим кытай тилине же англис тилине которулат. Ал жерде расмий тилдин кереги жок.
-Президентибиз туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешмеде "балдарга кыйноо жолу менен тилди үйрөтүүнүн кереги жок" деп айтты. Муну менен ал сиз демилгелеген мыйзамга каршы экенин айта кеткен жокпу?
-Президент өзү ант берип атканда: "Мамлекеттик тилди бала бакчадан баштап өнүктүрөм" деп баса белгилеп айткан. Өлкө башчыбыз мамлекеттик тилди зордоп үйрөтүүнүн кажети жок деп туура айтып жатат. Биз мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программаны кабыл алганда зордоп эмес, муктаждык жаратып үйрөнсүн деп жазганбыз. Биз сунуш кылган мыйзамда мамлекеттик гана ишканаларды айтып жатабыз. Жеке ишкана, компанияларды айткан жокпуз. Алар каалаган тилинде жүргүзө берсин. Ал эми мамлекеттин бюджетинен каржыланган ишканаларда иш кагаздары, тиешелүү расмий документтер кыргыз тилинде болсун, мунун эмнеси жаман? Мисалы, кыргыз почтасы мамлекеттик ишкана болгондон кийин эмне үчүн тиешелүү буйруктары кыргыз тилинде жүрбөшү керек? Эгерде биздин тил мамлекеттик мекеме, ишканаларда иштебесе, анда каякта иштейт? Мамлекеттик окуу жайларда колдонулбаса, анда кантип жашайт? Мен президенттин зордоп үйрөтпөө деп айткандарына толук макулмун, бирок биз сунуш кылган мыйзамда мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тил жашаш керек.
-Бул мыйзам долбоору колдоо таап, ишке ашарына ишенесизби?
-Кеп мыйзамдын колдоо табаар-таппасында эмес. Негизги идеябыз мамлекеттик тилди өнүгүү жолуна алып келүү болчу. Бул өзүнүн максатына жетти, анткени атайын улуттук программа кабыл алынды. Мыйзам долбоору бүгүн өтпөсө кийинки чакырылышта депутаттар көтөрүп чыгышы мүмкүн. Мени улутчул жана башка нерселерге кондуруп атпайбы. Аны менен мен улутчул болбойм. Себеби мамлекеттик тил мамлекет барда жашап келе берет. Кыргыз улуту барда Манас атабыздын тили ар мезгилде көтөрүлүп чыгат. Тиешелүү мыйзам баары бир кабыл алынат.
-Кабыл алынган улуттук программа жеткиликтүү деңгээлде иштей алабы? -Бул программа 476 миллион каражаты менен 2020-жылга чейин кабыл алынды. Азырынча акча бөлүнгөндүгүн уга элекмин, каражат жеткиликтүү бөлүнсө өз жемишин берип иштейт деп ишенемин. Кандай деңгээлде иштейт, аны убакыт көрсөтөт.
-Ошондой эле мыйзамда "мамлекеттик кызматка келчү киши милдеттүү түрдө тилди билиши керек" деген жери бар эмеспи. Бирок, кызматка келчү киши баягыдай эле көндүм адатка салып, коррупция жолу же кандайдыр бир башкача жолдор менен келиши мүмкүн да?
-Бул берене мыйзамда да, улуттук программада да калтырылды. Ал кыргыз тест аркылуу тиешелүү жетекчилердин мамлекеттик тилди иш деңгээлине жараша билүүсү текшерилет. Мисалы, жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамында мамлекеттик тилди билбегендер да келди. Кыргызстанда жашап аткандан кийин, тилди сыйлап алдына коюш керек. Бул деген мыйзам аткарылбай жатат дегенди билдирет.
-Мамлекеттин бюджетинен каржыланган тил комиссиясынын ишмердүүлүгүнө да ар кандай сын-пикирлер айтылып жүрөт. Мамлекеттик тилди коргой албаган комиссиянын кереги жок дегендер да аз эмес. Сиздин көз карашыңызда тил комиссиясынын кереги барбы?
-Тил комиссиясынын кереги жок дегендерге мен каршымын, себеби алар иштеп атат. Мамлекеттен жылына 5 миллионго жакын акча бөлүнсө, ал айлык акыларына кетип, тилди өнүктүрүүгө 1 миллиондон ашпаган акча калат. Бул аябай аз акча. Биз жеткиликтүү каражат бөлсөк, алар жеткиликтүү деңгээлде иш алып барат.
Парахат ШУКУРОВА





Темирбек Бекбоев, невролог:
"Ийне менен адамдын бардык бездерин дарыласа болот"
- Темирбек мырза, кандай себептер менен жеке менчик оорукананы ачып калдыңыз?
-Жеке менчик бейтапканаларды ачкан адамдар окууну бүтүп эле иштетип кете албайт. Алар мамлекеттик ооруканаларда бир канча жыл иштеп анан тажрыйба топтоп жеке менчик, үй-бүлөлүк ооруканаларды ачышат. Мен дагы ошол сыяктуу эле бир канча жыл республикалык ооруканада иштеп жүрүп, анан ушул оорукананы ачкам. Кесибим невролог, нерв ооруларын айыктырууну жакшы өздөштүрүп алдым. Алтын ийне менен дарылоону Бабажанов Нурдин деген Кытайдан алтын ийне сайып нерв клеткаларын дарылоону окуп келген экен, ал кишини ээрчип жүрүп мен дагы анын өнөрүн үйрөнүп алдым. Санкт-Петербургда Бехтерев атындагы нерв омуртка-муун ооруларын атайын ийне менен айыктыруучу кафедра бар экен. Ошол жерге барып билимимди жогорулатып келдим. Андан кийин Кыргызстанда 10 жылга жакын командировкаларда жүрдүм. Кыргызстандын аймактарын кыдырып чыктым. Токмок, Нарын, Балыкчыда, Талас жана Ош облустарындагы райондордо көп иштедим. Азыр менин бейтаптарымдын 80 пайыздан ашыгы элеттен келишет, басымдуу бөлүгү мурун мен дарылап жүргөндөр, тааныш болуп калган адамдар.
-Сиздин оорукана мамлекеттик ооруканадан кандай өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат?
-Үй-бүлөлүк бейтапкананы ачууга бир канча себептер болду. Мисалы, айылдан келген бейтап шаарда бир диагнозду аныкташ үчүн эле ары-бери чуркап жүрө берет, тиш ооруп келгендер ал оорукана кайсыл жеринде экенин таппай жүрө беришет. Ал эми үй-бүлөлүк бейтапкананын бир артыкчылыгы бизге келген бейтап кайсыл оору менен болсо дагы дарылайбыз, бардык тармак менен алектенебиз. Бирок, ооруларды алтын ийне сайып, укалоо жолу менен айыктырабыз. Мисалы, көзү ооруп келгендерге дарылай албашыбызды айтып башка тарапка жөнөтсөң, "мен сени чоң врач деп ишенип келбедимби" деп айтышчу. Ошондуктан 2004-жылдан баштап үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун ачтым. Ошентип бардык ооруларды дарылай турган врачтарды чогултуп иштеп жатабыз. Жеке оорукана ачкандан кийин оорулуу адамга жакшы мамиле кылуудан баштап, кандай узатууга чейин үйрөндүк. Мамлекеттик оорукана болсо "ооруң айыксын десең мен айтканды кыл" дегендей мамиле кылынат эмеспи. Бизде болсо бейтап келип кеткенден кийин эл арасында биздин оорукана тууралуу жакшы сөз айтсын, ыраазы болуп кетсин деп ар бирине жогорку деңгээлде мамиле кылабыз. Бирок жакшы мамиле кылуу менен эле ооруну айыктыра албайсың, ошондуктан ооруну айыктырууну үйрөнүү керек. Мен райондордо командировкада иштеп жүргөндө, өзүм диагноз коюп, өзүм дарылап үйрөнгөндүктөн азыр бир ооруканадан диагноз коюп, кайра дароо дарылап, аягында бейтапты ар кайсыл ооруканага чуркатпай эле бир жерден айыктырып кетирип атабыз. Мамлекеттик ооруканадан биздин жеке менчик оорукананын дагы бир айырмасы бизге ооруган адам өз эрки менен келет, ал эми мамлекеттик ооруканага атайын багыт менен барышат.
-Сизге кайсыл оору менен көп келишет?
-Мен өзүм адистигим невролог болгондуктан нерв оорулары менен жана мурун угуп жүргөндөр омуртка-муун оорулары менен кайрылышат. Омуртка-муун ооруларын алтын ийне сайып, укалоо жолу менен жеңил дарылайбыз. Негизгиси оорунун баары нервден башталат. Акыркы убакта жүрөк жана баш ооругандар көп кайрылышууда. 1977-жылдан баштап алтын ийне сайып иштеп келе жатам. Алтын ийне элдик дарылоо системасы болуп эсептелет. Ийне менен адамдын бардык бездерин дарыласа болот.
-Эмне иш аткарсам деген тилектериңиз бар?
-Кашпировский деген киши психикалык оорулар тууралуу элдерди таңгалдыра турган билдирүүлөр менен чыкканда мен Саламаттыкты сактоо министрлигине "нервден жабыркагандар жабык ооруканада эмес, ачык ооруканада дарылансын" деп атайын кат менен кайрылгам. Агезде министрдин орун басары Накен Касиев болчу. Ал киши Кашпировскийге ишенебегиле дегендей мамиле кылган. Нерв системасы жабыркаган адамдарды акылынан адашкандар деп такыр оорулуу кылып салуу туура эмес, алардын нерви чарчап гана калган. Ошондуктан психологиялык жактан жабыркагандарды айыкпай турган адамдардын катарына кошпостон аларды айыктыруунун аракетин кылышыбыз керек.
Жакшылык Бердибек уулу