Күн дүрбү
"Ара төрөлгөн Акыйкатчы" же "мини кошелек"
Акыйкатчы институтунун өнүгүүсү Кыргызстанда бир орундан жылбай калды. Адам укугун коргоочу орган акыркы кезде саясий органга айланып кетти. Мунун себептери эмнеде? Бул көпчүлүктү ойлондурган маселе.

Түркүн кызыктар менен шайкеш келген экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун кызматынан кеткиси келбей, азыркы кесиптеши отурган кабинетте ачкачылык кылып, акыры орунун бошотуп берген. Бакыт Аманбаевдин Кыргызстандын башкы укук коргоочусу болгондугу ошол кезде далайдын оозун Ошту каратса, "бул кайдан чыккан Акыйкатчы? Дегеле ким өзү?" деген суроолор коомчулукту кызыктырган. Бакыт Аманбаев көпчүлүккө журналист катары таанылган. Саясий карьерасы бир тууган эжекеси Урмат Аманбаеванын колдоосунда бүчүр алгандыгы эл арасында кеп болуп келүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева тууралуу узун сөз кийин болот. Саясий аренада жылдызы жарк эткичекти Бакыт мырза бир далай майлуу-сүттүү орундарда иштеп келген. Анын май-көл заманы КТРКнын реклама-коммерциялык агенттигине директор болуп барганда башталган. Бул кызматта 2 жыл иштеп, өзүнө 2 кабаттуу чоң үй салып, бир топ байлык топтогонго үлгүргөн. Рекламалык каражаттарды каалагандай калчап, ошол кезде Курманбек Бакиевдин уулуна анча-мынча "мини-кошелек" боло калган жагдайлары бар экени тар чөйрөдө айтылып келет. Мындан сырткары кызматтан кетип жатып, көк пакеттерге толо акчаларды чыгарып кеткенин жанындагы эле кесиптештери далайга чейин кеп кылышкан. Бирок, буга чейин Жогорку Кеңеште кызмат кылып, депутаттын кеңешчиси катары бийликке жетүү сырларын катуу өздөштүрсө керек, бир аз тыныгуу алып, кайра эле бир креслого жабыша калат. КТРКдагы майлуу ордунан кетип, 2 жыл көлөкөдө күн кечирди. Бул убактысында Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинде мугалимдикти аркалаган. 2010-жылы бийлик алмашкан соң, кайдан-жайдан пайда болуп, Ош шаарынын вице-мэрлик креслосуна жабышкан. Бул жерде дагы колдоочусу Урмат эжекеси жакшы чуркап, инисин кызматка койдурууга жан далбас уруп, акыры тилегине жеткен. Вице-мэр болуп турганда жарытылуу деле иш кылган эмес. Каргашалуу Ош окуяларында дайыны чыкпай калып, акыры мындай жоопкерчиликти көтөрө албасын түшүндүбү, Бишкек шаарына куйругун кыпчып келип, үнү чыкпай калган. Жолу болуп, кызматсыз отурбай "Саясат пресс" гезитине башкы редактор болуп бир жылга жакын иштеди. Өзүнүн саясий активдүүлүгүн гана күчөтүү багытында түзүлгөн бул гезит 1 жыл убакытка гана чыдап, акыры жабылып тынды. Андан аркы кызматын Жогорку Кеңештен улантып, Парламенттин басма-сөз кызматын жетектеп калган. Депутаттар менен бир жылга жакын убакыт гана батышып, кайрадан журналистика тармагына келген. "Айыл деми" коомдук гезитине башкы редактор болуп, айланып келип Акыйкатчылыкка отуруп калды. Башкы Акыйкатчыны тандап жатканда, Бакыт Аманбаев КСДП фракциясынын квотасы менен өткөндүгү айтылган. Бирок, такталган маалыматтар боюнча ал КСДП эмес, бул фракциянын мүчөсү, депутат Исмаил Исаковдун "Асаба" партиясынын мүчөсү экен. Ошол эле учурда айрым жарандык коомдун өкүлдөрү Бактыбек Аманбаев депутат Урмат Аманбаеванын иниси болгон үчүн Акыйкатчы болуп шайланып калды деп сындап чыгышкан. Алардын бири Акыйкатчылык кызматка талапкер болгон Рита Карасартова чыныгы эл үчүн иштейм дегендер Акыйкатчы болбой калгандыгын айтып жүрдү. Кыргызстандагы үчүнчү акыйкатчы келээри менен ишти башка нукка салып, адам укугун коргоодо жаңылыктарды алып келип, Акыйкатчы институтун "Турсундардын туткакташуусу" оюнунан таза арылтат деген үмүттөр бар эле. Бирок, Акыйкатчы институту адам укугун коргоонун ордуна саясатка белчесинен батып баштады. Алсак, депутат Элмира Жумалиева: "Акыйкатчы Бакыт Аманбаев өзүнүн ишин саясатташтырып жатат" деп билдирди. Анын айтымында, Акыйкатчы башка органдардан көзкаранды болбой иштеши керек жана өлкөнүн саясий жашоосуна аралашпоосу тийиш. Адам укугу, дегеле бул багыттагы билдирүүлөрү да айрым учурларда ачакей болуп жатат. Мисалы ОшТВ телекомпаниясы боюнча жамааты чурулдап жатканда, эртең менен "мыйзам бузулган жок!" деп жар салат да, түштөн кийин "сөз эркиндиги бузулуп жатат!" дейт. Муну кандай түшүнсө болот? Акыйкатчы жарандардын укугун коргобой эле, өзүнүн ишине ыңгайлуу шарттарды түзүү менен алек болуп жаткандыгы жогорку трибунада айтылды. Жогорку Кеңештен айтылган сөзгө ишенсек, Бакыт Аманбаев кызматтык унаасын оңдоо үчүн эле 5 миң америка долларын сарптаган экен. Бул болсо, тактай турган фактылар. Мурунку Акыйкатчы чырылдап, Батукаевди бошотпосо болбойт деп анын артынан кызматынан айрылды эле, Бакыт Аманбаев: "Батукаевди бошотуу - бийликтин катасы" деп сындады. Андай болсо тазаланууну өзүнөн баштап, Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар кызматкерлерин иштен айдабайбы? Мен деле элди туурап, жетекчи катары сес көрсөтөйүн деди эле, Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаевага сөгүш жарыялап, анысы мыйзамсыз болуп калып, мыш болду. "Карганы туурайм деп каздын буту сыныптыр" болбой, жасаган кадамын байкап туруп таштаса болмок да. Биз укуктарыбызды коргойлу деп ушундай тиши жок, бирок, духу бар Акыйкатчыга туш болдук. "Эшегине жараша тушагы" болуп, биз ишенген депутаттар ушундай укук коргоочуну таап беришкенине ырахмат дегенден башка айла жок. Ал эми акыркы күндөрдөгү айлыгы туурасында "тултуңдаганы", Бишкек ШИИБнин башчысы Мелис Турганбаевге "авторитет" эместиги, бир эсе күлкүңдү келтирсе, бир эсе кыжырыңды кайнатат. Дегеле, Аманбаев экс-Акыйкатчы Турсунбек Акундун "Аманбаевди Акыйкатчы деп санабайм" деп айтканындай эле ара төрөлгөн балача аталган институтта "төрөлө" албай жатканы ырас.

Каныбек КАДЫРАЛИЕВ




Каршы мыйзам

ММКны ооздуктоо
эми күчүнө киреби?
Акыркы убактарда маданият тармагынын башына кара булут конду көрүнөт. Кечээ маданияттын кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдында маданиятты жоктоп өкүрдү эле, эми кезек журналисттерге келдиби? Журналисттер коомдун күзгүсү болуп эсептелинет деп айтылат, ал эми коомдун күзгүсүн ооздуктоо коомдун кулак, мурдун кескенге барабар. Дегенибиз кечээ жакында Эл өкүлдөрү бир ооздон журналисттерге карата чара колдонуу боюнча мыйзам кабыл алды. Бул мыйзам долбоордун анчалык зарылчылыгы жок экендигин журналисттер айта да беришип, жаза да беришип айласы кеткенде, президентке официалдуу түрдө кат жөнөтүү үчүн чогулушту.


29-апрель күнү Кыргызстандагы ММК өкүлдөрүнүн чогулушу болуп өттү. Чогулуштун максаты кечээ жакында Сөз эркиндигин ооздуктоо максатында, Жогорку Кеңештин 16-апрелдеги 3-окуудан кийин басма сөз мыйзамына карата кабыл алынган мыйзамдын туура эместигин президентке расмий түрдө дагы бир жолу кайрылуу туурасында болду. Жолугушуунун жүрүшүндө ММК булактарынын өкүлдөрү ачыктан ачык нааразы экендиктерин жана каршы пикирде экендиктерин бир ооздон билдиришти. Тактап айтканда, "жалган маалымат тараткан журналисттерге 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып салуу, же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу керек" деген мыйзам долбоордун негизинде басма сөз кызматкерлерин ооздуктоо аракетинде кабыл алынды деп белгилешти. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 33-беренесинин 5-бөлүмүндө: "Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш жазага тартылып, эркинен ажыратылышы мүмкүн эмес" деп жазылып турат. Демек, бул кабыл алынып жаткан жаңы долбоорго карама-каршы келүүдө. Негизи эле Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигинин тушунда көптөгөн журналисттерибиз жабыркап, жапа чеккендиктери унутта калгансыйт. Айта кетчү жагдай, 2010-жылдагы кандуу төңкөрүштүн бирден бир себеби да болгон десек жаңылышпайбыз. Ал эми сөз эркиндиги жалпы демократиянын негизги принциби болгондуктан, а Кыргыз Республикасы демократиялык мамлекет болуп эсептелингендиктен демократиянын мыйзамдарына да карама-каршы келет. Ал эми чындыгында эле бир карын майды чириткен бир кумалак болгон кесиптештер үчүн башка толгон-токой мыйзам бар экендиги жана бүгүнкү күндө каралып кабыл алууну Жогорку Кеңеш президентибиз Алмазбек Атамбаевге сунуштап жаткан мыйзам долбоордун негизсиз экенин баса белгилегибиз келет деп билдиришти чогулуштун катышуучулары. Ал эми бул туурасында дагы кеңири иштер жүргүзүлө тургандыгын белгилешип, 3-май күнү боло турган "жаш журналисттер" кыймылы Журналисттер аллеясында уюштуруп жаткан иш-чарага орто муундагы журналисттердин өкүлдөрү колдоо менен катыша тургандыктарын жана биргеликте ынтымакта иш алып баралы деген бүтүмгө келишти.

Ардакбек Каныбек уулу