Карганбек Самаков, ЖК депутаты:
"Кудай буюрса, быйыл боз үйүбүз кыргыздын тарыхый мурасы катары ЮНЕСКОго катталганы турат"

Жыл жаңыраар алдында кычыраган кыштын күнү бүткүл Кыргызстанды жагымдуу кабар чулгаган эле. Ал кабар кыргызды кыргыз кылган "Манас" эпосунун үчилтиги дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кыргыз элинин энчиси катары катталган. Мына ушул чоң жеңишке баш оту менен киришип чуркаган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков мырза менен учурун таап маек курдук.


-Карганбек Садыкович, кечээ жакында "Манас, Семетей, Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилгендиги ырасталган сертификат ажобузга тапшырылды, ушул жакшы жөрөлгөнү өз деңгээлинде белгилей алдыкпы?
-ЮНЕСКОнун президенти Бокова Ирина Георгиевна мени сертификат тапшырганы чакырганда: "Үч жылдан бери чуркаган эмгегиңердин акыбети кайтты, эми Кыргызстанда чоң майрам болот го" дегенде, "албетте элим ушул нерсени аябай күтүп жатат" деп жооп бердим эле. Бул боюнча маданият министрлиги жайдын жакшы бир күнүн майрам күн катары белгилөө үчүн атайын программа түзүүдө. 2013-жылдын 4-декабры "Манас" эпосунун дүйнөлүк маданий мурас катары катталган күнү. Мына ушул маанилүү күндү "Манас күнү" деп майрам катары мыйзамга киргизүүнү сунуштап жатам. Менин оюмча буга бир да киши каршы болбойт болушу керек. Маданияты жок эл болбойт, ошондуктан биз маданиятка жакшылап көңүл буруубуз абзел деп эсептейм.
-Маданият демекчи, бүгүнкү күндө маданиятка каршы, ал тургай маданият министрлигин жоюу керек дегендерге кандай пикир айтат элеңиз?
-Бул пикирге мен караманча каршымын. Өнүккөн өлкөлөрдө маданият менен туризмге биринчи кезекте көңүл бөлүнөт. Мисалы, Түркиянын бюджетинин 15 пайызын ушул туризм менен маданияттан түшкөн каражат толуктайт. Кыргызстанда тарыхый эстеликтер, баалуулуктар көп. Мына ошол маданий жашоо турмушубуздун уңгусу болгон баалуулуктарыбызды сактап калышыбыз зарыл. Маданиятты жоюу деген бул - абсурд, акыл калчабагандык болуп эсептелинет. Тескерисинче маданиятка өзгөчө, аяр мамиле кылып, аны өнүктүрүүгө бийлик тарабынан да жардам берилиши керек. Ал эми маданият кызматкерлери жарыбаган акчага болсо да мамлекет үчүн жан үрөп иштеп берүүдө. Мамлекет каяктан болсо да каражат таап, каржыласа анан түшүм берээри бышык. Маселен, жарандарыбыздын ден соолугуна зыян келтирген тамеки жана алкоголдук ичимдиктерге болгон салыкты бир сомго көтөрүп, ошол акчаны толугу менен маданиятка которсо абдан жакшы болоор эле. Биринчиден, аз да болсо коомубуз жаман адаттардан тазаланса, экинчиден маданиятка пайда келип жатат дегендей. Эми бул жөнөкөй эле мисал, тереңирээк ойлонсок каражат табуучу булактар чыгат.
-"Манас" үчилтигин каттоодон өткөргөн соң, "ушуну менен менин кадамым токтобойт, дагы да болсо көп нерсени каттатуу үчүн болгон аракетимди жумшайм" деп айтканыңыз бар эле. Эми кийинки кезекте кыргыздын кайсыл көөнөрбөс мурасын ЮНЕСКОго каттатайын деп турасыз?
-Ушул жылдын башында бир катар министрлер жана вице-премьер-министрлер менен жолугушканда: "Менин ишим мыйзам чыгаруу тармагында, силер дүйнөлүк мурастарды сактоону, маданиятты өнүктүрүүнү колуңарга албайсыздарбы" десем, баары тең чалкасынан кетти (күлүп). Алардын макул болбогону, биринчиден каражат жок, экинчиден убарасынан коркушту окшойт. Анан мен: "Силерден тамашалап эле сурадым, өзүм ушунча баштап алып аягына чыгарбай кантип басып кетмек элем" деп айттым. Кыргызстан ЮНЕСКОго мүчө болуп, "Манас" эпосун, шырдак, ала кийизибизди каттатып алганыбыздын өзү чоң жеңиш. Андан сырткары, 23 жылдан бери талаш-тартышты жаратып келе жаткан мурастарыбыздын бири боз үй, мына ушул үйүбүздүн тигилип баштагандан бүткөнгө чейинки процессин видеого тартып ЮНЕСКОго өткөрдүк. Кечээ жакында казак бир туугандар биздин улуттук оюнубуз болгон көк бөрүнү ЮНЕСКОго өздөрүнүн менчиги катары каттатабыз деп турушуптур. Биз алардан озунуп көк бөрү тууралуу даректүү фильм тартып, түшүндүрмөсүн толугу менен даярдап, аны да ЮНЕСКОго жибердик. Кудай буюрса, ушул жылдын 14-ноябрында боз үй кыргыздын тарыхый мурасы катары ЮНЕСКОго катталганы турат. 2015-жылы көк бөрү оюнунун каттоосу болот, ага чейин болгон күч аракетибизди жумшап каттатабыз деген ойдомун. Эң башкы маселе көк бөрү казак туугандар менен талашка түшкөнүндө болуп жатат. Эгер кичине туура эмес бир кадам кылып алсак, аны ооздон алдырып жиберишибиз толук мүмкүн. Ошондуктан муну өзүм колго алып, каттатууга күч аракетимди жумшайм. Ал тургай көк бөрүнү олимпиадалык оюнга кошуу үчүн каражат маселесин караштырып жатам. Олимпиада оюндарына кошуп алсак, бизде да Греция сыяктуу дүйнө элине таанылганга мүмкүнчүлүк ачылат. Мына ошондо туризмдин болуп көрбөгөндөй өнүгүп өсөөрүнө толук ишенебиз. Туризм бул экономиканын локомотиви, демек, туризм канчалык өнүксө мамлекет ошончолук өнүгөөрү шексиз.
-Ошол эле учурда казак бир туугандар менен талашка түшкөн "Кара жорго" бийи тууралуу кызуу талкуу жаралууда, бул тууралуу сиздин кандай оюңуз бар?
-Ал бийди казак туугандар ЮНЕСКОго 2012-жылдын аягында каттоодон өткөрүү үчүн "Кара жорго" деген ат менен киргизишкен. Биз бул маалыматты уккандан кийин: "Казак туугандар каттатабыз деп жаткан "Кара жорго" бийи кыргыздын бийи экендигин далилдеп беребиз" десек, ЮНЕСКОнун тиешелүү адистери казак туугандардын сунушун алып койду. Бий илгертеден эле бийленип келгени анык, бирок ошол эле учурда казак боордоштор да бийлегени чындык. Бирибиз кыргыз, бирибиз казак деп аталып калганыбыз болбосо, түбүбүз бир элбиз да.
-Кечээ жакында сиз көтөрүп чыккан турак-жай боюнча маселе туурасындагы мыйзам долбоору боюнча да сурайын дедим эле?
-Бул боюнча мен жетектеген комитет атайын комиссия түзүп, 4 айдан бери иштеп жатабыз. Биздин баш мыйзамдын 46-беренесинин биринчи пунктунда "Кыргызстандын ар бир жараны турак-жайлуу болууга укуктуу" деп жазылса, үчүнчү пунктунда "Кыргызстандын муниципиалдык, жергиликтүү башкармалыктары жарандардын турак-жай алуусуна жардам берет" деп жазылып турат. Буга чейин 2001 жана 2007-жылы мыйзам кабыл алынганы менен ташыркап иштебей келген. Ошондуктан биз "парламенттин жана элдин көзөмөлүндө турган мамлекеттик программа түзүлүш керек" деп сунуштап жатабыз. Мамлекеттик чоң ипотекалык уюм түзүп, айрыкча билим берүү, коопсуздук тармагы, ички иштер жана саламаттыкты сактоо багытында эмгектенген кызматкерлерибиздин айлык акыларын жогорулатып берүүбүз абзел. Айлык акыларынын аздыгына карабай иштеп аткан кызматкерлерден жардамыбызды аябай турак-жайлуу болушуна шарт түзүшүбүз керек. Мисалы, милиция кызматкерин алсак, өзү батирде турса, алган айлыгына кекиртегин араң тойгузса. Тирүү адам болгондон кийин карым-катнаш, кийим-кечесине каражатты кайдан табат? Каражат маселеси үй-бүлөнүн урушуп-талашуусуна да алып келген учурлар коомубузда көп кездешип жатпайбы. Анан ошол милиция элибиздин коопсуздугун коргойбу? - деген суроо туулат. Кудай буюрса, ушул маселени чечсек ошол эле медицина кызматкерлери, милиция, жалпылап айтканда мамлекеттик кызматкерлер чын дилинен мамлекетке иштеп бермек. Андан тышкары, социалдык фонддон бир жарым миллион сомду бөлүп алуу керек дегендер чыгып жатат. Ал пенсионерлердин акчасы да, аны алууга эч кимдин укугу жок. Башкасы бүтүп пенсионерлердин акчасына кол сала баштадыкпы. Ал акчаны алган күндө деле ордун таппасы анык, чиновниктердин карым-катнаш, тууган-уругуна берилип кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан акчанын тыйынына чейин эсептелип турушу үчүн парламенттин көзөмөлүндө болуусун сунуштадым.
- Кийинки суроону сиздин саясий ишмердүүлүгүңүзгө бурсак, сизди дагы эле "Ата Мекен" партиясында десе, кай бирлери чыгып кеткен дейт, ал эми кээ бирлер таптакыр эле башка партия түзүп жатыптыр деген ар тараптуу кептер бар. Мына ошол тууралуу өз оозуңуздан уксак.
-Буга чейин айткан эмес элем, 2006-жылы Өмүрбек Чиркешовичти Бакиев аябай басмырлап, кодулап баштаганда мен, ал кишини колдоо максатында Эркин Алымбеков, Болот Шерниязов үчөөбүз "Ата Мекенге" бир күндө киргенбиз. Колубуздан келишинче партияга колдоо көрсөтүп келдик. Аталган партия Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери, калыс, адилеттүү жакшы иштерди алып барууда чоң эмгектерди жасады. Бирок, менин өзүм түптөгөн саясий партиям, дос санаалаш, пикирлештерим да бар. Алар жер-жерлерде уюмдарды түзүп, учурда кызуу иш алып барышууда.
-Сыр болбосо, партияңыздын аты кандай аталат?
-Жогоруда айтып кеткендей, мен санаалаш, пикирлештерим менен учурунда "Биримдик" деген аталыштагы партия түзгөн элек. Мына ушундай аталыштагы фондубуз да бар. Чынын айтканда 2010-жылы "Ата Мекен" партиясы үчүн аябай иштеп, Нарындагы 45миң адамдан 30 миң добуш алып берип, "Ата Мекендин" парламентке келишине эбегейсиз зор салымын кошкон балдарым бүгүнкү күндө сыртта калып калышты. Мына ошол жигиттер: "Карганбек Садыкович, кийинки жылы боло турган парламенттик шайлоодо өзүбүздүн партия менен эле катышалы..." деп суранышууда. Ал эми жеке өзүм "Ата Мекен" партиясына абдан ыраазымын. Өмүрбек Текебаев баш болгон партиядагы адамдарга үзөңгүлөш болуп, эриш-аркак иш алып бардык. Өмүрбек Чиркешович менен болсо мамилем эң жакшы бойдон. "Пикирлери келишпей, Самаков менен Текебаев эки жээкке кетиптир" деген эл арасындагы сөздөр чындыктан алысыраак.
-Карганбек мырза, 2010-жылдан тартып парламенттик башкарууга өттүк, айрымдар мамлекет бул башкарууга даяр эмес деп жатышат, сиз кандай ойдосуз?
-Парламенттик башкаруу тээ илгертеден бери сакталып келе жатат. Илгери кыргызда курултай, аксакалдар кеңеши деген башкаруулар болгон. Ошол эле "Манас" эпосундагы Кыргылчал, Бакай, Кошой бабаларыбыз ошол кеңештин мүчөлөрү болгону далил. Ошондой эле Ормон хандын аксакалдар кеңешин айтсак болот. Демек, "бир баш жакшы, эки баш андан жакшы" дегендей мыйзам кабыл алаарда көп талаш-тартыш, ар кандай айтылган ой-пикирлер менен жакшы жыйынтык чыгат эмеспи. Ошондуктан мен каршы эмесмин, муну менен биз өз мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө жетебиз.
-Өткөн жылы саламаттыкты сактоо тармагына Япониядан 10 даана гемодиализ аппаратын алып келген жатабыз деген элеңиз. Арадан бир жыл убакыт өтсө дагы сиз айткан аппараттын дайыны жок го?..
-Ал аппаратты алып келүү үчүн "Токвушюкай медикал" деген компания менен сүйлөшүп, макулдашкан элем. Мына ушул дүйнө жүзү боюнча таанымал компания бир борборун Кыргызстанга куруп, 10 гемодиализ аппаратын бөлүп бермек. Бирок, ошону алып келип орноштурганга орунубуз жок болуп жатыптыр, саламаттык сактоо министри Сагимбаевага "кеңсе таап бергиле" деп кат жаза берип тажадым. Бир жылдан бери кеңсе таап бере албай койду. Айлам кеткенде Жогорку Кеңеште: "Ушундай министрдин барынан жогу" деп отставкага кетүүсүн талап кылдым. Муну атайын депутаттык топ түзүлүп текшерүүгө алмай болду. Бул министр аптекалык жеке иштери менен алек болуп, элдин саламаттыгына байланыштуу жогорудагыдай иштерге убактысы жетишсиз болуп жатат көрүнөт. Чынын айтканда бул министр жетекчи катары саламаттык сактоо тармагында оозго алаарлык иш алып бара алган жок. Демилгелеп, керек болсо керектүү аппаратты алып келүүгө макулдашып келсек да ошол аппаратты жайгаштыра турган кеңсе таап бере албаганы уят иш. Япония тарап кеңсе табылса эле аппараттарды өзүбүз орнотуп көзөмөлгө алабыз деп даяр турат. Ал гана эмес 4 медикти өзүм каржылап атайын окууга жибердим. Мына ошол 10 гемодиализ бир учурда 60тай бөйрөгү ооруган кишинин өмүрүн сактап калмак. Жалпылап карай турган болсок, алып келебиз деп жаткан 10 гемодиализ аппараты бөйрөк оорусунан жабыркап жүргөн мекендештерибиздин баарына жетиштүү болмок экен.
Амантур Мусагулов