Жолдош Жанжигит уулу, актер:
"Бир да роль менен
"ооруп" көргөн эмесмин"
-Жолдош, сени актёр катары эл тааныйт, бирок, окутуучулук жаатка ооп кетиптирсиң. Чыгармачылыгыңа тоскоолдук жаралган жокпу?
-Жок, бул тескерисинче шык берет десем жаңылышпайм. Ал эмес бизди деле Москвада окуткан өзүбүздүн устаттарыбыз чоң-чоң театрларда актёр болуп иштеп да, бизге сабак да берчи. Мени мурун эле чакырышкан. Ал кезде өзүм даяр боло элек болчумун. Былтыртан баштап "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин актёрлук бөлүмүндө 1-2-3-курстарга актёрлук чеберчиликтен сабак берип келе жатам. Ушул тапта бул кайра мени чыйралтууда десем болот. Анткени, өзүмдүн студент кездердеги айрым унутуп калган нерсени эстеп, балдар менен кайра бир сыйра кайталап, алымча-кошумчасы болсо кошумчалайт экенсиң. Мисалы бычак кайракта курчуйт, бирок кайрак кайракта курчубайт да. Ошол сыяктуу балдар дагы мени тарбиялап, кайра мен балдарды тарбиялап, ынтымактуу иштешип атам.
-Театр ааламындагылар өзү ойногон кайсы бир ролду өзгөчө баалашат. Сенде да мындай жеке бүтүмүң бардыр?
-Албетте, чыгармалардын айрымдары баалуу катары окулат, арасында жакшылары, ортозаарлары, жакпаганы да болуп калат. Ушул кезге чейин көп эле спектаклдерде ойнодум. Бирок, Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган "Жаабарс", "Кыямат" спектаклдериндеги ролдорго кандайдыр бир канааттандым. Ушуларды кичине бышырдым десем болот. Буга чейинки айрым ролдорум бышпай же болбосо бир эки эле жолу коюлуп, токтоп, ар кандай болуп калган учурлар кездешет.
-Ал эми айрым актёрлор өзү ойногон каарманынын тагдыры менен жашап, аны туурап, ошондой болгусу келген учурлар да кездешет. Сен да ушинтип "ооруп" көрдүң беле?
-Бир да роль менен "ооруп" көргөн эмесмин. Ошондуктан ойногон ролдогудай жашап, андагыдай кийинип, ошолордой болгум келбейт. Аларды иш жүзүндө, сахнадан туурайм, жаратам, алар менен жашайм, ал эми жашоомдо андай кылбайм. Эгер кайсы бир ролго таптакыр байланып алсаң, аны менен жашап алсаң, башка ролдоруң да ошондой болуп калат. Мындайды эми "театралдык штамп" десек болот. Бул барып, барып сени артка тартат. Катардан калтырат. Бизди окутуучулар окутканда мээбизге ушундай куйган дейсиң, "эч качан ролуңардагыдай жашабагыла" деп. Сахнага келгенде кээде философиялык, кээде психологиялык ролдор болуп калат. Аны режиссёрдун багытына, чеберчилигине жараша кандайдыр бир деңгээлде жаратасың. Албетте, ошондо деле спектакль бүткөндөн кийин 10-15 мүнөт өтүп, анан өзүңдүн калыбыңа келесиң.
-Азыр театр жаатына эл келбейт, көрүүчү жок деген док артуулар айтылып келет. Ооба, мунун себебин заман алмашуусу, мурунку эсил СССР кези, мамлекеттин көңүл бурбоосу деген аргументтер менен чүмбөттөп келебиз. Бирок, ошол эле учурда театр жааты да тарыхый болобу, классикалык үлгү болобу спектакль-оюндарды заманга шайкеш иштеп, жаңы күндүн драма, пьесаларын алып чыгуу жаатында чогоолдук, аксактык кылып жаткан жокпу?
-Керкисинде да, кемигинде да бар дегендей, чындыгында театр Ата Мекендик согушта да токтогон эмес, театр тээ илгертен бери эле болуп келген, боло берет. Мамлекеттин экономикасы маданий чөйрөгө сөзсүз өзүнүн залалын да, пайдасын да тийгизет. Чындыгында азыр театрларга эл баягыдай келбей калды, баягыдай зал толо эл жок. Мурун театрга барганда кадимкидей костюм-шым кийип, аябай даярданып келишчү. Азыр андайдын бири жок. Туура, спектаклдерге элдер келет, мурдагыдай болбосо дагы. Бирок, ошону да администратор уюштуруп, кайсы бир жетекчилерге айтып, чакырып атып келтирет. Ошондуктан театрда да реформа болушу керек. Реформа болбосо биз мурдагы нуктан чыга албай эле бир орунда токтоп, коомдон артта калып калдык. Дагы бир маселе, мисалы чет өлкөгө гастролго барганда көрүп жатабыз, аларда театрлар бизден алда канча өтүп кеткенин. Театр менен эл жуурулушкандан дагы ал жакта сахна техникалык жатта алдыга чыгып, компьютерлешип, ар кандай нерселер менен камсыздалып, жасалгаланып, абдан кооз. А биз андайды чанда койобуз, аныбыз дагы анча эмес болуп калат да. Биздин театр тармак башка өлкөлөрдүн театрларынан алда канча артта калып атат. Ал эми заманга шайкеш, жаңы күндүн чыгармаларын коюу жааты чындыгында бузулбай жаткан дың болууда.
-Балким театр жааты да жаңыланышы, заманга шайкеш болуусу зарылдыр. Же театр десе эле антикалык сахнаны элестетүү бузулгус мыйзамбы?
-Театрдын дагы өзүнүн формасы бар. Өзүнүн фундаменти бар. Биздеги театрды Станиславскийдин варианты менен реалдык театр деп айтып келебиз. Антикалык театр менен азыркы театрдын дагы жаман, жакшы жактары бар. Мурунку шартка ылайык ошондой болчу, азыркы кезде кудайга шүгүр, театр имараттардын ичинде, свет, музыкалары, кыскасы баары заманга шайкеш… Азыркы театрдагы техникаларды карап туруп, ресторандарга келсең ыйлагың келет. Ошол ресторандагы колонка, музыкалык аппаратура, жарык берүүчү каражаттарды көрүп туруп, театрга келсең эми анын бири жок. Моюнга алыш керек. Театрда баягы эле союздан калган эски бурамалар. Албетте анча-мынчасы бар, бирок жалпы жонунан алганда ушундай акыбалдабыз.
-Театр, кино жаатында жаңы муундун өкүлүсүң. Негедир бул тармакта мурунку муунду шедевр, кайталангыс талант катары кароо, жаңы муунга алымсынбоо күч. Демек, жаңы муун алсыздыкка, чабалдыкка, чалагайымдыкка алдырып жатабы? Дегеним, улуу талант болуш үчүн сөзсүз 60,70ке дейре чыгып, жүзгө жакын роль ойнош зарылбы? Же учурунда талантты тааныбастык, жакшыны жакшы дей албастык кеселибиздин кесепетиби?
-Бул эми анчейин деле жашыруун же татаал көрүнүш эмес. Анткени өзү бизде ушундай бир стереотип бар. "Сен жашсың, алдыда келечегиң бар" деген. Бизде театр тармагында 30-40 жыл иштеген адамдар бар. Бирок эл тааныбайт. Болгон сыйлыкты алып алгандар бар. Эл тааныбайт. "Эмгек сиңирген ишмер", "Эл артисти" болуп алгандар бар. Эл тааныбайт. Ошол эле маалда жаш болсо да, мейли беш-алты жыл болсо да эл таанып, таланты таасын ачыкталган, анык эмгегин элге сиңирип, өз ишин мыкты деңгээлде көрсөтүп жаткан жаштар да бар. Бирок, аларда бир барак сый кагазы жок. Мына бул калыссыздык. Эми айлык, маяна маселесин айтпай эле коёюн. Жок дегенде ушу сыйлоону кадыр-барк, тааныш үчүн эмес, талант үчүн ыйгаруу болсо жакшы болмок. Жаштарга стимул болмок. Жаштарды колдосо алар дагы алдыга жаңы дем, күч менен чыкмак. Тескерисинче бизди басып, буттан тартып атышпайбы. Илгери Жумадылов үчүн атайын пьеса жазылчу. Таттыбүбү үчүн өзүнчө пьеса жазылчу. Муратбек Рыскулов үчүн өзүнчө пьеса жазылчу. Азыр анын бири жок. Бирок, ошолордой эле таланттарыбыз бар. Эгер ошол кездегидей шарт болгондо жаштардан мыктылар эбак көзгө көрүнмөк.
-Учурда өзгөчө кино жаатында "билимсиз актёр, актрисалар" инкубатордон чыккансып, боо-боосу менен чыгууда. Ушул көрүнүшкө профессионал-адис катары кандай көз караштасың?
-Мен искусствону бизнеске айлантып акча табам дегендерди жаман көрөм. Искусствону өз деңгээлинде өзүнчө сунушташ керек. Азыр андай болбой "чала молдо дин бузат" деңгээлиндеги "жылдызчалар" көбөйдү. Кино тартып акча таап байып, машына алам дегендер көп. "Комедия" деп кинолорун атап алып, "пошлый" нерселерди көрсөтүп, этектен көтөрүлө албай жаткандары да бар. Ошолор профессионал актёрлорду булгап, көө жаап жатышпайбы. Анткени, айылдыктар "ушунуңарды токтотпойсуңарбы", "мунуңар эмне деген нерсе?", "тигиниңер минтип калыптыр" дешип ал нерсени биз кылып жаткансып бизди жаман көрүшөт. Бул жактан айтайын десең деле болбойт. Анткени өздөрү акча таап, патент төлөп, баарын өздөрү кылып жаткандан кийин сен эч нерсе дей албайсың. Илгери мунун баарына көзөмөл болчу. Ким тартат, ким жазат, ким оператор, келечекте Кыргызстандын келечегине кандай пайда-батасы тийет деп баарын карачы. Азыр анын бири жок. Мен жеке өзүм ар ким өзү билген, окуган, адистешкен тармагында гана иштесе дээр элем.
-Театр адамдарын, дегеле чыгармачыл адамдарды кембагалдардын катарына кошкон пикир күч алган заманда жашап жатабыз. Сен жубайың экөөң тең артистсиңер, анда кантип жашап жатасыңар? Дегеле, чыгармачылык менен биздин өлкөдө жашаса болобу?
-Негизи кыргызда жакшы сөз бар "эбин тапкан эки жейт" деген. Эбин тапсаң бардык иште бактылуу болсоң болот. Жумуштан кийин тойго чыгып тамадалык кызмат да аткарып жүрөм. Анткени, театрдан алган айлык эч нерсеге жетпейт. Жалпы жонунан айтканда биз байлардын да, кедейлердин да катарында эмес, карапайым эле ортодо жашап жаткандардын катарындабыз.
-Өнөр адамдары экиге бөлүнөт, бири ашкере кичипейил, апенди чалыш, бала кыял, же 99 болсо, экинчиси тескерисинче ашкере кергиштеген, амбициясы аттын башындай, өзүнөн өзгөнү кыйын сезбеген, өзүн 101 санаган деген аныктама бар. Сен өзүңдү кимисине кирем дей аласың?
-Экөө тең жакшы. Мен ушул биринчисине кирем го дейм. Боорукер, кичипейил, досторума бат алданган, апенди чалыш адаммын. Кээ бирлер бар, убагында окууну бүтуп, бирин-экин көрүнүктүү нерсе кылып койсо эле өздөрүн укмуш сезип, адамга башкача карап калгандар кездешет. Бизде ушул экинчисин аябай өздөштүрүп кеткендер көбүрөөк.
Нурлан ЖУКЕЕВ