Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Бабур ТӨЛБАЕВ, "Мол Булак Финанс" ЖЧКнын башкы директору:
"Биздин ишибиз жана элдин баштаган иши мол болсун"
Нурлан, Ново-Павловка:
- Бабур мырза, мага 500 миң сом керек эле, алсам болобу?
- Нурлан, сиз сурап жаткан сумманы биз азыр бералбайбыз. Себеби Улуттук банк чектөө киргизген: микрокредиттик уюмдарга кредит берүүнүн жогорку чеги 300 000 сом деп. Азыр мыйзам чегинде чектөө болуп калды. Бирок бул токтомду жокко чыгарышат деген үмүттөбүз. Биздин Сокулукта кеңсебиз бар, эгер макул десеңиз, ошол жакка кайрылып, 200 000 миң сом алсаңыз болот.
Изатбек, Токтогул:
- Бабур мырза, биз Токтогул районунан болобуз. Апамдын паспортун келинибиз уурдап алып, кредит алганы боюнча арыз менен сиздин компанияңызга март айында эле кайрылганбыз, алигүнчө жооп жок. Ошого азыр жооп бере аласызбы?
- Мени менен чогуу Бейшен аттуу менеджер келген. Ал сиздин аты-жөнүңүздү, телефонуңузду жазып алды. Сиздин арызды карап чыгып, байланышып, жообун сөзсүз айтабыз.
Мырза, Ысык-Көл:
- Бабур, 25 миң айлык алган адам айлык эсебинен кредит алалабы?
- Кредит алыш үчүн эч кандай тоскоолдук болбойт. Алсаңыз болот, себеби 25 миң сом - бул жакшы айлык.
Эрмек, Ош:
- Сиздердин Оштогу бир кардар кредитин төлөй албагандан улам өз жанын кыйганын Эдил Байсалов айтып чыкты эле. Териштирип жатканыңар боюнча маалымат айтылган, такталдыбы?
- Ал окуя мындай болгон. Биздин Оштогу асынып өлдү деген кардарыбыздын 20 миң сом кредити бар болчу. Ал график боюнча өз убагында төлөп жаткан, 13 миңи калган. Башка микрокредиттик компанияда 30 миң сом карызы болгон экен. Кечээ жакында эле маркумдун жубайынан тил кат алдык. Анда ал өлгөн адамдын бир тууганын күнөөлөгөн. Маркумдун аялы ошол эжесин күйөөсүнүн өлүмүнө күнөөлүү деп жатат. Эжеси ар кайсы жерден кредит ала берип, жыйналып кеткен экен. Ич ара келишпестиктер болсо керек.
Шүгүрбек, Ак-Өргө конушу:
- Бабур, бирдеме ачып алсамбы деген максатта сиздерден 220 миң сом кредит алайын деп жатам. Бирок күрөөгө койчу эч нерсем жок. Кандай кылып кредит алсам болот жана пайызыңар канча?
- Биздин компания залогсуз эле кредит берет. Төрт кишиден турган топ менен 200 миң сомго чейин алсаңыз болот. Баштапкы кредиттик пайызы - 2,9.
Эстебес, Бишкек:
- Жеке өзүм 100 миң сом алсам болобу?
- Жеке адамга бербейбиз. Топко гана беребиз. Себеби топтошуп алгандар күрөөгө эч нерсе койбойт.
Гүлзат Батыкова,
Новосибирск:
- Новосибирскиге жолдошум менен жакында эле келдим. Сиздердин филиалыңыздарга жумушка кирсемби деп турам. Бул жердеги кыргыздар пайыздык ченемдин жогору болушуна нааразы. Ылдыйлата алабы деп жатышат…
- Жок, ылдыйлата албайбыз. Орусия өзү татаал, кымбатка турган рынок. Кыргызстанга караганда кымбатка туруп жатат. Ал жерде иштеш бир кыйла кыйын. Бирок Новосибирскидеги сиз айткан филиалыбыздын пайызы башка атаандаш уюмдарга караганда төмөн эле.
- Бул жердегилердин көбү сизди казак же өзбек деп жатышат. Жашыруун болбосо улутуңузду айта кетсеңиз?
- (Күлүп) Атам кыргыз, апам өзбек. Орус мектепте окуп, билимимди Америкадан уланткандыктан кыргызча да, өзбекче да сүйлөй албайм. Орусча, англисче гана сүйлөйм. Бирок кыргызча түшүнөм.
Зуура, Кемин:
- Менин балам сиздерге ишке кирүү боюнча арыз таштаганына бир ай болду. Эксперт-юрист, казначейство боюнча билими бар. Учурда Кеминде кредиттик филиалда иштеп жатат. Кыскасы, даяр кадр. Мындай кадр сиздерге керек болсо керек?
- Биздин компанияга орточо эсеп менен алганда күнүнө 80 резюме келип түшөт. Айына 300 резюме алып жатабыз. Биздин базабызда 1500ден ашык резюме жатат. Көп адамдар резюме жөнөтүп тим болушат. Бул алгылыктуу жол эмес. Кеңеш бере кетейин. Электрондук почта аркылуу резюмеси менен катар кошумча маалымат катын да (сопроводительное письмо) жөнөтүшсүн: өзү жөнүндө, каерде иштеген, кандай иштеген, канча иштеген, эмне үчүн бизде иштегиси келет, толук маалымат берсин. Толук маалыматты окуп, жакса чакырабыз.
Жаркын,
Арча-Бешик конушу:
- Оштон эки жыл мурун көчүп келдим. Мурда жеке ишкер болчумун. Коогалаң болгондо бизнесибиз күйүп кеткен. Компенсация тууралуу Жогорку Кеңештен айтылбады беле, микрокредиттик компанияларга карызы барлар кечирилет деп. Президент колдобой койду деп уктук. Микрокредиттик компаниялар суранып атып ушундай кылышты деп да айтышат. Биздин күйүттү билип туруп, эмнеге мындай кадамга бардыңыздар?
- Сөздүн чыны биз президент менен эч кандай байланышкан жокпуз. Депутаттар жана жумушчу топ менен биргеликте даярдаганбыз. Президент өз алдынча чечим кабыл алды. Президенттин өзүнүн экономикалык, финансылык маселелер боюнча кеңешчилери, юридикалык бөлүмү бар да. Башкалар кайрылган, кайрылбаганын билбейт экем, биздин компания кайрылган жок.
- Жеке көз карашыңызда президенттин кадамы туурабы?
- Биз Жогорку Кеңештин чечимине даяр болчубуз. Биз баарына макул болгонбуз. Бирок сиз айткан маселе өтө чоң масштабдуу иш-аракет болчу, андай маселени чечүүдө системалуу өңүттө мамиле зарыл эле. Республикалык масштабдан алганда президенттин кылганы туура деп эсептейм. Эгер сиз биздин кардар болгондо, бизде катуу залал тарткан адамдардын кредиттерин реструктуризация кылган же кечип койгон учурлар болду.
- "Мөл булаксыздарбы" же "Мол булакпы?"
- Туурасы - "Мол Булак". "Биздин ишибиз жана элдинбаштаган иши мол болсун" деген тилек менен 2005-жылы түзүлгөнбүз.
Нургүл Чоюбекова, Кара-Буура:
- Бабур балам, менин кызым Шайдулла кызы Бурма силерден кредитти тогуз айга алган. Жети ай төлөп келди, эки айы калган. Эми ооруп калып төлөй албай жатат. Узартып бере аласыздарбы?
- Сиздин кызыңыздын аты-жөнүн жазып алдык. Биз сүйлөшөбүз. Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Таласта Омушев Санжар деген аймактык директор бар. Ага ушул маалыматты беребиз, карап берет. Топ менен алса, шериктери кызыңызга сөзсүз жардам бериши керек да. Жүздөгөн, миңдеген кардарларыбыз бар. Бири ооруп калат, бири башка кыйынчылыкка кептелет же кокустукка, өзгөчө кырдаалга учурагандар болот. Ушундай учурда топтогулар тилектештик кылуусу зарыл. Биз дагы ошондой мамиле кылабыз.
Гүлмира, Бишкек:
- Бабур мырза, "үч күндө кредит ала аласыз" деп жарнаманы жакшы бергениңер менен аябай кеч берет экенсиңер. Мисалы, мен 22 күндө араң алдым. Эмне үчүн?
- Анын эки себеби бар. Биринчиси, кардар бардык документтерин толтуруп, топ өз убагында жолугушууга келип, орду-орду менен бардык талап-эрежени аткарса, эки күндө деле алса болот. Документтерде майда-барат кемчиликтер болуп, аны толуктаганга ашып кетсе 5 же 7 күн кетет. Экинчиси - кызматкерлердин өз ишин дурус билбегендиги. 22 күн дегенге мен дагы таң калып жатам. Эгер биздин кызматкер эч негизи жок убакытты создуктура берсе, анда 0800 (000 7777) ишеним телефонубузга чалып, арыздансаңыз болот.
- "Финканын" ээси да сиз деп уктук эле. Чынбы?
- (Күлүп) Ошондой болсо жакшы болмок. Бирок, мен эмес, анын ээси башка.
Азамат, Бишкек:
- "Мол Булак" компаниясы ипотекага үй алууга кредит береби?
- Жок, бере албайт. Себеби жакында эле Улуттук банк кредиттин суммасы боюнча чектөө киргизди. Лимит коюлган.
Айнагүл Жумаева, Токмок:
- Кредит ала тургандар жакшылап эсеп-кысабын жүргүзбөй, кээде банкрот болуп калышат эмеспи. Кредит берерде кандайдыр бир экономикалык көрсөткүч боюнча кеңеш бересиздерби?
- Кардарлар кредит төлөөдө ар кыл кыйынчылыкка кептелиши мүмкүн. Маселен, алган акчасын максатсыз жумшап ийишет. Кардарлар чоң сумма аларда индивидуалдуу кредит алууда кантип жумшаш керек, кандай максатта, төлөй алабы, майда-чүйдөсүнө чейин кызматкерлер айтып беришет, алардын кеңешин угуп, анан алышы керек.
Айжаркын Болотбек кызы, Каракөл:
- Бабур байке, мен 15 жаштамын. Ырчыларга кызыгам. Каныкейди сиз каржылайсызбы?
- Ооба, Каныкейди продюсери менен кошо эки жылдан бери колдоп келатабыз. Ал биздин жардамыбыз менен 40тай концерт койду. Жакында Каныкей Москва, Питер, Нью-Йорк жана Бишкекке концерт койгону турат.

Назира СААЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??