Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

Болот Шер Бабановго макаров тапанчасынын огун жөнөттү

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер 27-августта журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, Апрель окуясында талап-тоноочулукка эч тиешеси жок экендигин айтты. "Абийир менен абийирсиздиктин арасы - бир гана ок. Өмүрбек Токтогулович, сен мага башка арга калтырбадың. Сага бир ок жөнөтөм, экинчисин өзүм үчүн алып калам. Эгер сенин бул комиссияң менин мародерлукка кенедей эле катыштыгым бар экенин далилдей алса, анда уятты жууп салуу үчүн мендеги окту өзүмө кадайм", - деди.
Болот Шердин Өмүрбек Бабановго жазган кайрылуусун толугу менен берүүнү чечтик. Анда эмесе, чогуу тыңдайлы.


"Сыйлагандыктан эмес, сыпайылыктан айтып жатам"
- Мен, Шер Болот Эсентаевич, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын мүчөсү болгонум менен 2010-жылдан тарта ден соолугумдан улам саясаттан алыстай түшкөнүм ырас. Ал тургай, депутаттык мандатымды таштайын деп лидерибиз Өмүрбек Текебаевга кайрылгам, бирок ал макул болбоду.

"Саясатты жыйыштырдым" дедиң эле го…
- 2005-жылдын мартын эстегенде ошол революциянын каармандарынын бири Баяман Эркинбаевдин кайгылуу өлүмү көз алдыма тартылат. Бакиевдер аны үч айдын ичинде революциянын баатырынан каракчыга айлантканы эске түшөт.
Ал эми сен мени революционерден мародерго айлантыш үчүн 2 жыл 3 ай жумшапсың. Өзүңө таандык "НТС" телеканалы аркылуу сен мени үч күн бою каралап, элге каракчы-мародер кылып көрсөттүң, элди ага ынандыргың келди. Мага каршы тапкан "күбөң" бир нече жолу соттолгон кылмышкер, жадагалса өз атасы балалыктан кечкен, кудайдан жөө качкан, азыр да кылган кылмышы үчүн түрмөдө олтурган адам болдубу? Ушунчалык пастыкка түшөрүңдү, ушундай жанкечтилер менен шериктеш экениңди эч ойлобопмун. Манастын арбагы айланган жерден мындай ыплас жан чыкпаш керек эле…
Эсиңдеби, 2010-жылдын 5-апрелинде, революция башталардан бир күн мурун, Таласта өтө турган курултайга жөнөгөнү камданып жатканымда азыркы Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен келгениң? Эмнеге баратканымды айтып, "бизге жардам бер" дедим. Ошондо саясатты жыйыштырып салганыңды айтып, андай иштерге аралаштырбоону суранганыңды унуттуңбу? Эми Таласка барып, Апрель баатырларына эстелик ачып атасың. Буга сенин моралдык укугуң барбы?

"Суроолорума жооп берчи"
- Мен ошондо Бишкекке кантип келгенимди сен билесиңби? 6-апрелден 7-апрелге караган түнү колумду кишендеп, башыма мүшөк кийгизип, КГБнын СИЗОсуна эки ашууну ашырып алып келишкен. Сен билесиңби, ошол күнү азаматтарымдын канчасын жоготтум. КГБнын СИЗОсунан чыгарып кетүүгө аракет кылгам досум, милициянын полковниги Акжол Камбаров биринчи болуп каза тапты. 7-апрелде эмне кылганымды, ким менен болгонумду, эмнелерге каршы күрөшкөнүмдү сен билбейсиңби? Инсульттан кийин түзүк сүйлөй албай атсам да, кыргыз милициясын жыйнап, шаарды сактап калыш үчүн мародерлорго каршы жоопкерчиликти жеке өзүмө алып, курал колдонууга буйрук бергенимди бүгүн эстегиң жокпу?

"Эмне үчүн Шер болдум?"
- Сага жашыруун сырымды айтайын. Документке кол коюш үчүн Шерниязов деген фамилиямды Шер деп кыскарттым. Шерниязов деген фамилияны жазыштын өзү мага кыйын болчу агезде, калемди зорго кармап, фамилиямдын алгачкы үч тамгасын араң жазып кол койчумун.
7-апрель күнү Бакиевдердин мүшөгүн, Максим менен Жаныштардын көрдүйнөсүн офистеринен көтөрө качкан мародерлордун бирине айлантып койдуңбу мени? Сен мени 7-апрелде көрүнгөн үйдүн көр-жерин аңтарып, мүшөк ташып чуркап жүргөндөрдүн бири дедирттиң. Сен мени мародер депсиң. Эгер мен жөнүндө чын эле ошондой ойдо болсоң, көзүмө тике кара!
"Досторуңду кандай сатсаң, так ошондой мени саттың"
- Сени ар дайым, кээде партиянын чечимдерине да карабай колдоп келгем. Жердеш катары да, иним катары да. Бирок саткындык сенин каныңда окшойт. Өз досторуңду кандай сатып жүрсөң, сен мени да так ошондой саттың.
Мен эч качан креслого, депутаттык мандатка да, генералдык чинге да жабышпагам. Бирок акыйкаттыктан эч качан тайган эмесмин.
Эгер 6-7-апрелдин тарыхын эми сен таянган кылмышкерлер жаза турган болсо, анда Бакиевдердин огунан баатырлык менен жан кыйгандардын арбагын мазактаган мындай азапка мен чыдабайм.

"Сен саясий дымагыңдын курмандыгына айландың"
Бул ирет сен, сенин досторуң туура эмес бутаны тандаптыр. Ата-бабаларымдын жана балдарымдын ыйык ысмын сен да, сен жалдаган кылмышкерлер да булгай албайт. Сен сымал олигарх эмесмин. Сеникиндей телеканал, гезит, интернет-сайттарым жок. "Жигитти намыс өлтүрөт" дейт кыргызда. Таластык эркектин ар-намысы, абийири кандай болорун мен сага түшүндүрөйүн. Абийир менен абийирсиздиктин арасы - бир гана ок. Сен мага башка арга калтырбадың. Сага бир ок жөнөтөм, экинчисин өзүм үчүн алып калам. Премьер-министр болуп туруп, сен түрмөдөгү үч мародер-кылмышкердин билдирүүсүн иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түздүң. Анда мындай макулдашалы. Эгер сенин бул комиссияң менин мародерлукка кенедей эле катыштыгым бар экенин далилдей алса, анда уятты жууп салуу үчүн мендеги окту өзүмө кадайм.
Эгер сенин комиссияң мародерлукка катыштыгым жок экенин, муну сен мени жаманатты кылуу ниетинде гана жасаганыңды аныктаса, анда экинчи ок сеники. Өзүңө када! Жок дегенде балдарың Кыргызстанда жашап, Талас тарап аларга ачык болсун!

Соңунда
Ушундай билдирүүдөн кийин Болот Шер ала келген эки октун бирөөсүн өзүнө калтырып, конвертке салынган окту "атамекенчи" депутат Бактыбек Калмаматов аркылуу Өмүрбек Бабановго жөнөттү.
Болот Шер менен чогуу келген "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кайрылуу боюнча оюн сураганы кайрылганыбызда ал: "Мен ок жөнөтсөм, Болот Шерди кайталагандай болуп калам. Мага эми граната гана жөнөтүш керек болуп калды",- деп тамашалады.

Эскерте кетсек…
Бишкектеги №1 тергөө абагында талап-тоноочулук боюнча шектелип камакта жаткан Абдулла Юсупов мародерлор мурунку президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарына таандык үй-мүлктү, буюм-тайымдарды Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Болот Шердин көрсөтмөсү менен тоношконун айтып чыккан эле...






Өмүрбек БАБАНОВ:
"Айтылган айыптоолорду угуу кыйындыкка турганын түшүнөм"

28- августта премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Болот Шердин айткандарына кат түрүндө кыскача мындай деген жообун жарыялады.

-Урматтуу Болот Эсентаевич!
Менин дарегиме жолдонгон кайрылууңузду кылдаттык менен окуп чыктым. Катарыбызга келип кошулганыңызга абдан кубанычтамын. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү катары сизге жана партиялаштарыңызга карата айтылган айыптоолорду угуу канчалык кыйындыкка турганын түшүнөм. Тилекке каршы, дагы бир жолу айткым келет, сиздин партиялаштарыңыз "талап-тоноочулук кылган" деп айыпталгандан кийин бул иштеги акыркы сөздү тергөө менен сот органдары гана айтат. Мындай кылмышта жоопкерчилик саясий кайрылуу менен эмес, мыйзам чегинде аныкталат. Биздин коомдо кол тийбестер болбошу керек.
Сизге чын дилимден ден соолук каалайм.




Бактыбек КАЛМАМАТОВ, ЖК депутаты:
"Окту журналисттердин коштоосу менен сөзсүз жеткирем"
- Бактыбек мырза, сиздин партиялашыңыз Болот Шер "Бабановго алып барып бер" деп бир окту сизге берди эле. Алып барып бердиңизби? Ал киши кандай кабыл алды?
- Албетте, бул чоң жоопкерчилик жана аманат. Аманатты сөзсүз аткарыш керек. Болот Эсентаевичтин аманатын мен сөзсүз аткарам, бирок азыр эмес. Өмүрбек Бабанов түзгөн комиссиясынын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Эгер алар тастыктап берсе, ок өзүбүздө калат, тастыктай албаса, ММКлардын коштоосу менен алып барып беребиз. Жалган экенин коомчулук билиш керек да. Болот Шердин катуу билдирүүсүнүн эртеси эле Өмүрбек Бабанов кат жүзүндө өзүнүн пикирин билдирди. Анын катында билинип турбайбы, алдын-ала мойнуна алгандай, кечирим сурагандай…
- Ушундай кадам туурабы? Башкача жол менен чечүүгө болбойт беле?
- Биз, "Ата Мекен" социалисттик партиясы, Бабановдун партиясындай болуп кечээ же бүгүн эле чыга калган жокпуз. Кылмышкерлер менен тандем түзгөн эмеспиз. 20 жылдык тарыхыбыз бар. 20 жыл ичинде кылган ишибиз ак, таза болуп келген. Ушунча жыл тарыхы бар партиянын атын бир кылмышкер чыга калып эле жалган жалаа менен "мародерлор" деп жатпайбы. Биздин партия эч качан мародерлордун партиясы болгон эмес жана болбойт дагы. Үч кишинин аты аталганы жалпы партиялаштардын аты аталганы деп эсептейбиз. Бабанов намысыбызга, абийирибизге шек келтиргендиги үчүн намысыбызды сактап калуу үчүн ушундай кадамга бардык. Эр болсо эми Бабанов эки нерсени далилдеп берсин. Биринчиси - намыс, экинчиси - абийир.

Назира СААЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??